Башкы Жаңылыктар

Жаңылыктар

“Ата-Мекен” саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына катталган талапкерлеринин тизмесинен Н. Бакированы  чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алынды
20.02.2018

“Ата-Мекен” саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына катталган талапкерлеринин тизмесинен Н. Бакированы чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алынды

2018-жылдын 20 февралында, КР БШК «Ата-Мекен» саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына катталган талапкерлеринин тизмесинен жеке арызынын негизинде Н. Ж. Бакированы чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алынды КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Айыл өкмөтүнүн башчыларын жана шаарлардын мэрлерин шайлоо үчүн тиешелүү жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын көпчүлүгү катышуусу жетиштүү
17.02.2018

Айыл өкмөтүнүн башчыларын жана шаарлардын мэрлерин шайлоо үчүн тиешелүү жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын көпчүлүгү катышуусу жетиштүү

Айыл өкмөтүнүн башчыларын жана шаарлардын мэрлерин шайлоо үчүн жергиликтүү кеңештин депутаттарынын көпчүлүгү катышуусу жетиштүү. Кыргыз Республикасынын тиешелүү Мыйзамы КР Жогорку Кеңеши тарабынан 15-февралда кабыл алынып, 16-февралда КР Президенти тарабынан колдоого алынды (жарыяланды жана күчүнө кирди). Кабыл алынган КРнын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” жөнүндө Мыйзамына өзгөртүүлөргө ылайык, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын башчыларын шайлоолор, эгерде жергиликтүү кеңештин депутаттарынын мурдагы редакциядагыдай үчтөн экиси эмес, көпчүлүк бөлүгү катышса шайлоо өттү деп табылат. Бул өзгөртүүлөр жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын башчыларын (айыл өкмөтүнүн башчыларын жана шаарлардын мэрлерин) жергиликтүү кеңештин депутаттары тарабынан шайлоодо пайда болуп жаткан терс натыйжалардын алдын алууга багытталган. Акыркы эки жылда 50 жергиликтүү кеңештердин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо болуп өттү, алардын көпчүлүгү жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын башчыларын шайлоодо кворумдун жок болуп калгандыгынан жергиликтүү кеңешти таркатуунун натыйжасында болду. 2018-жылдын 28-январында болуп өткөн жергиликтүү кеңештердин депутаттарын акыркы шайлоодо жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын башчыларын шайлоодо бир нече ирет кворуму жок болуп калгандыктан КР Президентинин Жарлыгы менен таркатылган 9 жергиликтүү кеңеште мөөнөтүнөн мурда шайлоо болуп өттү. Жогоруда көрсөтүлгөн себептер боюнча өткөрүлгөн мөөнөтүнөн мурда шайлоолор орчундуу мамлекеттик финансылык каражаттардын жана адам ресурстарынын жумшалуусуна алып келди, а бул болсо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердүүлүгүнө терс таасир этет. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын башчыларынын шайланбай калуусунун натыйжасында жергиликтүү коомчулуктун көйгөйлөрү узак мезгил бою чечилбей калып жатты. “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 2018-жылдын 15-февралында кабыл алынган Мыйзамдын ченемдерин ишке ашыруу максатында, бир топ жогорку юридикалык күчкө ээ болгон укуктук ченемдик актылардын негизинде жана аларды аткаруу үчүн, “Шаардын мэрин шайлоо тартиби жөнүндө”, “Айыл өкмөтүнүн башчыларын шайлоо тартиби жөнүндө” КР БШКнын Жоболоруна тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилди. КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Жети айыл өкмөт башчысынын шайлоосу дайындалды
17.02.2018

Жети айыл өкмөт башчысынын шайлоосу дайындалды

Жети айыл өкмөт башчысынын шайлоосу дайындалды: - Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кара-Жыгач айыл өкмөтү; - Чүй облусунун Кемин районунун Кара-Булак айыл өкмөтү; - Чүй облусунун Кемин районунун Көк-Ойрок айыл өкмөтү; - Чүй облусунун Москва районунун Александровка айыл өкмөтү; - Ысык-Көл облусунун Тоӊ районунун Кажы-Сай айыл өкмөтү; - Ош облусунун Кара-Суу районунун Ак-Таш айыл өкмөтү; - Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Т.Балтагулов атындагы айыл өкмөтү. 2018-жылдын 17- февралында КР БШК айрым жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аткаруу бийлигинин башчыларын шайлоосун дайындоо тууралуу токтомду кабыл алды. 2018-жылдын 13-февралына дайындалган Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Т.Балтагулов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо биринчи турда бардык талапкерлер добуштардын тең санын алып калгандыгына байланыштуу өтпөй калды. 2018-жылдын 12-февралында жаңы шайланган (2018-жылдын, 28-январы) Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кара-Жыгач айылдык кеңешинин биринчи сессиясы өттү. Кеңештин төрагасы болуп Каратаев Эмилбек Балтабаевич шайланды. 2018-жылдын 12-февралында жаңы шайланган (2018-жылдын, 28-январы) Чүй облусунун Кемин районунун Кара-Булак айылдык кеңешинин биринчи сессиясы өттү. Кеңештин төрагасы болуп Кубалдиев Алмаз Медетович шайланды. 2018-жылдын 12-февралында жаңы шайланган (2018-жылдын, 28-январы) Ысык-Көл облусунун Тоӊ районунун Кажы-Сай айылдык кеңешинин биринчи сессиясы өттү. Кеңештин төрагасы болуп Омуров Рустам Курмангазиевич шайланды. 2018-жылдын 15-февралында жаңы шайланган (2018-жылдын, 28-январы) Чүй облусунун Москва районунун Александровка айылдык кеңешинин биринчи сессиясы өттү. Кеңештин төрагасы болуп Койчуманов Сталбек Урушбекович шайланды. 2018-жылдын 15-февралында жаңы шайланган (2018-жылдын, 28-январы) Чүй облусунун Кемин районунун Көк-Ойрок айылдык кеңешинин биринчи сессиясы өттү. Кеңештин төрагасы болуп Токомбаев Эржан Кемелович шайланды. 2018-жылдын 16-февралында жаңы шайланган (2018-жылдын, 28-январы) Ош облусунун Кара-Суу районунун Ак-Таш айылдык кеңешинин биринчи сессиясы өттү. Кеңештин төрагасы болуп Акимов Бекназар Таалайбекович шайланды. "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык айыл өкмөтүнүн башчыларын шайлоо Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан жаңы шайланган айылдык кеңештин биринчи сессиясынын күнүнөн тартып 10 календардык күндөн кечиктирбестен дайындалат жана аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан шайлоо дайындалган күндөн тартып 20 календардык күндүн ичинде өткөрүлөт. Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кара-Жыгач, Чүй облусунун Кемин районунун Кара-Булак, Көк-Ойрок, Москва районунун Александровка, Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Кажы-Сай, Ош облусунун Кара-Суу районунун Ак-Таш айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо 2018-жылдын 7-мартына дайындалды: Кара-Жыгач, Көк-Ойрок, Александровка, Кажы-Сай, Ак-Таш айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо саат 9-00дөн 12-00гө чейин; Кара-Булак айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо саат 15-00дөн 18-00гө чейин өткөрүлөт. Ошондой эле, Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Т.Балтагулов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысын жаңы талапкерлерди көрсөтүү менен, кайра шайлоо 2018-жылдын 2- мартына дайындалды жана саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлөт. "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык, айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо жергиликтүү кеңештин депутаттары тарабынан жашыруун добуш берүү жолу менен жүзөгө ашырылат. "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 48-беренесине ылайык жогорку билими жана мамлекеттик же болбосо муниципалдык кызматта 2 жылдан кем эмес иш стажы, же болбосо билим берүүнүн, саламаттык сактоонун мамлекеттик мекемелеринде же уюмдардын, мекемелердин жана жеке менчик чарбакер субъекттердин жетекчилик кызматтарында 3 жылдан кем эмес иш стажы бар аракетке жөндөмдүү Кыргыз Республикасынын жараны айыл өкмөтүнүн башчысы боло алат. Кылмыш жасагандыгы үчүн мыйзамдарда белгиленген тартипте алып салынбаган же жоюлбаган соттуулугу бар Кыргыз Республикасынын жараны айыл өкмөтүнө башчы болушу мүмкүн эмес. Шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык уюштуруп, өткөрүү милдети Аксы, Кемин, Москва, Тоӊ, Кара-Суу жана Ала-Бука аймактык шайлоо комиссиясына тапшырылды. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды өткөрүп берүү тууралуу токтом кабыл алды
17.02.2018

КР БШК жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды өткөрүп берүү тууралуу токтом кабыл алды

2018-жылдын 17-февралында КР БШКнын отурумунда Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийин турган депутаттыкка талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Ош, Кара-Суу жана Ноокат аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу токтом кабыл алды. Тактап айтканда: -Ош шаардык кеңешиндеги “Мекеним Кыргызстан” саясий партиясынан Ч. Аматов өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын токтотту, мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге – ОшМУнун улук окутуучусу О. Абдрахмановго өткөрүп берилди; -Ош облусунун Кара-Суу районунун Шарк айылдык кеңешинде депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу И. Мамажановдун ыйгарым укуктары токтотулуп, мандат кийинки талапкер – “Тажибай” дыйкан чарбасынын башчысы М. Маматкуловго өткөрүп берилди; - Ош облусунун Ноокен районунун Ноокен шаардык кеңешиндеги “Республика” саясий партиясынан Х. Абдуллаева өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын токтотту, мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге –“Фаят” дыйкан чарбасынын башчысы Р. Тешебаевге өткөрүп берилди; -Ош облусунун Ноокен районунун Кок-Жар айылдык кеңешиндеги И. Калбаев өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктардын токтоттуу, мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге – Жайыт комитетинин төрагасы А. Карабаевге өткөрүп берилди. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдор бекитилди
17.02.2018

Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдор бекитилди

2018-жылдын 17-февралындагы отурумунда 2018-жылдын 12-февралында өткөн Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо тууралуу протоколдору бекитилди. Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы болуп Чилпаков Темирбек Осмоналиевич таанылды. Жумгал аймактык шайлоо комиссиясы шайланган башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү тапшыруу жүктөлдү. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын эмгек жамааты Нусубалиев Абылгазы Бешкемпировичге көңүл айтат
17.02.2018

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын эмгек жамааты Нусубалиев Абылгазы Бешкемпировичге көңүл айтат

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын эмгек жамааты КР БШКнын Талас аймактык шайлоо комиссиясындагы атайын өкүлү Нусубалиев Абылгазы Бешкемпировичтин атасы Нусубалиев Бешкемпир мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтып, орду толгус аза-кайгысын тең бөлүшөт.
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасында шайлоо процесстерине жарандардын инклюзивдүүлүгүн жогорулатуу боюнча кабыл алынган чаралар жөнүндө үчүнчү айкын аналитикалык отчет
15.02.2018

Кыргыз Республикасында шайлоо процесстерине жарандардын инклюзивдүүлүгүн жогорулатуу боюнча кабыл алынган чаралар жөнүндө үчүнчү айкын аналитикалык отчет

Кыргыз Республикасында шайлоо процесстерине жарандардын инклюзивдүүлүгүн жогорулатуу боюнча кабыл алынган чаралар жөнүндө үчүнчү айкын аналитикалык отчет Кыргыз Республикасы менен Европа биримдигинин ортосундагы Финансылык келишимди ишке ашыруунун алкагында “Шайлоо системасын реформалоо аркылуу демократияны бекемдөө (DCI-ASIE/2015/038-149) – секторун реформалоо гранты” Программасы боюнча (мындан ары – Программа) даярдалды. Программа Европа Комиссиясынын чечими менен 2015-жылдын декабрында кабыл алынып, кыргыз тарап 2016-жылдын 19-апрелинде Бишкек шаарында кол койгон. Кыргыз Республикасында демократиялуу шайлоо системасын куруу жана шайлоо процесстерине жана референдумдарга катышууга жарандардын максималдуу тартылуусу – Программанын алкагында жүргүзүлүп жаткан этаптык иштердин жыйынтыгы болуп калуусу керек. Үчүнчү отчетто Кыргыз Республикасынын шайлоо системасына ишенимди мындан ары жогорулатууга жана Кыргыз Республикасындагы шайлоо процесстерине жарандардын жалпы инклюзивдүүлүгүн камсыз кылууга багытталган Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Мамлекеттик каттоо кызматынын биргелешкен ишмердүүлүгүнө жүргүзүлгөн талдоо берилген. Талдоо 2017-жылдын 15-октябрында болуп өткөн Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоонун жыйынтыгы боюнча Бишкек жана Ош шаарлары, республиканын облустары боюнча бөлүнгөн, курак-жаш тайпаларын жана жынысын эске алуу менен даярдалган сандык көрсөткүчтөр боюнча даярдалган. Үчүнчү отчет болуп өткөн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоонун (2015-жылдын 4-октябры), Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча Референдумдун (2016-жылдын 11-декабры) натыйжалары боюнча Мамлекеттик каттоо кызматы тарабынан жарыяланган Аналитикалык отчеттордун негизинде даярдалды. Үчүнчү отчет 2017-жылдын 15-октябрына карата түзүлгөн маалыматтарга негизделди. Үчүнчү отчет БШКнын http://shailoo.gov.kg жана МККнын http://grs.gov.kg расмий сайттарына жарыяланды. Отчеттун кагаз түрү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине жана башка кызыкдар тараптарга берилди. Тиркеме
Кененирээк билүү >>
2018-жылдын 14-февралында аймактык шайлоо комиссияларынын резервин жана курамын түзүү боюнча чүчүкулак болуп өттү
15.02.2018

2018-жылдын 14-февралында аймактык шайлоо комиссияларынын резервин жана курамын түзүү боюнча чүчүкулак болуп өттү

2018-жылдын 14-февралында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясында саясий партиялар көрсөткөн аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн санынан каралгандан ашыкча сунушталган саны боюнча чүчүкулак болуп өттү. Аймактык шайлоо комиссияларынын резервине саясий партиялардан көрсөтүлгөн талапкерлерден түшкөн документтерди объективдүү жана кылдат карап чыгуу максатында жумушчу топ түзүлүп, ага төмөнкүлөр кирди: А.Г.Бекматов – жумушчу топтун жетекчиси, КР БШКнын төрагасынын орун басары; М.А.Коңурбаев – КР БШКнын аппаратынын шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы; А.Н.Өмүралиев – КР БШКнын аппаратынын шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын шайлоолорду уюштурүү бөлүмүнүн башчысы; Э.Т.Мырзакматова - КР БШКнын аппаратынын шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын шайлоолорду уюштурүү бөлүмүнүн эксперти; М.А.Камчибекова – КР БШКнын укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу; Дамир к.А. – КР БШКнын мамлекеттик кызмат жана кадр иштери бөлүмүнүн эксперти. Чүчүкулакта аймактык шайлоо комиссияларынын курамына жана резервине өз талапкерлерин көрсөткөн 24 саясий партиянын өкүлдөрү катышты. «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесиндеги 1-бөлүгүнө ылайык, аймактык шайлоо комиссиялары эки жылдык мөөнөткө саясий партиялардын өкүлдөрүнүн экиден биринин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын өкүлдөрүнүн экиден биринин курамында түзүлөт. Чүчүкулак 5 аймактык шайлоо комиссияларында болуп өттү, аларга төмөнкү сандагы саясий партиялар документтерди тапшырышты: 1. Бишкек аймактык шайлоо комиссиясына – 16 саясий партия; 2. Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссиясына – 9 саясий партия; 3. Жети-Өгүз шайлоо комиссиясына – 7 саясий партия; 4. Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясына – 7 саясий партия; 5. Нарын аймактык шайлоо комиссиясына – 7 саясий партия. Ошондой эле 46 аймактык шайлоо комиссияларына саясий партиялар 6дан ашпаган өкүл көрсөтүлдү, алар аймактык шайлоо комиссияларынын курамына автоматтык түрдө кирет. КР БШКнын аппаратынын маалыматтык  бөлүмү
Кененирээк билүү >>
2018-жылдын 28-январындагы кээ бир жергиликтүү кеңештерге шайлоолорду даярдоо жана өткөрүү мезгилинде келип түшкөн даттануулар жана арыздар боюнча отчет
14.02.2018

2018-жылдын 28-январындагы кээ бир жергиликтүү кеңештерге шайлоолорду даярдоо жана өткөрүү мезгилинде келип түшкөн даттануулар жана арыздар боюнча отчет

2018-жылдын 28-январындагы жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүүгө 9 аймактык жана 56 участкалык шайлоо комиссиялары тартылган. Борбордук шайлоо комиссиясында, Таш-Көмүр, Аксы, Жайыл, Кемин, Москва, Ак-Талаа, Кара-Суу, Араван жана Тоң аймактык шайлоо комиссияларында шайлоо эркиндигин, шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъектилеринин конституциялык укуктарын сактоо жана ишке ашырууну камсыз кылууга кепилдик берүү, мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, алардын кызмат адамдарынын, шайлоо комиссияларынын, саясий партиялардын, башка органдардын жана уюмдардын иш-аракетине (аракетсиздигине) же чечимине каршы даттануу мүмкүнчүлүгүн түзүү максатында, шайлоочулардан жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынан түшкөн арыздарды, даттанууларды карап чыгуу үчүн Жумушчу топтор түзүлдү. Үгүт жүргүзүү процессинде жарандардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын шайлоо укуктарын сактоо, Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарынын талаптарын сактоо, шайлоочулардын аң-сезимдүү эркин билдирүүсүн жана шайлоолордун ачык-айкындуулугун камсыз кылуу максатында аталган шайлоо комиссияларында шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн эрежелерин сактоону контролдоо боюнча Жумушчу топтор түзүлгөн. Пайда болгон маселелерди ыкчам жөнгө салуу, табылган шайлоо мыйзамдарын бузууларды өз убагында четтетүү максатында арыз берүүчүлөр, тиешелүү жергиликтүү кеңештерге депутаттыкка талапкерлердин өкүлдөрү, байкоочулар жана жалпыга маалымдоо каражаттары менен өз ара аракеттешүүгө жооптуу болгон шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү жана борбордук аппараттын кызматкерлери аныкталды. 2018-жылдын 28-январында болуп өткөн жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде, аймактык шайлоо комиссияларына баары болуп 5 даттануу жана арыздар келип түштү. Шайлоолорду даярдоо мезгилинде Жайыл аймактык шайлоо комиссиясына “Элдик-Народная” саясий партиясынан 2 арыз келип түшкөн. Биринчиси, “odnoklassniki.ru” социалдык тармагына жарыяланган маалымат боюнча болгон. Социалдык тармактар жалпыга маалымдоо каражаттарына кирбегендигине байланыштуу, ошондой эле бул нерсе шайлоо мыйзамдары менен жөнгө салынбай тургандыктан, арыз ээсине “жарыяланган маалыматты мыйзамда белгиленген тартипте ырастоо мүмкүнчүлүгү жок” деген жооп жөнөтүлдү. Экинчи арыз, Кара-Балта шаарында №7 “Ак-Шумкар” саясий партиясынын үгүт баннерлери алынбагандыгы жөнүндө болгон. Бул катар номер “Ак-Шумкар” саясий партиясына 2017-жылдын май айында болуп өткөн Кара-Балта шаардык кеңешине шайлоо учурунда берилген болчу. Ал эми учурдагы шайлоодо чүчүкулактын жыйынтыгы боюнча №7 катар номери “Элдик-Народная” саясий партиясына ыйгарылган. Жайыл аймактык шайлоо комиссиясы Кара-Балта шаарынын мэриясына айтылган баннерлерди алып салуу боюнча кат жолдоду. 2018-жылдын 29, 31-январында Тоң аймактык шайлоо комиссиясына 3 арыз келип түштү. Эки арыз “Демократия жана жарандык коом үчүн коалиция” КУ байкоочусу З.Оторбаевадан Мамкаттоонун кызматкеринин жана Кажы-Сай айыл өкмөтүнүн катчысынын иш-аракети боюнча. Биринчи арызды кароонун натыйжасында МККнын Тоң райондук башкармалыгы тарабынан МКК кызматкери-№3207 УШКнын операторуна эскертүү берилди. Ошондой эле Тоң райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан Кажы-Сай айыл өкмөтүнүн катчысына эскертүү берилди. Үчүнчү арыз Кажы-Сай айылдык аймагынын жашоочусу Н.Байгазиевадан айылдык кеңештин депутаттыгына талапкердин иш-аракети боюнча келип түштү. Арыздануучу билдиргендей, талапкер шайлоо күнү үгүт иштерин жүргүзгөн. Арызда көрсөтүлгөн далилдердин негизсиздигинен, Тоң аймактык шайлоо комиссиясы арызды канааттандыруудан баш тартуу жөнүндө чечим чыгарды. Белгилей кетчү нерсе, бир да арыз айылдык кеңештердин депутаттарын шайлоонун жыйынтыгына таасир эте алган жок. Борбордук шайлоо комиссиясына арыз жана даттануулар келип түшкөн жок, кээ бир жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоолордун протоколдорун бекитүү боюнча аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдери белгиленген тартипте даттанылган жок. Арыз жана даттануулардын реестри менен төмөнкү шилтеме боюнча тааныша аласыз: https://www.shailoo.gov.kg/ru/registry/claim/6/4/
Кененирээк билүү >>
Үч айыл өкмөттүн шайлоосу дайындалды
12.02.2018

Үч айыл өкмөттүн шайлоосу дайындалды

Үч айыл өкмөттүн шайлоосу дайындалды: -Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Темир айыл өкмөтү -Чүй облусунун  Кемин районунун  Жаны-Алыш айыл өкмөтү -Ош облусунун Араван районунун С.Юсупова айыл өкмөтү. 2018-жылдын 12-февралында КР БШК айрым жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аткаруу бийлигинин башчыларын шайлоосун дайындоо тууралуу токтомду кабыл алды. Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Темир айыл өкмөтүнүн башчысы ээлеген кызматынан бошотулгандыгына байланыштуу, 2018-жылдын 2-мартында саат 9:00дөн 12:00гө чейин Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Темир айыл өкмөтүнүн башчысысын шайлоо дайындалды. 2018-жылдын 9-февралында жаңы шайланган (2018-жылдын, 28-январы) Чүй облусунун  Кемин районунун  Жаны-Алыш айылдык кеңешинин биринчи сессиясы өттү. Кеңештин төрагасы болуп Мамбеткулов Кайрат Жакшылыкович шайланды. 2018-жылдын 10-февралында жаңы шайланган (2018-жылдын, 28-январы) Ош облусунун Араван районунун С.Юсупова айылдык кеңешинин биринчи сессиясы өттү. Кеңештин төрагасы болуп Нарматов Канаатбек Атабаевич шайланды. "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык айыл өкмөтүнүн башчыларын шайлоо Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан жаңы шайланган айылдык кеңештин биринчи сессиясынын күнүнөн тартып 10 календардык күндөн кечиктирбестен дайындалат жана аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан шайлоо дайындалган күндөн тартып 20 календардык күндүн ичинде өткөрүлөт. Чүй облусунун  Кемин районунун  Жаны-Алыш айыл өкмөтү жана Ош облусунун Араван районунун С.Юсупова айыл өкмөтүнүн башчыларын шайлоо 2018-жылдын 24-фералында саат 9:00дөн 12:00гө чейин өткөрүү дайындалды. "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык, айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо жергиликтүү кеңештин депутаттары тарабынан жашыруун добуш берүү жолу менен жүзөгө ашырылат. "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 48-беренесине ылайык жогорку билими жана мамлекеттик же болбосо муниципалдык кызматта 2 жылдан кем эмес иш стажы, же болбосо билим берүүнүн, саламаттык сактоонун мамлекеттик мекемелеринде же уюмдардын, мекемелердин жана жеке менчик чарбакер субъекттердин жетекчилик кызматтарында 3 жылдан кем эмес иш стажы бар аракетке жөндөмдүү Кыргыз Республикасынын жараны айыл өкмөтүнүн башчысы боло алат. Кылмыш жасагандыгы үчүн мыйзамдарда белгиленген тартипте алып салынбаган же жоюлбаган соттуулугу бар Кыргыз Республикасынын жараны айыл өкмөтүнө башчы болушу мүмкүн эмес. Шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык уюштуруп, өткөрүү милдети Ысык-Көл, Кемин жана Араван аймактык шайлоо комиссиясына тапшырылды. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Айрым жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдор бекитилди
12.02.2018

Айрым жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдор бекитилди

2018-жылдын 12-февралындагы отурумунда 2018-жылдын 2-февралында өткөн Кыргыз Республикасынын айрым жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аткаруу бийлигинин башчыларын шайлоо тууралуу протоколдору бекитилди: -Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы болуп Мавлянов Райымжан Абишович; -Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Өрүктү айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы болуп Кийикбаев Рустам Нарпайович; -Баткен облусунун Кадамжай районунун Алга айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы болуп Дыканов Жыргалбек Рахманович таанылды. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды өткөрүп берүү тууралуу токтом кабыл алды
12.02.2018

КР БШК жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды өткөрүп берүү тууралуу токтом кабыл алды

2018-жылдын 12-февралында КР БШКнын отурумунда Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийин турган депутаттыкка талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Араван, Баткен шаардык, Кадамжай жана Токмок аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу токтом кабыл алды. Тактап айтканда: -Ош облусунун Араван районунун Нурабад айылдык кеңешиндеги И. Шамшидинов өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктардын токтоттуу, аталган округда кийинки талапкерлер жок болгондугуна байланыштуу, мыйзамга ылайык жергиликтүү кеңештин мөөнөтү бүткөнгө чейин мандат бош турат; -Баткен облусунун Баткен шаардык кеңешиндеги “Өнүгүү Прогресс” саясий партиясынан Давлятбек у. Ч. өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын токтотту, мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге – А.Жайнаков атындагы музыкалык драмтеатрынын артисти Б. Жамантаевага өткөрүп берилди; -Баткен облусунун Кадамжай районунун Кыргыз-Кыштак айылдык кеңешинде депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу Ш. Жороевдин ыйгарым укуктары токтотулуп, мандат кийинки талапкер – “Карасаадак” дыйкан чарбасынын мүчөсү М. Абылгазыевге өткөрүп берилди; - Чүй облусунун Токмок шаардык кеңешиндеги “КСДП” саясий партиясынан М. Жусупов өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын токтотту, мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге – ЖЧК “Дентал-Сервистин” директору Ж. Киртеновго өткөрүп берилди. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
2018-жылдын 28-январында мөөнөтүнөн мурда өткөн Кара-Балта шаардык кеңешинин жана Таш-Көмүр шаардык кеңешинин депутаттарынын шайлоосунун добуш берүүсүнүн жыйынтыгынын протоколу бекитилди
06.02.2018

2018-жылдын 28-январында мөөнөтүнөн мурда өткөн Кара-Балта шаардык кеңешинин жана Таш-Көмүр шаардык кеңешинин депутаттарынын шайлоосунун добуш берүүсүнүн жыйынтыгынын протоколу бекитилди

Бүгүн, 2018-жылдын 6-февралында КР БШКнын жыйынында, 2018-жылдын 28-январында мөөнөтүнөн мурда өткөн Кара-Балта шаардык кеңешинин жана Таш-Көмүр шаардык кеңешинин депутаттарынын шайлоосунун добуш берүүсүнүн жыйынтыгынын протоколун карап, бекитти. Кара-Балта шаардык кеңешине жалпысынан  8 саясий партия ат салышты.  31 мандат үчүн 7% барьерден 4 саясий партия өтүп, мандаттар төмөнкүдөй бөлүштүрүлдү: 1. “КСДП” – 33,33% (12 мандат); 2. “ЭлАман” – 21,08% (7 мандат); 3. “Мекеним Кыргызстан” – 19,95% (7 мандат); 4. “Элдик-Народная” – 15,8% (5 мандат). Жалпы шайлоочулардын саны 24379, анын ичинен 14722 шайлоочу добуш берген. Бул жалпы шайлоочулардын 60,39% түзөт. Ошондой эле, Таш-Көмүр шаардык кеңешине 7 саясий партия ат салышкан. Жыйынтыгында, жогорудагыдай эле  31 мандат үчүн 7% барьерди 5 саясий партия ашып өткөн. Бул жакта мандаттар төмөнкүдөй бөлүштүрүлдү: 1. “Мекеним Кыргызстан” – 30,3% (10 мандат); 2. КСДП – 24,7% (9 мандат); 3. “Ата-Журт” – 12,2% (4 мандат); 4. “Таш-Көмүр жаштары” – 11,2% (4 мандат); 5. “Өнүгүү-Прогресс” – 10,4% (4 мандат). Жалпы шайлоочулардын саны 19658, анын ичинен 10561 шайлоочу добуш берген. Бул жалпы шайлоочулардын 53,7% түзөт КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК 2018-жылдын 28-январында өткөн айрым жергиликтүү кеңештин депутаттарынын шайлоосунун жыйынтыгын бекитүү тууралуу протоколун бекитүү жөнүндө токтом кабыл алды
06.02.2018

КР БШК 2018-жылдын 28-январында өткөн айрым жергиликтүү кеңештин депутаттарынын шайлоосунун жыйынтыгын бекитүү тууралуу протоколун бекитүү жөнүндө токтом кабыл алды

2018-жылдын 6-февралында КР БШК  2018-жылдын 28-январында Ысык-Көл, Чүй, Жалал-Абад, Ош, Нарын облустарында өткөн айрым жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун жыйынтыгы тууралуу протоколду  карап, бекитти. Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын кезектеги шайлоосу Ысык-Көл облусу, Тоң району Кажы-Сай айылдык кеңеши Чүй облусу, Кемин району Жаңы-Алыш айылдык кеңеши Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын мөөнөтүнөн мурда шайлоосу Жалал-Абад облусу, Аксы району Кара-Жыгач айылдык кенеши Чүй облусу, Кемин району  Кара-Булак айылдык кенеши Көк-Ойрок айылдык кенеши Чүй облусу, Москва району Александровка айылдык кенеши Ош облусу,  Араван району  С.Юсупов айылдык кеңеши Ош облусу, Кара-Суу району  Ак-Таш айылдык кеңеши Нарын облусу, Ак-Талаа району  Тоголок-Молдо айылдык кеңеши Шайлоо күнү, ар бир шайлоо участкасында добуш берүүнүн  башталышынан жыйынтыгы чыкканга чейин саясий партиянын жана коомдук уюмдардын байкоочулары катышып отурушту. КР БШКнын аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды өткөрүп берүү тууралуу токтом кабыл алды
06.02.2018

КР БШК жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды өткөрүп берүү тууралуу токтом кабыл алды

2018-жылдын 6-февралында КР БШКнын отурумунда Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийин турган депутаттыкка талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Базар-Коргон, Кара-Суу, Алай, Москва, Жумгал жана Кемин аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу токтом кабыл алды. Тактап айтканда: -Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Кызыл-Үнкүр айылдык кеңешинде депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу А. Кадыровдун ыйгарым укуктары токтотулуп, мандат кийинки талапкер – Кызыл-Үнкүр токой чарбасынын токойчусу М. Кадыровго өткөрүп берилди; -Ош облусунун Кара-Суу районунун Жоош айылдык кеңешиндеги А. Мамадалиев өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын токтотту, мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге – жеке ишкер Ж. Усонбаевге өткөрүп берилди; -Ош облусунун Кара-Суу районунун Савай айылдык кеңешиндеги К. Абдуллаев өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын токтотту, мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге – Кара-Суу райондук маданият үйүнүн директору С. Кошбаевге өткөрүп берилди; -Ош облусунун Кара-Суу районунун Кашкар-Кыштак айылдык кеңешиндеги Б. Жунусов өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын токтотту, мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге – А.Эшматов атындагы орто мектеби, мугалими Г. Токобаевага өткөрүп берилди; -Ош облусунун Алай районунун Бүлөлү айылдык кеңешинде депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу Д. Балтабаевдин ыйгарым укуктары токтотулуп, мандат кийинки талапкер – Нарматов атындагы орто мектеби, мугалими А. Токтосуновага өткөрүп берилди; -Ош облусунун Алай районунун Жошолу айылдык кеңешинде депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу Мирланбек у. А. ыйгарым укуктары токтотулуп, мандат кийинки талапкер – убактылуу иштебеген Т. Бердиевге өткөрүп берилди; -Ош облусунун Алай районунун Корул айылдык кеңешинде депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу А. Ысаковдун ыйгарым укуктары токтотулуп, мандат кийинки талапкер – убактылуу иштебеген Н. Ташкуловго өткөрүп берилди; -Ош облусунун Алай районунун Сары-Могол айылдык кеңешинде депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу А. Нурмаматовдун ыйгарым укуктары токтотулуп, мандат кийинки талапкер – Алымсеитов атындагы орто мектеби, мугалими Ш. Турдубаевге өткөрүп берилди; -Чүй облусунун Москва районунун Петровка айылдык кеңешиндеги Э. Абдылдабеков өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын токтотту, мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге – “Таза Петровка” чакан ишканасы, чарба башчысы А. Мукеевге өткөрүп берилди; - Чүй облусунун Кемин шаардык кеңешиндеги “КСДП” саясий партиясынан Г. Ибраимова өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын токтотту, мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге –фермер Р. Ибраимовго өткөрүп берилди. -Нарын облусунун Жумгал районунун Миң-Куш айылдык кеңешинде депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу Акылбек у. С. ыйгарым укуктары токтотулуп, мандат кийинки талапкер – Э.Акматалиев атындагы маданият үйүнүн башчысы А. Жапаровго өткөрүп берилди; КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК Нарын облусунун Жумгал районунун Кабак айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындады
06.02.2018

КР БШК Нарын облусунун Жумгал районунун Кабак айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындады

2018-жылдын 6-февралындагы КР БШКнын отурумунда Нарын облусунун Жумгал районунун Кабак айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындоо жөнүндө чечим кабыл алынды. Кабак айыл өкмөтүнүн башчысы  Мирлан Шейшенов өз арызы менен  ээлеген кызматынан бошотулган. Ушуга  байланыштуу 2018-жылдын 22-февралында саат 9:00дөн 12:00гө чейин Кабак айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо дайындалды. Шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык  уюштуруп өткөрүү  милдети  Жумгал аймактык шайлоо комиссиясына  тапшырылды.   КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
1 … 384 386 … 483

Акыркы жаңылыктар