КР БШК жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды өткөрүп берүү тууралуу токтом кабыл алды

27 февраля 2018

2018-жылдын 27-февралында, КР БШК Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийин турган депутаттыкка талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Араван, Кара-Кулжа, Бакай-Ата, Талас шаардык, Түп, Лейлек, Нарын шаардык жана Майлуу-Суу аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу токтом кабыл алды.

Тактап айтканда:

-Ош облусунун Араван районунун Мангыт айылдык кеңешиндеги У. Бегматов өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын токтотту, мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге –ветеринар К. Жороевге өткөрүп берилди;

-Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кеӊеш айылдык кеңешиндеги каза болгодугуна байланыштуу К.  Рысбековдун депутаттык ыйгарым укуктары токтотулду, мандат кийинки талапкер – жайыт комитетинин төрагасы Э. Чымыновго өткөрүп берилди;

-Талас облусунун Бакай-Ата районунун Ленинполь айылдык кеңешинде депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу Н. Коошбаевдин ыйгарым укуктары токтотулуп, мандат кийинки талапкер – РЭСтин  диспетчери А. Муратбековго өткөрүп берилди;

-Талас облусунун Талас шаардык кеңешиндеги “Мекеним Кыргызстан” саясий партиясынан А. Жайнаковдун каза болгодугуна байланыштуу депутаттык ыйгарым укуктары токтотулду, мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге – убактылуу иштебеген К. Токторбаевге өткөрүп берилди;

-Ысык-Көл облусунун Түп районунун Тогуз-Булак айылдык кеңешиндеги Т. Ниязов өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын токтотту, мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге – дыйкан чарбанын мүчөсү Н. Алиевге өткөрүп берилди;

-Ысык-Көл облусунун Түп районунун Ысык-Көл айылдык кеңешинде депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу  Т. Рыскуловдун ыйгарым укуктары токтотулуп, мандат кийинки талапкер – дыйкан чарбанын мүчөсү  Б. Байсеркеевге өткөрүп берилди;

-Ысык-Көл облусунун Түп районунун Ысык-Көл айылдык кеңешинде депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу  Азамат уулу Адилеттин ыйгарым укуктары токтотулуп, мандат кийинки талапкер – дыйкан чарбанын мүчөсү  Б. Бейшекеевге өткөрүп берилди;

-Баткен облусунун Лейлек районунун Ак-Суу айылдык кеңешиндеги А. Шамшидинов өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын токтотту, мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге – РЭСтин  контролеру Дж. Ахматовго өткөрүп берилди;

-Нарын облусунун Нарын шаардык кеңешиндеги “Ала-Тоо Ынтымагы” саясий партиясынан М. Жусаев өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын токтотту, мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге – НГУнун  декандын орун басары Чоробек к. А. өткөрүп берилди;

-Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаардык кеңешиндеги “КСДП” саясий партиясынан  И. Айдаралиев өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын токтотту, мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге – “МС ЭЛ” ЖЧК, газ-энергетика кызматынын жетекчиси А. Тугеловго өткөрүп берилди.

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү