Башкы Жаңылыктар

Жаңылыктар

КР БШК Нурланбек Кадыкеевдин үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, орду толгус аза кайгысын тең бөлүшөт
15.06.2018

КР БШК Нурланбек Кадыкеевдин үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, орду толгус аза кайгысын тең бөлүшөт

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Нурланбек Кадыкеевдин мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, орду толгус аза кайгысын тең бөлүшөт. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
Кененирээк билүү >>
-
15.06.2018

-

-
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын улуу болгон Орозо айт майрамы менен куттуктоосу
14.06.2018

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын улуу болгон Орозо айт майрамы менен куттуктоосу

Урматтуу Кыргызстандыктар! Ардактуу мусулмандар! Баарыңыздарды мусулмандардын улуу майрамы болгон Орозо айтыңыздар менен куттуктайбыз! Орозо - адамдын ички дүйнөсүн тазартып жана адам баласын ыплас нерселерден тазаланууга багыттап, сабырдуулукка үндөгөн мезгил. Бизге өмүр берген Жаратканга тобо кылып, шүгүрчүлүк келтирүү момун мусулмандын парзы. Ислам – тынчтыктын, ынтымактын жана жаратмандыктын дини. Андыктан ар бир мусулман баласы сабырдуулуктун, адептүүлүктүн жана маданияттын өрнөгүн көрсөтүшү керек! Улуу Орозо айт майрамын жакындарыңыз менен бирге жаркын маанайда өткөрүүңүздөрдү каалайбыз. Үйүңүздөргө кут конуп, аман-эсен, бак-таалайлуу болуңуздар! Жараткан элибизге ынтымак, жергебизге береке берсин! Айтыңыздар маарек болсун! Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын бошогон мандаты Б.Турусбековго берилди
14.06.2018

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын бошогон мандаты Б.Турусбековго берилди

2018-жылдын 14-июнунда КР БШК Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊештин депутатынын бош калган мандатын “Бир Бол” Мамлекеттик биримдик жана мекенчилдик саясий партиясынан талапкерлердин тизмеси боюнча кийинки кезекте турган Турусбеков Бактыбек Сагындыковичке өткөрүп берүү жөнүндө токтом кабыл алды. Ага Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын күбөлүгү жана төш белгиси берилди. КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты И.Чудиновдун ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн  мурда токтотулду
14.06.2018

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты И.Чудиновдун ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 73-беренесинин 3-бөлүгүнүн 6-пунктуна, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 65–беренесинин 4-бөлүгүнүн 5-пунктуна, «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-бөлүгүнүн 7-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын ыйгарым укуктары ага карата соттун айыптоо өкүмү мыйзамдуу күчүнө кирген учурдан тартып мөөнөтүнөн мурда токтотулат. Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун 2017-жылдын 19-декабрындагы өкүмү менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Чудинов Игорь Витальевич Кыргыз Республикасынын Кылмыш-Жаза Кодексинин 304-беренесинин 4-бөлүгү менен каралган кылмышты жасоого күнөөлүү деп табылып, жаза катары 50 000 (элүү миң) эсептик көрсөткүч өлчөмүндө, башкача айтканда 5 000 000 (беш миллион) сом айып салынган. 2018-жылдын 1-июнунда Бишкек шаардык сотунун кылмыш иштери жана административдик укук бузуулар боюнча соттук коллегиясынын өкүмү менен Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты И.В.Чудиновко карата 2017-жылдын 19-декабрындагы айыптоо өкүмү өзгөртүүсүз калтырылган. Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодексинин 359-беренесине ылайык, апелляциялык инстанциядагы соттун өкүмү ал жарыяланган учурдан тартып мыйзамдуу күчүнө кирет. Бишкек шаардык сотунун 2018-жылдын 1-июндагы өкүмү менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты И.В.Чудиновко карата Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун 2017-жылдын 19-декабрындагы өкүмү мыйзамдуу күчүнө кирген. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 73-беренесинин 1-бөлүгүнүн экинчи абзацына ылайык, «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнөн мурда токтотулушу, негиз келип чыккан күндөн тартып 30 календардык күндөн кечиктирилбестен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы тарабынан кабыл алган чечим менен жүзөгө ашырылат. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 100-беренесине, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодексинин 360-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын сотторунун мыйзамдуу күчүнө кирген актылары бардык мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, юридикалык жактар, коомдук бирикмелер, кызмат адамдары жана жеке жактар үчүн милдеттүү болуп эсептелет жана республиканын бардык аймагында аткарылууга жатат. Жогоруда баяндалгандардын негизинде, 2018-жылдын 14-июнунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты И.В. Чудиновдун ыйгарым укуктарын мөөнүнөн мурда токтотуу боюнча токтом кабыл алды. КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына катталган талапкерлеринин тизмесинен Н.Мирзахмедовду  чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алды
14.06.2018

КР БШК Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына катталган талапкерлеринин тизмесинен Н.Мирзахмедовду чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алды

Бүгүн, 2018-жылдын 14 июнундагы отурумунда, КР БШК “Бир-Бол” Мамлекеттик биримдик жана мекенчилдик саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына катталган талапкерлеринин тизмесинен жеке арызынын негизинде Мирзахмедов Нурболот Сабиржановичти чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алынды. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
14.06.2018

КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

2018-жылдын 14-июнунда КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийин турган депутаттыкка талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Бишкек, Сузак, Базар-Коргон, Кара-Суу, Чоң-Алай жана Нарын аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитти. Ошентип: -Бишкек шаардык кеңешиндеги “Өнүгүү-Прогресс” партиясынан депутат А.Куламбаева өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, мандат кийинки талапкер – З.Жумалиевге өткөрүлүп берилди; -Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Көк-Жаӊгак айылдык кеңешиндеги депутат Ж.Мамасадыков өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, мандат кийинки талапкер –Дж. Аширбаевге өткөрүлүп берилди; -Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Таш-Булак айылдык кеңешиндеги депутат Т.Бааев өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, мандат кийинки талапкер –Х.Эшмуратовага өткөрүлүп берилди; -Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Таш-Булак айылдык кеңешиндеги депутат А.Эргашев өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, мандат кийинки талапкер –Н. Мамаевге өткөрүлүп берилди; -Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Акман айылдык кеңешиндеги депутат К. Шайдилдаева депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу ыйгарым укуктары токтотулуп, мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге –М. Арыкбаевге өткөрүп берилди; -Ош облусунун Кара-Суу районундагы Кызыл-Кыштак айылдык кеңешиндеги депутат К.Сатылбалиев өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, мандат кийинки талапкер –И.Айтибаевге өткөрүлүп берилди; -Ош облусунун Чоӊ-Алай районундагы Чоӊ-Алай айылдык кеңешиндеги депутат М.Жолчуев өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, мандат кийинки талапкер –А.Саитовго өткөрүлүп берилди; -Нарын облусунун Нарын районундагы Учкун айылдык кеңешиндеги депутат У.Жумабаев өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, мандат кийинки талапкер – Г.Апсалиевага өткөрүлүп берилди; -Нарын облусунун Нарын районундагы Учкун айылдык кеңешиндеги депутат Б.Иманов өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, мандат кийинки талапкер –Ж.Осмоналиевге өткөрүлүп берилди; -Нарын облусунун Нарын районундагы Учкун айылдык кеңешиндеги депутат М.Абдылдаевдын каза болгондугуна байланыштуу ыйгарым укуктары токтотулуп, мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге –Ж.Мокеевге өткөрүп берилди. КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Жумгал АШКнын курамына жана резервине өзгөртүүлөр киргилизди
14.06.2018

Жумгал АШКнын курамына жана резервине өзгөртүүлөр киргилизди

КР БШК Жумгал аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине өзгөртүүлөдү киргизүү жөнүндө токтом кабыл алынды. Токтом Ж. Ажиматовдун АШКнын курамынан чыгаруу боюнча берген арыздарынын негизинде кабыл алынды. Жумгал аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан Ж. Ажиматов (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылды. Алардын ордуна резервдеги Жаныбек кызы Мунира (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШКсы 2018-жылдын 5-августуна дайындалган Майдан айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоого карата шайлоо округдарынын жана участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитти
14.06.2018

БШКсы 2018-жылдын 5-августуна дайындалган Майдан айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоого карата шайлоо округдарынын жана участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитти

2018-жылдын 14-июнунда КРнын БШКсы Кадамжай АШКнын чечимдери аркылуу берилген сунуштарынын негизинде, 2018-жылдын 5-августуна дайындалган Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо округдарынын жана участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитти. Жалпысынан 5 шайлоо округу жана 5 шайлоо участкасы бекитилди. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Нарын облусунун Ат-Башы районунун Кара-Коюн айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоосу дайындалды
14.06.2018

Нарын облусунун Ат-Башы районунун Кара-Коюн айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоосу дайындалды

2018-жылдын 5-июнунда КР Борбордук шайлоо комиссиясы Нарын облусунун Ат-Башы районунун Кара-Коюн айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоосун дайындады. Нарын облусунун Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акиминин 2018-жылдын 4-июнундагы № 104-б буйругу менен Кара-Коюн айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Таштанов, өзү берген арызынын негизинде, ээлеген кызматынан бошотулган. КР БШКнын токтомуна ылайык, Нарын облусунун Ат-Башы районунун Кара-Коюн айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2018-жылдын 3-июлуна саат 9-00дөн 12-00гө чейин дайындалды. Шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштуруп, өткөрүү Ат-Башы АШКсына тапшырылды. Маалымат катары: “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 48-беренесине ылайык жогорку билими жана мамлекеттик же болбосо муниципалдык кызматта 2 жылдан кем эмес иш стажы, же болбосо билим берүүнүн, саламаттык сактоонун мамлекеттик мекемелеринде же уюмдардын, мекемелердин жана жеке менчик чарбакер субъекттердин жетекчилик кызматтарында 3 жылдан кем эмес иш стажы бар аракетке жөндөмдүү Кыргыз Республикасынын жараны айыл өкмөтүнүн башчысы боло алат. Кылмыш жасагандыгы үчүн мыйзамдарда белгиленген тартипте алып салынбаган же жоюлбаган соттуулугу бар Кыргыз Республикасынын жараны айыл өкмөтүнө башчы болушу мүмкүн эмес. КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын айрым жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана натыйжасы жөнүндөгү протоколдору бекитилди
14.06.2018

Кыргыз Республикасынын айрым жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана натыйжасы жөнүндөгү протоколдору бекитилди

2018-жылдын 14-июнунда КРнын БШКсы 2018-жылдын 11-июнунда өткөн Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын мэрин, Ош облусунун Кара-Суу районунун Төлөйкөн, Чүй облусунун Сокулук районунун Сокулук, Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Толук айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорун бекитти. Протоколдордун негизинде: Жалал-Абад шаарынын мэрин шайлоо өттү деп таанылып, Тагаев Мураталы Абдыкарович шаардын мэри болуп шайланды; Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп таанылып, Абдукаримов Алмаз Абдылазович айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды; Сокулук айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп таанылып, Сыдыков Бакыт Дамирбекович айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды; Толук айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп таанылып, Сагынбаев Рамис Алымбекович айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Шайланган айыл өкмөт башчыларына белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берүү Джалал-Абад, Кара-Суу, Сокулук жана Токтогул аймактык шайлоо комиссиясына тапшырылды. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
2018-жылдын 11-июнунда Жалал-Абад, Чүй жана Ош облустарындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун айрым аткаруучу органдарынын башчыларын шайлоолор болуп өттү
11.06.2018

2018-жылдын 11-июнунда Жалал-Абад, Чүй жана Ош облустарындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун айрым аткаруучу органдарынын башчыларын шайлоолор болуп өттү

2018-жылдын 11-июнунда Жалал-Абад шаарынын мэрин, Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Толук айыл өкмөтүнүн, Ош облусунун Кара-Суу районундагы Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн жана Чүй облусунун Сокулук районундагы Сокулук айыл өкмөтүнүн башчыларын шайлоолор болуп өттү. Алдын ала маалыматтар боюнча Жалал-Абад шаарынын мэри болуп, 18 добуш алган Тагаев Мураталы Абдыкадырович шайланды. Жалал-Абад шаардык кеңешинде баары болуп 31 депутат бар, алардын 30 катышты. Мэр болууга 2 талапкер ат салышты. Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Толук айыл өкмөтүнүн башчысы болуп, алдын ала маалыматтар боюнча 6 добуш алган Сагынбаев Рамис Алымбекович шайланды.  Башчылык кызматка 6 талапкер аттанып, алардын бири баш тарткан.  Толук айылдык кеңешинде баары болуп 11 депутат бар, алардын баары катышты. Ош облусунун Кара-Суу районундагы Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн башчысы болуп, алдын ала маалымат боюнча 31 добуштун 30ун алган Абдукаримов Алмаз Абдуллазович шайланган.  Башчылык орунга 1 талапкер катталган. Алдын ала маалымат боюнча, Чүй облусунун Сокулук районундагы Сокулук айыл өкмөтүнүн башчысы болуп 21 депутаттан 20 добуш алган Сыдыков Бакыт Дамирбекович шайланды.  Эске сала кетчү нерсе, башчылык орунга 3 талапкер болгон. КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
2018-жылдын 7-июнунда Талас шаарында “Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүүнүн стратегиялык багыттарын аныктоо” аймактык коомдук диалогу болуп өттү
07.06.2018

2018-жылдын 7-июнунда Талас шаарында “Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүүнүн стратегиялык багыттарын аныктоо” аймактык коомдук диалогу болуп өттү

Бүгүн, 2018-жылдын 7-июнунда, Кыргыз Республикасынын Шайлоолор боюнча мыйзамдарын өркүндөтүү Стратегиясын иштеп чыгуу боюнча иштердин алкагында Талас шаарында аймактык коомдук диалог болуп өттү. Аймактардагы бул диалогдун максаты – Жумушчу топ тарабынан сунушталган 4 максаттуу багыт боюнча, жана катышуучулар тарабынан сунушталган башка маселелер боюнча шайлоо системасын өркүндөтүүнүн жолдорун кеңири коомдук талкуулоону уюштуруу: - “Шайлоо процессинин катышуучуларынын укуктук мамилелерин жөнгө салуу механизмдерин өркүндөтүү”; - “Шайлоо мыйзамдарын бузуулардын алдын алуу жана аларга тыюу механизмдеринин натыйжалуулугун жогорулатуу”; - “Жергиликтүү шайлоолор. Шайлоо комиссияларынын ЖӨБ органдары менен бирге аракеттешүүсү”; - “Саясий партиялардын ролун күчөтүү аркылуу КРда парламентаризмди өнүктүрүү”. Бул иш чара Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен “Жарандык платформа” КФ менен биргеликте ЕККУнун Бишкектеги Программалык офисинин колдоосунда түзүлгөн КР шайлоолор боюнча мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча Жумушчу топ тарабынан уюштурулган.  Талас шаарындагы коомдук диалогго катышкандар: КР БШКнын төрагасы Н.Шайлдабекова, Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлдүн биринчи орун басары К.Осмонбеков, Талас шаарынын мэри А.Жусупбеков, райондордун акимдери, шаардык кеңештин төрагасы М.Есенкулов, Талас шаардык кеңешинин фракцияларынын лидерлери жана депутаттары, жергиликтүү кеңештердин депутаттары жана ЖӨБО башчылары, Талас облусунун укук коргоо жана сот органдарынын өкүлдөрү, жарандык активисттер жана ЖОЖ өкүлдөрү. Талкуулоонун жүрүшүндө катышуучулар Кыргызстандын шайлоо системасынын маселелеринин кеңири катмарын камтышты. Атап айтканда: - жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына жана ЖӨБО башчылыгына талапкерлерге төмөнкүдөй талаптарды орнотуу: шайлоо күрөөсүн киргизүү, жогорку же орто билиминин жана иш стажынын бар болуусу; - айыл өкмөтүнүн башчысынын кызматын убактылуу аткаруунун натыйжалуу механизмдери, жергиликтүү кеңеш менен айыл өкмөт башчысынын өз ара мамилеси, айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо жана аны кызматтан бошотуу тартибин өркүндөтүү жана кайра карап чыгуу; - жергиликтүү шайлоолорду өткөрүүдө УШК, АШК жана КР БШКнын чечимдерине соттук даттануулардын тартибин (жөнөкөйлөтүү жаатында) өркүндөтүү; - шайлоолорду өткөрүү жана шайлоолорду өткөрүүнү ЖӨБО тарабынан каржылоо аркылуу камсыздоо жаатында шайлоо мыйзамдарынын талаптарын аткаруусу үчүн ЖӨБОнун жана шайлоо комиссияларынын бирге аракеттешүүсүнүн маселелери; - шайлоо округдарын түзүү тартиби; - тиешелүү айылдык кеңештин аймагында кызмат көрсөтүп жаткан жалпы билим берүүчү жана саламаттык сактоо мекемелеринин жетекчилеринин шайлоого катышуу мүмкүнчүлүктөрү. Талас шаарындагы талкуунун катышуучулары Жумушчу топ тарабынан сунушталган акимдикке, мэрликке жана айыл өкмөтүнүн башчылыгына талапкерлерге коюлуучу талаптарды катаалдаштыруу боюнча сунуштарды колдошту. Диалогдун катышуучулары, жергиликтүү кеңештер өз милдеттерин аткарбаган же талапка ылайык аткарбаган учурда алардын ыйгарым укуктарын токтотуу боюнча материалдык жазалоо жана кийинки шайлоолордо талапкерлигин коюу укугунан ажыратууга чейин ченемдерди киргизүүнү сунуш кылышты. КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү  
Кененирээк билүү >>
2018-жылдын 7-июнунда Каракол шаарында КРнын шайлоо системасын өркүндөтүү боюнча коомдук диалог болуп өттү
07.06.2018

2018-жылдын 7-июнунда Каракол шаарында КРнын шайлоо системасын өркүндөтүү боюнча коомдук диалог болуп өттү

Бүгүн, 2018-жылдын 7-июнунда, Кыргыз Республикасынын Шайлоолор боюнча мыйзамдарын өркүндөтүү Стратегиясын иштеп чыгуу боюнча иштердин алкагында Каракол шаарында аймактык коомдук диалог болуп өттү. Аймактардагы бул диалогдун максаты – шайлоо системасын өркүндөтүү жолдору боюнча кеңири талкуулоону уюштуруу. Бул иш чара Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен “Жарандык платформа” КФ менен биргеликте ЕККУнун Бишкектеги Программалык офисинин колдоосунда түзүлгөн КР шайлоолор боюнча мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча Жумушчу топ тарабынан уюштурулган. Талкууга катышкандар: КР БШКнын төрагасынын орун басары А.Бекматов, КР БШКнын мүчөсү К.Осмоналиев, КР Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү У.Жылкыбаев, Жумушчу топтун эксперттери – “Жарандык платформа” КФнун директору А.Усупбекова, раймамадминистрациялардын, ЖӨБО башчылары, укук коргоо органдарынын жетекчилери, айылдык жана шаардык кеңештердин депутаттары, КРнын саясий партияларынын өкүлдөрү, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү, жарандык коомдун активисттери, МЭУ жана ЖМК өкүлдөрү. Караколдогу диалогдун катышуучулары төмөнкү көйгөйлөргө өзгөчө көңүл бурушту: шахталарда вахталык усул менен иштеген шайлоочулардын шайлоо укуктары толук ишке ашпай жатуусу, айылдык кеңештердин төрагаларынын укуктарын коргоонун механизмдеринин жетилбегендиги, басылма үгүт материалдарын (банер, керме) жайгаштыруучу аянтта бааларды жөнгө салуунун жоктугу, шайлоолор аралык мезгилде саясий партиялардын активдүүлүгүнүн жоголуусу, участкаларды түзүү жана мандаттарды бөлүштүрүү механизмдеринин жетилбегендиги, жергиликтүү кеңештин сессияларына депутаттардын жүйөлүү себепсиз келбей коюусу, кеңештер, айыл өкмөттөр жана акимдер ортосундагы бирге аракеттешүүнүн механизмдеринин начардыгы. Диалогдун катышуучулары сунуш катары, талапкерлерге талаптарды катаалдаштыруу жана кыргыз тилин билүү боюнча тестирлөөнү киргизүү, шаарлардын мэрлерин тикелей шайлоо институтун киргизүү, жергиликтүү кеңештердин ишеним көрсөтпөө укугу менен айыл өкмөт башчыларын шайлоо, айылдык кеңештердин төрагаларына жана алардын катчыларына эмгек акы төлөөнү киргизүү, басылма үгүт материалдарын жайгаштыруу үчүн аянттагы бааларды жөнгө салуу механизмдерин иштеп чыгуу, жергиликтүү кеңештердин, айыл өкмөттөрдүн жана акимдердин биргелешкен жолугушуу жана талкуулоолорду ишке киргизүү, шайланма кызматтарга талапкерлердин ортосундагы дебаттар үчүн акысыз обо убактысын көбөйтүү зарылдыктарын белгилешти. КР БШКнын аппаратынын маалымат кызматы
Кененирээк билүү >>
2018-жылдын 6-июнунда Нарын шаарында КРнын шайлоо системасын өркүндөтүү боюнча коомдук диалог болуп өттү
06.06.2018

2018-жылдын 6-июнунда Нарын шаарында КРнын шайлоо системасын өркүндөтүү боюнча коомдук диалог болуп өттү

Бүгүн, 2018-жылдын 6-июнунда, Кыргыз Республикасынын Шайлоолор боюнча мыйзамдарын өркүндөтүү Стратегиясын иштеп чыгуу боюнча иштердин алкагында Нарын шаарында аймактык коомдук диалог болуп өттү. Бул иш чара Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен “Жарандык платформа” КФ менен биргеликте ЕККУнун Бишкектеги Программалык офисинин колдоосунда түзүлгөн КР шайлоолор боюнча мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча Жумушчу топ тарабынан уюштурулган. Аймактардагы бул диалогдун максаты – шайлоо системасын өркүндөтүү жолдору боюнча кеңири талкуулоону уюштуруу. Талкууга катышкандар: КР БШКнын төрагасынын орун басары А.Бекматов, КР БШКнын мүчөсү А.Абдрахматова, КР Өкмөтүнүн Нарын облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ж.Ибраева, Нарын районунун акими С.Черикбаев, Нарын шаарынын вице-мэри Д.Курманов, Жумушчу топтун эксперттери – А.Усупбекова, “Жарандык платформа” КФнун директору; К.Мамытова, “Жарандык умтулуу” КФнун эксперти; жарандык сектордун активисттери, шаардык жана айылдык кеңештердин депутаттары, КРнын саясий партияларынын өкүлдөрү, ЖӨБО өкүлдөрү, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү, МЭУ жана ЖМК өкүлдөрү. Нарын шаарында болуп өткөн төртүнчү аймактык коомдук диалогдун катышуучулары шайлоо боюнча мыйзамдардагы төмөнкү көйгөйлөргө өзгөчө көңүл бурушту: жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларын тике шайлоонун зарылчылыгы, сессияларды жүйөлүү себепсиз калтыргандыгы үчүн жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын жоопкерчилиги, шайлоочуларды шайлоо участкаларына бөлүүгө байланышкан көйгөйлөр, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн мыйзамдарды жана жол-жоболорду билүүсүнүн жетишээрлик эмес деңгээли, депутаттык корпустун деңгээлинин төмөндүгү, үгүт иштеринин кыска мөөнөттүүлүгүнүн жана үгүт иштеринин натыйжасыз формаларынын натыйжасында шайлоочулардын саясий партиялардын жана талапкерлердин программалары тууралуу маалыматынын жетишсиздиги. Диалогдун катышуучулары сунуш катары шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүн тынымсыз окутуунун жана тастыктамалоонун зарылдыгын, талапкерлерге коюлган талаптарды катаалдаштыруу аркылуу, жана ошондой эле жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылыгына талапкерлер үчүн мыйзамдарды, бийликтин өкүлчүлүктүү органдарынын өкүлдөрүнүн функцияларын билүүсүн милдеттүү тестирлөөнү киргизүү, шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү мезгилин көбөйтүү, талапкерлердин ортосундагы дебаттарды көбөйтүү, шайлоочулар менен талапкерлердин биргелешкен жолугушууларын өткөрүү, оор жана өзгөчө оор кылмыштар үчүн соттуулугу бар талапкерлерге талаптарды катаалдаштыруу аркылуу жергиликтүү кеңештердин депутаттык корпусунун сапатын жакшыртууну белгилешти. Катышуучулар жергиликтүү кеңештин сессиясына жүйөлүү себепсиз келбей калган учурунда депутаттардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуунун, үгүт өнөктүгү учурунда “кара PR” үчүн жоопкерчиликке тартуунун механизмдерин иштеп чыгуунун зарылчылыгына, шайлоо комиссияларынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтүн узартуу, добуштарды сатып алуу жана административдик ресурсту пайдалануу үчүн жоопкерчиликке тартуу, ошондой эле жергиликтүү кеңештердин ортосунда биргелешкен жолугушууларды жана тажрыйба алмашуунун зарылчылыгына өзгөчө көңүл бурууну суранышты. КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү  
Кененирээк билүү >>
Чүй облусунун Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысынын шайлоосу  дайындалды
05.06.2018

Чүй облусунун Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысынын шайлоосу дайындалды

2018-жылдын 5-июнунда КР Борбордук шайлоо комиссиясы Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо дайындалды. Чүй облусунун Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акиминин 2018-жылдын 31-майындагы № 181-б буйругу менен Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы Карымшаков Алтымышбек Бакасович, өзү берген арызынын негизинде, ээлеген кызматынан бошотулган. КР БШКнын токтомуна ылайык, Чүй облусунун Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2018-жылдын 22-июнуна саат 9-00дөн 12-00гө чейин дайындалды. Шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштуруп, өткөрүү Аламүдүн АШКсына тапшырылды. Маалымат катары: “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 48-беренесине ылайык жогорку билими жана мамлекеттик же болбосо муниципалдык кызматта 2 жылдан кем эмес иш стажы, же болбосо билим берүүнүн, саламаттык сактоонун мамлекеттик мекемелеринде же уюмдардын, мекемелердин жана жеке менчик чарбакер субъекттердин жетекчилик кызматтарында 3 жылдан кем эмес иш стажы бар аракетке жөндөмдүү Кыргыз Республикасынын жараны айыл өкмөтүнүн башчысы боло алат. Кылмыш жасагандыгы үчүн мыйзамдарда белгиленген тартипте алып салынбаган же жоюлбаган соттуулугу бар Кыргыз Республикасынын жараны айыл өкмөтүнө башчы болушу мүмкүн эмес. КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
1 … 375 377 … 483

Акыркы жаңылыктар