Башкы
Жаңылыктар
Жаңылыктар
Борбордук шайлоо комиссиясы эл аралык 2 байкоочуну аккредитациядан өткөрдү
Бүгүн, 2017-жылдын 13-октябрында КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясы эл аралык 2 байкоочуну аккредитациядан өткөрдү.
Индонезия Республикасынын жана Афганистан Ислам Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчиликтеринин өкүлдөрү эл аралык байкоочу катарында аккредитациядан өтүштү.
Бардыгы болуп чет өлкөлүк 2 байкоочу аккредитацияланды.
2017-жылдын 13-октябрына карата Борбордук шайлоо комиссиясы дүйнөнүн 59 өлкөсүнөн 773 эл аралык байкоочуну аккредитациядан өткөрдү.
Аккредитациядан өткөрүлгөн эл аралык байкоочулардын тизмеси менен бул шилтемеден таанышсаңыздар болот.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Баткен районундагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын башчысын шайлоонун жыйынтыгы чыгарылды
2017-жылдын 13-октябрында КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында 2017-жылдын 3-октябрындагы Баткен облусунун Баткен районундагы Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун натыйжасы жана добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө Протоколу бекитилди.
Ошентип,
- Баткен облусунун Баткен районунун Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн башчысы болуп К.Нурмаматов шайланды.
Шайланган айыл өкмөт башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берүү Баткен аймактык шайлоо комиссиясына тапшырылды.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Борбордук шайлоо комиссиясы чет элдик ЖМК жана интернет-басылмаларды аккредитациядан өткөрдү
Бүгүн, 2017-жылдын 13-октябрында КР БШК Кыргыз Республикасынын Президентин Шайлоосун чагылдырууга карата чет элдик ЖМК жана интернет-басылмаларды аккредитациядан өткөрүү тууралуу маселени карады.
Борбордук шайлоо комиссиясы чет элдик ЖМКлардын кабарчыларын КР Тышкы иштер министрлигинен аккредитациядан өткөндөн кийин гана аккредитациядан өткөрдү.
Бардыгы болуп Борбордук шайлоо комиссиясына 10 билдирүү келип түшкөн. Алардын ичинен 3 телекомпания, 5 гезит, 2 интернет-басылма.
КР Президентин шайлоону чагылдырууга катышууга чет элдик ЖМК, интернет-басылмаларды аккредитациядан өткөрүү маселесин талкуунун жыйынтыгында Борбордук шайлоо комиссиясы 2017-жылдын 13-октябрындагы №517 токтому менен чет элдик ЖМК жана интернет-басылмаларды аккредитациядан өткөрүү боюнча тизмесин бекитти.
Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону чагылдырууга катыша турган чет элдик жалпыга маалымат каражаттарынын жана интернет-басылмаларынын тизмеси-бул жерде.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШКда Шайлоо системасынын Эл аралык фонду (IFES) өкүлдөрү менен жолугушуу болду
Бүгүн, 2017-жылдын 13-октябрында КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясында Шайлоо системасынын Эл аралык фондунун (IFES) өкүлдөрү менен жолугушуу болду.
Жолугушууда Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басары, БШК мүчөсү Абдыжапар Бекматов меймандарды алдыдагы КР Президентин шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүүгө арналган комплекстүү иш-чаралар менен тааныштырды.
Кыргызстандагы Шайлоо системасынын Эл аралык фонду (IFES) өкүлчүлүгүнүн директору Рената Ливовски жигердүү кызматташтык үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына ыраазычылык билдирип, мындан ары да биргелешкен жаңы долбоорлор менен иштөөгө даяр экенин билдирди.
“Мен Кыргызстанда бир жылдан бери иштеп жатам, биздин кызматташуубуз өз ара пайдалуу нукта баратканына кубанычтамын. Биздин стратегиялык планыбызда биргелешкен көптөгөн иштерибиз бар. Борбордук шайлоо комиссиясындагы иш билги адамдар менен иштөө кандай жакшы,” -деп айтты ал.
Эл аралык уюмдун улук менеджери Энтони Бойер Кыргызстанда 1994-жылдан бери иштеп келатканын белгиледи. “Биздин өнөктөшүбүз Борбордук шайлоо комиссиясы болуп калгандыгына сүйүнүп турам. Шайлоо бүткөндөн кийин биз шайлоого байланыштуу өзүбүздүк комментарийибизди билдиребиз. Ошондой эле шайлоодон кийин мындан аркы пландарыбызды талкуулайбыз. Биз шайлоо комиссиялары менен кызматташуубузду жогору баалайбыз,” -деди Э.Бойер.
Жолугушуунун акырында Шайлоо системасынын Эл аралык фонду (IFES) жана КР БШК ортосунда кызматташуу мындан ары да жемиштүү болоорун билдиришти.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
2017-жылдын 14-октябрында Кыргызстан боюнча шайлоо алдындагы үгүт иштери токтотулат (жымжырт күн)
КР Борбордук шайлоо комиссиясы «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 23-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык 2017-жылдын 14-октябрында Кыргызстан боюнча үгүт иштери токтотулуп, “жымжырт күнү” деп жарыялана турганын маалымдайт.
Бул күнү Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлер үгүт кампаниясын жүргүзүүгө укуктары жок.
Ошондой эле, үгүт жүргүзүү үчүн БШК тарабынан аккредитациядан өткөн жалпыга маалымдоо каражаттары жана интернет-басылмалары үгүт жүргүзүүгө укуктары жок.
Шайлоо процессинин катышуучулары тарабынан “жымжырт күнү” бузулган учурда БШК аларга карата чара көрүүгө укуктуу.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Борбордук шайлоо комиссиясы чет элдик ЖМК жана интернет-басылмаларды аккредитациядан өткөрдү
Бүгүн, 2017-жылдын 12-октябрында КР БШК Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоосун чагылдырууга карата чет элдик ЖМК жана интернет-басылмаларды аккредитациядан өткөрүү тууралуу маселени карады.
Борбордук шайлоо комиссиясы чет элдик ЖМКлардын кабарчыларын КР Тышкы иштер министрлигинен аккредитациядан өткөндөн кийин гана аккредитациядан өткөрдү.
Бардыгы болуп Борбордук шайлоо комиссиясына 65 билдирүү келип түшкөн. Алардын ичинен 7 телекомпания, 7 радио, 5 гезит,15 интернет-басылма.
КР Президентин шайлоону чагылдырууга катышууга чет элдик ЖМК, интернет-басылмаларды аккредитациядан өткөрүү маселесин талкуунун жыйынтыгында Борбордук шайлоо комиссиясы 2017-жылдын 12-октябрындагы №514 токтому менен чет элдик ЖМК жана интернет-басылмаларды аккредитациядан өткөрүү боюнча тизмесин бекитти.
Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону чагылдырууга катыша турган чет элдик жалпыга маалымат каражаттарынын жана интерне-басылмаларынын тизмеси-бул жерде.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК "Эгль" коомдук бирикмесинен коомдук байкоочуну аккредитациядан өткөрдү
Бүгүн, 2017-жылдын 12-октябрында Борбордук шайлоо комиссиясы ишенимдүү өкүл Тажыбай Алмазды 2017-жылдын 15-октябрында өтүүчү Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоонун даярдыгы, добуш берүүнүн жүрүшү, добуш берүүнүн жыйынтыгын бекитүү жана шайлоонун жыйынтыгын аныктоого коомдук байкоочу катары аккредитациядан өткөрдү.
Коомдук байкоочуну аккредитациядан өткөрүү жөнүндө жолдомо "Эгль" коомдук бирикмесинен келип түшкөн.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Борбордук шайлоо комиссиясы эл аралык 8 байкоочуну аккредитациядан өткөрдү
2017-жылдын 12-октябрында Борбордук шайлоо комиссиясы эл аралык 8 байкоочуну аккредитациядан өткөрдү.
Кыргыз Республикасындагы Иран Ислам Республикасынын Элчилигинин, JICA жана KOICA эл аралык уюмдарынын өкүлдөрүнөн эл аралык байкоочулар аккредитациядан өтүштү.
Бардыгы болуп 8 эл аралык байкоочу.
КР Борбордук шайлоо комиссиясы 2017-жылдын 12-октябрына карата дүйнөнүн 58 мамлекетинен 771 эл аралык байкоочуну аккредитациядан өткөрдү.
Эл аралык байкоочулардын толук тизмеси менен бул шилтеме боюнча таанышсаңыздар болот.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкердин ишенимдүү адамдарын каттады
2017-жылдын 12-октябрындагы КР БШК жыйынында Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер А.Мадумаровдун ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө токтом кабыл алынды.
Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер А.Мадумаровдун ишенимдүү адамдары болуп:
1. Апсаматов Озгонбай Эргешбайевич;
2. Можиев Кубанычбек Жоробекович;
3. Джуматаев Таалайбек Алимбаевич;
4. Мадумаров Абдусатар Кимсанбаевич;
5. Жээнбаев Талайбек Азимбайович катталды.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК Чүй облусунун Сокулук районунун Орок айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоону дайындады
КР БШК Чүй облусунун Сокулук районунун Орок айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоону дайындады
2017-жылдын 12-октябрындагы КР БШКнын жыйынында Чүй облусунун Сокулук районунун Орок айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоону дайындоо жөнүндө чечим кабыл алынды.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 24-сентябрындагы № 466 токтому менен 2017-жылдын 11-октябрына дайындалган Чүй облусунун Сокулук районунун Орок айыл өкмөтүнүн башчысы, айылдык кеңештин депутаттарынын добуштарынын көпчүлүгү “бардык талапкерлерге каршы” позициясына берилгендигине байланыштуу, шайланган жок.
Ушуга байланыштуу 2017-жылдын 26-октябрында саат 9:00дөн 12:00гө чейин Орок айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо дайындалды.
Шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык уюштуруп өткөрүү милдети Сокулук аймактык шайлоо комиссиясына тапшырылды.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Шайлоо органдарынын бүткүл дүйнөлүк ассоциациясынын өкүлдөрү менен жолугушту
11-октябрда КР БШК төрагасы Н.Шайлдабекова Шайлоо органдарынын бүткүл дүйнөлүк ассоциациясынын пландоо боюнча директору Кюсеонг Кваг менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Тараптар 2017-жылдын 15-октябрындагы КР Президентин шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү тууралуу маселелерди талкуулашты.
КР БШК төрагасы ШОБА (Шайлоо органдарынын бүткүл дүйнөлүк ассоциациясы) өкүлдөрүнө КР Президентин шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча аткарылып жаткан комплекстүү иш-чаралар жөнүндө маалымат берди. Кызматташууну улантуу жана башталган биргелешкен долбоорлорду ийгиликтүү аягына чыгарууну айрыкча белгиледи.
Өз кезегинде Шайлоо органдарынын бүткүл дүйнөлүк ассоциациясынын өкүлдөрү алдыдагы КР Президентин шайлоого чакыргандыгы үчүн кыргыз тарапка ыраазычылык билдиришти. Ошондой эле алар жылуу маанайда кабыл алынгандыгын жана биздин республикага өзгөчө мамилелерин белгилешти.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Шайлоо органдарынын бүткүл дүйнөлүк ассоциациясынын эл аралык өкмөттүк эмес уюмдан эл аралык уюм катары кайра түзүлүшү боюнча пикир алышты.
К.Кваг мырзанын түшүндүргөнүнө караганда, эл аралык уюм статусуна ээ болуу ШОБАга жаңы өзгөрүүлөрдү алып келет.
Мындан тышкары бул өзгөрүүлөр, шайлоо процессинде шайлоонун тазалыгын (ачыктыгын) жогорулатуу үчүн маалыматтык-коммуникациялык технологияны (МКТ) ишке кийирүү долбоорунун активдүү ишке ашуусун ылдамдатат.
Жолугушуунун жүрүшүндо ШОБАнын пландоо директору “ШОБАны эл аралык өкмөттөр аралык уюмга айландыруу” резолюциясына кол коюуну сунуштады.
КР БШК төрагасы резолюцияга кол коюуда тийиштүү жол-жоболорду аткарууга убакыт керек экенин белгилеп, бул демилгени колдоого даяр экенин билдирди.
Ошондой эле аңгемелешүүнүн жүрүшүндө тараптар кызматташуу процессинде башталган биргелешкен ишти жана анын натыйжаларын талкуулашты. Н.Шайлдабекова КР БШК кызматкерлерин окутууну улантуу сунушу менен кайрылды.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Кворумдун жоктугунан С.Юсупов атындагы айыл өкмөт башчысын шайлоо өтпөй калды
Мурун, 2017-жылдын 14-июнундагы КР БШКнын №149 Токтому менен С.Юсупов айыл өкмөт башчысын шайлоо 2017-жылдын 3-июлуна дайындалган.
2017-жылдын 3-июлунда айылдык кеңештин депутаттарынын кворуму жоктугуна байланыштуу С.Юсупов атындагы айыл өкмөт башчысын шайлоо өтпөй калган.
2017-жылдын 6-июлунда КР БШКнын №206 Токтому менен С.Юсупов атындагы айыл өкмөт башчысын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2017-жылдын 20-июлуна дайындалган.
Ошол эле учурда 2017-жылдын 20-июлуна дайындалган Ош облусунун Араван районундагы С.Юсупов айыл өкмөт башчысын шайлоону токтото туруу жөнүндө С.Юсупов айылдык кеңешинин депутаттарынын КР БШКга Кайрылуусу келип түшкөн.
Кайрылууга ылайык, мурун 2017-жылдын 3-июлуна дайындалган Ош облусунун Араван районунун С.Юсупов айыл өкмөт башчысын шайлоо өтпөй калган.
Ош облусунун Араван районундагы С.Юсупов айыл өкмөт башчысын шайлоодогу кворумдун болбой калышынын себеби, С.Юсупов айылдык кеңешинин депутаты Н.Алимовдун ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнөн мурда токтотулушу боюнча териштирүү маселеси болду.
Териштирүү аяктагандан кийин, Ош облусунун Араван районундагы С.Юсупов айыл өкмөт башчысын шайлоо мурунку талапкерлердин катышуусу менен 2017-жылдын 10-октябрына дайындалган.
С.Юсупов айыл өкмөт башчысын шайлоо депутаттардын кворумунун жоктугунан 2017-жылдын 10-октябрына дайындалган шайлоо өтпөй калды.
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча шайлоо жөнүндө” мыйзамынын 49-беренесинин 6-пунктуна ылайык, тийиштүү айылдык кеңештин депутаттарынын белгиленген мөөнөттө айыл өкмөт башчысын шайлабай калган учурда, Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын сунушу менен Кыргыз Республикасынын Президенти айылдык кеңешти таратат жана тиешелүү жергиликтүү кеңешке мөөнөтүнөн мурда шайлоо жарыялайт.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Кара-Суу шаар мэри жана айыл өкмөттөрүнүн башчылары шайланды
2017-жылдын 11-октябрында айрым айыл аймактарында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларын шайлоо өткөрүлдү.
2017-жылдын 3-сентябрында Кыргыз Республикасынын айрым жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо өттү.
Шайлоонун жыйынтыгы менен Кара-Суу шаар мэрин жана айыл өкмөт башчысын шайлоо 2017-жылдын 11-октябрында өткөрүү дайындалды.
Ошентип:
-Ош облусунун Кара-Суу районунун Кара-Суу шаар мэри болуп К.Козубаев;
-Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн башчысы болуп А.Бекишев;
- Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо-районунун Тогуз-Торо айыл өкмөт башчысы болуп У. Көчөрбаев;
-Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Терек-Сай айыл өкмөт башчысы болуп Б. Ашырбаев шайланды.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Чүй облусунун Орок айыл өкмөтүндө шайлоо өтпөй калды
Чүй облусунун Сокулук районундагы Орок айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо депутаттардын көпчүлүгүнүн бардык талапкерлерге каршы добуш беришкендиктерине байланыштуу өтпөй калды.
Бардык депутаттардын ичинен 17 депутат катышкан. 7си келген эмес. Орок айыл кеңешинин 17 депутаты бардык талапкерлерге каршы добуш берген.
Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” мыйзамдын 6-беренесинин 5-пункту, 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 49-беренеси боюнча КР БШК жаңы талапкерлер менен мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындамакчы.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК Т.Солтобаевдин арызын канааттандыруудан баш тартуу чечимин кабыл алды
КР БШКга «Nooruz.kg» уюмунун башкы директору Т. Солтобаевдан (мындан ары–Арыздануучу) эки арыз келип түшкөн 03.10.2017-жыл жана 07.10.2017-жыл.
Т.Солтобаев өзүнүн арыздарында kurch.kgи bagut.kg интернет-басылмасында “Бийлик административдик күч колдонуп жатат деген – суу кечпеген сөз”, “Криминалды талкуулаган “НТС” кожоюн жанындагы “караларды көрбөйбү”, “Бабановдун үстүнөн 10 арыз түштү, БШК эми шайлоодон четтетеби”, “Эрин коркуткансыган” Төрөбаев эми эсине келдиби” деген аталыштагы Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер Ө.Бабанов жөнүндө жарыяланган материалдар чындыкка туура келбейт”-деп билдирет.
Өзүнүн койгон талаптарында Арыздануучу КР БШК аты аталган массалык маалымат каражаты шайлоо мыйзамдарынын нормаларын бузгандыгын кароосун суранат.
2017-жылдын 9-октябрында КР БШКнын шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын арыз жана даттанууларын кароо боюнча Жумушчу топ берилген арызды маңызы боюнча карады. Арыздануучунун далилдерин изилдөө жана аны обьективдүү карап чыгуу, ага баа берүү максатында Арыздануучунун катышуусунда Жумушчу топтун жыйыны өткөрүлгөн.
Жумушчу топтун жыйынында Арыздануучу өзүнүн арызын тастыктап жана аталган ЖМК тарабынан шайлоо мыйзамдарынын нормаларын бузууну карап берүүсүн суранган. Арыздануучу КР Президенти кызматына талапкер Ө.Бабанов жөнүндө жарыяланган материалдар чындыкка дал келбейт деп эсептейт. Бирок, Арыздануучу аталган материалдарда далилдерди ырастаган же жокко чыгарган жүйөлөрүн келтирген эмес. Арыздануучу конституциялык мыйзам менен так аныкталган, Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкерлердин укугун коргогон ыйгарым укуктуу адамдардын тизмесине кирбегендигин белгилеп коюу керек.
Конституциялык Мыйзамдын 43-беренесинин 4-бөлүмүнө ылайык мамлекеттик жана башка органдардын, алардын кызмат адамдарынын шайлоо процессинин башка катышуучуларынын чечимдерине жана (же) аракеттерине (аракетсиздигине) арыздар (даттануулар) менен шайлоочулар, талапкерлер, саясий партиялар, коммерциялык эмес уюмдар, алардын өкүлдөрү жана байкоочулар кайрыла алышат.
Азыздар (даттануулар) жүйөлүү болуп, аларга негизделген далилдер менен бирге берилүүгө тийиш.
Жумушчу топтун жыйынынын жүрүшүндө Арыздануучу анын кайсы шайлоо укугу бузулуп жаткандыгын түшүндүргөн жок, ошол эле учурда өзүнүн арызында талаптарын билдирген эмес, жарыяланган материалдарга негизделген башка ишенимдүү далилдерди келтире алган жок.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 7-июлундагы №212-токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында шайлоону жана референдумдарды өткөрүүдө шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субьектеринин (катышуучуларынын) арыздарын (даттанууларын) шайлоо комиссиялары карап чыгышынын тартиби жөнүндө Жобонун 1,9- пунктуна ылайык, шайлоо укуктарын бузуу жөнүндө арыздарды (даттанууларды) шайлоо процессинин субьектери (катышуучулары) өздөрүнүн шайлоо укуктары бузулгандыгы жөнүндө өздөрүнө белгилүү болуп калган, чечимдер кабыл алынган аракеттер (аракетсиздиктер) жасалган учурдан тартып токтоосуз түрдө тиешелүү шайлоо комиссияларына берилет.
Ыйгарым укугу жок адам тарабынан же болбосо ушул пунктта көрсөтүлгөн арыз (даттануу) берүү мөөнөтүн бузуу менен берилген арызды (даттанууну) берген адамга кароодон баш тартуунун себептерин көрсөтүп, Жумушчу топтун жетекчиси кол коюп, коштогон кат менен үч календардык күндөн кечиктирбестен кайра кайтарылат.
Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Президенти жана КР Жогорку Кеңешинин депутаттары жөнүндө” конституциялык Мыйзамдын 43-беренесин жетекчиликке алып, «Ченемдик укук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамы боюнча, “Кыргыз Республикасында шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 7, 18-беренесинин, “Кыргыз Республикасында шайлоону жана референдумдарды өткөрүүдө шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субьектеринин (катышуучуларынын) арыздарын (даттанууларын) шайлоо комиссиялары карап чыгышынын тартиби жөнүндө Жобонун 1,9 пункттарына ылайык, КР БШКнын шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын арыз жана даттанууларын кароо боюнча Жумушчу топтун 2017-жылдын 9-октябрындагы чечими боюнча КР БШК «Nooruz.kg» мекемесинин Башкы директору Т.Солтобаевдин арызын канааттандыруудан баш тартуу чечимин кабыл алды.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы КМШ Миссиясы Штабынан жана ЕККУдан эл аралык жана коомдук байкоочулар менен жолугушту
10-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясында КР БШК төрагасы Н.Шайлдабекова жана анын орун басары А.Бекматовдун эл аралык жана коомдук байкоочулар менен жолугушуусу өттү. Тараптар Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого карата даярдык тууралуу маселени талкуулашты.
КР БШК төрагасы байкоочуларга КР Президентин шайлоого даярдык көрүү жана аны өткөрүү боюнча аткарылып жаткан комплекстүү иш чаралар, өлкөдөгү коомдук-саясий абал тууралуу маалымат берди.
Аткарылып жаткан иш-чаралардын бардыгы шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ачык айкын, таза, эркин өткөрүүгө багыттталганын өзгөчө белгиледи.
“БШКнын бул процесстеги негизги милдети жарандардын шайлоо укугу толугу менен ишке ашыруу: жигердүү шайлоо-шайлоо укугун, жана жигердүү эмес шайлоо-шайлануу укугун толук камсыз кылуу”- деп билдирди КР БШК төрагасы.
Жолугушуунун жүрүшүндө коомдук байкоочулар УШКлардагы шайлоочуларга жана байкоочуларга түзүлгөн шарттарга кызыгышты.
“Жарандык платформа” коомдук фондунун директору А.Усупбекова борбордук шайлоо комиссиясынын жетишкендиктеринин ичинен шайлоо участкаларында ден соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга түзүлгөн шарттар боюнча КР БШКнын мыкты ишин баса белгиледи.
Добуш берүү күнүндөгү Маалыматтык шайлоо системасынын (МШС) иши жыйындын катышуучуларынын абдан кызыгуусун туудурду.
2017-жылдын 15-октябрында добуш берүүдөн кийин жарандар сервердин сайтынан алдын ала жыйынтыкка байкоо салынат.
Ушул маселе боюнча байкоочулар сервердеги мүмкүн болуучу (сбой) техникалык бузулуулар болуп кетпейби деп кызыгышты.
“Стресс-тест миллион пайдалануучуга ылайыкталып өткөрүлдү. Серверге шилтеме КР БШКнын расмий сайтында болот, ал эми маалыматтар башка хостингде сакталат. Ошондуктан хостингдин максималдуу кое берүү мүмкүнчүлүгү шайлоо күнү үзгүлтүксүз иштөөгө шарт түзөт,”-деди Н.Шайлдабекова.
Жолугушуунун аягында КР БШК төрагасы Н.Шайлдабековага коомдук байкоочулар менен КР БШК ортосунда шайлоо күнүндө келип түшкөн көйгөйлөрдү ыкчам чечүү максатында WhatApp каналында атайын топ түзүү сунушталды.
Жолугушууга “Адилет” Укук клиникасынын”, “Эгль”, “Жарандык платформа”, “Демократия жана жарандык коом үчүн коалиция”, “Таза шайлоо” ассоциациясы, КР Акыйкатчысы жана ошондой эле ЕККУ жана КМШ Миссиясынын Штабынан өкүлдөр катышты.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Акыркы жаңылыктар
26.09.2026
ЖМК жана интернет-басылмаларды аккредитациялоо боюнча кайрылуу
25.09.2026
Шайлоо участокторунун чек аралары маселеси жөнүндө
25.09.2026
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын шайлоочуларга, талапкерлерге, саясий партияларга, жалпыга маалымдоо каражаттарына, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө жана шайлоо процессинин катышуучуларына кайрылуусу!
25.09.2026
«Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону 2027-жылдын 27-январында эркин, таза жана ачык-айкын өткөрүүнү камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыкка кол коюлду
25.09.2026
«Элдик Банк» жана «АБанк» КР Президентин шайлоого катышуучу талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн банк катары аныкталды
25.09.2026
КР БШКсы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо боюнча иш-чаралардын календардык планын бекитти