Башкы Жаңылыктар

Жаңылыктар

-
13.03.2018

-

-
Кененирээк билүү >>
Айрым жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилди
13.03.2018

Айрым жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилди

2018-жылдын 13-мартында Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Кемин районунун Кара-Булак айыл өкмөтү, Көк-Ойрок айыл өкмөтү, Москва районунун Александров айыл өкмөтү, Ош облусунун Кара-Суу районунун Ак-Таш айыл өкмөтү, Ысык-Көл облусунун Тоӊ районунун Кажы-Сай айыл өкмөтү, Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Тоголок-Молдо айыл өкмөт башчыларын шайлоо тууралуу протоколдору бекитилди: Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2018-жылдын 17-февралындагы № 35 токтому менен 2018-жылдын 7- мартына дайындалган Чүй облусунун Кемин районунун Кара-Булак, Көк-Ойрок, Москва районунун Александровка, Ош облусунун Кара-Суу районунун Ак-Таш, Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Кажы-Сай жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2018-жылдын 20-февралындагы №37 токтому менен 2018-жылдын 7-мартына дайындалган Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Тоголок-Молдо айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо болуп өттү. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2018-жылдын 17-февралындагы № 35 токтому менен 2018-жылдын 2- мартына дайындалган Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Т.Балтагулов айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо болуп өттү. -Кара-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы болуп Бейшеев Эркинбек Кыдыргычевич табылды; - Көк-Ойрок айыл өкмөтүнүн башчысы болуп Абласов Бактыбек Жолдошбаевич табылды; - Александровка айыл өкмөтүнүн башчысы болуп Баги Ибрагим Юшизович табылды; -Ак-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы болуп Бектиров Тыныч Кочкорович табылды; -Кажы-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы болуп Кутуев Памир Абыкаевич табылды; -Тоголок-Молдо айыл өкмөтүнүн башчысы болуп Кулов Алмазбек Тоболекович табылды; - Т.Балтагулов айыл өкмөтүнүн башчысы болуп Садыков Болотбек Жоробекович табылды. Кемин, Москва, Кара-Суу, Тоң, Ак-Талаа жана Ала-Бука аймактык шайлоо комиссия шайланган башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү тапшыруу жүктөлдү. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
2018-жылдын 6-мартында аймактык шайлоо комиссияларынын резервин жана курамын түзүү боюнча чүчүкулак өткөрүлдү
06.03.2018

2018-жылдын 6-мартында аймактык шайлоо комиссияларынын резервин жана курамын түзүү боюнча чүчүкулак өткөрүлдү

2018-жылдын 6-мартында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясында саясий партиялар көрсөткөн аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн санынан каралгандан ашыкча сунушталган саны боюнча чүчүкулак болуп өттү. Чүчүкулакта Ош жана Балыкчы аймактык шайлоо комиссияларынын курамына жана резервине өз талапкерлерин көрсөткөн саясий партиялардын өкүлдөрү катышышты. «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесиндеги 1-бөлүгүнө ылайык, аймактык шайлоо комиссиялары эки жылдык мөөнөткө саясий партиялардын өкүлдөрүнүн экиден биринин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын өкүлдөрүнүн экиден биринин курамында түзүлөт. Саясий партиялардын өкүлдөрү төмөнкү АШКга документтерин тапшырды: 1. Ош аймактык шайлоо комиссиясына – 10 саясий партия; 2. Балыкчы аймактык шайлоо комиссиясына – 7 саясий партия. Чүчүкулактын жыйынтыгы боюнча Ош аймактык шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкү саясий партиялардын өкүлдөрү сунушталат: - “Замандаш”; - “Ак шумкар”; - “Улуттар биримдиги” элдик партиясы; - “Мекеним Кыргызстан”; - “Мекен Ынтымагы”, - “Калыс”. “Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясы, “Бир-Бол” Мамлекеттик биримдик жана мекенчилдик саясий партиясы, “Туран” демократиялык партиясы жана “Кыргызстан социал-демократиялык партиясы” Ош аймактык шайлоо комиссиясынын резервине сунушталат. Балыкчы аймактык шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкү саясий партиялардын өкүлдөрү сунушталат: - “Туран” демократиялык партиясы; - “Калыс”; - “Замандаш”; - “Мекен Ынтымагы” - “Ата-Мекен” - “Кыргызстан социал-демократиялык партиясы”. “Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясы Балыкчы аймактык шайлоо комиссиясынын резервине сунушталат. Белгилей кетчү нерсе, жумушчу топ чүчүкулактын протоколунун негизинде аймактык шайлоо комиссияларынын курамын жана резервин түзүү боюнча саясий партиялардын кезек тартибин КР БШКнын мүчөлөрүнүн талкуусуна койот. Чүчүкулактын жыйынтыгы боюнча протоколдун көчүрмөлөрү саясий партиялардын өкүлдөрүнө берилди. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын эмгек жамааты Халмурзаев Абдимомун Саматовичке көңүл айтат
06.03.2018

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын эмгек жамааты Халмурзаев Абдимомун Саматовичке көңүл айтат

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын эмгек жамааты КР БШКнын Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Халмурзаев Абдимомун Саматовичке атасы Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагери, Халмурзаев Саматтын дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтып, орду толгус аза-кайгысын тең бөлүшөт. КР БШКнын аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР Жогорку Кеңешине депутаттыкка талапкерлер, КР Жогорку Кеңешинин депутаты болуп катталуу үчүн башка өлкөнүн жарандыгы бар/жок экендиги жөнүндө маалымат киргизишет
03.03.2018

КР Жогорку Кеңешине депутаттыкка талапкерлер, КР Жогорку Кеңешинин депутаты болуп катталуу үчүн башка өлкөнүн жарандыгы бар/жок экендиги жөнүндө маалымат киргизишет

Жеке маалыматтарды иштетүү жол-жоболорун белгилөө зарылчылыгына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин каттоо үчүн саясий партиялардын керектүү документтеринин тизмесин жана формаларын бекитүү тууралуу” 2015-жылдын 28-июлундагы №78 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө КР БШК токтом кабыл алды. Киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, КР Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлер жөнүндө маалыматтарды берүү формасы такталды жана кошумчаланды. Талапкер кыргыз жарандыгы бар экендиги жөнүндө маалыматтардан жана кыргыз паспортунун көчүрмөсүнөн тышкары төмөнкүлөрдү көрсөтүүгө тийиш: - башка өлкөнүн жарандыгы бар/жок экендиги жөнүндө маалыматтар; - башка өлкөнүн жарандыгы мурда болгонбу – болгон болсо – кайсы мамлекеттики, жарандыкты кабыл алган датасы жана жарандыктан чыгуу датасы; - соттолгондугу бар/жок экендиги жөнүндө маалымат, - эгерде мурда соттолгон болсо, КР КЖК беренеси, жаза аткаруу жана жоюлган датасы. Ошондой эле арыз менен кошо, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер “Жеке маалыматтар субъектисинин жеке маалыматтарын чогултууга жана иштетүүгө анын макулдугун алуу тартибин, алардын жеке маалыматтарын үчүнчү тарапка берүү жөнүндө жеке маалыматтар субъектилерине билдирүү тартибин жана формасын бекитүү тууралуу” 21.11.2017-ж №759 токтомуна ылайык формада жеке маалыматтарын берүүгө жана иштетүүгө макулдугун берүүгө милдеттүү. Аталган анкета талапкердин кол тамгасы менен бүткөрүлүп, берилген маалыматтардын ишенимдүүлүгүн тастыктайт, ошондой эле партиянын жетекчисинин кол тамгасы жана мөөрү менен күбөлөндүрүлөт. Белгилей кетчү нерсе, башка өлкөнүн жарандыгы жок экендигин талапкерлердин анкеталык маалыматтарында көрсөтүү мындан мурда Кыргыз Республикасынын Президеттик кызматына талапкерлердин документтерин кабыл алууда колдонулду. Бул форма Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттык кызматка бош орундарга каттоо процессинде партиялардын учурдагы катталган тизмелеринде турган талапкерлерге милдеттүү. Белгилей кетчү нерсе, Конституциянын 52-беренесинде белгиленгендей, “Башка жарандыгы бар Кыргыз Республикасынын жарандары саясий мамлекеттик кызматты жана соттордун кызмат ордун ээлөөгө укуксуз. Мындай чектөө башка мамлекеттик кызматтар үчүн да мыйзам менен белгилениши мүмкүн”. КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.Ж. Салянованын ыйгарым укуктарын мөөнүнөн мурда токтотулду
03.03.2018

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.Ж. Салянованын ыйгарым укуктарын мөөнүнөн мурда токтотулду

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 73-беренесинин 3-бөлүгүнүн 6-пунктуна, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 65–беренесинин 4-бөлүгүнүн 5-пунктуна, «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-бөлүгүнүн 7-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын ыйгарым укуктары ага карата соттун айыптоо өкүмү мыйзамдуу күчүнө кирген учурдан тартып мөөнөтүнөн мурда токтотулат. Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун 2017-жылдын 10-октябрындагы өкүмү менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Салянова Аида Жеңишбековна Кыргыз Республикасынын Кылмыш-Жаза Кодексинин 304-беренесинин 4-бөлүгү менен каралган кылмышты жасоого күнөөлүү деп табылып, мүлкүн конфискациялоо менен 5 (беш) жылга эркинен ажыратылган; Кыргыз Республикасынын Кылмыш-Жаза Кодексинин 72-беренесинин негизинде сот жазаны өтөө мөөнөтүн 2015-жылдын 18-июлунда туулган баласы он төрт жашка чыкканга чейин кийинкиге калтырган. 2018-жылдын 7-февралында Бишкек шаардык сотунун кылмыш иштери жана административдик укук бузуулар боюнча соттук коллегиясынын өкүмү менен Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.Ж.Саляновага карата 2017-жылдын 10-октябрындагы айыптоо өкүмү өзгөртүүсүз калтырылган. Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодексинин 359-беренесине ылайык, апелляциялык инстанциядагы соттун өкүмү ал жарыяланган учурдан тартып мыйзамдуу күчүнө кирет. Бишкек шаардык сотунун 2018-жылдын 7-февралындагы өкүмү менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.Ж. Саляновага карата Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун 2017-жылдын 10-октябрындагы өкүмү мыйзамдуу күчүнө кирген. Кыргыз Республикасынын Жазык-Процесстик Кодексинин 362-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык, адамдын эркиндигин чектеген же эркинен ажыратууга соттоо жөнүндө өкүмдү аткаруу мөөнөтү соттолгон аял кош бойлуу же соттолгон аялдын жаш балдары болгондо - өзгөчө оор кылмыштар үчүн эркиндигинен ажыратууга соттолгондордон башкалары кенже жаш баласы он төрт жашка чыкканга чейин кийинкиге калтырылышы мүмкүн. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 73-беренесинин 1-бөлүгүнүн экинчи абзацына ылайык, «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнөн мурда токтотулушу, негиз келип чыккан күндөн тартып 30 календардык күндөн кечиктирилбестен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы тарабынан кабыл алган чечим менен жүзөгө ашырылат. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 100-беренесине, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодексинин 360-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын сотторунун мыйзамдуу күчүнө кирген актылары бардык мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, юридикалык жактар, коомдук бирикмелер, кызмат адамдары жана жеке жактар үчүн милдеттүү болуп эсептелет жана республиканын бардык аймагында аткарылууга жатат. Жогоруда баяндалгандардын негизинде, 2018-жылдын 3-мартында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.Ж. Салянованын ыйгарым укуктарын мөөнүнөн мурда токтотуу боюнча токтом кабыл алынды. КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ф.Иминовдун ыйгарым укугу мөөнөтүнөн мурда токтотулду
03.03.2018

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ф.Иминовдун ыйгарым укугу мөөнөтүнөн мурда токтотулду

2018-жылдын 1-мартында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Иминов Фархат Ажмуханбетович КР БШКга жана “Республика-Ата-Журт” парламенттик фракциясына депутаттык ыйгарым укуктарын өзүнөн алып салуу жана “Республика-Ата-Журт” фракциясынан чыгуу жөнүндө арызын жөнөткөн. Депутаттык ыйгарым укуктарын өзүнөн алып салуу жана “Республика-Ата-Журт” парламенттик фракциясынан чыгуу жөнүндө арыздын, “Республика-Ата-Журт” парламенттик фракциясынын берилген арыздын негизинде фракциянын курамынан чыгаруу жөнүндө 2018-жылдын 2-мартындагы №210 чечиминин негизинде, 2018-жылдын 3-мартында КР БШК Ф.А.Иминовдук депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө токтом кабыл алды. КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Токмок шаарынын мэрин жана Көк-Бел  айыл өкмөтүнүн башчысынын шайлоосу дайындалды
03.03.2018

Токмок шаарынын мэрин жана Көк-Бел айыл өкмөтүнүн башчысынын шайлоосу дайындалды

     Чүй облусунун Токмок шаарынын мэрин жана  Ош облусунун Ноокат районунун Көк-Бел  айыл өкмөтүнүн башчысынын шайлоосу дайындалды. 2018-жылдын 3- мартында КР БШК айрым жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аткаруу бийлигинин башчыларын шайлоосун дайындоо тууралуу токтомду кабыл алды:     1. Кыргыз  Республикасынын Премьер-министринин 2018-жылдын           1 мартындагы № 128 буйругу менен Чүй облусунун Токмок шаарынын мэри Шамыралиев Жыргалбек Джумадилович, өзү берген арызынын негизинде, ээлеген кызматынан бошотулган.     2. Ош облусунун Ноокат районунун  акиминин 2018 жылдын 1 мартындагы № 413 буйругу менен Көк-Бел айыл өкмөтүнүн башчысы өз арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулган.  Чүй облусунун Токмок шаарынын мэрин, Ош облусунун Ноокат районунун Көк-Бел айыл өкмөтүнүн башчысын  шайлоо 2018-жылдын      17-мартына дайындалып,  саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлөт.   "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 42-беренесине ылайык жогорку билими жана мамлекеттик же болбосо муниципалдык кызматта 3 жылдан кем эмес иш стажы, же болбосо билим берүүнүн, саламаттык сактоонун мамлекеттик мекемелеринде же уюмдардын, мекемелердин жана жеке менчик чарбачыл субъекттердин жетекчилик кызматтарында 5 жылдан кем эмес иш стажы бар, аракетке жөндөмдүү Кыргыз Республикасынын жараны шаардын мэри боло алат.    Кылмыш жасагандыгы үчүн мыйзамдарда белгиленген тартипте алып салынбаган же жоюлбаган соттуулугу бар Кыргыз Республикасынын жараны шаарга мэр боло албайт.     Ошондой эле, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 48-беренесине ылайык жогорку билими жана мамлекеттик же болбосо муниципалдык кызматта 2 жылдан кем эмес иш стажы, же болбосо билим берүүнүн, саламаттык сактоонун мамлекеттик мекемелеринде же уюмдардын, мекемелердин жана жеке менчик чарбакер субъекттердин жетекчилик кызматтарында 3 жылдан кем эмес иш стажы бар аракетке жөндөмдүү Кыргыз Республикасынын жараны айыл өкмөтүнүн башчысы боло алат. Кылмыш жасагандыгы үчүн мыйзамдарда белгиленген тартипте алып салынбаган же жоюлбаган соттуулугу бар Кыргыз Республикасынын жараны айыл өкмөтүнө башчы болушу мүмкүн эмес. Шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык уюштуруп, өткөрүү милдети Токмок жана Ноокат аймактык шайлоо комиссиясына тапшырылды.    КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Айрым жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору  бекитилди
03.03.2018

Айрым жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилди

2018-жылдын 3-мартында Кыргыз Республикасынын айрым жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аткаруу бийлигинин башчыларын шайлоо тууралуу протоколдору бекитилди: 2018-жылдын 20- февралына дайындалган Талас облусунун Бакай-Ата районунун Кең-Арал айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоосу өтүп, айыл өкмөтүнүн башчысы болуп Укуеев Марлис Нуркасымович табылды. 2018-жылдын 6-февралындагы № 25 токтому менен 2018-жылдын 22- февралына дайындалган Нарын облусунун Жумгал районунун Кабак айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоосу өтүп, айыл өкмөт башчысы болуп Самсалиев Максат Темиралиевич табылды. 2018-жылдын 24- февралына дайындалган Ош облусунун Араван районунун С.Юсупова атындагы айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоосу өтүп, С.Юсупова атындагы айыл өкмөт башчысы болуп Файзуллаев Шукирилло Хабибиллаевич табылды. Бакай-Ата, Жумгал жана Араван аймактык шайлоо комиссия шайланган башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү тапшыруу жүктөлдү. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Темир айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоону дайындады
03.03.2018

КР БШК Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Темир айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоону дайындады

2018-жылдын 3-мартында КР БШКнын  Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Темир айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоону дайындады. 2018-жылдын 2-мартына дайындалган Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Темир айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо катталган талапкерлер депутаттардын добуштарынын зарыл болгон санын албай калгандыгына байланыштуу өткөн жок. Ушуга байланыштуу  2018-жылдын  17- мартына саат 9:00дөн 12:00гө чейин Темир  айыл өкмөтүнүн башчысын жаңы талапкерлерди көрсөтүү менен кайра шайлоо дайындалды. Шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык уюштуруп өткөрүү милдети Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссиясына тапшырылды. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
03.03.2018

КР БШК жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

2018-жылдын 3-мартында, КР БШК Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийин турган депутаттыкка талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Токмок, Жайыл жана Ала-Бука аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитти. Тактап айтканда: -Чүй облусунун Токмок шаардык кеңешиндеги “КСДП” саясий партиясынан Л. Янахунов өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын токтотту, мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге – Т. Казакбаевге өткөрүп берилди; - Чүй облусунун Жайыл районунун Суусамыр айылдык кеңешиндеги М. Карабаев өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын токтотту, мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге –М. Омуркуловго өткөрүп берилди; - Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Ак-Там айылдык кеңешиндеги Х. Мамажонов өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын токтотту, мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге –Н. Жолдошовго өткөрүп берилди. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК 2018-жылдын 28- январында өткөн жергиликтүү кеӊештердин  шайлоосуна  катышкан шайлоочулардын тизмесин расмий сайтына жарыялады
02.03.2018

КР БШК 2018-жылдын 28- январында өткөн жергиликтүү кеӊештердин шайлоосуна катышкан шайлоочулардын тизмесин расмий сайтына жарыялады

Ачык-айкындуулукту камсыз кылуу максатында 2018-жылдын 28 январында өткөн Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештин депутаттарынын шайлоосуна добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын тизмесин КР БШК расмий сайтына жарыялады. 2018-жылдын 28-январында Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо 11 жергиликтүү кеңеште: 2 шаардык кеңеште жана 9 айылдык кеңеште өткөрүлгөн. Шайлоочулардын акыркы тизмесине жалпы 87 132 шайлоочу киргизилип, анын ичинен 47.784 шайлоочу добуш берген. Бул шайлоочулардын 54.84% түздү. Ар бир шайлоо участкасы боюнча шайлоого катышкан шайлоочулардын тизмелерин, бул ссылка менен көрө аласыз: https://shailoo.gov.kg/ru/vybory-yanvar-2018/spiski-izbiratelej-prinyavshih-uchastie-na-mestnyh-vyborah-28-yanvarya-2018-goda/ Жергиликтүү кеӊештин шайлоосуна катышкан шайлоочулардын тизмелери шайлоо өткөрүлгөн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында жайгаштырылган. Биринчи жолу добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын тизмеси Кыргыз Республикасынын Президенттик шайлоосунда жарыяланган. Ачык-айкындуулукту камсыз кылуу жана шайлоо процессине коомчулуктун ишенимин бекемдөө максатында, бул тажрыйба баардык шайлоолордо колдонулат. КР БШКнын аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды өткөрүп берүү тууралуу токтом кабыл алды
27.02.2018

КР БШК жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды өткөрүп берүү тууралуу токтом кабыл алды

2018-жылдын 27-февралында, КР БШК Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийин турган депутаттыкка талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Араван, Кара-Кулжа, Бакай-Ата, Талас шаардык, Түп, Лейлек, Нарын шаардык жана Майлуу-Суу аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу токтом кабыл алды. Тактап айтканда: -Ош облусунун Араван районунун Мангыт айылдык кеңешиндеги У. Бегматов өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын токтотту, мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге –ветеринар К. Жороевге өткөрүп берилди; -Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кеӊеш айылдык кеңешиндеги каза болгодугуна байланыштуу К.  Рысбековдун депутаттык ыйгарым укуктары токтотулду, мандат кийинки талапкер – жайыт комитетинин төрагасы Э. Чымыновго өткөрүп берилди; -Талас облусунун Бакай-Ата районунун Ленинполь айылдык кеңешинде депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу Н. Коошбаевдин ыйгарым укуктары токтотулуп, мандат кийинки талапкер – РЭСтин  диспетчери А. Муратбековго өткөрүп берилди; -Талас облусунун Талас шаардык кеңешиндеги “Мекеним Кыргызстан” саясий партиясынан А. Жайнаковдун каза болгодугуна байланыштуу депутаттык ыйгарым укуктары токтотулду, мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге – убактылуу иштебеген К. Токторбаевге өткөрүп берилди; -Ысык-Көл облусунун Түп районунун Тогуз-Булак айылдык кеңешиндеги Т. Ниязов өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын токтотту, мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге – дыйкан чарбанын мүчөсү Н. Алиевге өткөрүп берилди; -Ысык-Көл облусунун Түп районунун Ысык-Көл айылдык кеңешинде депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу  Т. Рыскуловдун ыйгарым укуктары токтотулуп, мандат кийинки талапкер – дыйкан чарбанын мүчөсү  Б. Байсеркеевге өткөрүп берилди; -Ысык-Көл облусунун Түп районунун Ысык-Көл айылдык кеңешинде депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу  Азамат уулу Адилеттин ыйгарым укуктары токтотулуп, мандат кийинки талапкер – дыйкан чарбанын мүчөсү  Б. Бейшекеевге өткөрүп берилди; -Баткен облусунун Лейлек районунун Ак-Суу айылдык кеңешиндеги А. Шамшидинов өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын токтотту, мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге – РЭСтин  контролеру Дж. Ахматовго өткөрүп берилди; -Нарын облусунун Нарын шаардык кеңешиндеги “Ала-Тоо Ынтымагы” саясий партиясынан М. Жусаев өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын токтотту, мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге – НГУнун  декандын орун басары Чоробек к. А. өткөрүп берилди; -Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаардык кеңешиндеги “КСДП” саясий партиясынан  И. Айдаралиев өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын токтотту, мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге – “МС ЭЛ” ЖЧК, газ-энергетика кызматынын жетекчиси А. Тугеловго өткөрүп берилди. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Үч айыл өкмөт башчысынын шайлоосу дайындалды
27.02.2018

Үч айыл өкмөт башчысынын шайлоосу дайындалды

Үч айыл өкмөт башчысынын шайлоосу дайындалды: -Чүй облусунун Панфилов районунун Вознесеновка айыл өкмөтү; -Нарын облусунун Кочкор районунун Кочкор айыл өкмөтү; -Чүй облусунун Кемин районунун Жаңы-Алыш айыл өкмөтү. 2018-жылдын 27- февралында КР БШК айрым жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аткаруу бийлигинин башчыларын шайлоосун дайындоо тууралуу токтомду кабыл алды. Чүй облусунун Панфилов райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акиминин 2018-жылдын 7-февралындагы № 19-буйругу менен Вознесеновка айыл өкмөтүнүн башчысы Эралиев Толонаалы Кадышович, Вознесеновка айылдык кеңешинин 2018-жылдын 10-январындагы № 48/XIII-1-VII токтомунун негизинде, ээлеген кызматынан бошотулган. Нарын облусунун Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акиминин 2018-жылдын 21-февралындагы № 01-б буйругу менен Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысы Исраилов Мирлан Мажитович, өзү берген арызынын негизинде, ээлеген кызматынан бошотулган. 2018-жылдын 24-февралына дайындалган Чүй облусунун Кемин районунун Жаңы-Алыш айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо катталган талапкерлердин бири да депутаттардын добуштарынын зарыл болгон санын албай калгандыгына байланыштуу өткөн жок. Чүй облусунун Панфилов районунун Вознесеновка, Нарын облусунун Кочкор районунун Кочкор айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо 2018-жылдын 16-мартына дайындалсын жана саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлөт. Ошондой эле, Чүй облусунун Кемин районунун Жаңы-Алыш айыл өкмөтүнүн башчысын жаңы талапкерлерди көрсөтүү менен, кайра шайлоо 2018-жылдын 13-мартына дайындалсын жана саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлөт. "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 48-беренесине ылайык жогорку билими жана мамлекеттик же болбосо муниципалдык кызматта 2 жылдан кем эмес иш стажы, же болбосо билим берүүнүн, саламаттык сактоонун мамлекеттик мекемелеринде же уюмдардын, мекемелердин жана жеке менчик чарбакер субъекттердин жетекчилик кызматтарында 3 жылдан кем эмес иш стажы бар аракетке жөндөмдүү Кыргыз Республикасынын жараны айыл өкмөтүнүн башчысы боло алат. Кылмыш жасагандыгы үчүн мыйзамдарда белгиленген тартипте алып салынбаган же жоюлбаган соттуулугу бар Кыргыз Республикасынын жараны айыл өкмөтүнө башчы болушу мүмкүн эмес. Шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык уюштуруп, өткөрүү милдети Панфилов, Кочкор жана Кемин аймактык шайлоо комиссиясына тапшырылды. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум  өткөрүү боюнча борбордук  комиссиясы мамлекеттик ишмер Омуралиев Эсенгул Касымовичтин мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу терең кайгыруу менен көӊүл айтат
26.02.2018

Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы мамлекеттик ишмер Омуралиев Эсенгул Касымовичтин мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу терең кайгыруу менен көӊүл айтат

Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум  өткөрүү боюнча борбордук  комиссиясы мамлекеттик ишмер Омуралиев Эсенгул Касымовичтин мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу терең кайгыруу менен көӊүл айтат. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын эмгек жамааты КР БШКнын Тоӊ АШКсындагы атайын өкүлү Омуралиев Бактыбек Касымовичтин агасы Омуралиев Эсенгул Касымовичтин  мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтып, орду толгус аза-кайгысын тең бөлүшөт.
Кененирээк билүү >>
Таш-Көмүр, Кара-Балта шаарларынын жана эки айыл өкмөтүнүн шайлоолору дайындалды
21.02.2018

Таш-Көмүр, Кара-Балта шаарларынын жана эки айыл өкмөтүнүн шайлоолору дайындалды

Төмөндөгү шайлоолор дайындалды: - Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарынын мэрин шайлоо; - Чүй облусунун Жайыл районундагы Кара-Балта шаарынын мэрин шайлоо; - Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Тоголок-Молдо айыл өкмөтүн шайлоо; - Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Ананьево айыл өкмөтүн шайлоо. 2018-жылдын 20-февралында бир катар жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын башчыларын шайлоолорду дайындоо боюнча КР БШКнын токтому кабыл алынды. 2018-жылдын 19-февралында Жалал-Абад облусунун 2018-жылдын 28-январында жаңы шайланган Таш-Көмүр шаардык кеңешинин биринчи сессиясы болуп өттү. Кеңештин төрагасы болуп Сансызбаев Сулайман Самакович шайланды. 2018-жылдын 19-февралында Чүй облусунун Жайыл районундагы 2018-жылдын 28-январында жаңы шайланган Кара-Балта шаардык кеңешинин биринчи сессиясы болуп өттү. Кеңештин төрагасы болуп Аалыев Алмаз Аалыевич шайланды. 2018-жылдын 19-февралында Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы 2018-жылдын 28-январында жаңы шайланган Тоголок-Молдо айылдык кеңешинин биринчи сессиясы болуп өттү. Кеңештин төрагасы болуп Исмаилова Назгүл Карыбековна шайланды. Ошондой эле, Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акиминин 2018-жылдын 16-февралындагы №3/3 буйругу менен Ананьев айыл өкмөтүнүн башчысы Супаев Эмиль Бейшеналиевич өзүнүн берген арызынын негизинде кызматынан бошотулган. Жалал-Абад облусундагы Таш-Көмүр шаарынын жана Чүй облусунун Жайыл районундагы Кара-Балта шаарынын мэрлерин, Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Тоголок-Молдо айыл өкмөтүнүн жана Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Ананьево айыл өкмөтүнүн башчыларын шайлоо 2018-жылдын 7-мартына саат 9-00дан 12-00гө чейин өткөрүү дайындалды. Таш-Көмүр, Жайыл, Ак-Талаа жана Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссияларына шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында бекитилген тартипте өткөрүү тапшырылды. Маалымдама: КР БШКнын 2017-жылдын 6-январындагы №3 токтому менен бекитилген “Шаардын мэрин шайлоо тартиби жөнүндө” Жобого ылайык, шаардын мэри тиешелүү шаардык кеңештин депутаттары тарабынан алардын чакырылыш мөөнөтүнө жашырын добуш менен шайланат. Шаардын мэрине талапкерлерди көрсөтүүгө шаардык кеңештин депутаттык фракциялары жана Кыргыз Республикасынын Премьер-Министри укуктуу. Аракетке жөндөмдүү, жогорку билимдүү жана мамлекеттик же муниципалдык кызматта 3 жылдан кем эмес иш-стажысы бар, же болбосо мамлекеттик билим берүү, саламаттык сактоо мекемелеринде же жеке менчик түрүндөгү уюмдарда, мекемелерде жана чарба жүргүзүүчү субъектилерде жетекчилик кызматта 5 жылдан кем эмес иш-стажысы бар Кыргыз Республикасынын жараны шаардын мэри боло алат. Шаардын мэрине талапкерди каттоо үчүн шаардын мэрине талапкерди көрсөткөн шаардык кеңештин депутаттар фракциясы, Кыргыз Республикасынын Премьер-Министри шайлоо күнүнө чейин 5 жумушчу күндөн кечиктирбестен тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына төмөнкү документтерди берүүгө тийиш: 1) шаардын мэринин кызмат ордуна талапкерди көрсөтүү жөнүндө чечими; 2) талапкердин көрсөтүлүүгө макулдугу жөнүндө арызы; 3) талапкердин фамилиясы, аты-жөнү, туулган күнү, иштеген жери, ээлеген кызматы (ишинин түрү) жана жашаган жерин көрсөткөн өмүр баянынын маалыматтары; 4) шаардын мэринин кызмат ордуна талапкердин, бул жобонун I бөлүмүндөгү 4-пунктунда көрсөтүлгөн тиешелүү билими жана иш-стажысы бар экендигин тастыктаган документтер; 5) шаардын мэринин кызмат ордуна талапкердин соттолбогондугун же мыйзамда белгиленген тартипте соттуулугу соттун чечими менен алынып салынгандыгы же жоюлгандыгы тууралуу маалым кат. Тийиштүү аймактык шайлоо комиссиясы документтер кабыл алынгандан тартып үч календарлык күндүн ичинде шаардын мэринин кызмат ордуна талапкерди көрсөтүү тартибинин “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана ушул Жобонун талаптарына ылайык келүү тартибин текшерет жана талапкерди каттоо жөнүндө же каттоодон баш тартуу жөнүндө жүйөлүү чечим кабыл алат. Эгерде аймактык шайлоо комиссиясы шаардын мэринин кызмат ордуна талапкерди каттоо үчүн тоскоол болуп саналган талапкердин документтериндеги ылайык келбөөчүлүктү аныктаса, документтер кабыл алынгандан тартып 24 сааттын ичинде аймактык шайлоо комиссиясы талапкерди көрсөткөн шаардык кеңештин депутаттык фракциясына, талапкерди жылдырган Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине ылайык келбөөчүлүк туурасында маалымдоого милдеттүү. Талапкерди шаардын мэрине көрсөткөн шаардык кеңештин депутаттык фракциясы, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри, маалыматты алган учурдан тартып, 48 сааттын ичинде зарыл өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жана оңдолгон документтерди тийиштүү аймактык шайлоо комиссиясына берүүгө укуктуу. Шаардын мэринин кызмат ордуна талапкерди каттоодон баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынган учурда тийиштүү аймактык шайлоо комиссиясы ал кабыл алынган учурдан тартып бир сутканын ичинде талапкерди шаардын мэринин кызмат ордуна көрсөткөн шаардык кеңештин депутаттык фракциясына, Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине, аймактык шайлоо комиссиясынын баш тартуусунун негизи баяндалган чечиминин көчүрмөсүн берүүгө милдеттүү. Шаардын мэринин кызмат ордуна талапкерди каттоодон баш тартууга төмөнкүлөр негиз болот: 1) “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган көрсөтүү тартибин сактабагандык; 2) талапкердин пассивдүү шайлоо укугунун жоктугу; 3) талапкердин башка мамлекеттин жарандыгына тиешелүү экендиги; 4) талапкерди шаардын мэринин кызмат ордуна көрсөткөн субьектилер тарабынан (шаардык кеңештин депутаттык фракциясы, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри) “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 53-беренесинин 1-бөлүгүндө жана ушул Жобонун II бөлүмүнүн 9-пунктунда көрсөтүлгөн каттоо үчүн бардык зарыл документтерди бербөө; Талапкерди шаардын мэринин кызмат ордуна каттоодон баш тартуу жөнүндө чечим Борбордук шайлоо комиссиясына же сотко даттанылышы мүмкүн. Шаардын мэринин кызмат ордуна талапкер каалаган учурда, бирок добуш берүү күнүнө чейин 2 күндөн кечиктирбестен тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына жазуу жүзүндө арыз берүү менен шайлоого андан ары катышуудан баш тартууга укуктуу. Бул учурда талапкерди шаардын мэринин кызмат ордуна каттаган тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы талапкердин каттоосун жокко чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алууга милдеттүү. Талапкерди шаардын мэринин кызмат ордуна көрсөткөн шаардык кеңештин депутатттык фракциясы, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри бардык учурда, бирок добуш берүү күнүнө чейин 2 календарлык күндөн кечиктирбестен, тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына жазуу жүзүндө арыз берүү менен талапкерди кайра чакыртып алууга укуктуу. Мындай учурда тийиштүү талапкерди шаардын мэринин кызмат ордуна каттаган аймактык шайлоо комиссиясы талапкердин каттоосун жокко чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алууга милдеттүү. Ошондой эле, КР БШКнын 2017-жылдын 6-январындагы №3 токтому менен бекитилген “Айыл өкмөтүнүн башчыларын шайлоо тартиби жөнүндө” Жобого ылайык, айыл өкмөтүнүн башчысы тиешелүү айылдык кеңештин депутаттары тарабынан алардын чакырылыш мөөнөтүнө жашырын добуш менен шайланат. Айыл өкмөтүнүн башчылыгына талапкерлерди көрсөтүүгө айылдык кеңештин депутаттары (депутаты), ошондой эле райондук мамлекеттик администрациянын башчысы-аким (мындан ары райондун акими) укуктуу. Аракетке жөндөмдүү, жогорку билимдүү жана мамлекеттик же муниципалдык кызматта 2 жылдан кем эмес иш-стажысы бар, же болбосо мамлекеттик билим берүү, саламаттык сактоо мекемелеринде же жеке менчик түрүндөгү уюмдарда, мекемелерде жана чарба жүргүзүүчү субъектилерде жетекчилик кызматта үч жылдан кем эмес иш-стажысы бар Кыргыз Республикасынын жараны айыл өкмөтүнүн башчысы боло алат. Жасалган кылмышы боюнча соттуулугу бар, же мыйзамда көрсөтүлгөн тартипте соттуулугу алынбаган же жоюлбаган Кыргыз Республикасынын жараны айыл өкмөтүнүн башчысы боло албайт. Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан жаңы шайланган айылдык кеңештин биринчи отурумунан 10 күндөн кеч эмес мөөнөттө дайындалат. Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан шайлоо дайындалган күндөн баштап 20 күндүн ичинде өткөрүлөт. Борбордук шайло комиссиясынын төрагасы тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону координациялоо жана байкоо жүргүзүү үчүн Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсүн жөнөтүүгө укуктуу. Айыл өкмөтүнүн башчылыгына талапкерди каттоо үчүн талапкерди көрсөткөн айылдык кеңештин депутаттары (депутаты), ошондой эле айыл өкмөтүнүн башчылыгына талапкерди сунуш кылган райондун акими, шайлоо күнүнөн 5 күндөн кечиктирбестен тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына төмөнкү документтерди берүүгө тийиш: 1) айыл өкмөтүнүнүн башчылыгына талапкерди көрсөтүү же сунуштоо жөнүндө жазылган чечим; 2) талапкердин көрсөтүлүүгө макулдугу жөнүндө арызы; 3) талапкердин фамилиясы, аты-жөнү, туулган күнү, иштеген жери, ээлеген кызматы (ишинин түрү) жана жашаган жерин көрсөткөн өмүр баянынын маалыматтары; 4) шаардын мэринин кызмат ордуна талапкердин, бул жобонун I бөлүмүндөгү 4-пунктунда көрсөтүлгөн тиешелүү билими жана иш-стажысы бар экендигин тастыктаган документтер; 5) айыл өкмөтүнүн башчылыгына талапкердин соттолбогондугу жөнүндө маалым кат, же соттуулугу алынып салынгандыгы же мыйзамда белгиленген тартипте жоюлгандыгы тууралуу соттун чечими. Тийиштүү аймактык шайлоо комиссиясы документтер кабыл алынгандан тартып үч календарлык күндүн ичинде айыл өкмөтүнүн башчысы кызмат ордуна талапкерди көрсөтүү тартибинин “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана ушул Жобонун талаптарына ылайык келүү тартибин текшерет жана талапкерди каттоо жөнүндө же каттоодон баш тартуу жөнүндө жүйөлүү чечим кабыл алат. Эгерде аймактык шайлоо комиссиясы шаардын мэринин кызмат ордуна талапкерди каттоо үчүн тоскоол болуп саналган талапкердин документтериндеги ылайык келбөөчүлүктү аныктаса, документтер кабыл алынгандан тартып 24 сааттын ичинде аймактык шайлоо комиссиясы талапкерди көрсөткөн айылдык кеңештин депутаттарына (депутатына), ошондой эле айыл өкмөтүнүн башчылыгына талапкерди сунуш кылган райондун акимине ылайык келбөөчүлүк туурасында маалымдоого милдеттүү. Талапкерди көрсөткөн айылдык кеңештин депутаттары (депутаты), ошондой эле айыл өкмөтүнүн башчылыгына талапкерди сунуш кылган райондун акими, маалыматты алган учурдан тартып 48 сааттын ичинде зарыл өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жана оңдолгон документтерди тийиштүү аймактык шайлоо комиссиясына берүүгө укуктуу. Айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна талапкерди каттоодон баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынган учурда тийиштүү аймактык шайлоо комиссиясы ал кабыл алынган учурдан тартып бир сутканын ичинде талапкерди айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна талапкерди көрсөткөн айылдык кеңештин депутаттарына (депутатына), ошондой эле айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна талапкерди сунуштаган райондун акимине, аймактык шайлоо комиссиясынын баш тартуусунун негизи баяндалган чечиминин көчүрмөсүн берүүгө милдеттүү. Айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна талапкерди каттоодон баш тартууга төмөнкүлөр негиз болот: 1) “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган көрсөтүү тартибин сактабагандык; 2) талапкердин пассивдүү шайлоо укугунун жоктугу; 3) талапкердин башка мамлекеттин жарандыгына тиешелүү экендиги; 4) талапкерди айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна көрсөткөн субьектилер тарабынан (айылдык кеңештин депутаттары, депутаты, райондун акими) “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 53-беренесинин 1-бөлүгүндө жана ушул Жобонун II бөлүмүнүн 9-пунктунда көрсөтүлгөн каттоо үчүн бардык зарыл документтерди бербөө; Талапкерди айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна каттоодон баш тартуу жөнүндө чечим Борбордук шайлоо комиссиясына же сотко даттанылышы мүмкүн. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы бардык талапкерлерди каттагандан кийин 2 календардык күн ичинде айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону уюштурат. Айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна талапкер каалаган учурда, бирок добуш берүү күнүнө чейин 2 күндөн кечиктирбестен тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына жазуу жүзүндө арыз берүү менен шайлоого андан ары катышуудан баш тартууга укуктуу. Бул учурда талапкерди айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна каттаган тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы талапкердин каттоосун жокко чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алууга милдеттүү. Талапкерди айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна көрсөткөн айылдык кеңештин депутаттары (депутаты), айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна талапкерди сунуш кылган райондун акими бардык учурда, бирок добуш берүү күнүнө 2 календардык күндөн кечиктирбестен, тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына жазуу жүзүндө арыз берүү менен талапкерди кайра чакыртып алууга укуктуу. Мындай учурда тийиштүү талапкерди айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна каттаган аймактык шайлоо комиссиясы талапкердин каттоосун жокко чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алууга милдеттүү. КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
1 … 383 385 … 483

Акыркы жаңылыктар