Башкы Жаңылыктар БШКда Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген жарандардын шайлоо укуктарын …

БШКда Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашырууну өркүндөтүү боюнча 2018-2020-жылдарга иш-аракеттердин планы талкууланды

26-Май, 2018

2018-жылдын 25-майында БШКнын Кыргыз Республикасынын ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген жарандарынын шайлоо укуктарын ишке ашырууну өркүндөтүү боюнча Жумушчу тобунун отуруму ЕККУнун Бишкектеги программалык офисинин, Кыргызстандагы БУУнун Өнүктүрүү программасынын жана Шайлоо системаларынын Эл аралык фондунун өкүлдөрүнүн катышуусу менен болуп өттү.

Жумушчу топтун 2018-2020-жылдарга иш-аракеттеринин планын талкуулоо негизги маселе болду.  Бул долбоор өткөрүлгөн өнөктүктөрдү шайлоо процессиндеги инклюзивдүүлүк маселелерин чечүү боюнча тараптарды кеңири тартуу менен жүргүзүлгөн талдоолордун натыйжасында иштелип чыккан.

         Отурумда шайлоо комиссияларынын Токтогул шаарындагы жана Сокулук районундагы ЖӨБО жана райондук администрациялар менен биргеликте 2018-жылдын 13-майындагы жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого даярдыктын алкагында жүргүзүлгөн иштери презентацияланды.  ДМЧ адамдар үчүн шайлоо участкаларынын жеткиликтүүлүгүн камсыздоо боюнча чаралар көрүлдү. Бардык шайлоо участкаларында пандустар орнотулуп, ошондой эле добуш берүү күнүнө арабачадагы жарандар добуш берүүчү жайга өтүүсүнө жардамдашуучу УИК кезметчи-мүчөсүн чакыруусу үчүн кире бериште “чакыруу кнопкасы” орнотулду. Мындан тышкары, жергиликтүү органдар тарабынан ДМЧ адамдарды участкаларга жеткирүү үчүн социалдык такси уюштурулду (иллюстрациялар).

         Отурумда көрсөтүлгөн маселелерди чечүүгө жоопкерчиликтүү жана кызыгуу менен мамиле кылган жергиликтүү органдардын иштери оң бааланды.  Токтогулдуктардын жана сокулуктуктардын иш тажрыйбасы шайлоодогу ийгиликтүү тажрыйба катары башка аймактарга таратылат.

Добуш берүүчү жайларда көрүүсү начар жарандарга А4 форматындагы атайын чоңойтуучу лупалар сыяктуу кошумча каражаттар берилди. Көрүүсү боюнча мүмкүнчүлүктөрү чектелген жарандар үчүн Брайл шрифти менен басылган атайын  шайлоо бюллетендери даярдалды. Арабача колдонгон шайлоочулар үчүн добуш берүүчү жайда атайын кабиналар даярдалды.

         Жумушчу топтун 2018-2020-жылдарга пландарын презентациялоо боюнча “Эгль” КФнун эксперти М.Медетов чыгып сүйлөп, ДМЧ адамдардын активдүү жана пассивдүү шайлоо укуктарын ишке ашыруу боюнча иштерди кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Ал ошондой эле майыптардын шайлоо укуктарын ишке ашыруусуна кепилдик берүүчү укуктук жана усулдук механизмдерди иштеп чыгуунун зарылдыгын белгиледи.

         Жумушчу топтун мүчөсү А.Мусаева планда ДМЧ адамдардын, арасында укуктук маданиятты жогорулатуу боюнча иштерди, анын ичинде социалдык буйрутманын алкагында алдын ала караштырууну сунуштады. Майыптыгы бар жарандардын көпчүлүгү социалдык обочолонууда жашоого көнүп калгандыктан, билип туруп эле өлкөнүн саясий жана шайлоо процесстерине тартылууну каалашпайт.

         Жумушчу топтун мүчөсү Алымбек кызы Гүлмайрам жумушчу топтун сунуштарын натыйжалуу ишке ашыруу үчүн, анын курамын башка мамлекеттик органдардын жана ЖӨБ органдарынын жетекчилерин кошуу менен кеңейтүү сунушун киргизди.

         Жумушчу топтун мүчөсү болгон ДМЧ жарандарды бириктирген уюмдардын өкүлдөрү мыйзамдарга ылайык, майыптардын ишканаларынан товарларды жана кызматтарды сатып алууну кеңейтүү зарылдыгын баса белгилешти. Жумушчу топтун мүчөлөрү бул сунушту колдошту, анткени ДМЧ адамдарга бул жакшы колдоо болмок.

         КР БШК белгиленген планды ишке ашыруу, ошондой эле жарандарда майыптуулук түшүнүгүн калыптандыруу жана ден соолугнун мүмкүнчүлүктөрү чектелген жарандар үчүн ыңгайлуу чөйрөнү долбоорлоого көңүл буруу максатында мамлекеттик уюмдар, жарандык уюмдардагы жана эл аралык уюмдардагы өнөктөштөр менен бирге аракеттешүүнү улантат.

БШК аппаратынын маалымат кызматы

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби
06-Окт, 2026

Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби

-
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты
05-Окт, 2026

КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты

Бүгүн, 5-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев кесиптик жетишкендиктери жана өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ар түрдүү тармактардын өкүлдөрүнө Жогорку Кеңештин сыйлыктарын тапшырды.Сыйлык тапшыруу аземинин алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери  Жогорку Кеңештин "Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" медалы менен сыйланышты.Кесиптештерибизди татыктуу сыйлыктары менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө багытталган мындан аркы иштеринде ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү
02-Окт, 2026

КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү

Бүгүн, 2-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Алмаз Айбалаевдин жетекчилигинде КР БШКнын алдындагы Көзөмөлдөө-текшерүү тобу “Элдик Банк” жана “АБанк” ААКнын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.КР БШКнын чечимине ылайык, аталган банк мекемелери Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн аныкталган.Жолугушуунун жүрүшүндө банктар менен талапкерлердин жана алардын финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн практикалык өз ара аракеттенүүсү, анын ичинде шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу жана жүргүзүү, финансылык операцияларды жүргүзүү, зарыл болгон маалыматтарды алмашуу жана тиешелүү отчеттуулукту берүү маселелери талкууланды.Ошондой эле, шайлоо фонддорунун эсептерин өз убагында ачуу максатында КР БШК менен банк мекемелеринин натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу жана бул багытта келип чыгышы мүмкүн болгон уюштуруучулук тоскоолдуктарды алдын алуу маселелери каралды.Иш-чаранын жыйынтыгында өз ара аракеттенүүнү  өркүндөтүү жана шайлоо өнөктүгүн каржылык жактан ачык-айкын, ыкчам жана талаптагыдай камсыз кылуу боюнча мындан аркы чаралар аныкталды. 
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады
02-Окт, 2026

КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров 1-октябрь -Улуулар күнүнө карата КР БШКнын аппаратынын улуу муундагы кызматкерлерин майрамы менен куттуктады.Өз сөзүндө Тынчтык Шайназаров улуу муундун бай тажрыйбасы, терең билими жана баалуу кеп-кеңештери мекеменин ишинин натыйжалуулугун арттырууга олуттуу салым кошуп жатканын белгиледи.“Сиздердин турмуштук жана кесиптик тажрыйбаңыздар, акыл-насаатыңыздар биз үчүн ар дайым баалуу. Көп жылдык эмгегиңиздер, жоопкерчилигиңиздер жана кесипкөйлүгүңүздөр жалпы ишибизге чоң жардам берүүдө”, - деп белгиледи Тынчтык Шайназаров.КР БШКнын төрагасы кызматкерлерге бекем ден соолук, узун өмүр, үй-бүлөлүк бакыт жана иштерине мындан аркы ийгиликтерди каалады.   
Кененирээк билүү >>