Башкы Жаңылыктар 2018-жылдын 6-июнунда Нарын шаарында КРнын шайлоо системасын өркүндөтүү …

2018-жылдын 6-июнунда Нарын шаарында КРнын шайлоо системасын өркүндөтүү боюнча коомдук диалог болуп өттү

06-Июн, 2018

Бүгүн, 2018-жылдын 6-июнунда, Кыргыз Республикасынын Шайлоолор боюнча мыйзамдарын өркүндөтүү Стратегиясын иштеп чыгуу боюнча иштердин алкагында Нарын шаарында аймактык коомдук диалог болуп өттү. Бул иш чара Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен “Жарандык платформа” КФ менен биргеликте ЕККУнун Бишкектеги Программалык офисинин колдоосунда түзүлгөн КР шайлоолор боюнча мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча Жумушчу топ тарабынан уюштурулган.

Аймактардагы бул диалогдун максаты – шайлоо системасын өркүндөтүү жолдору боюнча кеңири талкуулоону уюштуруу.

Талкууга катышкандар: КР БШКнын төрагасынын орун басары А.Бекматов, КР БШКнын мүчөсү А.Абдрахматова, КР Өкмөтүнүн Нарын облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ж.Ибраева, Нарын районунун акими С.Черикбаев, Нарын шаарынын вице-мэри Д.Курманов, Жумушчу топтун эксперттери – А.Усупбекова, “Жарандык платформа” КФнун директору; К.Мамытова, “Жарандык умтулуу” КФнун эксперти; жарандык сектордун активисттери, шаардык жана айылдык кеңештердин депутаттары, КРнын саясий партияларынын өкүлдөрү, ЖӨБО өкүлдөрү, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү, МЭУ жана ЖМК өкүлдөрү.

Нарын шаарында болуп өткөн төртүнчү аймактык коомдук диалогдун катышуучулары шайлоо боюнча мыйзамдардагы төмөнкү көйгөйлөргө өзгөчө көңүл бурушту: жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларын тике шайлоонун зарылчылыгы, сессияларды жүйөлүү себепсиз калтыргандыгы үчүн жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын жоопкерчилиги, шайлоочуларды шайлоо участкаларына бөлүүгө байланышкан көйгөйлөр, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн мыйзамдарды жана жол-жоболорду билүүсүнүн жетишээрлик эмес деңгээли, депутаттык корпустун деңгээлинин төмөндүгү, үгүт иштеринин кыска мөөнөттүүлүгүнүн жана үгүт иштеринин натыйжасыз формаларынын натыйжасында шайлоочулардын саясий партиялардын жана талапкерлердин программалары тууралуу маалыматынын жетишсиздиги.

Диалогдун катышуучулары сунуш катары шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүн тынымсыз окутуунун жана тастыктамалоонун зарылдыгын, талапкерлерге коюлган талаптарды катаалдаштыруу аркылуу, жана ошондой эле жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылыгына талапкерлер үчүн мыйзамдарды, бийликтин өкүлчүлүктүү органдарынын өкүлдөрүнүн функцияларын билүүсүн милдеттүү тестирлөөнү киргизүү, шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү мезгилин көбөйтүү, талапкерлердин ортосундагы дебаттарды көбөйтүү, шайлоочулар менен талапкерлердин биргелешкен жолугушууларын өткөрүү, оор жана өзгөчө оор кылмыштар үчүн соттуулугу бар талапкерлерге талаптарды катаалдаштыруу аркылуу жергиликтүү кеңештердин депутаттык корпусунун сапатын жакшыртууну белгилешти.

Катышуучулар жергиликтүү кеңештин сессиясына жүйөлүү себепсиз келбей калган учурунда депутаттардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуунун, үгүт өнөктүгү учурунда “кара PR” үчүн жоопкерчиликке тартуунун механизмдерин иштеп чыгуунун зарылчылыгына, шайлоо комиссияларынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтүн узартуу, добуштарды сатып алуу жана административдик ресурсту пайдалануу үчүн жоопкерчиликке тартуу, ошондой эле жергиликтүү кеңештердин ортосунда биргелешкен жолугушууларды жана тажрыйба алмашуунун зарылчылыгына өзгөчө көңүл бурууну суранышты.

КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү

 

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты
05-Окт, 2026

КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты

Бүгүн, 5-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев кесиптик жетишкендиктери жана өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ар түрдүү тармактардын өкүлдөрүнө Жогорку Кеңештин сыйлыктарын тапшырды.Сыйлык тапшыруу аземинин алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери  Жогорку Кеңештин "Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" медалы менен сыйланышты.Кесиптештерибизди татыктуу сыйлыктары менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө багытталган мындан аркы иштеринде ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү
02-Окт, 2026

КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү

Бүгүн, 2-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Алмаз Айбалаевдин жетекчилигинде КР БШКнын алдындагы Көзөмөлдөө-текшерүү тобу “Элдик Банк” жана “АБанк” ААКнын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.КР БШКнын чечимине ылайык, аталган банк мекемелери Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн аныкталган.Жолугушуунун жүрүшүндө банктар менен талапкерлердин жана алардын финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн практикалык өз ара аракеттенүүсү, анын ичинде шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу жана жүргүзүү, финансылык операцияларды жүргүзүү, зарыл болгон маалыматтарды алмашуу жана тиешелүү отчеттуулукту берүү маселелери талкууланды.Ошондой эле, шайлоо фонддорунун эсептерин өз убагында ачуу максатында КР БШК менен банк мекемелеринин натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу жана бул багытта келип чыгышы мүмкүн болгон уюштуруучулук тоскоолдуктарды алдын алуу маселелери каралды.Иш-чаранын жыйынтыгында өз ара аракеттенүүнү  өркүндөтүү жана шайлоо өнөктүгүн каржылык жактан ачык-айкын, ыкчам жана талаптагыдай камсыз кылуу боюнча мындан аркы чаралар аныкталды. 
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады
02-Окт, 2026

КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров 1-октябрь -Улуулар күнүнө карата КР БШКнын аппаратынын улуу муундагы кызматкерлерин майрамы менен куттуктады.Өз сөзүндө Тынчтык Шайназаров улуу муундун бай тажрыйбасы, терең билими жана баалуу кеп-кеңештери мекеменин ишинин натыйжалуулугун арттырууга олуттуу салым кошуп жатканын белгиледи.“Сиздердин турмуштук жана кесиптик тажрыйбаңыздар, акыл-насаатыңыздар биз үчүн ар дайым баалуу. Көп жылдык эмгегиңиздер, жоопкерчилигиңиздер жана кесипкөйлүгүңүздөр жалпы ишибизге чоң жардам берүүдө”, - деп белгиледи Тынчтык Шайназаров.КР БШКнын төрагасы кызматкерлерге бекем ден соолук, узун өмүр, үй-бүлөлүк бакыт жана иштерине мындан аркы ийгиликтерди каалады.   
Кененирээк билүү >>
КР БШКда майыптыгы бар шайлоочулардын жана айрым категориядагы жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу боюнча Жумушчу топтун жыйыны өттү
01-Окт, 2026

КР БШКда майыптыгы бар шайлоочулардын жана айрым категориядагы жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу боюнча Жумушчу топтун жыйыны өттү

Бүгүн, 1-октябрда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясында Кыргыз Республикасынын Президентин алдыдагы шайлоого даярдыктын алкагында майыптыгы бар шайлоочулардын жана айрым категориядагы жарандардын шайлоо укуктарын өркүндөтүү жана ишке ашыруу боюнча ведомстволор аралык Жумушчу топтун жыйыны болуп өттү.Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү, Жумушчу топтун жетекчиси Миргул Темирбаеванын төрагалыгы менен өткөн кеңешмеге министрликтердин, мамлекеттик органдардын, укук коргоо органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышты.Жыйындын жүрүшүндө шайлоо процессинин инклюзивдүүлүгүн жана жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу боюнча бир катар уюштуруучулук-практикалык чаралар каралды.Атап айтканда, шайлоо участкаларынын инфраструктуралык жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу, майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарын эсепке алууда санариптик инструменттерди киргизүү, ошондой эле шайлоо участкаларын зарыл болгон маалыматтык жана көмөкчү материалдар менен камсыздоо маселелери талкууланды.Мындан тышкары, социалдык стационардык мекемелерде, камакта кармоочу жайларда турган жарандардын, аскер кызматчыларынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.Шайлоочулардын тизмелерин тактоо, эсепке алуу иштерин жүргүзүү жана добуш берүүнүн жашыруундуулугун ишке ашыруу боюнча ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнүн механизмдери аныкталды.Соңунда мамлекеттик органдарга жана тиешелүү ведомстволорго макулдашылган жумуштарды аткаруу жана пландаштырылган иш-чараларды өз убагында жүргүзүү боюнча сунуштар берилди.
Кененирээк билүү >>