Эртен 26 майда Жалал-Абад, Ош, Баткен, Ысык-Көл жана Чүй облустарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын кайталап шайлоо болот.

25 мая 2013

Кыргыз Республикасынын Президентинин  «Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад, Ош, Баткен, Ысык-Көл жана Чүй облустарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын кайталап шайлоону дайындоо жөнүндө» Жарлыгына ылайык ушул жылдын 26- майында шайлоо өткөрүлөт

Жалал-Абад областы боюнча:

-Сузак районундагы Ак-Булак шайлоо округу боюнча Кызыл-Туу айылдык кеңешине,

Ош областы боюнча:

-Араван районундагы Токтогул шайлоо округу боюнча С.Юсупов атындагы айылдык кеңешке,

-Кара-Суу районундагы Учар шайлоо округу боюнча Төлөйкөн айылдык кеңешине жана

- Мамажанов  шайлоо округу боюнча Жоош айылдык кеңешине,

 -Кара-Кулжа районундагы Биймырзев шайлоо округу боюнча Кара-Кулжа айылдык кеңешине,

Баткен областы боюнча:

-Кадамжай районундагы Совет айылдык кеңешине,

Ысык-Көл областы боюнча:

-Ысык-Көл районундагы Кара-Ой шайлоо округу боюнча Кара-Ой айылдык кеңешине,

-Ак-Суу районундагы Бөрү-Баш шайлоо округу боюнча Бөрү-Баш айылдык кеңешине,

-Жети-Өгүз районундагы Батыш жана Жалгыз-Өрүк  шайлоо округу боюнча Кызыл-Суу айылдык кеңешине,

Чүй областы боюнча: 

-Сокулук районундагы  №2,3,4 шайлоо округдары боюнча Новопавловка айылдык кеңешине жана

- №1,3 шайлоо округдары боюнча Орок айылдык кеңешине,

-Москва районундагы №1 шайлоо округу боюнча Александровка айылдык кеңешине,

-Жайыл районундагы №1 шайлоо округу боюнча  Красновосточный айылдык кеңешине,

 -Аламүдүн районундагы №2 шайлоо округу боюнча Таш-Мойнок айылдык кеңешине  шайлоо болот.

 Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына жогоруда аталган жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарына шайлоону өткөрүүнү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштуруу тапшырылган.

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы