Башкы Жаңылыктар БШК “Мөөнөтүнөн мурда таркатылган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун …

БШК “Мөөнөтүнөн мурда таркатылган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун өзгөчөлүктөрү жөнүндөгү” жана ага толуктоолор жөнүндөгү токтомдорду жокко чыгарды

21-Май, 2013

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы “Мөөнөтүнөн мурда таркатылган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун өзгөчөлүктөрү жөнүндө” № 59 токтомду жана ага өзгөртүүлөр киргизилген 2013-жылдын 6-майындагы № 64 токтомду жокко чыгаруу чечимин кабыл алды. Анда иш аракеттери жергиликтүү кеңешти мөөнөтүнөн мурда таркатууга негиз болгон депутаттар тиешелүү жергиликтүү кеңешти  мөөнөтүнөн мурда таркатылышына байланыштуу  кийинки  шайлоодо талапкер катары катталбайт деп белгиленген болчу. БШКнын № 59 токтомун колдонуу, иш аракеттери   жергиликтүү кеңештердин мөөнөтүнөн мурда таркатууга негиз болгон депутаттардын  чоҢ реакциясына алып келди.   Республиканын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын  шайлоо практикасы айылдык кеңештердин айрым депутаттары ошондой эле саясий партиялардан жана депутаттардын фракцияларынан көрсөтүлгөн шаардык кеңештердин депутаттары жергиликтүү кеңешти таркатууга жетишүү же аткаруу органынын башчысынын кызмат ордуна белгилүү бир талапкерди шайлоого жол бербөө үчүн шаарлардын мэрлерин жана айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону атайын үзгүлтүккө учуратып жатышкандыгын көрсөттү. Мамлекет башчысынын Жарлыгы менен жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлабагандыгына байланыштуу  Майлуу-Суу, Көк Жаңгак, Ноокат шаарларынын жергиликтүү кеңештери, Жайыл районундагы Полтавка,  Кемин районундагы Көк Ойрок, Аксы районундагы Кара Жыгач, Тоң районундагы  Улахол, Ысык Көл районундагы Бостери, Кара Суу районундагы Ак Таш айылдык кеңештери таркатылган

 Борбордук шайлоо комиссиясына жергиликтүү кеңештердин депутатттарынан? Жергиликтүү өз алдынча башкаруу ассоциацияларынан? Саясий партиялардан жана Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратынан көптөгөн кайрылуулар келип түштү№ШКга жергиликтүү кеңештердин депутаттарынан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу ассоциацияларынан, саясий партиялардан жана Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратынан көптөгөн кайрылуулар келип түштү. Борбордук шайлоо комиссиясы бул маселе укуктук жактан так жөнгө салынышы керек деген пикиринде калат. Бул маселе боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын дарегине келип түшкөн көптөгөн кайрылууларды эске алып, Кыргыз Республикасынын президентинин аппаратынын к-п сандагы кайра шайлоолор менен айкалышкан м—н-т8н-н мурда таркатылган депутаттарын шайлоодо каттоодон баш тартуудан чыга турган терс кесепеттерге жана көйгөйлөрдүн пайда болушуна жол бербөө тууралуу кайрылуусун эске алып, 2013 жылдын 29 апрелинде жана 2013 жылдын 6 айында кабыл алынган токтомдорун жокко чыгарды.

 Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШКсы Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады
07-Ноя, 2026

КР БШКсы Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 7-ноябрдагы жыйынында Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Масалиев Исхак Абсаматовичтин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттоо жөнүндө токтом кабыл алды.Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер И. Масалиевдин шайлоого катышуу менен байланышкан маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Лю Владимир катталды.Талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүнө белгиленген үлгүдөгү каттоо күбөлүгү берилет.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү менен куттуктайт
07-Ноя, 2026

КР БШКсы Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү менен куттуктайт

Урматтуу  кыргызстандыктар!Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы сиздерди Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү менен куттуктайт!Элибиздин байыркы маданияты, каада-салты, үрп-адаты, руханий мурастары жана улуу дөөлөттөрү тамыры терең улут экендигибизди айгинелеп турат. “Кулаалы таптап куш кылдым, курама жыйып журт кылдым” – деп, айкөл Манас атабыз элди ынтымакка, биримдикке үндөп, бир туунун алдында жашоого чакырган.Эркин эл катары калыптануу, мамлекеттүүлүктү түптөө, эгемендикке жетүү илгертен ата-бабаларыбыздын изги тилеги болгон. Ошол улуу максаттарды ишке ашыруу үчүн далай оор сыноолорду башынан өткөрүп, көз карандысыздык үчүн өмүрүн арнашкан.Бүгүнкү күндөгү бейпил турмушубуз, эгемен мамлекетибиз жана жаркын келечекке болгон ишенимибиз – ата-бабаларыбыздын бизге калтырган баа жеткис мурасы.Ошондуктан, алардын осуятын жана мурасын аздектеп, эгемендүү Кыргызстаныбызды көздүн карегиндей сактоо, аны келечек муундарга татыктуу өткөрүп берүү – ар бирибиздин ыйык милдетибиз.Өлкөбүздө тынчтык, жергебизде ынтымак, мекенибиздин келечеги кең болсун.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы маалымат жана басма сөз күнү менен куттуктайт
07-Ноя, 2026

КР БШКсы маалымат жана басма сөз күнү менен куттуктайт

Урматтуу журналисттер жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү!Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы сиздерди 7-ноябрь – маалымат жана басма сөз күнү менен куттуктайт!Журналисттердин эмгеги демократиялык принциптерди бекемдөөдө, сөз эркиндигин жана адам укуктарын коргоодо, ошондой эле мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүнүн ачык-айкындуулугун камсыз кылууда маанилүү роль ойнойт.Мамлекеттик бийлик менен элдин ортосунда көпүрө болуп, коомдук пикирди калыптандырууда жана жарандардын укуктук маданиятын жогорулатууда зор эмгек жумшап келесиздер. Айрыкча шайлоо процесстеринде жарандардын укуктук маалымдуулугун жогорулатуу, шайлоочуларга объективдүү маалымат жеткирүү жана шайлоо институттарына болгон коомдук ишенимди бекемдөө багытындагы кызматташтыгыңыздар өзгөчө мааниге ээ.Жаңы дем, бийик максаттар менен эмгектенип жаткан жумушуңуздар ар дайым ийгиликтер менен коштолсун.  Сиздерге бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт, бакубат жашоо, кесиптик ийгиликтерди жана чыгармачылык бийиктиктерди каалайбыз. Элдин ишенимине татыган ак ниет эмгегиңиздер менен өлкөбүздүн өнүгүшүнө, коомубуздун биримдигине жана демократиялык баалуулуктардын бекемделишине мындан ары да татыктуу салым кошо бериңиздер!
Кененирээк билүү >>
Исхак Масалиев Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды
06-Ноя, 2026

Исхак Масалиев Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды

Бүгүн, 6-ноябрда, Масалиев Исхак Абсаматович Кыргыз Республикасынын Президенттигине өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына кайрылды.Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 2026-жылдын 13-ноябрына чейин белгиленген.
Кененирээк билүү >>