Башкы Жаңылыктар

Жаңылыктар

Участкалык шайлоо комиссияларынан протоколдорду кабыл алуу улантылууда
26.11.2012

Участкалык шайлоо комиссияларынан протоколдорду кабыл алуу улантылууда

Бүгүн, 2012-жылдын 26-ноябрында сааат 13:00дө Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын участкалык шайлоо комиссияларынан протоколдорду кабыл алуу улантылды. “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө протоколдун биринчи экземпляры ага кол коюлгандан кийин шайлоо документтери, буга шайлоочулардын тизмесин, арыздар (даттануулар) алар боюнча кабыл алынган чечимдерди, участкалык шайлоо комиссиясы түзгөн актыларды кошуп, жогору турган шайлоо комиссиясына жеткирилет, ал тийиштүү аймакта добуш берүүнүн жыйынтыгын чыгарат. Бишкек шаарынын ар бир шайлоо участкасы боюнча добуш берүүнүн натыйжалары Борбордук шайлоо комиссиясына келип түшкөндүгүнө карата токтоосуз Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылат. Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылган добуш берүүнүн жыйынтыктарынын маалыматтары эч кандай юридикалык күчкө ээ болбогон алдын ала маалымат экендигин эскертебиз.   Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
Борбордук шайлоо комиссиясы эске салат: КР БШКда “түз байланыш” иштейт
25.11.2012

Борбордук шайлоо комиссиясы эске салат: КР БШКда “түз байланыш” иштейт

Бүгүн, шайлоо күнү, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясында “түз байланыш” иштейт. Өзүн кандайдыр бир себеп боюнча шайлоочулардын тимзесинен таппай калган шайлоочулар 0-312-62-09-09 телефон аркылуу кайсы тизмеге киргизилгендиктерин тактап алышса болот. Маалымат алуу үчүн фамилиясын, атын, атасынын атын билдирүү зарыл. БШК түз байланышы шайлоо участкалар жабылганга чейин б.а. 19.00гө чеийн иштейт. Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
25 - ноябрь – Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо күнү
25.11.2012

25 - ноябрь – Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо күнү

Бүгүн, 2012-жылдын 25-ноябры - Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо күнү. Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо боюнча добуш берүү саат 8.00дөн 19.00гө чейин жүргүзүлөт. Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо 25 шаарда жана 416 айылдык аймактарда өтөт. “Жергиликтүү кеңештердин депутатарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык бардык участкалык шайлоо комиссиялар ачылды. Жалпысынан шайлоону 2027 участкалык шайлоо комиссиялар өткөрүп жатат. Бүгүн, добуш берүү күнү Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтында 25 шаардык кеңештин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоочулардын келиши 10:00, 13:00, 16:00 и 20:00 сааттарда http://cec.shailoo.gov.kg/ ссылкасы боюнча чагылдырылып турат.  Эскерте кетсек Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарымдарынын мөөнөттөрү бүткөндүгүнө байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 24-сентябрындагы  “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо жөнүндө”  № 204 Жарлыгы менен шайлоо 2012-жылдын 25-ноябрына дайындалган.  Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
КР БШК мүчөлөрү Бишкек аймактык шайлоо комиссиясына 2312 шайлоо бюллетенин берүү жөнүндө чечим кабыл алышты
25.11.2012

КР БШК мүчөлөрү Бишкек аймактык шайлоо комиссиясына 2312 шайлоо бюллетенин берүү жөнүндө чечим кабыл алышты

Бүгүн, 2012-жылдын 24-ноябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын кезектеги жыйналышы өттү. КР БШКнын мүчөлөрү Ош облусунун Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизишти. Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын кошумча 2312 шайлоо бюллетенин берүү тууралу БШКга түшкөн катынын негизинде, КР БШК мүчөлөрү аларга сурап жаткан шайлоо бюллетендердин санын берүү жөнүндө чечим кабыл алышты. КР БШКнын мүчөлөрү Нарын аймактык шайлоо комиссиясы "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 60-беренесинин талаптарын одоно бузуу менен  №1 Казан-Куйган шайлоо округу боюнча Казан-Куйган айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкер Чолуев Салыбек Торгоевичти каттагандыгына байланыштуу, КР БШК мүчөлөрү жогору аталган адамды талапкерликке каттагандыгы жөнүндө № 9 протоколун жокко чыгарышты. Ошондой эле жыйналышта КР БШКнын мүчөлөрү Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан 2012-жылдын 5-ноябрында Совет айылдык аймагына КСДПдан көрсөтүлгөн 8 талапкердин документтери жоготулгандыгын, Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген шайлоо укуктарды бузгандыгын эске алуу менен, каттоонун шайлоо мөөнөттөрү аяктагандыгына, ошондой эле 2012-жылдын 24-ноябрына карата Баткен облусунун Кадамжай районунун Совет айылдык кеңешине депутаттыкка катталган талапкерлердин жок болгондугуна байланыштуу “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 38-беренесин, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесинин 1,2-пункттарын, 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1, 2, 24- пункттарын жетекчиликке алып, “Баткен облусунун Кадамжай районунун Совет айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо өткөн жок деп таануу жөнүндө” токтом кабыл алышты. Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
БШКнын токтому
25.11.2012

БШКнын токтому

2012-жылдын 25-октябрында “Кыргызстандын социал-демократиялык партиясы” (КСДП) Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясына каттоо үчүн Баткен облусунун Кадамжай айылдык кеңешинин депутаттыгына 167 талапкердин документин тапшырган. Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясынын 2012-жылдын 6-ноябрындагы №17 протоколу менен 13 айылдык кеңештин депутаттыгына Кадамжай районунун 58 көп мандаттуу шайлоо округдарынан 663 талапкер катталган, 83 талапкерди каттоодон баш тартылган: анын ичинде КСДП партиясынан көрсөтүлгөндөрдөн 17: Совет айылдык аймагынан 8 талапкер, Марказ айылдык аймагынан 2 талапкер, А. Масалиев атындагы айылдык аймагынан 2 талапкер, Үч-Коргон айылдык аймагынан 3 талапкер, Бирлик айылдык аймагынан 1 талапкер, Майдан айылдык аймагынан 1 талапкер. 2012-жылдын 16-ноябрында КСДПнын Баткен облустук аймактык бөлүмүнүн координатору М.Б. Мергенов Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясынын жогоруда көрсөтүлгөн протоколуна Кадамжай райондук сотуна даттануу менен кайрылган. Кадамжай райондук сотунун 2012-жылдын 20-ноябрындагы чечими менен Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясынын 2012-жылдын 6-ноябрындагы №17 протоколу мыйзамсыз деп табылып, жокко чыгарылган. Райондук соттун аталган чечими Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан райондук соттун чечиминин Совет айылдык аймагына тиешелүү бөлүгүнөн  башкасы Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна көзөмөлдөө тартибинде даттанылган. Кыргыз Республикасынын Жогорку соту 2012-жылдын 24-ноябрында Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясынын көзөмөлдөө даттануусун канагаттандырган. Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан 2012-жылдын 5-ноябрында Совет айылдык аймагына КСДПдан көрсөтүлгөн 8 талапкердин документтери жоготулгандыгын, Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген шайлоо укуктарды бузгандыгын эске алуу менен, каттоонун шайлоо мөөнөттөрү аяктагандыгына, ошондой эле 2012-жылдын 24-ноябрына карата Баткен облусунун Кадамжай районунун Совет айылдык кеңешине депутаттыкка катталган талапкерлердин жок болгондугуна байланыштуу “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 38-беренесин, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесинин 1, 2-пункттарын, 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1, 2, 24- пункттарын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы  ТОКТОМ КЫЛАТ:   1. Баткен облусунун Кадамжай  районунун Совет айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо өткөн жок деп таанылсын. 2. Бул токтомдун көчүрмөсү Баткен облусунун Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясына жиберилсин. 3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын. 4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси М.С. Султановго жүктөлсүн.    ТӨРАГА                                                                    Т. АБДРАИМОВ          Бишкек ш, 2012-жылдын 24-ноябры          № 148
Кененирээк билүү >>
2012-жылдын 25-ноябрындагы Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо мөөнөтүнөн мурда добуш берген шайлоочулардын жалпы саны
24.11.2012

2012-жылдын 25-ноябрындагы Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо мөөнөтүнөн мурда добуш берген шайлоочулардын жалпы саны

“Жергиликтүү кеңештерднн депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 32-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, 2012-жылдын 16-ноябрынан 24-ноябрына чейин жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо боюнча мөөнөтүнөн мурда добуш берүү өттү. “Жергиликтүү кеңештерднн депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, Өзү шайлоочулардын тизмесине киргизилген шайлоо участкасына шайлоо күнү келүү мүмкүнчүлүгү болбогон шайлоочу башка жакка кетип жаткандыгына байланыштуу шайлоо өтүп жаткан тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин же өлкөнүн аймагында болбой тургандыгы жөнүндө жазуу жүзүндөгү арызынын негизинде, ошондой эле тиешелүү документтерди көрсөткөндө (иш сапарына ырастаманы, авиабилетти, темир жол билетти, паспорттогу визаны) добуш берүү күнүнө чейин 9-1 календарлык күн калганда тиешелүү шайлоо комиссиясынын аймагындагы жайда шайлоо бюллетенин толтуруу жолу менен мөөнөтүнөн мурда добуш берүүгө укуктуу. Мөөнөтүнөн мурда добуш берген шайлоочулардын жалпы саны төмөнкүдөй:  АШКдын аталышы Бардыгы Бишкек шаары   1 Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы 27 Баткенская облусу   2 Баткен шаардык аймактык шайлоо комиссиясы 10 3 Баткен аймактык шайлоо комиссиясы 11 4 Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясы   5 Кызыл-Кыя аймактык шайлоо комиссиясы 2 6 Лейлек аймактык шайлоо комиссиясы 5 7 Сүлүктү аймактык шайлоо комиссиясы 1   Облус боюнча бардыгы 56 Жалал-Абад облусу   8 Аксы аймактык шайлоо комиссиясы   9 Ала-Бука аймактык шайлоо комиссиясы   10 Майлуу-Сууя аймактык шайлоо комиссиясы 2 11 Базар-Коргон аймактык шайлоо комиссиясы 8 12 Ноокенская аймактык шайлоо комиссиясы 8 13 Сузак аймактык шайлоо комиссиясы 4 14 Кара-Көл аймактык шайлоо комиссиясы 22 15 Таш-Көмүр аймактык шайлоо комиссиясы 1 16 Токтогул аймактык шайлоо комиссиясы   17 Жалал-Абад  аймактык шайлоо комиссиясы 6 18 Тогуз-Торо аймактык шайлоо комиссиясы 23 19 Чаткал аймактык шайлоо комиссиясы 7   Облус боюнча бардыгы 81 Ысык-Көл облусу   20 Ак-Суу аймактык шайлоо комиссиясы 35 21 Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясы 4 22 Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссиясы 17 23 Тоң аймактык шайлоо комиссиясы 6 24 Түп аймактык шайлоо комиссиясы 7   Облус боюнча бардыгы 69 Нарын облусу   25 Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссиясы    26 Ат-Башы аймактык шайлоо комиссиясы 10 27 Жумгал аймактык шайлоо комиссиясы   28 Нарын шаардык аймактык шайлоо комиссиясы 12 29 Нарын аймактык шайлоо комиссиясы 19 30 Кочкор  аймактык шайлоо комиссиясы      Облус боюнча бардыгы 41 Ош облусу   31 Алай  аймактык шайлоо комиссиясы   32 Араван  аймактык шайлоо комиссиясы 9 33 Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссиясы 1 34 Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясы 18 35 Ноокат  аймактык шайлоо комиссиясы   36 Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясы 5 37 Чоң-Алай  аймактык шайлоо комиссиясы 1   Облус боюнча бардыгы 34 Талас  облусу   38 Бакай-Ата аймактык шайлоо комиссиясы 85 39 Кара-Буура аймактык шайлоо комиссиясы   40 Манас  аймактык шайлоо комиссиясы 3 41 Талас  шаардык аймактык шайлоо комиссиясы 10 42 Талас  аймактык шайлоо комиссиясы       Облус боюнча бардыгы 98 Чүй облусу   43 Кемин  аймактык шайлоо комиссиясы   44 Чүй аймактык шайлоо комиссиясы 1 45 Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясы   46 Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясы 4 47 Сокулук  аймактык шайлоо комиссиясы 41 48 Москва аймактык шайлоо комиссиясы 1 49 Жайыл  аймактык шайлоо комиссиясы 3 50 Панфилов  аймактык шайлоо комиссиясы     Облус боюнча бардыгы  50   Бардыгы 429   Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
Шайлоо күнү КР БШКда “түз байланыш” иштейт
24.11.2012

Шайлоо күнү КР БШКда “түз байланыш” иштейт

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо күнү 2012-жылдын 25-ноябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясындагы “түз байланыш” иштейт. Шайлоо күнү шайлоочулар алар кайсы шайлоочулардын тизмесине киргизилгендигин 0-312-62-09-09 телефон номери аркылуу билип алса болот. Бул үчүн шайлоочу фамилиясы, аты, атасынын аты тууралу маалыматты айтып берүүгө тийиш. КР БШКнын түз байланышы 2012-жылдын 25-ноябрында шайлоо участкалар жабылганга чейин б.а. саат 19.00гө чейин иштейт. Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо саясий партиялардын шайлоо фондуларындагы акча каражаттардын кыймылы жөнүндө отчет
24.11.2012

Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо саясий партиялардын шайлоо фондуларындагы акча каражаттардын кыймылы жөнүндө отчет

Саясий партиялардын шайлоо фондунун атайын шайлоо эсесбинде болгон акча каражаттардын келип түшүшү жана чыгымдалышы жөнүнүдө маалымат (23.11.12-ж. карата, Бишкек шаардык кеңеш)  №               С/П Түшкөн сумма (сом) Чыгымдардын суммасы (сом) 1 КСДП 15 344 300,00 14 501 187,77 2 Ар Намыс 8 152 457,25 8 114 600,43 3 Замандаш -Современник   9 263 000,00   8 703 497,71 4 Ата-Мекен 9 450 800,00 9 280 270,54 5 Асман Ала-Тоо 2 837 000,00 2 708 529,79 6 Кайран Эл 50 000,00 50 000,00 7 Союз Свобода, Справедливость,Родина    1 122 580,00   1 121 476,87 8 Адилеттүү Кыргызстан 2 354 850,00 2 326 542,06 9 Демократическая Партия Столица   1 316 299,00   1 300 862,36 10 Ак-Санат 50 000,00 50 000,00 11 Республика 12 549 000,00 12 291 236,69 12 Ак-Шумкар 1 918 354,00 1 905 931,02 13 Партия зеленых Кыргызстана   526 000,00   499 712,03 14 Эркин Эл 120 000,00 119 941,46 15 Кыргызстан Патриоттору 76 150,00 76 150,00 16 Жолтоосуз жашоо үчүн 2 002 265,00 1 874 055,51 17 Единый Кыргызстан 405 000,00 357 220,23 18 Мекен Ынтымагы 1 284 100,00 1 283 948,49 19 НДПК 95 100,00 89 100,00 20 Ата Журт 472 500,00 472 298,10 21 Партия транспортников 281 000,00 280 150,00 22 Единство и развитие 309 300,00 309 148,00 23 Эгемен Кыргызстан 436 000,00 436 000,00   Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
Борбордук шайлоо комиссиясы саясий партиялардын өкүлдөрүнө шайлоо талаштары боюнча байкоочулар үчүн чакан окуу куралдарды таратып берди
23.11.2012

Борбордук шайлоо комиссиясы саясий партиялардын өкүлдөрүнө шайлоо талаштары боюнча байкоочулар үчүн чакан окуу куралдарды таратып берди

Бүгүн, 2012-жылдын 23-ноябрында Борбордук шайлоо комиссиясы алдыдагы жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого катышкан саясий партиялардын өкүлдөрүнө шайлоо талаштары боюнча байкоочулар үчүн чакан окуу куралдарды таратып берди. Аталган окуу курал БШКнын Шайлоо технологиялары борборунун жана Жогорку Сотунун катышуусунда IFES уюмунун адистери тарабынан иштелип чыккан. Байкоонун негизги максаты – шайлоону даярдоодо, добуш берүүнү өткөрүүдө жана добуштарды эсептөөдө мыйзамдардын сакталышын камсыз кылуу. Көпчүлүк учурда байкоочу добуш берүүнүн жүрүшүндө, анын жыйынтыктарын аныктоодо пайда болгон талаш учурларды чечүүгө жардам бере турган  арбитр катары ишти алып жүрөт. Байкоочулардын шайлоо участкаларындагы аракеттери добуш берүүнүн натыйжаларын бурмалоо аракеттерин, шайлоолорду өткөрүүнүн жол жоболорунун ар кандай бузууларын жокко чыгарууга жардам берет. Ушуга байланыштуу, аталган окуу куралда бузулуштарга жол берген АШКга же УШКга кайрылуулардын, арызга тиркеле турган шайлоо мыйзамдарынын ченемдерин бузуу жөнүндө актылардын формаларынын, жогору турган комиссияга даттануунун болжолдуу  үлгүлөрү берилген. Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
Борбордук шайлоо комиссиясы 2012-жылдын 25-ноябрындагы жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого 17 эл аралык байкоочуну аккредитациялады
23.11.2012

Борбордук шайлоо комиссиясы 2012-жылдын 25-ноябрындагы жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого 17 эл аралык байкоочуну аккредитациялады

Аккредитацияга берген арыздарга ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы эл аралык байкоочу катары дүйнөнүн 6 өлкөсүнөн 6 уюмунун, Кыргыз Республикасында эл аралык уюмдарда иштеген өкүлдөрдү аккредитациялады Жалпысынан 2012-жылдын 25-ноябрындагы жергликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого 17 эл аралык чет өлкөлүк байкоочу аккредитацияланды. Казакстан Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынан -2; Грузиянын Борбордук шайлоо комиссиясынан -2; Улуттук Демократиялык Институтунан – 1; Эл аралык Республикалык Институтунан – 1;  «Восток – Запад» Британиялык борборунан - 2; Кыргыз Республикасындагы шайлоо системасынын эл аралык фондусунан  – 9.  Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
КР БШК мүчөлөрү Бишкек шаарынын участкалык шайлоо комиссиялары үчүн добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдорду түстүү кагазда даярдоо тууралу чечим кабыл алышты
22.11.2012

КР БШК мүчөлөрү Бишкек шаарынын участкалык шайлоо комиссиялары үчүн добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдорду түстүү кагазда даярдоо тууралу чечим кабыл алышты

Бүгүн, 2012-жылдын 22-ноябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын кезектеги жыйналышы өттү, анда КР БШК мүчөлөрү 3 маселени карашты. КР БШК мүчөлөрү Ош облусунун Араван аймактык шайлоо комиссиясынын жана Нарын облусунун Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизишти. Жыйналышта КР БШК мүчөлөрү тарабынан Бишкек шаарынын участкалык шайлоо комиссиялары үчүн добуш берүүнүн жыйынтыктры тууралу протоколдорду даярдоо жөнүндө чечим кабыл алынды. Чечимге ылайык протоколдор  “Континент”  ЖЧК басмаканасында саны 406 даанада түстүү кагазда даярдалат. Ошондой эле жыйналышта КР БШК мүчөлөрү “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 17-пункттарына, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 18-январындагы № 11 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын референдумдарын даярдоого жана өткөрүүгө, Президентин, Жогорку Кеңешинин, жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын башчыларын шайлоого байланышкан архивдик документтерди сактоонун жана берүүнүн тартибине” ылайык  2011-жылдын 30-октябрында Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо боюнча “Учкун” ААКда сакталууда турган шайлоо бюллетендерин жок кылуу боюнча комиссияны түзүүнү чечишти. Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
2012-жылдын 21-ноябрына карата мөөнөтүнөн мурда добуш берген шайлоочулардын саны жөнүндө маалымат (жыйынтыктын өсүшү боюнча)
22.11.2012

2012-жылдын 21-ноябрына карата мөөнөтүнөн мурда добуш берген шайлоочулардын саны жөнүндө маалымат (жыйынтыктын өсүшү боюнча)

  “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 32-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык 16-ноябрдан 24-ноябрга чейин жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо боюнча мөөнөтүнөн мурда добуш берүү өткөрүлөт. 2012-жылдын 21-ноябрына карата мөөнөтүнөн мурда добуш берген шайлоочулардын саны төмөндөгүдөй:  АШКдын аталышы 21.11.2012 Бишкек шаары   1 Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы 19 Баткен облусу   2 Баткен шаардык аймактык шайлоо комиссиясы 9 3 Баткен  аймактык шайлоо комиссиясы 4 4 Кадамжай  аймактык шайлоо комиссиясы   5 Кызыл-Кыя  аймактык шайлоо комиссиясы 2 6 Лейлек  аймактык шайлоо комиссиясы   7 Сүлүктү  аймактык шайлоо комиссиясы     Жыйынтыгы   Жалал-Абад облусу   8 Аксы  аймактык шайлоо комиссиясы   9 Ала-Бука  аймактык шайлоо комиссиясы   10 Майлуу-Суу  аймактык шайлоо комиссиясы   11 Базар-Коргон  аймактык шайлоо комиссиясы 4 12 Ноокен  аймактык шайлоо комиссиясы 4 13 Сузак территориальная   избирательная  комиссия 4 14 Кара-Көл  аймактык шайлоо комиссиясы 11 15 Таш-Көмүр  аймактык шайлоо комиссиясы   16 Токтогул аймактык шайлоо комиссиясы   17 Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясы   18 Тогуз-Торо аймактык шайлоо комиссиясы 11 19 Чаткал аймактык шайлоо комиссиясы      Жыйынтыгы   Ысык-Көл облусу   20 Ак-Суу аймактык шайлоо комиссиясы 4 21 Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясы   22 Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссиясы 4 23 Тоң аймактык шайлоо комиссиясы 2 24 Түп аймактык шайлоо комиссиясы 1    Жыйынтыгы   Нарын облусу   25 Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссиясы    26 Ат-Башы аймактык шайлоо комиссиясы   27 Жумгал аймактык шайлоо комиссиясы   28 Нарын шаардык аймактык шайлоо комиссиясы 5 29 Нарын аймактык шайлоо комиссиясы 19 30 Кочкор аймактык шайлоо комиссиясы       Жыйынтыгы   Ош облусу   31 Алай аймактык шайлоо комиссиясы   32 Араван аймактык шайлоо комиссиясы 1 33 Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссиясы   34 Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясы 10 35 Ноокат аймактык шайлоо комиссиясы   36 Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясы 3 37 Чон-Алай аймактык шайлоо комиссиясы 1    Жыйынтыгы   Талас облусу   38 Бакай-Ата аймактык шайлоо комиссиясы 34 39 Кара-Буура аймактык шайлоо комиссиясы   40 Манас аймактык шайлоо комиссиясы 4 41 Талас шаардык аймактык шайлоо комиссиясы   42 Талас аймактык шайлоо комиссиясы      Жыйынтыгы   Чүй облусу   43 Кемин аймактык шайлоо комиссиясы   44 Чүй аймактык шайлоо комиссиясы   45 Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясы   46 Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясы   47 Сокулук аймактык шайлоо комиссиясы 2 48 Москва аймактык шайлоо комиссиясы 1 49 Жайыл аймактык шайлоо комиссиясы 1 50 Панфилов аймактык шайлоо комиссиясы      Жыйынтыгы 160   Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
КР БШК шайлоо алдындагы үгүттү жүргүзүү эрежелерин бузгандыгы үчүн «РЕСПУБЛИКА» саясий партиясын эскертти
22.11.2012

КР БШК шайлоо алдындагы үгүттү жүргүзүү эрежелерин бузгандыгы үчүн «РЕСПУБЛИКА» саясий партиясын эскертти

КР БШК шайлоо алдындагы үгүттү жүргүзүү эрежелерин бузгандыгы үчүн «РЕСПУБЛИКА» саясий партиясын эскертти   Бүгүн, 2012-жылдын 21-ноябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын кезектеги жыйналышы болуп өттү. КР БШКнын мүчөлөрү Кара-Суу, Ноокат, Таш-Көмүр жана Кара-Буура аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына жана резервдерине өзгөртүүлөрдү киргизди. Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасындагы Шайлоо системаларынын эл аралык фондунун (IFES) 9 өкүлүн 2012-жылдын 25-ноябрындагы Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоого эл аралык байкоочу катары аккредитациялады. КР БШКнын жыйналышында Кыргыз Республикасынын референдумун өткөрүү үчүн колтамгаларды чогултуу боюнча демилгелүү топту каттоо жөнүндө «Кыргыз Чоролору» коомдук бирикмесинин өтүнүчү карап чыгып, сунуш кылынган документтер, референдумга коюлган маселелер Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 114-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Конституциясын колдонууга киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесине, «Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 7, 8, 11-беренелеринин талаптарына шайкеш келбестигин белгилеп, Кыргыз Республикасынын референдумун өткөрүү үчүн колтамгаларды чогултуу боюнча «Кыргыз Чоролору» коомдук бирикмесинин демилгелүү тобун каттоодон баш тартуу чечимин кабыл алды. «Ак-Кула» ат майданында «Республика» саясий партиясынын массалык үгүт иш-чаралары жана партиянын телекөрсөтүүдөгү үгүт иши жөнүндө маселелерди карап чыгып, КР БШКнын мүчөлөрү шайлоо алдындагы үгүттү жүргүзүү эрежелерин бузгандыгы үчүн «РЕСПУБЛИКА» саясий партиясын эскертүүнү чечти. КР БШКнын жыйналышында ошондой эле КР БШКнын алдындагы Контролдук-текшерүү тобунун маалыматы угулду. Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
Бүгүн добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүгө арыздарды кабыл алуу аяктайт
21.11.2012

Бүгүн добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүгө арыздарды кабыл алуу аяктайт

Бүгүн, 2012-жылдын 21-ноябрында добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүгө арыздарды кабыл алуу аяктайт. “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүү добуш берүү күнүнө бир календарлык күн калганда м.а. 2012-жылдын 24-ноябрында кана өткөрүлөт. Шайлоочулардын тизмесине киргизилген, бирок ден соолугунун абалы же майыптыгы боюнча добуш берүү үчүн шайлоо участкасына келе албаган шайлоочулар, мал чарбасынын алыскы участкаларында, шайлоо өткөрүлүп жаткан администрациялык-аймактык бирдиктин алыскы жана жетүүгө кыйын жерлеринде убактылуу жашаган шайлоочулар, добуш берүү күнү ооруканаларда, кылмыш жасоодо шектүүлөр жана айыпталуучулар катары кайтаруу жайларында камалып турган шайлоочулар, алар шайлоо өтүп жаткан тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин аймагында туруктуу жашаган жана алар убактылуу жүргөн жер ошол администрациялык-аймактык бирдиктин аймагында болгон шартта өзү турган жер боюнча добуш берет. Бул үчүн добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүү мүмкүнчүлүгүн берүү жөнүндө участкалык шайлоо комиссиясына жазуу жүзүндө арыз берүү же оозэки (мында башка адамдын көмөктөшүүсү менен да) билдирүү зарыл.  Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
Саясий партиялардын шайлоо фонддорундагы акча каражаттарынын кыймылы жөнүндө отчет
20.11.2012

Саясий партиялардын шайлоо фонддорундагы акча каражаттарынын кыймылы жөнүндө отчет

Саясий партиялардын шайлоо фондунун атайын шайлоо эсебинде болгон акча каражаттарынын келип түшүшү жана чыгымдалышы жөнүндө маалыматтар (2012-жылдын 16-ноябрына карата, Бишкек шаардык кеңеши) №               С/П Келип түшкөн каражаттын суммасы (сом) Чыгымдардын суммасы (сом) 1 КСДП 15 344 300,00 13 387 154,00 2 Ар Намыс 7 772 357,25 7 669 707,20 3 Замандаш -Современник   9 263 000,00   8 226 068,13 4 Ата-Мекен 9 050 800,00 8 943 992,01 5 Асман Ала-Тоо 2 747 000,00 2 318 190,47 6 Кайран Эл 50 000,00 50 000,00 7 Союз Свобода, Справедливость,Родина    1 122 580,00   1 039 473,00 8 Адилеттүү Кыргызстан 2 119 850,00 2 119 745,50 9 Столица Демократиялык Партиясы   1 287 299,00   1 261 483,33 10 Ак-Санат 50 000,00 50 000,00 11 Республика 10 399 000,00 10 205 916,66 12 Ак-Шумкар 1 600 000,00 1 595 944,00 13 Партия зеленых Кыргызстана   305 000,00   298 300,00 14 Эркин Эл 120 000,00 119 638,23 15 Кыргызстан патриоттору 76 150,00 76 150,00 16 Жолтоосуз жашоо үчүн 1 647 745,00 1 397 376,48 17 Бүтүн Кыргызстан 315 000,00 311 617,00 18 Мекен Ынтымагы 1 112 100,00 1 101 069,46 19 НДПК 95 100,00 83 100,00 20 Ата Журт 275 000,00 264 230,00 21 Партия транспортников 281 000,00 279 950,00 22 Биримдик жана өнүгүү 145 500,00 137 500,00 23 Эгемен Кыргызстан 364 000,00 362 622,00   Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
2012-жылдын 19-ноябрына карата мөөнөтүнөн мурда добуш берген шайлоочулардын саны жөнүндө маалымат (өсүп туруучу жыйынтыгы менен)
19.11.2012

2012-жылдын 19-ноябрына карата мөөнөтүнөн мурда добуш берген шайлоочулардын саны жөнүндө маалымат (өсүп туруучу жыйынтыгы менен)

«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 32-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык 2012-жылдын 16-ноябрынан тартып 24-ноябрына чейин жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо боюнча мөөнөтүнөн мурда добуш берүү жүрүп жатат. 2012-жылдын 19-ноябрына карата мөөнөтүнөн мурда добуш берген шайлоочулардын саны төмөнкүдөй:  АШКлардын аталышы 19.11.2012 Бишкек шаары 11 1 Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы   Баткен облусу   2 Баткен шаардык аймактык шайлоо комиссиясы   3 Баткен аймактык шайлоо комиссиясы 2 4 Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясы   5 Кызыл-Кыя аймактык шайлоо комиссиясы   6 Лейлек аймактык шайлоо комиссиясы   7 Сүлүктү аймактык шайлоо комиссиясы     Жыйынтыгы   Жалал-Абад облусу   8 Аксы аймактык шайлоо комиссиясы   9 Ала-Бука аймактык шайлоо комиссиясы   10 Майлуу-Суу аймактык шайлоо комиссиясы   11 Базар-Коргон аймактык шайлоо комиссиясы 2 12 Ноокен аймактык шайлоо комиссиясы   13 Сузак аймактык шайлоо комиссиясы 3 14 Кара-Көл аймактык шайлоо комиссиясы 11 15 Таш-Көмүр аймактык шайлоо комиссиясы   16 Токтогул аймактык шайлоо комиссиясы   17 Жалал-Абад  аймактык шайлоо комиссиясы   18 Тогуз-Торо аймактык шайлоо комиссиясы 6 19 Чаткал аймактык шайлоо комиссиясы     Жыйынтыгы   Ысык-Көл облусу   20 Ак-Суу аймактык шайлоо комиссиясы   21 Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясы   22 Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссиясы 4 23 Тоң аймактык шайлоо комиссиясы 1 24 Түп аймактык шайлоо комиссиясы 1   Жыйынтыгы   Нарын облусу   25 Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссиясы     26 Ат-Башы аймактык шайлоо комиссиясы   27 Жумгал аймактык шайлоо комиссиясы   28 Нарын шаардык аймактык шайлоо комиссиясы   29 Нарын аймактык шайлоо комиссиясы   30 Кочкор аймактык шайлоо комиссиясы       Жыйынтыгы   Ош облусу   31 Алай аймактык шайлоо комиссиясы   32 Араван аймактык шайлоо комиссиясы 1 33 Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссиясы   34 Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясы   35 Ноокат аймактык шайлоо комиссиясы   36 Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясы   37 Чоң-Алай аймактык шайлоо комиссиясы     Жыйынтыгы   Талас облусу   38 Бакай-Ата аймактык шайлоо комиссиясы 9 39 Кара-Буура аймактык шайлоо комиссиясы   40 Манас аймактык шайлоо комиссиясы   41 Талас шаардык аймактык шайлоо комиссиясы   42 Талас аймактык шайлоо комиссиясы     Жыйынтыгы   Чүй облусу   43 Кемин аймактык шайлоо комиссиясы   44 Чүй аймактык шайлоо комиссиясы   45 Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясы   46 Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясы   47 Сокулук аймактык шайлоо комиссиясы 2 48 Москва аймактык шайлоо комиссиясы 1 49 Жайыл аймактык шайлоо комиссиясы 1 50 Панфилов аймактык шайлоо комиссиясы     Жыйынтыгы 55   Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
1 456 458 482