Жалал-Абад областынын Аксы районундагы Кербен шаарынын мэрин шайлоо 27 майда өтөт.

14 мая 2013

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйыны болду. Анда Жалал-Абад областынын Аксы районунданы Кербен шаарынын мэрин шайлоону 2013 жылдын 27 майына белгилөө жөнүндө чечим кабыл алынды. Аксы аймактык шайлоо комиссиясына  шайлоону Кыргыз республикасынын мыйзамдарына ылайык өткөрүү тапшырылды.

 Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы