КР БШК №1324 участкасындагы манжалардын издери боюнча идентификациядан өтүү маселесине түшүндүрмө берди

15 октября 2017

15-октябрда «24.kg» интернет-басылмасына №1324 шайлоо участкасында шайлоочулар манжалар боюнча биринчи эле жолу идентификациядан өтө албай жаткандыгы тууралу маалымат жайгаштырылган. Бул маселе боюнча КР БШК төмөндөгүдөй түшүндүрмө берет:   

Шайлоочуну идентификациядан өткөрүү:

- паспорттогу шайлоочунун фотосу менен  салыштыруу;

-биометрикалык маалыматтарды манжалардын издери боюнча алуу. Бардык манжалардын издери боюнча (10 жолу) алуу.

Эгерде манжалардын издери боюнча идентификация өтпөй калган учурда, камеранын жардамы менен бет түзүлүшү боюнча идентификация өткөрүлөт.

Ошол эле учурда тиешелүү шайлоо участкасындагы биометрикалык маалыматтарды пайдаланып, шайлоочунун фотосу анын бети менен салыштырылат.

Бет түзүлүшү боюнча бир жолу гана идентификацияланат. Бет түзүлүшү боюнча идентификациядан ийгиликтүу өткөн учурда, автоматтык түрдө чек берилет. Шайлоочуну идентификациядан өткөрүү чек берилгенден кийин ишке ашты деп эсептелет.

Саат 15:31деги убакыт боюнча №1324 шайлоо участкасындагы добуш берүүгө 380 шайлоочу катышты. Тизмедеги бардык шайлоочунун саны 858.

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү