Башкы Жаңылыктар Ош шаарында Кыргыз Республикасынын шайлоо системасын өркүндөтүү боюнча …

Ош шаарында Кыргыз Республикасынын шайлоо системасын өркүндөтүү боюнча коомдук диалог болуп өттү

28-Май, 2018

2018-жылдын 28-майында Кыргыз Республикасынын Шайлоолор боюнча мыйзамдарын өркүндөтүү Стратегиясынын долбоорун иштеп чыгуу боюнча иштердин алкагында Ош шаарында “Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүүнүн стратегиялык багыттарын аныктоо” коомдук диалогу болуп өттү.

Бул иш чара Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен “Жарандык платформа” КФ менен биргеликте ЕККУнун Бишкектеги Программалык офисинин колдоосунда түзүлгөн КР шайлоолор боюнча мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча Жумушчу топ тарабынан уюштурулган.

Талкууга төмөнкүлөр катышты: КР БШКнын төрагасынын орун басары А.Бекматов, КР Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары А.Махаммадов, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Ж.Т.Ормонов, Жумушчу топтун эксперттери – А.Усупбекова, “Жарандык платформа” КФнун директору; К.Мамытова, “Жарандык умтулуу” КФнун эксперти; Б.Самаков, “Эгль” КФнун эксперти, жарандык сектордун активисттери, шаардык жана айылдык кеңештердин депутаттары, КРнын саясий партияларынын өкүлдөрү, ЖӨБО өкүлдөрү, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү, МЭУ жана ЖМК өкүлдөрү.

Аймактардагы бул диалогдун максаты – шайлоо системасын өркүндөтүү жолдорун Жумушчу топ сунуштаган 3 багыт боюнча жана катышуучулар тарабынан сунушталган башка маселелер боюнча кеңири коомдук талкуулоону баштоо:

- “Шайлоо процессинин катышуучуларынын укуктук мамилелерин жөнгө салуу механизмдерин өркүндөтүү”;

- “Шайлоо мыйзамдарын бузуулардын алдын алуунун жана аларды тыюунун механизмдеринин натыйжалуулугун жогорулатуу”;

- “Жергиликтүү шайлоолор. Шайлоо комиссияларынын ЖӨБ органдары менен бирге аракеттешүүсү”;

- Саясий партиялардын ролун күчөтүү аркылуу КРда парламентаризмди өнүктүрүү.

Диалогдун жүрүшүндө катышуучулар, алардын ою боюнча бардык деңгээлдеги шайлоолорду уюштуруу жана өткөрүү учурунда чыгуучу маанилүү жана курч көйгөйлөрдү талкуулашты.

Диалогдун катышуучулары өзгөчө көңүлдү жергиликтүү кеңештердин депутаттарына, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылыгына талапкерлерге талаптар (билими, эмгек стажы), шайлоочулардын тизмелерин түзүү, шайлоо комиссияларын (ШК) түзүү жана алардын мүчөлөрүн окутуу, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун жүрүшүндө гендердик өкүлчүлүктүн кепилденген механизмдери, чет өлкөдөгү шайлоочулардын активдүүлүгүнүн төмөндүгү, ШКнын мүчөлөрүн сыйлоо жана дем берүү чараларын көрүү зарылдыгы, ДМЧА укуктарын коргоо, добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүгө байланышкан маселелер, шайлоо процессинин катышуучуларынын укуктук маданиятынын төмөндүгү жана шайлоо процессинин катышуучуларын кабарландыруу механизмдерин жакшыртуу зарылдыгы сыяктуу маселелерге бурушту.

Диалогдун катышуучулары, ошондой эле шаардык кеңештерге шайлоонун жүрүшүндө саясий партиялардын жоопкерчилигин жогорулатуу зарылдыгын белгилешти.  Ошол эле учурда, аймактык коомдук диалогдун катышуучуларынын пикири боюнча, пропорционалдык система боюнча шайлоолорду өткөрүү чоң шаарлардагы шаардык кеңештерге гана колдонулууга болоорун, ал эми орто жана кичи шаарлардагы шайлоолордо мажоритардык системаны колдонуу зарыл.

Иш чара Кыргыз Республикасынын шайлоо боюнча мыйзамдарын өркүндөтүү Стратегиясынын долбоору үчүн сунуштарды иштеп чыгууну талкуулоо менен аяктады.

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
«Маариф» окуу жайында окуучулардын шайлоо боюнча билимин жогорулатууга багытталган жолугушуу өттү
10-Окт, 2026

«Маариф» окуу жайында окуучулардын шайлоо боюнча билимин жогорулатууга багытталган жолугушуу өттү

Бишкек шаарындагы «Маариф» окуу-билим берүү комплексинде 2026-жылдын 9-октябрында Кыргыз Республикасынын БШКсынын алдындагы Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борборунун өкүлдөрү 9-класстын окуучулары жана билим берүү мекемесинин жетекчилиги менен жолугушуу өткөрдү.Борбордун өкүлдөрү «Маариф» окуу-билим берүү комплексинин директору Мехмет Черчикая менен жолугушуп, кызматташуунун келечегин, ошондой эле жаш муунду тарбиялоо, окуучулардын укуктук жана шайлоо маданиятын жогорулатуу маселелерин талкуулашты.Жолугушууга Бишкек шаарынын мектептеринин Президенттер кеңешинин өкүлдөрү Ясин Мырсабеков жана Адинай Токтобекова да катышып, окуучуларга Мектеп президенттери кеңешинин келечектеги түзүмүн тааныштырышты.Иш-чара «Маариф» окуу-билим берүү комплексинин мектеп парламентинин Президентин шайлоонун алдында өттү. Аталган шайлоо 2026-жылдын 12-октябрында болот жана ага КР БШКсынын эксперттери шайлоону уюштуруу жана өткөрүү боюнча уюштуруучулук-методикалык жардам көрсөтүшөт: добуш берүү урналарын беришет, байкоочуларды тартууга көмөк көрсөтүшөт жана шайлоону уюштуруу жана өткөрүү маселелери боюнча консультациялык жардам беришет.Жолугушуунун программасына «Шайлоо жана жаштар» аттуу видеороликти көрсөтүү жана талкуулоо, №68 орто мектеби парламентинин президентинин сөзү, суроо-жооп сессиясы, ошондой эле «Шайлоо жөнүндө эмнени билем?» аттуу викторина кирди. Викторинанын жеңүүчүлөрү жана активдүү катышуучулары ЖБШТБ тарабынан эстелик байгелер менен сыйланышты. Иш-чарага жалпысынан 9-класстын 109 окуучусу катышты.Мындай жолугушууларды өткөрүү жаштардын шайлоо маданиятын жогорулатуу үчүн маанилүү. Мектеп партасынан баштап потенциалдуу шайлоочулар менен иштөө шайлоого аң-сезимдүү мамиле жасоону, ар бир добуштун баалуулугун түшүнүүнү жана өлкөнүн коомдук-саясий жашоосуна жоопкерчиликтүү катышууга даярдыкты калыптандырууга мүмкүндүк берет.
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>
Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди
09-Окт, 2026

Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында КР БШКнын 2025-жылдын 3-июлундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 54 “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын сунушуна ылайык, аталган токтом долбоорлорун кабыл алуунун негизги зарылчылыгы - көчө аталыштарынын өзгөрүшү, ошондой эле даректерди өзгөртүү аркылуу шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп саналат.
Кененирээк билүү >>
Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди
09-Окт, 2026

Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында “Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы” автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө жобону бекитти. Жобо аталган тутумдун укуктук статусун, иштөө тартибин, ошондой эле анын катышуучуларынын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктайт.Жаңы тутумдун алкагында майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарын бирдиктүү эсепке алуу жана дайындарды борборлоштурулган базага топтоо автоматташтырылат. “Түндүк” системасы аркылуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү камсыздалат. Ошондой эле шайлоо участокторунда жеткиликтүү инфратүзүмдүн абалын – пандустарды, Брайль ариби менен даярдалган материалдарды жана башка шарттарды - мониторинг жүргүзүү жана пландаштыруу мүмкүнчүлүгү кеңейтилет. Дайындарды иштетүү Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин талаптарына ылайык, жеке дайындардын купуялуулугун жана тутумдун санариптик туруктуулугун камсыз кылуу менен жүргүзүлөт.
Кененирээк билүү >>