Башкы
Жаңылыктар
Жаңылыктар
Кыргыз Республикасындагы Япон эл аралык кызматташтык агенттиги (JICA) добуш берүүнүн жыйынтыктары бар протоколдорду өткөрүп берүү үчүн сейф-пакеттерди берди
2012-жылдын 2-ноябрында Кыргыз Республикасындагы Япон эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) Туруктуу Өкүлү Ояма Такаюки мырза Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына добуш берүүнүн жыйынтыктары бар протоколдорду өткөрүп берүү үчүн сейф-пакеттерди, ошондой эле добуш берүү жана документацияны өткөрүп берүү үчүн коргоочу пломбаларды берди, алар 2012-жылдын 25-ноябрында Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо колдонулат.
Сейф-пакеттерди жана пломбаларды өткөрүп берүү иш-чарасына КР БШКнын төрагасынын орун басарлары Г.Джурабаева жана А.Шайымкулова, БШКнын Шайлоо технологиялары борборунун директору Г.Алымбекова жана БШКнын аппаратынын жетекчиси М.Султанов катышты.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басары Г.Джурабаева добуш берүүнүн жыйынтыктары бар протоколдорду өткөрүп берүү үчүн сейф-пакеттерди берүүдөгү Кыргыз Республикасындагы Япон эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) бир нече жолку жардамы үчүн Т.Ояма мырзага ыраазычылык билдирди.
Өткөрүп берилген сейф-пакеттердин жалпы саны 4360 даананы түздү.
Эске сала кетсек, КР БШК 2010-жылы референдумду жана парламенттик шайлоону, ошондой эле 2011-жылы президенттик шайлоону өткөрүү учурунда жогору турган шайлоо комиссияларына жеткирүүдө, өткөрүп берүүдө жана кабыл алууда шайлоо документтерине (протоколдорго, бюллетендерге) уруксатсыз жеткиликтүүлүктөн коргоо үчүн сейф-пакеттерди жана коргоочу пломбаларды пайдаланууну ишке киргизген.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
«kabarlar.kg», «comment.kg», «fakt.kg» Интернет-сайттары жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо шайлоо алдындагы үгүткө катыша алат
Бүгүн, 2012-жылдын 3-ноябрында, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын кезектеги жыйналышы болуп өттү.
Жыйналышта КР БШКнын мүчөлөрү Талас шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын, Кара-Буура, Манас, Тогуз-Торо, Жалал-Абад, Аламүдүн жана Жайыл аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына жана резервдерине өзгөртүүлөрдү киргизди.
Эске сала кетсек, 2012-жылдын 2-ноябрында Борбордук шайлоо комиссиясы Жайыл аймактык шайлоо комиссиясынын резервине талапкерлерди тандоо үчүн саясий партиялардын арасында чүчүкулак өткөргөн. Чүчүкулак өткөрүү жол-жобосуна Жайыл аймактык шайлоо комиссиясынын резервине өз талапкерлерин көрсөткөн саясий партиялардын өкүлдөрү катышкан.
Жыйналышта Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы менен Интернет-сайттардын ортосундагы «Кызматташтык жөнүндө меморандумга» «kabarlar.kg», «comment.kg», «fakt.kg» Интернет-сайттарынын кошулушуна макулдук берүүнү чечти. Жогоруда көрсөтүлгөн Интернет-сайттар 2012-жылдын 25-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо шайлоо алдындагы үгүткө катыша алат.
Ошондой эле КР БШКнын мүчөлөрү «Кыргыз Республикасынын Президентин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодогу эл аралык (чет элдик) байкоочулардын статусу жана ыйгарым укуктары, ишинин тартиби жөнүндө» Жобону бекитти.
Кыргыз Республикасынын референдумун өткөрүү үчүн колтамгаларды чогултуу боюнча «Кыргыз Чоролору» коомдук бирикмесинин демилгелүү тобунун кайрылуусун карап чыгуу жөнүндө маселени КР БШКнын мүчөлөрү кийинкиге калтырды.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы Жайыл аймактык шайлоо комиссиясынын резервине саясий партиялардын арасынан талапкерлерди тандап алуу үчүн чүчүкулак өткөрдү
Бүгүн 2012-жылдын 2-ноябрында саат 18:00дө Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз борборунда Жайыл аймактык шайлоо комиссиясынын резервине талапкерлерди тандап алуу үчүн саясий партиялардын арасынан чүчүкулак өткөрүлдү.
Чүчүкулак өткөрүү жол-жобосуна Жайыл аймактык шайлоо комиссиясынын резервине талапкерлерди көрсөткөн саясий партиялардын өкүлдөрү катышышты.
Эскерте кетсек, “Шайлоо комиссиялардын резервин түзүүнүн жана жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” Жобого ылайык, аймактык шайлоо комиссиясынын резерви Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы менен жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдар жана саясий партиялар тарабынан көрсөтүлгөн өкүлдөрдүн эсебинен курамы 11 адамдан кем эмес санда түзүлөт.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жарандарга, саясий партияларга, коомдук уюмдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун өкүлчүлүктүү органдарына (жергиликтүү кеңештерге) КАЙРЫЛУУСУ
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарын 2012-жылдын 25-ноябрына дайындалган алдыдагы шайлоого Чүй облусунун Панфилов, Жайыл, Москва, Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссияларынын, Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу, Аксы, Ала-Бука, Тогуз-Торо, Чаткал, Сузак аймактык шайлоо комиссияларынын, Ысык-Көл облусунун Тоң, Түп аймактык шайлоо комиссияларынын, Нарын облусунун Ак-Талаа, Жумгал аймактык шайлоо комиссияларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Кулжа, Кара-Суу аймактык шайлоо комиссияларынын, Талас облусунун Талас аймактык шайлоо комиссиясынын, Баткен облусунун Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясынын резервдерин толук комплектөө зарылчылыгы чыкты.
Жогоруда көрсөтүлгөн аймактык шайлоо комиссиялардын резервдеринин курамдарын толуктоо зарылчылыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы (мындан ары-БШК) саясий партиялардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун өкүлчүлүктүү органдарынан өкүлдөрдү көрсөтүү жөнүндө жарыялайт.
Аймактык шайлоо комиссиясынын резерви 5 жылдык мөөнөткө БШК тарабынан түзүлөт.
Аймактык шайлоо комиссиясынын резервине талпкерлерди көрсөтүү учурунда жарандардын макулдугун жана алардын шайлоо комиссиясынын ишине даярдыктарынын денгээлин эске алуу зарыл.
Көрсөтүү субъектилер шайлоо комиссиянын мүчөлүгүнө талапкердин эреже катары тийиштүү калктуу пунктун аймагында жашаш керек экендигин эске алуулары зарыл.
Аймактык шайлоо комиссиясынын резервине талапкерлерди жарандардын чогулушунан, коомдук бирикмелерден көрсөтүү жөнүндө протоколдор чогулуштун төрагасынын жана катчысынын колтамгасы менен күбөлөндүрүлүшү керек. Протоколго жашаган жери көрсөтүлгөн жана кол тамгалары коюлган чогулушка катышкандардын тизмеси тиркелиши тийиш.
Саясий партиялардан көрсөтүү алардын уставына ылайык жүргүзүлөт. БШКга саясий партиясынын жетекчисинин (же чогулуштун төрагасынын) колтамгасы жана мөөр менен күбөлөндүрүлгөн тийиштүү документ берилет.
Жогоруда көрсөтүлгөн документтерге төмөнкүлөр тиркелет:
- аймактык шайлоо комиссиясынын курамында иштөөгө макулдугу жөнүндө арызы жана Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарынын ченемдерин сактоо жөнүндө милдеттенмеси;
- паспортунун көчүрмөсү;
- иштеген, окуган жерин, билимин көрсөтүү менен өмүр баянына тиешелүү маалыматтары (кадрларды эсепке алуу боюнча жеке баракчасы же резюме);
- байланышуу маалыматтары: жашаган жеринин дареги, телефону.
Аймактык шайлоо комиссиялардын резервине жарандардын чогулушунан, коомдук уюмдардан талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө протоколдор 2012-жылдын 6-ноябрынын саат 18-00 чейин тиешелүү жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун өкүлчүлүктүү органдарында (шаардык, райондук кеңештер) кабыл алынат. Саясий партиялардан аймактык шайлоо комиссиялардын резервине талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө протоколдор 2012-жылдын 6-ноябрынын саат 18-00 чейин Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясында кабыл алынат.
Аймактык шайлоо комиссиялардын курамына талапкерлерди көрсөтүүнүн шарттары жана тартиби тууралуу кененирээк Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын www.shailoo.gov.kg расмий сайтында жайгаштырылган “Шайлоо комиссияларын резервин түзүүнүн жана таркатуунун тартиби жөнүндө” Жободон билсеңер болот.
Сурап-билүү телефону: 62-08-29
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү
боюнча борбордук комиссиясы
Кененирээк билүү >>
Борбордук шайлоо комиссиясы Жайыл аймактык шайлоо комиссиясынын резервине талапкерлерди тандоо үчүн саясий партиялардын арасында чүчүкулак өткөрдү
Бүгүн, 2012-жылдын 2-ноябрында, саат 18:00дө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын басма сөз борборунда Жайыл аймактык шайлоо комиссиясынын резервине талапкерлерди тандоо үчүн саясий партиялардын арасында чүчүкулак болуп өттү.
Чүчүкулак өткөрүү жол-жобосуна Жайыл аймактык шайлоо комиссиясынын резервине өз талапкерлерин көрсөткөн саясий партиялардын өкүлдөрү катышты.
Эске сала кетсек, «Шайлоо комиссияларынын резервин түзүү жана жүргүзүү тартиби жөнүндө» Жобого ылайык аймактык шайлоо комиссиясынын резервин Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдары жана саясий партиялар көрсөткөн өкүлдөрдүн ичинен кеминде он бир мүчөнүн курамында беш жылдык мөөнөткө түзүлөт.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо шайлоо алдындагы үгүткө катышууга уруксат алган Интернет-сайттардын тизмеси
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жана Интернет-сайттардын ортосундагы «Кызматташтык жөнүндө меморандумга» кол койгон Интернет-сайттарга Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы 2012-жылдын 25-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо шайлоо алдындагы үгүткө катышууга уруксат берди.
«Кызматташтык жөнүндө меморандумдун» текстин карап көрүүгө болот – бул жерде
2012-жылдын 25-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо шайлоо алдындагы үгүткө катышууга уруксат алган Интернет-сайттардын тизмеси – бул жерде
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүн окутууну өткөрөт
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Шайлоо системаларынын эл аралык фонду (IFES) менен бирдикте аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүн окутууну өткөрөт.
50 аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүн окутуу 2012-жылдын 29-октябрынан 31-октябрына чейин өткөрүлөт. 2012-жылдын 1-ноябрынан 13-ноябрына чейин 2028 участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүн жана резервдерин окутуу өткөрүлөт.
Төмөндө АШКлардын жана УШКлардын мүчөлөрүн окутуу графигин келтиребиз:
Аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү үчүн тренингдерди өткөрүү графиги – бул жерде;
Бишкек шаарынын участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү үчүн тренингдерди өткөрүү графиги – бул жерде;
Чүй облусунун участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү үчүн тренингдерди өткөрүү графиги – бул жерде;
Нарын облусунун участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү үчүн тренингдерди өткөрүү графиги – бул жерде;
Ош облусунун участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү үчүн тренингдерди өткөрүү графиги – бул жерде;
Талас облусунун участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү үчүн тренингдерди өткөрүү графиги – бул жерде;
Баткен облусунун участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү үчүн тренингдерди өткөрүү графиги – бул жерде;
Ысык-Көл облусунун участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү үчүн тренингдерди өткөрүү графиги – бул жерде;
Жалал-Абад облусунун участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү үчүн тренингдерди өткөрүү графиги – бул жерде.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
КР БШК Кыргыз Республикасынын интернет-сайттарына Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо шайлоо алдындагы үгүт иштерге катышууга уруксаат берди
Бүгүн, 2012-жылдын 30-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйналышы өттү.
КР БШК мүчөлөрү Чүй облусунун Аламүдүн районунун Арашан айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо натыйжалары жөнүндө жана добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколорду бекитип, Кемин, Москва, Жайыл, Кара-Көл, Талас, Кара-Буура, Бакай-Ата, Манас жана Тоң аймактык шайлоо комиссиялардын курамдарына жана резервдерине өзгөртүүлөрдү киргизишти.
Ошондой эле БШК мүчөлөрү тарабынан Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жана Интернет-саййтардын ортосундагы Кызматташтык жөнүндөгү меморандумдун тексти жактырылды жана бекитилди, ага Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы жана Интернет-сайттар 2012-жылдын 22-октябрында кол коюшту.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
Саясий партиялардын талапкерлердин тизмелеринин курамында көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын Бишкек шаардык кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин тизмелери
Саясий партиялардын талапкерлердин тизмелеринин курамында көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын Бишкек шаардык кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин тизмелери:
1. «Партия Зеленых Кыргызстана» - здесь;
2. «Единство и развитие» - здесь;
3. «Социал-демократическая партия Кыргызстана» - здесь;
4. «Кайран эл» - здесь;
5. «Народно-Демократическая партия Кыргызстана» - здесь;
6. «За жизнь без барьеров» - здесь;
7. «Союз. Свобода. Справедливость. Родина» - здесь;
8. Патриотическая партия «Ата-Журт» - здесь;
9. «Эгемен Кыргызстан» - здесь;
10. Демократическая партия «Столица» - здесь;
11. «Партия возрождения «Эркин Эл»» - здесь;
12. «Мекен Ынтымагы» - здесь;
13. «Акшумкар» - здесь;
14. «Ар-Намыс» - здесь;
15. «Республика» - здесь;
16. «Патриоты Кыргызстана» - здесь;
17. «Партия транспортников Кыргызской Республики» - здесь;
18. «Асман Ала-Тоо» - здесь;
19. «Адилеттуу Кыргызстан» - здесь;
20. «Замандаш-Современник» - здесь;
21. Ата-Мекен» - здесь;
22. «Бутун Кыргызстан» - здесь;
23. «Партия народного самоуправления «Ак Санат»» - здесь.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
Бишкек шаардык кеңешине шайлоо боюнча шайлоо бюллетендерине катталган саясий партияларды киргизүүнүн кезектүүлүгү аныкталды
Бүгүн, 2012-жылдын 28-октябрында, Бишкек АШК Бишкек шаардык кеңешине шайлоо боюнча шайлоо бюллетендерине катталган саясий партияларды киргизүүнүн кезектүүлүгүн аныктоо боюнча чүчүкулак өткөрдү. Төмөндө Бишкек шаардык кеңешине шайлоо боюнча шайлоо бюллетендерине катталган саясий партияларды киргизүүнүн кезектүүлүгүн аныктоо боюнча чүчүкулактын натыйжалары жөнүндө протоколго ылайык шайлоо бюллетениндеги саясий партиялардын катар номерин келтиребиз:
1. «Партия Зеленых Кыргызстана»;
2. «Единство и развитие»;
3. “Кыргызстан социал-демократиялык партиясы”;
4. «Кайран эл»;
5. «Кыргызстандын Элдик-Демократиялык партиясы»;
6. «Жолтоосуз жашоо үчүн»;
7. «Биримдик. Азаттык.Калыстык.Мекен»;
8. «Ата-Журт» Мекенчил партиясы;
9. «Эгемен Кыргызстан»;
10. «Столица» Демократиялык партиясы;
11. «Эркин Эл» кайра жаралуу партиясы»;
12. «Мекен Ынтымагы»;
13. «Акшумкар»;
14. «Ар-Намыс»;
15. «Республика»;
16. «Патриоты Кыргызстана»;
17. «Партия транспортников Кыргызской Республики»;
18. «Асман Ала-Тоо»;
19. «Адилеттүү Кыргызстан»;
20. «Замандаш-Современник»;
21. Ата-Мекен»;
22. «Бүтүн Кыргызстан»;
23. «Ак Санат» Элдик Өзүн-өзү башкаруу партиясы».
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы 23 саясий партиядан талапкерлердин тизмелерин каттады
«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы Бишкек шаардык кеңешине талапкерлердин тизмелерин көрсөткөн 23 саясий партиядан талапкерлердин тизмелерин каттады. Талапкерлердин тизмелерин каттоо 2012-жылдын 25-октябрында 24:00дө аяктады.
Эске сала кетсек, Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы документтерди кабыл алган күндөн тартып 10 календарлык күндүн ичинде 23 саясий партиядан талапкерлердин тизмелерин көрсөтүү тартибинин жогорула көрсөтүлгөн Мыйзамдын талаптарына шайкештигин текшерди жана талапкерлердин бардык тизмелерин каттоо жөнүндө чечим кабыл алды.
Төмөндө Бишкек шаардык кеңешине катталган саясий партиялардын тизмелерин келтиребиз:
1. «Ата Мекен»;
2. «Республика»;
3. «Мекен Ынтымагы»;
4. «Кыргызстандын Элдик-Демократиялык партиясы»;
5. «Столица» Демократиялык партиясы
6. «Ата-Журт» мекенчил партиясы;
7. «Акшумкар»;
8. «Партия зеленых Кыргызстана»;
9. «Жолтоосуз жашоо үчүн»;
10. «Замандаш-Современник»;
11. «Партия транспортников Кыргызской Республики»;
12. «Эгемен Кыргызстан»;
13. «Единство и развитие»;
14. «Биримдик, Азаттык. Калыстык. Мекен»;
15. «Ар-Намыс»;
16. «Адилеттүү Кыргызстан»;
17. «Бүтүн Кыргызстан»;
18. «Эркин Эл» кайра жаралуу партиясы»;
19. «Кыргызстан социал-демократиялык партиясы»;
20. «Патриоты Кыргызстана»;
21. «Кайран Эл»;
22. «Асман Ала-Тоо» Элдик саясий партиясы;
23. «Ак Санат» Элдик Өзүн-өзү башкаруу партиясы».
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
Талапкерлердин, саясий партиялардын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын эсине
«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык шайлоо алдындагы үгүт бардык талапкерлерди, талапкерлердин тизмелерин каттоо мөөнөтү аяктаган күндөн тартып башталат жана добуш берүү башталганга чейин 24 саат калганда токтотулат. Анын үстүнө, жогоруда эске алынган Мыйзамда шаардык кеңештерге талапкерлердин тизмесин жана айылдык кеңештерге бардык талапкерлерди көрсөтүүнүн жана каттоонун белгилүү мөөнөттөрү аныкталган.
Шаардык кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү шайлоо дайындалган күндөн тартып башталат жана шайлоо күнүнө чейин 40 календардык күн калганда аяктайт, ал эми айылдык кеңештерге көрсөтүү шайлоо дайындалган күндөн тартып башталат жана шайлоо күнүнө чейин 30 календардык күн калганда аяктайт.
«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында саясий партиялар сунуш кылган шардык кеңештердин депутаттыгына талапкерлердин тизмелерин жана айылдык кеңештерге бардык талапкерлерди текшерүүгө 10 календардык күн бөлүнгөн.
Ошентип, шаардык кеңештердин депутаттарын шайлоодо шайлоо алдындагы үгүт 2012-жылдын 26-октябрынан тартып башталат жана добуш берүү башталганга чейин 24 саат калганда токтотулат. Айылдык кеңештердин депутаттарын шайлоодо шайлоо алдындагы үгүт 2012-жылдын 5-ноябрынан тартып башталат жана добуш берүү башталганга чейин 24 саат калганда токтотулат.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын мүчөлөрү 2012-жылдын 25-ноябрында жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо бюллетендеринин формаларын жана коргоо даражасын бекитти
Бүгүн, 2012-жылдын 24-октябрында, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын кезектеги жыйналышы болуп өттү.
Борбордук шайлоокомиссиясынын мүчөлөрү алдыдагы шайлоодо шайлоо комиссиялардын добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдордун жана жыйынды таблицалардын формаларын, “Добуш берүүнүн жыйынтыгын белгилөөнүн, участкалык, аймактык шайлоо комиссияларынын протоколдорун толтуруунун жана добуш берүүнүн натыйжасы тууралуу протоколго киргизилген маалыматтардын контролдук катышын текшерүүнүн тартиби жөнүндө” Жобону бекитишти. Протоколдордун формалары атайын коргоосу бар кагазда, мамлекеттик жана расмий тилдерде даярдалат.
“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренесинин 1-бөлүгүнө, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 15-пункттарына ылайык БШК мүчөлөрү 2012-жылдын 25-ноябрында жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо бюллетендердин формаларын жана коргоо даражасын бекитишти.
Ошондой эле БШК мүчөлөрү тарабынан Нарын, Кадамжай, Лейлек, Баткен, Ноокат, Араван, Өзгөн, Жети-Өгүз, Түп, Тоң, Ала-Бука, Майлуу-Суу, Жалал-Абад, Тогуз-Торо, Чаткал, Кара-Көл, Сузак, Жайыл, Москва, Панфилов, Бакай-Ата аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына жана резервдерине өзгөртүүлөр киргизилди.
Өзгөн жана Аксы аймактык шайлоо комиссиялардын төрагаларынын Ош облусунун Өзгөн районунун Төрт-Көл айылдык кеңешинин , Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кызыл-Туу айылдык кеңешинин шайлоо округдарынын схемаларын жана чей араларын сүрөттөлүшүнө техникалык каталар кеткендигине байланыштуу, Өзгөн, Сокулук, Ысмык-Көл, Бишкек аймактык шайлоо комиссиялардын Өзгөн районунун Ак-Жар айылдык аймагынын № 5111, Сокулук районунун Гавриловка айылдык аймагынын № 7224, Ат-Башы айылдык аймагынын № 7225, № 7257, Ысык-Көл районунун Бостери айылдык аймагынын № 3031, № 3052, Бишкек шаарынын №№1307, 1314, 1340 шайлоо участкалардын схемаларынын жана чек арларын сүрөттөлүшүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу кайрылууларынын негизинде, КР БШКнын мүчөлөрү жогоруда аталган шайлоо округдардын жана участкалардын схемаларынын жана чек араларынын сүрөттөлүшүнө өзгөртүүлөрдү киргизишти.
Ысык-Көл облусунун Тоң аймактык шайлоо комиссиясы “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесин бузуп, ыйгарым укуктарын жогорулатып жибергендигине байланыштуу БШК мүчөлөрү аталган аймактык шайлоо комиссиясынын токтомдорун жана чечимдерин жокко чыгарышты.
Бүгүнкү жыйналышта, БШК мүчөлөрү КР БШКнын 2012-жылдын 25-сентябрындагы токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизишти. Эскерте кетсек, ушул токтом менен жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо жалпыга таанышуу үчүн шайлоочулардын тизмесинин жана добуш берүүнү өткөрүү үчүн шайлоочулардын тизмесинин формалары бекитилчи. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын айрым укуктук ченемдик актыларына өзгртүүлөр киргизилди.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
Борбордук шайлоо комиссиясы эске салат: добуш берүү күнү шайлоочулардын тизмесине киргизилген шайлоочулар гана добуш бере алат
«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, ар бир шайлоочу 30 календарлык күндүн ичинде, бирок добуш берүү күнүнө чейин 10 календарлык күндөн кечиктирбестен, өзү шайлоочулардын тизмесинде жоктугу жөнүндө, андагы ар кандай каталар же так эместиктер жөнүндө тиешелүү участкалык шайлоо комиссиясына жазуу жүзүндө билдирүүгө укуктуу. Добуш берүү күнүнө чейин 10 календарлык күн калганда участкалык шайлоо комиссиясы шайлоочулардын арыздарын кабыл алууну токтотот.
Буга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы шайлоочуларды 2012-жылдын 15-ноябрына чейин өзү жөнүндө маалыматтарды тактоого чакырат.
Добуш берүү күнү, 2012-жылдын 25-ноябрында, шайлоочулардын тизмесине киргизилген шайлоочулар гана добуш берүү күнү добуш бере алат.
2012-жылдын 16-октябрынан тартып, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, бардык 2028 участкалык шайлоо комиссиясында тиешелүү шайлоо участкасынын аймагында жашаган шайлоочулар таанышуусу үчүн шайлоочулардын тизмелери илингендигин эсиңиздерге салабыз.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын аймактык шайлоо комиссияларында көрсөтүү тартибине шайкештиги жагынан документтерди текшерүү жүрүп жатат
Кыргыз Республикасынын аймактык шайлоо комиссиялары саясий партиялар берген шаардык кеңештердин депутаттыгына талапкерлердин тизмеси “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын тартибинин талаптарына ылайыктуулугун текшеришүүдө. Талапкерлердин тизмесин каттоо 2012-жылдын 25-октябрында аяктайт.
“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Мыйзамга ылайык саясий партиялар ар бир бирдиктүү шайлоо округунан аталган жергиликтүү кеңеш үчүн депутаттык орун белгиленген сандан бир жарым эсе ашпаган талапкерлерди көрсөтүүгө укуктуу.
Шаардык кеңештерге депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүүдө саясий партиялар бир жыныстын өкүлдөрү 70 пайыздан ашпаш керектигин эске алуулары зарыл, мында саясий партиядан көрсөтүлгөн тизмедеги аялдардын жана эркектердин кезегинин айырмасы эки позициядан ашпашы керек. Саясий партиялар башка саясий партиялардын мүчөлөрү болуп эсептелген адамдарды талапкерликке көрсөтүүгө укуксуз.
Эскерте кетели, шаардык кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү 2012-жылдын 15-октябрында аяктаган. Жалпысынан 25 шаардык кеңешке 32 саясий партия талапкерлердин тизмесин көрсөткөн.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма-сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
КР Борбордук шайлоо комиссиясы интернет-сайттар менен кызматташтык жөнүндө Меморандумга кол койду
Бүгүн, 2012-жылдын 22-октябрында "Park Hotel" отелинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы менен интернет-сайттардын ортосундагы кызматташтык жөнүндө Меморандумга кол коюуга карата тегерек стол өттү.
Тегерек столдун ишине КР БШК төрагасы Т.Абдраимов, КР БШК төрагасынын орун басарлары Г.Джурабаева жана А.Шайымкулова, КР БШК мүчөлөрү, маалыматтык агенттиктердин жетекчилери жана өкүлдөрү, өкмөттүк эмес уюмдардын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышышты.
Таза жана адилет шайлоону даярдоо жана өткөрүү маселесинде маалыматтык камсыздоо процессинин маанилүүлүгүн, ошондой эле интернет-сайттардын жана алардын өкүлдөрүнүн шайлоо процессине, мунун ичинде үгүт иштерине да жалпыга маалымдоо каражаттары жана алардын өкүлдөрү менен бирдей шартта катышуусун камсыз кылуу максатында Борбордук шайлоо комиссиясы маалыматтык агенттиктер менен кызматташтык жөнүндө Меморандумду иштеп чыккан.
Куттуктоо сөзүндө КР БШК төрагасы Туйгуналы Дүйшөналиевич Абдраимов шайлоону даярдоо жана өткөрүүдө шайлоо комиссияларынын алдында турган актуалдуу проблемалардын бири биздин республиканын жарандарын маалыматтык камсыз кылуу экендигин белгиледи. Бул өтө маанилүү иш чарада өзгөчө орун маалыматтык агенттиктерге таандык. Т.Абдраимов шайлоо процессинин бардык баскычтарында маалыматтык камсыз кылуу анын маанилүү жана ажыратылгыс бөлүгү болоорун баса белгиледи. Ушундан улам, өлкөнүн ичиндеги кана эмес анын тышкары жагындагы да жарандарды зарыл маалымат менен камсыз кылууда алардын бардыгын камтуунун, маалыматты тез арада жеткирүүнүн зор каражаты болуп эсептелген интернет-сайттарга өзгөчө орун берилет.
Сөзүн улантуу менен БШК төрагасы Меморандумду даярдоо жана келишим түзүү маселесин демилгелеп жатып, Борбордук шайлоо комиссиясы биздин жарандарды таза жана адилет шайлоо маселелери боюнча маалымдоонун, шайлоо жөнүндө маалыматка жетишүүдөгү шайлоочулардын укугун толук камсыз кылуунун, ошондой эле шайлоочуларды жергиликтүү кеңештерге талапкерлердин жана саясий партиялардын платформалары менен кеңири тааныштыруунун маанисине көңүл бургандыгын белгиледи.
Мында аталган маселе Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары турган биздин жарандар үчүн өтө актуалдуу экендигин айта кетүү зарыл. Анткени алар үчүн маалыматтын негизги булагы болуп интернет-сайттар эсептелет.
Боршайлоокомдун төрагасы маалыматтык агенттиктеринин катышкан өкүлдөрүнө өткөндөгү президенттик шайлоонун алдында КР Борбордук шайлоо комиссиясы КР Жогорку Кеңешине “Массалык маалымат каражаттары жөнүндө” Мыйзамдын 1-беренесин расмий чечмелеп берүү өтүнүчү менен кайрылгандыгын айтты.
Жогорку Кеңештин конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, мыйзамдуулук жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча Комитети Борбордук шайлоо комиссиясынын кайрылуусун карап чыгып, Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигинде жалпыга маалымдоо каражаттары (ЖМК) сапатында катталган интернет-сайттар Борбордук шайлоо комиссиясында акредиттелүү укугуна ээ деген расмий жообун берген. Тилекке каршы, калк арасында кадыр-баркка ээ болгон бир дагы интернет-сайт Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигинде жалпыга маалымдоо каражаттары сапатында белгиленген тартипте каттоодон өтпөптүр.
Жогоруда баяндалгандарды эске алуу менен жалпыга маалымдоо каражаттары жана маалыматтык агенттиктер үчүн бирдей шарттарды түзүү максатында Борбордук шайлоо комиссиясы жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо алдында интернет-сайттар менен макулдашуу жөнүндө Меморандумга кол койду-деп белгиледи КР БШК төрагасы.
Аталган Меморандумга кол коюуну каалаган айрым интернет-сайттар бүгүнкү тегерек столго катыша албай калгандыгына байланыштуу жогоруда көрсөтүлгөн интернет-сайттар менен кол коюлгандан кийин кызматташтык жөнүндө Меморандум КР БШКнын расмий сайтына жайгаштырылат.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
Акыркы жаңылыктар
22.09.2026
КР БШКнын 2026-жылдын 23-сентябрындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
22.09.2026
Аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерине киргизүү боюнча талапкерлердин документтери каралууда
21.09.2026
КР БШКнын мүчөсү Тимур Оторбаев Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасынын депутаттарын шайлоого жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыктары боюнча ШКУнун байкоочулар миссиясынын жыйынтыктоочу пресс-конференциясына катышты
21.09.2026
КР БШКнын төрагасы Т. Шайназаров КМШ байкоочулар миссиясынын РФ Мамлекеттик Думасына депутаттарды шайлоого байкоо жүргүзүү жыйынтыктары боюнча маалымат жыйында сөз сүйлөдү
21.09.2026
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Россиянын Биринчи каналындагы «Время покажет» программасынын түз эфирине катышты
20.09.2026
КР БШКнын өкүлдөрү Россия Федерациясындагы шайлоолорго эл аралык байкоо жүргүзүүнү улантууда