Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ф.Иминовдун ыйгарым укугу мөөнөтүнөн мурда токтотулду

03 марта 2018

2018-жылдын 1-мартында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Иминов Фархат Ажмуханбетович КР БШКга жана “Республика-Ата-Журт” парламенттик фракциясына депутаттык ыйгарым укуктарын өзүнөн алып салуу жана “Республика-Ата-Журт” фракциясынан чыгуу жөнүндө арызын жөнөткөн.

Депутаттык ыйгарым укуктарын өзүнөн алып салуу жана “Республика-Ата-Журт” парламенттик фракциясынан чыгуу жөнүндө арыздын, “Республика-Ата-Журт” парламенттик фракциясынын берилген арыздын негизинде фракциянын курамынан чыгаруу жөнүндө 2018-жылдын 2-мартындагы №210 чечиминин негизинде, 2018-жылдын 3-мартында КР БШК Ф.А.Иминовдук депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө токтом кабыл алды.

КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү