Майлуу-Суу, Көк-Жаңгак, Ноокат шаарларынын жергиликтүү кеңештерине жана 6 айылдык кенешке мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2013-жылдын 26- майында өтөт. (Тизмеси).
21 мая 2013
Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчыларын-шаар мэрлерин жана айыл өкмөт башчыларын белгиленген мөөнөттөрдө шайланбагандыгына байланыштуу мамлекет башчысынын 2013 жылдын 11- апрелдеги Жарлыгы менен
Майлуу-Суу, Көк-Жаңгак, Ноокат шаарларынын жергиликтүү кеңештери,
Жайыл районундагы Полтавка,
Кемин районундагы Көк-Ойрок,
Аксы районундагы Кара-Жыгач,
Тоң районундагы Улахол,
Ысык-Көл районундагы Бостери,
Кара-Суу районундагы Ак-Таш айылдык кеңештери таркатылган. Аталган жергиликтүү кеңештерге мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2013-жылдын 26- майында өтөт. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жогоруда аталган өкүлчүлүктүү органдарына мөөнөтүнөн мурда шайлоону өткөрүүнү Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык уюштуруу тапшырылган.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
