УШКдан тышкары бюллетень алып чыккан жашоочу кармалды

15 октября 2017

2017-жылдын 15-октябрында ыкчам чара көрүүнүн Координациялык тобуна саат 12:30да Ош облусунун Кара-Кулжа районунун №5009 АШКсынын имаратынан шайлоо бюллетенин алып чыккан факты бар эени тууралуу маалымат түшкөн. Бул факт видеого тартылган.

Бул факт боюнча милиция кызматкерлери тарабынан жергиликтүү (“Республика” саясий партиясынын райондук координаторунун эжеси) А.С. аттуу жашоочу кармалган. Ал бюллетенди урнага салбастан, чагым жасоо үчүн УШКдан алып чыгып бараткан. Ал өзүнүн мындай аракеттерин Ө.Бабановдун пайдасына добуш берүүгө тоскоол болгон УШК мүчөлөрүнүн аракеттерине каршы жасалганын камера алдында айтып берген. 

Материалдар андан ары чара көрүү максатында ички иштер органдарына берилди.

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү