Башкы
Жаңылыктар
Жаңылыктар
“Демократия үчүн жана жарандык коом” коалициясынын УШКнын мүчөлөрү шайлоочулардын кош тизмесин түзүп жатат деген маалыматы далилденген жок
15-октябрдагы «24.kg»интернет-басылмасында саат 15:49да УШК мүчөлөрү кош тизме жүргүзүп жатат деген маалымат жайгаштырылган.
КР БШКнын ыкчам жыйынтык чыгаруу боюнча координациялык тобу оперативдүү түрдө тийиштүу текшерүүлөрдү жүргүздү жана бул маалымат чындыкка дал келбей турганын аныктады.
Мындан тышкары №1360 УШКда “Демократия үчүн жана жарандык коом” коалициясынын өкүлдөру жок болуп чыкты.
Шайлоо процесси КР “Кыргыз Рсепубликасынын Президентин жана КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык Мыйзамынын бардык нормаларына ылайык өтүп жатат.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Добуш берүүнүн жүрүшү 10:00 ,13:00,17:00
Област/шаар
Шайлоочулардын саны
Киргизүү убактысы
Добуш бергендердин саны
10:00
13:00
17:00
Бардыгы
3025770
226616
718588
1213803
1213803 (40.12%)
Бишкек
426722
29967
114879
192223
192223 (45.05%)
Ош
159348
16499
50086
84133
84133 (52.8%)
Жалал-Абад областы
545746
38503
115860
199028
199028 (36.47%)
Ысык-Көл областы
259118
20947
64194
105188
105188 (40.59%)
Нарын областы
161895
13078
42945
67913
67913 (41.95%)
Ош областы
589412
43629
126499
229519
229519 (38.94%)
Талас областы
130195
10985
37608
59568
59568 (45.75%)
Чүй областы
491032
33942
108144
181862
181862 (37.04%)
Баткен областы
243722
18829
57666
90975
90975 (37.33%)
МИД КР
18580
237
707
3394
3394 (18.27%)
Кененирээк билүү >>
Шайлоочулардын тизмесинен эки шайлоочунун жоктугу фактысы боюнча материалдар укук коргоо органдарына жана МКК берилди, үчүнчү факт далилденген жок
“Токмокто шайлоочулар өздөрүн шайлоочулардын тизмесинен тапкан жок” деген «24.kg» маалымат-басылмасына 15:20да жарыяланган Акыйкатчынын басма сөз кызматынын арызы боюнча Борбордук шайлоо комиссиясы тийиштүү текшерүү жүргүздү.
Токмок шаарындагы №7071 шайлоо участкасынын төрагасынын түшүндүрмөсүнөн белгилүү болгондой эки шайлоочунун арызы алынды, алардын аты жөнү Токмоктогу шайлоочулардын тизмесинен чыкпай, Бишкек шаарынын бир шайлоо участкасынан чыккандыгы маалым болду.
Бул факт боюнча акты түзүлүп, андан ары кароо максатында укук коргоо органына жана Өкмөт алдындагы МКК жиберилди.
С.Э. шайлоочу боюнча эч кандай арыз (даттануу) №7071 УШКга түшкөн жок.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК №1324 участкасындагы манжалардын издери боюнча идентификациядан өтүү маселесине түшүндүрмө берди
15-октябрда «24.kg» интернет-басылмасына №1324 шайлоо участкасында шайлоочулар манжалар боюнча биринчи эле жолу идентификациядан өтө албай жаткандыгы тууралу маалымат жайгаштырылган. Бул маселе боюнча КР БШК төмөндөгүдөй түшүндүрмө берет:
Шайлоочуну идентификациядан өткөрүү:
- паспорттогу шайлоочунун фотосу менен салыштыруу;
-биометрикалык маалыматтарды манжалардын издери боюнча алуу. Бардык манжалардын издери боюнча (10 жолу) алуу.
Эгерде манжалардын издери боюнча идентификация өтпөй калган учурда, камеранын жардамы менен бет түзүлүшү боюнча идентификация өткөрүлөт.
Ошол эле учурда тиешелүү шайлоо участкасындагы биометрикалык маалыматтарды пайдаланып, шайлоочунун фотосу анын бети менен салыштырылат.
Бет түзүлүшү боюнча бир жолу гана идентификацияланат. Бет түзүлүшү боюнча идентификациядан ийгиликтүу өткөн учурда, автоматтык түрдө чек берилет. Шайлоочуну идентификациядан өткөрүү чек берилгенден кийин ишке ашты деп эсептелет.
Саат 15:31деги убакыт боюнча №1324 шайлоо участкасындагы добуш берүүгө 380 шайлоочу катышты. Тизмедеги бардык шайлоочунун саны 858.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Добуш берүү башталгандан бери КР БШКнын коомдук кабылдамасына 78 телефон чалуулар болгон
Бугүн, 2017-жылдын 15-октябрында КР БШКнын Коомдук каблдамасына саат 8:00дөн бери 78 телефон чалуулар болгон.
Телефон чалуулар төмөндөгүдөй болуп бөлүндү:
-13 адам форма 2 боюнча башка шайлоо участкасынан добуш берүү маселелси боюнча,
-7 адам байкоочулардын укугу жана милдеттери тууралуу,
-13 адам шайлоочулардын тизмесинде жок экенин,
-17 адам шайлоо участкасынын дарегин тактады,
-1 адам үгүт жүргүзүү эрежесинин бузулушун билдирди,
-1 адам шайлоонун купуялуулугунун бузулушу тууралуу маалымдаган.
Калган телефон чалуулар КР БШКнын милдетине кирбеген, айрым шайлоочулардын даректери, өзүнүн УШКсына баруучу маршрутту тактагысы келген суроолорду беришкен.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Борбордук шайлоо комиссиясы Токмок шаарындагы кырдаал боюнча билдирет
Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Чүй облусунун Токмок шаарындагы добуш берүүнү үзгүлтүккө учуратуу тууралуу маалыматты тактады.
2017-жылдын 14-октябрында Токмок шаарында белгисиз адамдар добуш берүүнү үзгүлтүккө учуратуу максатында шайлоо участкасы электр энергия алган электр көмөкчордонунун майын куюп алууга аракеттенгени тууралуу маалымат түшкөн. Ички иштер органынын кызматкерлери бул укук бузууну убагында токтотуп калышты.
15-октябрда бардык шайлоо участкалары штаттык режимде иштеп жатат.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
УШКдан тышкары бюллетень алып чыккан жашоочу кармалды
2017-жылдын 15-октябрында ыкчам чара көрүүнүн Координациялык тобуна саат 12:30да Ош облусунун Кара-Кулжа районунун №5009 АШКсынын имаратынан шайлоо бюллетенин алып чыккан факты бар эени тууралуу маалымат түшкөн. Бул факт видеого тартылган.
Бул факт боюнча милиция кызматкерлери тарабынан жергиликтүү (“Республика” саясий партиясынын райондук координаторунун эжеси) А.С. аттуу жашоочу кармалган. Ал бюллетенди урнага салбастан, чагым жасоо үчүн УШКдан алып чыгып бараткан. Ал өзүнүн мындай аракеттерин Ө.Бабановдун пайдасына добуш берүүгө тоскоол болгон УШК мүчөлөрүнүн аракеттерине каршы жасалганын камера алдында айтып берген.
Материалдар андан ары чара көрүү максатында ички иштер органдарына берилди.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШКга саат 10:00го карата 11 кайрылуу келип түшкөн
Бүгүн, 15 октября 2017 года, КР БШКнын ыкчам чара көрүү координациялык тобуна саат 10го карата 11 кайрылуу келип түштү:
Алардын ичинде:
- коомдук кабыл алуу аркылуу - 2;
- вотсап каналы аркылуу - 4;
- укук коргоо органдарынан 5 кайрылуу келген;
Бардык кайрылуулар техникалык мүноздө болду. Шайлоо мыйзамын бузган делген арыз (даттануулар) саат 10:00 карата түшкөн жок.
Республика боюнча коомдук-саясий абал бир калыпта туруктуу.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Н.Шайлдабекова шайлоочулардын шайлоого катышуусу боюнча саат 10:00го карата маалымат берди
Бүгүн, 2017-жылдын 15-октябрында өткөн брифингде КР БШКсынын төрагасы Н.Шайлдабекова шайлоочулардын шайлоого катышуусу тууралуу саат 10:00го карата маалымат билдирди.
Саат 10:00го карата, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого 226 616 шайлоочу катышкан, бул тизмеге кирген жалпы шайлоочулардын 7,49% түзөт деп билдирди Н.Шайлдабекова.
«Шайлоочулардын эң активдүүлүгү Ош шаарына келет, ал жерде 10,35% шайлоочу,» - деп белгиледи ЦИК КР башчысы.
Ысык-Көл областында – 8,08%, Нарын областында – 8,08%, Талас областында – 8,44%. Бишкек шаарында – 7,02%, Ош областында – 7,40%, Жалал-Абад областында – 7,06%, Баткен областында – 7,73%, Чүй областында – 6,91%.
КР БШКнын аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Бүгүн, 2017-жылдын 15-октябрында Кыргызстанда Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо добуш берүү башталды
КР БШКнын басма сөз борборунда өткөн басма сөз жыйынында КР БШК төрагасы Н.Шайлдабекова КР Президентин шайлоодо бардык шайлоо участкаларында добуш берүү жүрүп жаткандыгын билдирди. Н.Шайлдабекова республиканын аймагында 2375 шайлоо участкалары ачылгандыгын, анын ичинде республикадан тышкары жерлерде 37 шайлоо участкалары жана кошумча 33 шайлоо участкалары ачылгандыгын эске салды.
Шайлоочулардын жалпы саны 3 млн 025 миң 786 адамды түзөт.
«Бардык шайлоо участкалары добуш берүүгө даяр болгон. Үзгүлтүксүз телефон байланышы жана Интернет, керектүү техникалар коюлган. Добуш берүү күнүнүн алдында бардык шайлоо участкасына 5 370 автоматтык саноо урналары (АСУ) 5 370 жеткирилген, булардын ичинен ар бир УШКга 2 ден АСУ туура келет. Ал эми 20 пайыз АСУ АШКларда резерв катары жеткирилген,”-деп айтты КР БШК төрагасы.
500 адистен турган техникалык топ АСУ жана идентификация жабдууларын техникалык колдоо боюнча иш алып барат, техникалык суроолор боюнча Колл-борбор түзүлгөн, 1 255 кыска номерине чалуу бекер.
“Добуштарды сатып алуу деген көйгөй бар,” - деп билдирд БШК төрагасы журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып. “Кечээ буга окшогон бузуулар катталды. Бузуулар даярдоо этабынын учурунунда да болгон. Мен бардык шайлоочуларга кайрылгым келет. Шайлоонун тазалыгы сиздерге гана байланыштуу. Шайлоонун жыйынытыгын бурмалоого эчкандай мүмкүнчүлүк жок. Ошондой эле кимге добуш бергениңди билип алабыз деген чындыкка коошпогон кептер бар. Албетте бул жалган сөз. Мамлекет шайлоонун купуялуулугуна кепилдик берет,”-деп баса белгиледи Н.Шайлдабекова.
Бузуулар менен укук коргоо органдары иш алып барат, бирок, ыкчам чара көрүү боюнча БШК жана укук коргоо органдары координациялык топ түзүштү. “Алардын биринчи милдети коомдук тартипти камсыз кылуу жана укук бузуулардын алдын алуу болуп саналат,”-деп айтты төрага.
Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоонун жүрүшүнө дүйнөнүн 58 мамлекетинен аккредитацияланган эл аралык 700дөй байкоочу көз салат. Алардын арасында биринчи жолу ден соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардан да байкоочулар бар.
Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо үгүткө катышууга 258 ЖМК БШКдан аккредитациядан өткөн. Алардын ичинен 114 гезит-журнал, 55 телекомпания, 31 радио жана 58 интернет-басылма бар.
Ар бир шайлоочу же шайлоо процессинин башка катышуучусу шайлоо участкалардагы добуш берүүдө шайлоо процессинин бузулушу жөнүндө БШКга төмөндөгү даректер менен билдирсе болот:
түз байланыш:1255 (чалуу бекер)
коомдук кабылдама Бишкек ш. – 0(312) 66 02 40, 0(312)620141
факс: 0312 62 08 23
коомдук кабылдама Ош ш. - 0(3222) 55550
моб.тел.: 0552 604179, 0772 604179
WhatsApp:0550 119 852
Ошондой эле электрондук дарекке кат түрүндө жөнөтсө болот:KGOR.TSIK@gmail.com
Добуш берүү күнү «ОРИОН» бизнес-борборунда КР БШКнын пресс-борбору иштейт. Пресс-борбор эл аралык жана коомдук байкоочуларды, жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмаларынын өкүлдөрүн, шайлоочуларды жана башка шайлоо процессинин башка катышуучуларын добуш берүүнүн жүрүшү тууралуу маалымат менен тааныштырып турат.
Шайлоочулардын добуш берүүгө катышы тууралуу алдын ала маалымат саат 12:00, 16:00, жана 20:00дө берилет.
КР БШК аппаратынын маалдыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
2017-жылдын 15-октябрында Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо күнү КР БШК басма сөз борборунун иштөө графиги
Кыргыз Республикасынын борбордук шайлоо комиссиясынын Басма сөз борбору Бишкек шаарындагы Эркиндик бульвары, 21 дарегиндеги “Орион” мейманканасында жайгашкан.
08:00 – КР БШК төрагасы Н.Шайлдабекованын “Добуш берүүнүн башталышы жөнндө” басма сөз жыйыны
12:00 – добуш берүүнүн жүрүшү тууралуу маалымат
16:00 - добуш берүүнүн жүрүшү тууралуу маалымат
20:00– КР БШК төрагасы Н.Шайлдабекованын “Добуш берүүнүн жыйынтыгы” жөнүндө брифинги.
Кененирээк билүү >>
Борбордук шайлоо комиссиясы МКК менен биргеликте маалыматтык шайлоо системасынын колдонулушу тууралуу бет ачар өткөрдү
Бүгүн, 2017-жылдын 14-октябрында КР Борбордук шайлоо комиссиясы КРӨгө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы менен биргеликте маалыматтык шайлоо системасынын колдонулушу тууралуу бет ачар өткөрдү.
Жолугушууга КР БШКнын төрагасы Н.Шайлдабекова, МККнын төрагасы Д.Догоев, Кыргыз Республикасындагы Элчиликтердин башчылары, БШКнын мүчөлөрү, жарандык коомдун жана илимий-эксперттик кеңештин өкүлдөрү, аккредитациядан өткөн эл аралык жана коомдук байкоочулар, ошондой эле ММК өкүлдөрү катышты.
Иш чаранын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча маанилүү маселелер талкууланды.
Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы 15-октябрда өтүүчү Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүүнүн жүрүшүндө шайлоо процессинин негизги этаптары жөнүндө жыйындын катышуучуларына кенен маалымат берди. Участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүн автоматтык саноо урнасынын (АСУ) технологиясын окутуу, жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары менен мамлекеттик органдардын өз ара аракеттери жөнүндө маселелер талкууланды.
2015-жылы иштелип чыккан маалыматтык шайлоо системасы (МШС) 2016-жылкы референдумда жана 2017-жылы май айындагы жергиликтүү кеңештерди шайлоодо сыноодон өткөн, эл аралык компаниянын сертификатына ээ, ушуга байланыштуу ал эч кандай күмөндүүлүк туудурбаш керек. Жаңы шайлоо технологиясы КР БШК менен Түштүк Кореянын кызматташуусу боюнча эл аралык агенттиги менен биргелешип иштелип чыккан.
Бүгүнкү күндө программанын бардык тейлөө коду кыргыз тарапка берилген жана БШКнын адистери тарабынан тейленет.
МШС-маалыматтык шайлоо системасы Кыргыз Республикасында референдум жана шайлоону даярдоо жана өткөрүү ошондой эле анын жыйынтыгы жана анын жүрүшү жөнүндө маалымат жарыялоого ылайыкташкан.
Маалыматтык шайлоо системасынын тутумуна төмөнкүлөр кирет:
-УШКларда шайлоо бюллетендерин кабыл алуучу автоматтык саноочу урна (АСУ);
-МШС программалык камсыздоо (ПК), чогултуу функциясын аткарган, сактоо жана шайлоо жөнүндө маалымат сунуш кылуу;
-АСУ маалыматтары корголгон байланыш каналы аркылуу БШКнын борбордук серверине берүү;
-сервер жабдуусу, маалыматтык шайлоо системасынын программалык камсыздоосу жана маалыматтык коопсуздукту камсыздоочу жабдуулардын комплекси.
Жолугушуунун катышуучуларына автоматтык саноо урнасынын (АСУ) иши көрсөтүлдү.
БШКнын кызматкерлери жолугушуунун катышуучулары үчүн “Сенин добушуң-сенин келечегиң” аттуу добуш берүү кампанияны тестирлөө өткөрүшүп, добуш берүүнүн процессин көрсөтүштү.
АСУ шайлоо бюллетендерин кабыл алып санагандан кийин, шайлоо күнү 20:00дөн соң, модем маалыматтарды добуш берүү аяктагандан кийин БШКнын серверине жөнөтөт.
Борборшайлоокомдун серверинде АСУнун маалыматтарын чогултуу жана сактоо жүрөт, андан кийин маалыматтар расмий порталга жайгаштырылат http://ess.shailoo.gov.kg.
Коомдук институттардын жана уюмдардын Кыргызстандагы шайлоону өткөрүүгө даярдык көрүү процессине кызыгуу менен байкоо жүргүзүүсү- КР БШК шайлоонун жыйынтыгын акыйкат, таза жана ишенимдүү чыгарууда биометрикалык технологияны колдонуу, шайлоочуларды идентификациялоо жана добуштарды автоматтык саноо урнасын пайдалануу менен жаңы шайлоо технологиясын ийгиликтүү турмушка ашышына байланыштуу болду.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК: ар бир шайлоочу өзү добуш бериш керек!
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясы 2017-жылдын 15-октябрында Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо башка адам үчүн добуш берүүгө жол берилбейт жана ар бир шайлоочу өзү добуш берерин эске салат.
Шайлоо участкасына келип, идентификация үчүн документтерин көрсөтөт: 2004-жылкы үлгүдөгү ID-карты, 2017-жылкы үлгүдөгү Eid-карты, жалпы жарандык паспорт.
Биометрикалык маалыматтарды идентификациялоо манжалардын издери же бет түзүлүшү боюнча жүргүзүлөт.
Шайлоочу идентификациядан өтүп, оператордон чек алат, аны шайлоо комиссиясынын мүчөсүнө көрсөтөт.
Комиссиясынын мүчөсү чектин ордуна бюллетень берет.
Бюллетенди алган учурда шайлоочу кагаздагы шайлоочулардын тизмесинде өзүн күбөлөндүргөн документтин сериясын жана номерин көрсөтөт. Шайлоочу жазуунун тууралыгын текшерип, шайлоочулардын кагаз тизмесине кол коет.
Шайлоочу бюллетенди алып добуш берүү үчүн кабинага кирет.
Атайын маркер менен белги коюп, шайлоочу автоматтык саноо (АСУ) урнасына бюллетендин бет жагын ылдый каратып салат.
Добуш берүүнүн купуялуулугун бузган шайлоо процессинин катышуучулары КР КК 139-беренси менен жоопко тартылышы мүмкүн:
Жарандардын өзүнүн шайлоо укугун же референдумга катышуу укугун ээн-эркин ишке ашырууга тоскоолдук болгон учурда, добуш берүүнүн купуялуулугу бузулган учурда, ошондой эле шайлоо комиссиясынын ишине тоскоол болгон учурда, референдум өткөрүү боюнча комиссиясы же шайлоо комиссиясынын мүчөсүнүн ишмердүүлүгү, өздөрүнүн милдеттерин аткарууга байланышкан ишке тоскоолдук болгон учурларда:
- Эки жүздөн үч жүз эсептик көрсөткүчкө чейин айып менен жазаланат же үч жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.
Шайлоо комиссиянын, рефрендум өткорүү боюнча комиссиянын анын мыйзам менен бекитилген рефрендум жана шайлоо жөнүндө ыйгарым укуктарына, анын чечимине кийлигишүү максатында ишине кызматтык же жетекчилик абалдан пайдаланып кийлигишүү, башкача айтканда жетекчинин көрсөтмөсү боюнча талапкерлерди каттоо маселеси, талапкерлердин тизмеси, шайлоочулардын добуштарын саноодо, референдумдун катышуучулары жана башка маселе боюнча шайлоо комиссиясынын милдетине байланышкан, рефрендум өткөрүү комиссиясынын ишине кийлигишүү болгон кезде,
- Үч жүздөн беш жүз эсептик көрсөткүчкө чейин айып менен жазаланат же эки жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.
Ошондой эле:
1) алдоо менен бириктирилген, мажбурлоо, күч колдонуу же күч колдоном деп коркутуу;
2) кызматтык абалынан кыянат пайдаланган адам;
3) алдын ала сүйлөшүү жолу менен топтошкон адамдар;
4) уюшулган топтун аракеттери,
- беш жүздөн сегиз жүз эсептик көрсөткүчкө чейин айып менен жазаланат же тийиштүү кызмат ордун ээлөөгө же үч жылдан беш жылга чейин тийиштүү ишмердикти аткарууга тыюу салынат, же үч жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын КР Президентинин кызмат ордуна талапкерлерге, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө, интернет-басылмаларга жана шайлоо процессинин катышуучуларына Кайрылуусу
Урматтуу Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер, жалпыга маалымдоо каражаттарынын, интернет-басылмалардын өкүлдөрү жана шайлоо процессинин катышуучулары!
«Кыргыз Республикасынын Президентин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 23-беренесинин 1-пунктуна ылайык, шайлоо алдындагы үгүттөө добуш берүүгө 24 саат калганда аяктайт, ага ылайык 2017-жылдын 14-октябры саат 08:00 тартып Кыргызстан боюнча «үгүтсүз күн» болуп жарыяланарын эсиңиздерге салабыз.
Бул күнү Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер үгүт өнөктүгүн жүргүзүүгө укугу жок. Ошондой эле БШК тарабынан үгүттөөгө катышуу үчүн аккредитацияланган жалпыга маалымдоо каражаттары жана интернет-басылмалар да үгүт жүргүзүүгө укусуз.
Аталган конституциялык Мыйзамдын 22-беренесинин 6-бөлүгүнө ылайык, добуш берүү күнүнө чейинки акыркы 5 календардык күндө, ошондой эле добуш берүү күнү коомдук пикирди сурамжылоонун натыйжаларын, шайлоонун натыйжаларынын божомолдорун, шайлоого байланышкан башка изилдөөлөрдү жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялоого (чагылдырууга) жол берилбейт.
Бурмаланган жана такталбаган маалыматтарды берүү Кыргызстандын шайлоочуларын жаңылыштыкка алып келерин эсиниздерге салабыз.
Добуш берүү күнү, б.а. 2017-жылдын 15-октябрында «Кыргыз Республикасынын Президентин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 8-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык,добуш берүүнүн жүрүшүнө жана жыйынтыктарына байкоо жүргүзүү үчүн төмөн турган шайлоо комиссияларынан жогору турган шайлоо комиссияларына протоколдордун маалыматтарын берүү жолу менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясыныншайлоо маалыматтык тутуму пайдаланылат.
Шайлоо маалыматтык тутум аркылуу алынган добуш берүүнүн жүрүшү жана жыйынтыктары жөнүндө маалыматтар юридикалык мааниге ээ эмес, алдын ала маалыматтар болуп саналат. Шайлоо маалыматтык тутумун пайдалануунун тартиби Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан аныкталат.
«Кыргыз Республикасынын Президентин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын22-беренесинин коомдук пикирди сурамжылоонун натыйжаларын жарыялоо (чагылдыруу) учурунда 5 жана 6-бөлүктөрүнүн талаптарынын сактабоо мындай маалыматтарды камтыган материалдарды үгүттөө деп таанууга жана колдонуудагы мыйзамдарда каралган жоопкерчиликке алып келет.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2017-жылдын 15-октябрында Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо күнүндө басма сөз борборунун ишин уюштурат жана анда шайлоочулардын келиши жөнүндө маалымат өз убагында берилип турат жана автоматтык эсептөөчү урналардан (АЭУ) алынган маалыматтардын негизинде добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыгы берилет.
Добуш берүү аяктагандан кийин АЭУ Борбордук шайлоо комиссиясынын: ess.shailoo.gov.kg. дареги боюнча жайгашкан сайтына маалыматтарды участоктордон түз берүүнү камсыз кылат, бул добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыгы жөнүндө маалыматты ыкчам алууга, шайлоочулардыжана шайлоо процессинин катышуучуларын кабарландырууга мүмкүнчүлүк берет.
Шайлоо системасын реформалоо адилет, эркин жана демократиялык шайлоо өткөрүүгө жана ар бир шайлоочунун добушун так аныктоого бардык зарыл шарттарды түздү.
Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону мыйзамдарга ылайыкөткөрүү максатында шайлоо процессинин бардык катышуучуларынан мыйзам нормаларын бекем сактоону жана шайлоонун башка катышуучулары менен өз ара аракеттенүүдө урматтоону жана сабырдуулукту көрсөтүүнү өтүнөт.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
Кененирээк билүү >>
КР БШК 15-октябрдагы добуш берүү күнүндө бузуулар боюнча 1255 кыска номерине билдирүүнү өтүнөт
Борбордук шайлоо комиссиясында Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо күнү добуш берүүнүн жүрүшү жөнүндө шайлоочуларды маалымат менен камсыз кылуу жана бузуулардан ыкчам жыйынтык чыгаруу боюнча Координациялык топ түзүлдү.
Ар бир шайлоочу же шайлоо процессинин катышуучулары шайлоо процессиндеги шайлоо участкаларындагы добуш берүү учурунда бузуулар тууралуу төмөнкү даректерге билдирсе болот:
Тез байланыш : 1255 (чалуу бекер)
Коомдук кабылдама Бишкек ш. – 0(312) 66 02 40, 0(312)620141
факс: 0312 62 08 23
Коомдук кабылдама Ош ш. - 0(3222) 55550
Мобилдик тел.: 0552 604179, 0772 604179
Электрондук дарек: KGOR.TSIK@gmail.com
WhatsApp: 0550 119 852
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК: 14-октябрда 22 836 шайлоочу добуш берүү үчүн жайдан тышкары добуш беришет
14-октябрда, Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Президентин жана КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык Мыйзамынын 33-беренесине ылайык, 22 836 шайлоочу добуш берүү үчүн жайдан тышкары добуш берүүгө катышат.
Добуш берүү үчүн жайдан тышкары добуш берүүгө төмөндөгүлөр катышууга укуктуу:
- шайлоо участкасына келе албаган, ден соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген шайлоочулар;
- добуш берүү күнү ооруканаларда, шектүүлөрдү жана айыптууларды кайтаруу алдында кармоочу жайлардагы шайлоочулар;
- алыскы жана жетүү кыйын болгон райондордо, алыскы мал жайыт участокторунда убактылуу жашаган шайлоочулар; ошондой эле өзгөчө учурларда тиешелүү шайлоо комиссиясынын чечими боюнча аскер бөлүктөрүндө, эгерде алар убактылуу жүргөн жер өзүнүн жайгашкан орду боюнча кирген шайлоо участогунун аймагында туруктуу жашаса, добуш берүү күнү обочолонгон, калктуу, конуштардын алыс жерлерде кызмат өтөп жатышкан аскер кызматкерлери, өзү жүргөн жери боюнча добуш беришет.
Мыйзам боюнча добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүү, добуш берүү күнүнө чейин бир календардык күн калганда жана шайлоочунун ага добуш берүү жайынан тышкары добуш берүү мүмкүнчүлүгүн түзүү жөнүндө жазуу жүзүндөгү кайрылуусунун негизинде гана жүргүзүлөт.
Добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүү талапкерлердин, саясий партиялардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү жана байкоочулардын катышуусунда өткөрүлөт.
Шайлоочуга келгенден кийин участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү анын биометрикалык жана персоналдык маалыматтары боюнча идентификациялоону ММК оператору менен бирдикте жүргүзөт. Андан кийин участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөсү ага чектин ордуна шайлоо бюллетенин берет.
Шайлоо бюллетендерин бергенде участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөсү шайлоочуну шайлоочулардын кагаздагы тизмесинде каттайт, шайлоочунун инсандыгын ырастоочу документтин сериясын жана номурун коет жана ага шайлоо бюллетенин бергени жөнүндө кол коет. Шайлоочу жүргүзүлгөн жазманын тууралыгын текшерет жана добуш берүүчү жайдан тышкары добуш бере турган шайлоочулардын кагаздагы тизмесине кол коет.
Шайлоо бюллетени шайлоочу тарабынан башка адамдардын болушуна жол берилбеген атайын жерде толтурулат.
Жайдан тышкары добуш берүүнүн аякташы боюнча добуш берүү үчүн көчмө үкөктөр участкалык шайлоо комиссиясынын мөөрү басылган барак менен бекитилет (пломбаланат) жана шайлоо документтерин сактоочу сейфте (шкафта) сакталат, кошумча пломбаланат.
Добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берген шайлоочулардын добуштарын саноо добуш берүү үчүн жайда добуш берүү аяктагандан кийин башкача айтканда 15-октябрда саат 20.00дөн кийин жүргүзүлөт.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Акыркы жаңылыктар
26.09.2026
ЖМК жана интернет-басылмаларды аккредитациялоо боюнча кайрылуу
25.09.2026
Шайлоо участокторунун чек аралары маселеси жөнүндө
25.09.2026
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын шайлоочуларга, талапкерлерге, саясий партияларга, жалпыга маалымдоо каражаттарына, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө жана шайлоо процессинин катышуучуларына кайрылуусу!
25.09.2026
«Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону 2027-жылдын 27-январында эркин, таза жана ачык-айкын өткөрүүнү камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыкка кол коюлду
25.09.2026
«Элдик Банк» жана «АБанк» КР Президентин шайлоого катышуучу талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн банк катары аныкталды
25.09.2026
КР БШКсы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо боюнча иш-чаралардын календардык планын бекитти