Башкы Жаңылыктар 2018-жылдын 7-июнунда Талас шаарында “Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарын …

2018-жылдын 7-июнунда Талас шаарында “Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүүнүн стратегиялык багыттарын аныктоо” аймактык коомдук диалогу болуп өттү

07-Июн, 2018

Бүгүн, 2018-жылдын 7-июнунда, Кыргыз Республикасынын Шайлоолор боюнча мыйзамдарын өркүндөтүү Стратегиясын иштеп чыгуу боюнча иштердин алкагында Талас шаарында аймактык коомдук диалог болуп өттү.

Аймактардагы бул диалогдун максаты – Жумушчу топ тарабынан сунушталган 4 максаттуу багыт боюнча, жана катышуучулар тарабынан сунушталган башка маселелер боюнча шайлоо системасын өркүндөтүүнүн жолдорун кеңири коомдук талкуулоону уюштуруу:
- “Шайлоо процессинин катышуучуларынын укуктук мамилелерин жөнгө салуу механизмдерин өркүндөтүү”;

- “Шайлоо мыйзамдарын бузуулардын алдын алуу жана аларга тыюу механизмдеринин натыйжалуулугун жогорулатуу”;
- “Жергиликтүү шайлоолор. Шайлоо комиссияларынын ЖӨБ органдары менен бирге аракеттешүүсү”;
- “Саясий партиялардын ролун күчөтүү аркылуу КРда парламентаризмди өнүктүрүү”.

Бул иш чара Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен “Жарандык платформа” КФ менен биргеликте ЕККУнун Бишкектеги Программалык офисинин колдоосунда түзүлгөн КР шайлоолор боюнча мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча Жумушчу топ тарабынан уюштурулган. 

Талас шаарындагы коомдук диалогго катышкандар: КР БШКнын төрагасы Н.Шайлдабекова, Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлдүн биринчи орун басары К.Осмонбеков, Талас шаарынын мэри А.Жусупбеков, райондордун акимдери, шаардык кеңештин төрагасы М.Есенкулов, Талас шаардык кеңешинин фракцияларынын лидерлери жана депутаттары, жергиликтүү кеңештердин депутаттары жана ЖӨБО башчылары, Талас облусунун укук коргоо жана сот органдарынын өкүлдөрү, жарандык активисттер жана ЖОЖ өкүлдөрү.

Талкуулоонун жүрүшүндө катышуучулар Кыргызстандын шайлоо системасынын маселелеринин кеңири катмарын камтышты.

Атап айтканда:
- жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына жана ЖӨБО башчылыгына талапкерлерге төмөнкүдөй талаптарды орнотуу: шайлоо күрөөсүн киргизүү, жогорку же орто билиминин жана иш стажынын бар болуусу;
- айыл өкмөтүнүн башчысынын кызматын убактылуу аткаруунун натыйжалуу механизмдери, жергиликтүү кеңеш менен айыл өкмөт башчысынын өз ара мамилеси, айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо жана аны кызматтан бошотуу тартибин өркүндөтүү жана кайра карап чыгуу;
- жергиликтүү шайлоолорду өткөрүүдө УШК, АШК жана КР БШКнын чечимдерине соттук даттануулардын тартибин (жөнөкөйлөтүү жаатында) өркүндөтүү;
- шайлоолорду өткөрүү жана шайлоолорду өткөрүүнү ЖӨБО тарабынан каржылоо аркылуу камсыздоо жаатында шайлоо мыйзамдарынын талаптарын аткаруусу үчүн ЖӨБОнун жана шайлоо комиссияларынын бирге аракеттешүүсүнүн маселелери;

- шайлоо округдарын түзүү тартиби;

- тиешелүү айылдык кеңештин аймагында кызмат көрсөтүп жаткан жалпы билим берүүчү жана саламаттык сактоо мекемелеринин жетекчилеринин шайлоого катышуу мүмкүнчүлүктөрү.

Талас шаарындагы талкуунун катышуучулары Жумушчу топ тарабынан сунушталган акимдикке, мэрликке жана айыл өкмөтүнүн башчылыгына талапкерлерге коюлуучу талаптарды катаалдаштыруу боюнча сунуштарды колдошту.

Диалогдун катышуучулары, жергиликтүү кеңештер өз милдеттерин аткарбаган же талапка ылайык аткарбаган учурда алардын ыйгарым укуктарын токтотуу боюнча материалдык жазалоо жана кийинки шайлоолордо талапкерлигин коюу укугунан ажыратууга чейин ченемдерди киргизүүнү сунуш кылышты.

КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү

 

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШКсы Президенттик шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн 81 ЖМКны аккредитациядан өткөрдү
16-Окт, 2026

КР БШКсы Президенттик шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн 81 ЖМКны аккредитациядан өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 16-октябрындагы жыйынында 2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарын (ЖМК) жана интернет-басылмаларын аккредитациялоо маселесин карады.Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча жумушчу топтун сунушун эске алып, КР БШКсы жалпысынан 81 ЖМКны аккредитациялады.Алардын ичинде:-        басылмалар – 19;-        телерадиоуюмдар – 22; -        радиолор – 13;-        интернет-басылмалар – 27. КР БШКнын расмий сайтындагы “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо” бөлүмүндө ЖМКнын эфир убактысын, басылма аянтын жана интернет-басылмаларда жарыялоо укугун бергендиги үчүн акы төлөөнүн өлчөмү жана башка шарттары боюнча маалыматтар жайгаштырылат.Аккредитациядан өткөн ЖМК жана интернет-басылмалар талапкерлердин үгүт иштерин өлкөнүн мыйзамдарынын алкагында так жана калыс жүргүзүүгө милдеттүү.Президенттик шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет-басылмаларын аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо” автоматташтырылган маалыматтык тутуму аркылуу жүргүзүлдү.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы КР Президентинин кызмат ордуна талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады
16-Окт, 2026

КР БШКсы КР Президентинин кызмат ордуна талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 16-октябрдагы жыйынында Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Касенов Аймен Абдыталиповичтин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттоо жөнүндө токтом кабыл алды. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А. А. Касеновдун шайлоого катышуу менен байланышкан маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Мазыкин Виталий Валерьевич катталды.Белгилей кетсек, талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүнө белгиленген үлгүдөгү каттоо күбөлүгү берилет.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
16-Окт, 2026

КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 16-октябрда өз жыйынында Токтогул, Түп, Сүлүктү, Нарын, Ак-Талаа жана Өзгөн аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.- Токтогул районунун Э. Иманалиев айылдык кеңешинин депутаты Бекишов Абдыбек Дүйшебековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Тейтиев Улан Керимбаевичке өткөрүлүп берилди;   - Түп районунун Карасаев айылдык кеңешинин депутаты Кожомкулова Зыягүл Үсөнбековнанын ыйгарым укуктары Карасаев айылдык кеңешинин 2026-жылдын 9-октябрындагы сунуштамасынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Шаршеев Руслан Исаевичке өткөрүлүп берилди;   - Сүлүктү шаардык кеңешинин депутаты Исаков Бекзат Каюмовичтин (“Жаңы Кыргызстан” депутаттык фракциясынан) ыйгарым укуктары Сүлүктү шаардык кеңешинин 2026-жылдын 28-сентябрындагы сунуштамасынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Дүйшөбай уулу Абдумуталипке (“Жаңы Кыргызстан” саясий партиясынан) өткөрүлүп берилди;   - Нарын районунун Чет-Нура айылдык кеңешинин депутаты Оролов Бек Магдыбековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Тилекмат уулу Байжигитке өткөрүлүп берилди;- Ак-Талаа районунун Ала-Буга айылдык кеңешинин депутаты Самибаева Гульбарчын Баатырбековнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Абдраим уулу Канатбекке өткөрүлүп берилди.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы шайлоодо биринчи жолу Коомдук байкоо борборун уюштурат
16-Окт, 2026

КР БШКсы шайлоодо биринчи жолу Коомдук байкоо борборун уюштурат

Бүгүн, 16-октябрда, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Коомдук байкоо борборунун ишмердигин уюштуруу тартибин бекитти.Борбордун негизги максаты - Кыргыз Республикасында өтүүчү шайлоолордо жана референдумдарда добуш берүү күнү шайлоо участокторунан видеокөрсөтүүлөрдү реалдуу режимде көрүү үчүн шарттарды түзүү.Борбор шайлоо процессинин ачыктыгын камсыз кылуу жана шайлоо участокторунан видеокөрсөтүүлөрдү көрүү мүмкүнчүлүгүн камсыздоо максатында Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан добуш берүү күнү уюштурулат.Белгиленген талаптарды сактоо менен Борборго жарандар, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, эл аралык жана башка байкоочулар, ошондой эле башка кызыкдар адамдар эркин кире алышат.Борбордун иш тартибинде келүүчүлөрдү каттоо, убактылуу бейдждерди берүү жана шайлоо участокторунан видеокөрсөтүүлөрдү көрүү эрежелери каралган.Борборго келгендерге үгүт жүргүзүүгө, жабдуулардын ишине кийлигишүүгө жана коомдук тартипти бузууга тыюу салынат. Ошондой эле видеокөрсөтүүлөрдү үгүт максатында пайдаланууга жана шайлоочунун эркин билдирүүсүнүн мазмунун аныктоого багытталган аракеттерге жол берилбейт.
Кененирээк билүү >>