Башкы Жаңылыктар КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын …

КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын КР Президентинин кызмат ордуна талапкерлерге, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө, интернет-басылмаларга жана шайлоо процессинин катышуучуларына Кайрылуусу

14-Окт, 2017

Урматтуу Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер, жалпыга маалымдоо каражаттарынын, интернет-басылмалардын өкүлдөрү жана шайлоо процессинин катышуучулары!

            «Кыргыз Республикасынын Президентин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 23-беренесинин 1-пунктуна ылайык, шайлоо алдындагы үгүттөө добуш берүүгө 24 саат калганда аяктайт, ага ылайык 2017-жылдын 14-октябры саат 08:00 тартып Кыргызстан боюнча «үгүтсүз күн» болуп жарыяланарын эсиңиздерге салабыз.

            Бул күнү Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер үгүт өнөктүгүн жүргүзүүгө укугу жок. Ошондой эле БШК тарабынан үгүттөөгө катышуу үчүн аккредитацияланган жалпыга маалымдоо каражаттары жана интернет-басылмалар да үгүт жүргүзүүгө укусуз.

            Аталган конституциялык Мыйзамдын 22-беренесинин 6-бөлүгүнө ылайык, добуш берүү күнүнө чейинки акыркы 5 календардык күндө, ошондой эле добуш берүү күнү коомдук пикирди сурамжылоонун натыйжаларын, шайлоонун натыйжаларынын божомолдорун, шайлоого байланышкан башка изилдөөлөрдү жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялоого (чагылдырууга) жол берилбейт.

            Бурмаланган жана такталбаган маалыматтарды берүү Кыргызстандын шайлоочуларын жаңылыштыкка алып келерин эсиниздерге салабыз.

            Добуш берүү күнү, б.а. 2017-жылдын 15-октябрында «Кыргыз Республикасынын Президентин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 8-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык,добуш берүүнүн жүрүшүнө жана жыйынтыктарына байкоо жүргүзүү үчүн төмөн турган шайлоо комиссияларынан жогору турган шайлоо комиссияларына протоколдордун маалыматтарын берүү жолу менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясыныншайлоо маалыматтык тутуму пайдаланылат.

            Шайлоо маалыматтык тутум аркылуу алынган добуш берүүнүн жүрүшү жана жыйынтыктары жөнүндө маалыматтар юридикалык мааниге ээ эмес, алдын ала маалыматтар болуп саналат. Шайлоо маалыматтык тутумун пайдалануунун тартиби Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан аныкталат.

«Кыргыз Республикасынын Президентин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын22-беренесинин коомдук пикирди сурамжылоонун натыйжаларын жарыялоо (чагылдыруу) учурунда 5 жана 6-бөлүктөрүнүн талаптарынын сактабоо мындай маалыматтарды камтыган материалдарды үгүттөө деп таанууга жана колдонуудагы мыйзамдарда каралган жоопкерчиликке алып келет.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2017-жылдын 15-октябрында Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо күнүндө басма сөз борборунун ишин уюштурат жана анда шайлоочулардын келиши жөнүндө маалымат өз убагында берилип турат жана автоматтык эсептөөчү урналардан (АЭУ) алынган маалыматтардын негизинде добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыгы берилет.

 Добуш берүү аяктагандан кийин АЭУ Борбордук шайлоо комиссиясынын: ess.shailoo.gov.kg. дареги боюнча жайгашкан сайтына  маалыматтарды участоктордон түз берүүнү камсыз кылат, бул добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыгы жөнүндө маалыматты ыкчам алууга, шайлоочулардыжана шайлоо процессинин катышуучуларын кабарландырууга мүмкүнчүлүк берет.

Шайлоо системасын реформалоо адилет, эркин жана демократиялык шайлоо өткөрүүгө жана ар бир шайлоочунун добушун так аныктоого бардык зарыл шарттарды түздү.

Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону мыйзамдарга ылайыкөткөрүү максатында шайлоо процессинин бардык катышуучуларынан мыйзам нормаларын бекем сактоону жана шайлоонун башка катышуучулары менен өз ара аракеттенүүдө урматтоону жана сабырдуулукту көрсөтүүнү өтүнөт.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби
06-Окт, 2026

Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби

-
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты
05-Окт, 2026

КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты

Бүгүн, 5-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев кесиптик жетишкендиктери жана өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ар түрдүү тармактардын өкүлдөрүнө Жогорку Кеңештин сыйлыктарын тапшырды.Сыйлык тапшыруу аземинин алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери  Жогорку Кеңештин "Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" медалы менен сыйланышты.Кесиптештерибизди татыктуу сыйлыктары менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө багытталган мындан аркы иштеринде ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү
02-Окт, 2026

КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү

Бүгүн, 2-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Алмаз Айбалаевдин жетекчилигинде КР БШКнын алдындагы Көзөмөлдөө-текшерүү тобу “Элдик Банк” жана “АБанк” ААКнын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.КР БШКнын чечимине ылайык, аталган банк мекемелери Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн аныкталган.Жолугушуунун жүрүшүндө банктар менен талапкерлердин жана алардын финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн практикалык өз ара аракеттенүүсү, анын ичинде шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу жана жүргүзүү, финансылык операцияларды жүргүзүү, зарыл болгон маалыматтарды алмашуу жана тиешелүү отчеттуулукту берүү маселелери талкууланды.Ошондой эле, шайлоо фонддорунун эсептерин өз убагында ачуу максатында КР БШК менен банк мекемелеринин натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу жана бул багытта келип чыгышы мүмкүн болгон уюштуруучулук тоскоолдуктарды алдын алуу маселелери каралды.Иш-чаранын жыйынтыгында өз ара аракеттенүүнү  өркүндөтүү жана шайлоо өнөктүгүн каржылык жактан ачык-айкын, ыкчам жана талаптагыдай камсыз кылуу боюнча мындан аркы чаралар аныкталды. 
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады
02-Окт, 2026

КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров 1-октябрь -Улуулар күнүнө карата КР БШКнын аппаратынын улуу муундагы кызматкерлерин майрамы менен куттуктады.Өз сөзүндө Тынчтык Шайназаров улуу муундун бай тажрыйбасы, терең билими жана баалуу кеп-кеңештери мекеменин ишинин натыйжалуулугун арттырууга олуттуу салым кошуп жатканын белгиледи.“Сиздердин турмуштук жана кесиптик тажрыйбаңыздар, акыл-насаатыңыздар биз үчүн ар дайым баалуу. Көп жылдык эмгегиңиздер, жоопкерчилигиңиздер жана кесипкөйлүгүңүздөр жалпы ишибизге чоң жардам берүүдө”, - деп белгиледи Тынчтык Шайназаров.КР БШКнын төрагасы кызматкерлерге бекем ден соолук, узун өмүр, үй-бүлөлүк бакыт жана иштерине мындан аркы ийгиликтерди каалады.   
Кененирээк билүү >>