Башкы
Жаңылыктар
Жаңылыктар
Чүй облусунун Кемин районунун Алмалуу айыл өкмөтүнүн башчысынын шайлоосу дайындалды
2018-жылдын 4-июлунда КР Борбордук шайлоо комиссиясы Чүй облусунун Кемин районунун Алмалуу айыл өкмөтүнүн башчысынын шайлоосун дайындады.
Чүй облусунун Кемин райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акиминин 2018-жылдын 25-июнундагы № 160 буйругу менен Алмалуу айыл өкмөтүнүн башчысы Абдинасиров Элдияр Капарбекович, өзү берген арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулган.
КР БШКнын токтомуна ылайык, Чүй облусунун Кемин районунун Алмалуу айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2018-жылдын 18-июлуна саат 9-00дөн 12-00гө чейин дайындалды.
Шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштуруп, өткөрүү Кемин АШКсына тапшырылды.
Маалымат катары: “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 48-беренесине ылайык жогорку билими жана мамлекеттик же болбосо муниципалдык кызматта 2 жылдан кем эмес иш стажы, же болбосо билим берүүнүн, саламаттык сактоонун мамлекеттик мекемелеринде же уюмдардын, мекемелердин жана жеке менчик чарбакер субъекттердин жетекчилик кызматтарында 3 жылдан кем эмес иш стажы бар аракетке жөндөмдүү Кыргыз Республикасынын жараны айыл өкмөтүнүн башчысы боло алат. Кылмыш жасагандыгы үчүн мыйзамдарда белгиленген тартипте алып салынбаган же жоюлбаган соттуулугу бар Кыргыз Республикасынын жараны айыл өкмөтүнө башчы болушу мүмкүн эмес.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Ош шаарынын мэринин шайлоосу дайындалды
Кыргыз Республикасынын Ош шаарынын мэринин шайлоосу дайындалды
2018-жылдын 4-июлунда КР БШКнын токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Ош шаарынын мэрин шайлоо 2018-жылдын 18-июлуна саат 9-00дөн 12-00гө дайындалды.
Шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштуруп, өткөрүү Ош АШКна тапшырылды.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2018-жылдын3-июлундагы № 450 буйругу менен Ош шаарынын мэри Кадырбаев Айтмамат Тентибаевич, өзү берген арызынын негизинде, ээлеген кызматынан бошотулган.
Маалымат үчүн: “Ош шаарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесине ылайык Жогорку билими жана мамлекеттик, муниципалдык кызматта же мамлекеттик билим берүү, саламаттык сактоо мекемелеринде же уюмдарда, мекемелерде жана жеке менчик чарба жүргүзүүчү субъекттерде жетекчилик кызматтарда 5 жылдан кем эмес иш стажы бар, мамлекеттик тилди эркин билген Кыргыз Республикасынын жараны шаардын мэри боло алат. Кылмыш жасаганы үчүн соттуулугу бар, анысы мыйзамда белгиленген тартипте жоюлбаган же алып салынбаган, соттолгондугу жоюлганына же алып салынганына карабастан мамлекеттик бийликке каршы кылмыш жасаганы үчүн соттуулугу бар, ошондой эле чет мамлекеттин жарандыгына ээ Кыргыз Республикасынын жараны шаардын мэри боло албайт."
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Жогорку Кеңештин депутаты Б.И. Сулеймановдун жарандыгы жөнүндө ММКларга жарыяланган маалымат боюнча
ММКларда, интернетте, социалдык тармактарда жарыяланып жаткан КР ЖКнын депутаты Б.И.Сулеймановдун Казакстан Республикасынын жарандыгы тууралуу 2013-жылдын 19-апрелиндеги документтердин копиялары боюнча КР БШК төмөнкүлөрдү билдирет:
2014-жылдын февралында “Асаба” улуттук кайра жаралуу партиясынан Жогорку Кеңештин депутаты Б.И. Сулейманов Казакстан Республикасынын жараны деген маалыматтарга таянып, анын депутаттык мандатын кайтарып алуу тууралуу арыз КР БШКга түшкөн.
Бул маселе 2014-жылдын 20-февралында КР БШКнын отурумунда каралып, болгон фактыларды карап чыгып, маалыматтарды толуктоо ирээтинде атайын органдарга жарандыгын тактоо үчүн тастыктама жиберип, ошонун жыйынтыгы менен чечим кабыл алуу каралган.
2014-жылдын 25-февралында КР БШК тарабынан Кыргыз Республикасынын жана Казакстан Республикасынын тийиштүү органдарына Б.И. Сулеймановдун жарандыгын тактоо ирээтинде тастыктама жөнөтүлгөн (КРӨ МКК, КР ТИМ, Казакстан Республикасынын БШКсы, Казакстан Республикасынын ИИМге караштуу миграция полициясы).
2014-жылдын 28-февралында Казакстан Республикасынын БШКсынын жана Казакстан Республикасынын ИИМге караштуу миграция полициясы тарабынан түшкөн маалыматында, 1963-жылдын 4-майында туулган Сулейманов Бахадыр Искакович Кыргыз Республикасынын жарандыгын алгандыгына байланыштуу Казакстан Республикасынын Мыйзамынын 3-бөлүгүнүн 21-жана 30-беренелерине ылайык Казакстан Республикасынын жарандыгын 2010-жылдын 13-августунда жоготкондугу тууралуу миграция полициясынын Жамбыл облустук ички иштер департаментинин №29 чечими кабыл алынган деп белгиленген.
Ошондой эле, 2001-жылдын 25-декабрында Б.И.Сулеймановдун наамына берилген Казакстан Республикасынын №0166641574 өздүк күбөлүгү жана 2006-жылдын 25-декабрында берилген №165654 Казакстан Республикасынын паспорту жарандыктан чыкканына байланыштуу жараксыз документтердин тизмесине киргизилип, күчүн жоготкон.
КР БШКнын маалыматтык камсыздоо бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Талас облусунун Талас районунун Долон айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоосу дайындалды
2018-жылдын 27-июнунда КР Борбордук шайлоо комиссиясы Талас облусунун Талас районунун Долон айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонусун дайындады.
Талас облусунун Талас райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акиминин 2018-жылдын 12-июнундагы № 112 буйругу менен Долон айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Жоробеков, өзү берген арызынын негизинде, ээлеген кызматынан бошотулган.
КР БШКнын токтомуна ылайык, Талас облусунун Талас районунун Долон айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2018-жылдын 16-июлуна саат 9-00дөн 12-00гө чейин дайындалды.
Шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштуруп, өткөрүү Талас АШКсына тапшырылды.
Маалымат катары: “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 48-беренесине ылайык жогорку билими жана мамлекеттик же болбосо муниципалдык кызматта 2 жылдан кем эмес иш стажы, же болбосо билим берүүнүн, саламаттык сактоонун мамлекеттик мекемелеринде же уюмдардын, мекемелердин жана жеке менчик чарбакер субъекттердин жетекчилик кызматтарында 3 жылдан кем эмес иш стажы бар аракетке жөндөмдүү Кыргыз Республикасынын жараны айыл өкмөтүнүн башчысы боло алат. Кылмыш жасагандыгы үчүн мыйзамдарда белгиленген тартипте алып салынбаган же жоюлбаган соттуулугу бар Кыргыз Республикасынын жараны айыл өкмөтүнө башчы болушу мүмкүн эмес.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын бош калган мандаты О. Алыбаевге өткөрүлүп берилди
Бүгүн, 2018-жылдын 27-июнунда каза болгондугуна байланыштуу Жогорку Кеңештин депутаты Кадыкеев Нурланбек Кадыкеевичтин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду.
Бош калган мандат “Кыргызстан” саясий партиясынан катталган талапкерлердин тизмеси боюнча кезекте турган Алыбаев Орозбек Артельевичке өткөрүлүп берилди. Ага Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын күбөлүгү жана төш белгиси берилди.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын бош калган мандаты Ж. Исаевге өткөрүлүп берилди
Бүгүн, 2018-жылдын 27-июнунда “Электр станциялары” ААКнын башкы директорунун биринчи орун басары болуп дайындалуусуна байланыштуу, “Кыргызстан” парламенттик фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Сарсейитов Исланбек Зайырбековичтин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду.
Бош калган мандат “Кыргызстан” саясий партиясынан катталган талапкерлердин тизмеси боюнча кезекте турган Исаев Жаныбек Базаркуловичке өткөрүлүп берилди. Ага Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын күбөлүгү жана төш белгиси берилди.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын айрым жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана натыйжасы жөнүндөгү протоколдору бекитилди
2018-жылдын 27-июнунда КРнын БШКсы 2018-жылдын 20, 22-июнунда өткөрүлгөн Нарын облусунун Ат-Башы районунун Казыбек, Кочкор районунун Ак-Кыя, Чүй облусунун Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорун бекитти.
Протоколдордун негизинде:
-Казыбек айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп таанылып, Докоев Руслан Усенович айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды;
-Ак-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп таанылып, Турдубеков Тилек Рысбекович айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды;
- Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп таанылып, Бейшеналиев Бакыт Курманбекович айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды.
Шайланган айыл өкмөт башчыларына белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берүү Ат-Башы, Кочкор жана Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясына тапшырылды.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
2018-жылдын 27-июнунда КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийин турган депутаттыкка талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Ысык-Көл, Чоң-Алай жана Сокулук АШКнын чечимдерин бекитти.
Ошентип:
-Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Ананьево айылдык кеңешиндеги депутат Кубат уулу Таалайбектин депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу ыйгарым укуктары токтотулуп, мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге –С. Бакаевге өткөрүп берилди;
-Ош облусунун Чоӊ-Алай районундагы Кашка-Суу айылдык кеңешиндеги депутат А. Кудайбергенованын депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу ыйгарым укуктары токтотулуп, мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге – Б. Карыбековго өткөрүп берилди;
-Чүй облусунун Сокулук районундагы Крупская айылдык кеңешиндеги депутат А. Джакупованын КР аймагынан тышкары көчүп кеткенине байланыштуу ыйгарым укуктары токтотулуп, мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге – А. Абдрахмановго өткөрүп берилди;
КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
-
-
Кененирээк билүү >>
Түркиядагы кезексиз парламенттик жана президенттик шайлоолордо добуштардын 99% эсептелди
Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) Катчылыгынын жана Түрк тилдүү Мамлекеттердин Кызматташтык Кеңешинин (ТМКК) чакыруусу боюнча КР БШКнын делегациясы 2018-жылдын 24-июнунда болуп өткөн кезексиз парламенттик жана президенттик шайлоолордо добуш берүүнүн жүрүшүнө байкоо жүргүзүүгө катышты.
ШКУнун Миссиясынын курамына КР БШКнын төрагасынын орун басары А.Бекматов жана Ош облусундагы Кара-Суу АШКнын атайын өкүлү Ж.Джоробаев, Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык Кеңешинин Миссиясынын курамына КР БШКнын төрагасынын орун басары А.Эшимов, КР БШКнын Аппарат башчысы М.Коңурбаев кирди.
БШКнын делегациясынын шайлоолорго эл аралык байкоо жүргүзүү программасынын алкагында Түркиянын Жогорку шайлоо кеңешинин төрагасы Сади Гювен менен жолугушуу, шайлоо алдындагы чогулушка катышуу, Анкара, Стамбул жана Анталия шаарларындагы бир катар участкалардагы шайлоо процессине байкоо жүргүзүү жана байкоо жүргүзүү миссиясынын жыйынтыктарын чыгаруу боюнча пресс-конференциясына катышуулар болду.
КР БШКнын төрагасынын орун басары А.Бекматов Түрк Республикасындагы кезексиз Президенттик жана Парламенттик шайлоолорду даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүнө байкоо жүргүзүүнүн жыйынтыктары боюнча ШКУнун байкоочулар Миссиясынын пресс-конференциясына катышып, шайлоолор мыйзамдарга ылайык өткөндүгүн, шайлоолорду уюштуруу жогорку деңгээлде болгондугун белгиледи. Ал шайлоочулардын активдүүлүгүн, шайлоолордун ачык жана айкындыгын камсыз кылуу, технологиялык инновацияларды киргизүү боюнча Түркиянын БШКнын план ченемдүү жана ырааттуу иштерин өзгөчө белгиледи. Бардык деңгээлдеги шайлоо комиссиялардын мүчөлөрүнүн иши кесипкөйлүк деңгээлде экендиги белгиленди.
Жекшемби күнкү кезексиз президенттик жана парламенттик шайлоолордогу шайлоо бюллетенине Эрдогандын (Адилеттик жана өнүгүү башкаруучу партиясынан), Мухаррем Индженин (негизги оппозициялык Элдик-республикалык партиядан), Селахеттин Демирташтын (күрддөргө жакын Элдердин демократиялык партиясынан), Мераль Акшенердин (Жакшы партиядан), Темель Карамоллаоглунун (Бакыт партиясынан) жана Догу Перинчектин (“Мекен” партиясынан) фамилиялары киргизилген.
Президенттик шайлоолордогу добуш берүүнүн натыйжалары боюнча 99,16% добуштар эсептелип, маалыматтар боюнча азыркы президент Реджеп Эрдоган – 52,55% менен жеңди. Анын жакынкы атаандашы Мухаррем Инджеде 30,67%.
Добуштардын 99,10% эсептелген парламенттик шайлоолордо, мандаттар төмөндөгүдөй бөлүштүрүлдү: Адилеттик жана өнүгүү партиясы – АКР – 42,49% жана 293 орун.
Улутчулдук кыймыл Партиясы – МНР – 11,19% жана 50 орун. Жалпы жонунан “Элдик альянс” 342 парламенттик орун алат. Республикалык элдик партияда – СНР – 22,7% жана 146 орун. “Жакшы партияда” (жаш улутчулдар) – 44 орун. “Фелисити” партиясы – SP болгону 1,4% добуш алып, бир да мандатка жеткен жок. Күрддөргө жакын Элдик демократиялык партия (HDP) 11,2% добуш алып, парламентте 67 орун алат.
Түркиянын бир палаталуу парламентинде 600 орун бар.
КР БШКнын Аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШКнын төрагасы Н.Шайлдабекованын Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлеринин күнү менен куттуктоосу
Урматтуу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлери!
Урматтуу Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын кызматкерлери, атайын өкүлдөрү жана системалык администраторлору!
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын атынан жана жеке өзүмдүн атымдан Сиздерди кесиптик майрам – Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлеринин күнү менен куттуктоого уруксат этиңиздер.
Мамлекеттик кызматчы болуу – бул жигер, күн сайын ак ниеттүү, сапаттуу эмгекти, өз учурунда туура чечимдерди жана чечкиндүү аракеттерди көрүүнү, жоопкерчиликтин жогорку деңгээлин, жарандык жана кесипкөйлүк эстүүлүктү талап кылган ардактуу жана жооптуу милдет.
Учурдан пайдаланып, Кыргызстанда демократиялуу, ачык-айкын жана атаандаштык шайлоолорду уюштурууга жана өткөрүүгө, шайлоо системасын реформалоону ишке ашырууга кошкон салымыңыздар үчүн Сиздерге ыраазычылык билдирем. Сиздердин кесипкөй жана жоопкечиликтүү мамилеңиздерсиз, өлкөбүздүн туруктуу жана ийгиликтүү өнүгүүсү үчүн шайлоо процессинин маанилүүлүгүн Сиздердин жана жалпы командабыздын жогорку түшүнүүңүздөрсүз, ар бириңиздердин күн сайын тер төгүп аракеттенүүңүздөрсүз биздин өлкөбүз сыймыктанчу бул жетишкендиктерге жетишүү мүмкүн эмес болчу!
Биздин алдыбызда шайлоо укуктарын жана шайлоолорду уюштуруу тажрыйбасын өркүндөтүү боюнча жаңы өлкөн милдеттер турат. Жарандардын шайлоолорго толук кандуу катышуусун жана алардын өз эркин азат билдирүүсүн камсыздоо, ишенимди бекемдөө үчүн мүмкүн болгондун баарын биргеликте жасоо менен өлкөбүздөгү тынчтыкка жана биримдикке түрткү беребиз деп ишенемин!
Сиздерге чын дилимден чың ден соолук, бейпилдик, ынтымак, үй-бүлөлүк бакубаттуулук, Кыргызстан калкына кызмат кылуу жагындагы асыл иштериңизде жана өзүңүздөрдүн кесиптик чеберчиликти арттырууда ийгиликтерди каалайм!
Урматтоом менен,
КР БШКнын төрагасы Н.Шайлдабекова
Кененирээк билүү >>
Баткен АШКнын курамына жана резервине өзгөртүүлөр киргилизди
КР БШК Баткен АШКнын курамына жана резервине өзгөртүүлөдү киргизүү жөнүндө токтом кабыл алынды. И. Мамаразаковдун өлгөндүгүнө байланыштуу АШКнын курамынан чыгаруу боюнча токтом кабыл алынды.
Баткен АШКнын курамынан И. Мамаразаков (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылды. Алардын ордуна резервдеги К.Таабалдыев (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун айрым аткаруу органдарынын башчыларын шайлоо дайындалды
2018-жылдын 21-июнунунда Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун айрым аткаруу органдарынын башчыларын шайлоо дайындалды.
Нарын облусунун Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акиминин 2018-жылдын 18-июнундагы № 02-б буйругу менен Учкун айыл өкмөтүнүн башчысы К.Мамырбаев, өзү берген арызынын негизинде, ээлеген кызматынан бошотулган.
Жалал-Абад облусунун Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акиминин 2018-жылдын 21-июнундагы № 152 буйругу менен айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Сагынбаев, өзү берген арызынын негизинде, ээлеген кызматынан бошотулган.
КР БШКнын токтомуна ылайык, Нарын облусунун Нарын районунун Учкун, Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Толук айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо 2018-жылдын 10-июлуна саат 9-00дөн 12-00гө чейин дайындалды.
2018-жылдын 20-июнуна дайындалган Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Токтогул шаарынын мэрин, Аксы районунун Кара-Жыгач, Сузак районунун Көк-Арт айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо катталган талапкерлер депутаттардын добуштарынын зарыл болгон санын албай калгандыгына байланыштуу өткөн жок.
КР БШКнын токтомуна ылайык, Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Токтогул шаарынын мэрин, Аксы районунун Кара-Жыгач, Сузак районунун Көк-Арт айыл өкмөттөрүнүн башчыларын жаңы талапкерлерди көрсөтүү менен, кайра шайлоо 2018-жылдын 5-июлуна саат 9-00дөн 12-00гө чейин дайындалды.
Шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштуруп, өткөрүү Нарын, Токтогул, Аксы жана Сузак АШКна тапшырылды.
Маалымат үчүн: "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 42-беренесине ылайык жогорку билими жана мамлекеттик же болбосо муниципалдык кызматта 3 жылдан кем эмес иш стажы, же болбосо билим берүүнүн, саламаттык сактоонун мамлекеттик мекемелеринде же уюмдардын, мекемелердин жана жеке менчик чарбачыл субъекттердин жетекчилик кызматтарында 5 жылдан кем эмес иш стажы бар, аракетке жөндөмдүү Кыргыз Республикасынын жараны шаардын мэри боло алат.
Кылмыш жасагандыгы үчүн мыйзамдарда белгиленген тартипте алып салынбаган же жоюлбаган соттуулугу бар Кыргыз Республикасынын жараны шаарга мэр боло албайт.
Ошондой эле, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 48-беренесине ылайык жогорку билими жана мамлекеттик же болбосо муниципалдык кызматта 2 жылдан кем эмес иш стажы, же болбосо билим берүүнүн, саламаттык сактоонун мамлекеттик мекемелеринде же уюмдардын, мекемелердин жана жеке менчик чарбакер субъекттердин жетекчилик кызматтарында 3 жылдан кем эмес иш стажы бар аракетке жөндөмдүү Кыргыз Республикасынын жараны айыл өкмөтүнүн башчысы боло алат. Кылмыш жасагандыгы үчүн мыйзамдарда белгиленген тартипте алып салынбаган же жоюлбаган соттуулугу бар Кыргыз Республикасынын жараны айыл өкмөтүнө башчы болушу мүмкүн эмес.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
2018-жылдын 20-июнунда Ак-Кыя жана Казыбек айыл өкмөттөрүнүн башчылары шайланды, Токтогул шаарынын мэри, Кара-Жыгач жана Көк-Арт айыл өкмөттөрүнүн башчылары шайланбай калды
2018-жылдын 20-июнунда Кочкор районундагы Ак-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы жана Ат-Башы районундагы Казыбек айыл өкмөтүнүн башчысы шайланды. Жалал-Абад облусунун Токтогул шаарынын мэри, Аксы районундагы Кара-Жыгач айыл өкмөтүнүн жана Сузак районундагы Көк-Арт айыл өкмөтүнүн башчылары шайланбай калды.
Натыйжада:
- Алдын ала маалыматтар боюнча, Нарын облусунун Кочкор районундагы Ак-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы болуп, 15 добуш алган Турдубеков Тилек Рысбекович шайланды. Башчылык орунга 2 талапкер ат салышкан. Ак-Кыя айылдык кеңешинде бардыгы болуп 21 депутат бар, алардын 20сы катышты;
- Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Казыбек айыл өкмөтүнүн башчысы болуп, алдын ала маалыматтар боюнча 6 добуш алган Докое Руслан Үсөнович шайланда. Башчылык орунга 2 талапкер катталган. Казыбек айылдык кеңешинде бардыгы болуп 11 депутат бар, алардын 11 тең катышты;
- Токтогул шаарында мэрди шайлоо кайра өткөрүлөт. Талапкерлер добуштардын зарыл болгон санын албагандыктан Токтогул шаарынын мэрин шайлоо болбой калды. Токтогул шаардык кеңешинде бардыгы болуп 21 депутат бар, алардын 21 тең катышты. Мэрлик кызматка 2 талапкер ат салышып, экөө тең 10 добуштан алышты, бир добуш баарына каршы болду;
- Талапкерлер добуштардын зарыл болгон санын албагандыктан Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Кара-Жыгач айыл өкмөтүнүн башчысы шайланбай калды. Кара-Жыгач айылдык кеңешинде 21 депутат болуп, бардык 21 тең катышты. Айыл өкмөтүнүн башчылыгына 3 талапкер ат салышты;
- Талапкерлер добуштардын зарыл болгон санын албагандыктан Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Көк-Арт айыл өкмөтүнүн башчысы шайланбай калды. Бардыгы болуп, Көк-Арт айылдык кеңешинде 21 депутат бар болуп, бардык 21 тең катышты. Айыл өкмөтүнүн башчылыгына 4 талапкер катталган.
Маалымат катары: Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 49-беренесинин 3, 4-пункттарына ылайык, айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо жергиликтүү кеңештин депутаттары тарабынан жашыруун добуш берүү жолу менен жүзөгө ашырылат.
Тиешелүү кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушун алган талапкер шайланды деп эсептелет.
Эгерде:
- катталган бир талапкер, депутаттардын добуштарынын зарыл болгон санын албай калса, кайра шайлоо өткөрүлөт;
- эки талапкер катталса жана алардын бири да добуштардын зарыл болгон санын албай калса, добуштардын көбүрөөк санын алган бир талапкер боюнча добуш берүүнүн экинчи туру өткөрүлөт. Эгерде биринчи турда эки талапкер депутаттардын добуштарынын тең санын алып калса, кайра шайлоо өткөрүлөт;
- экиден ашык талапкер катталса жана алардын бири да депутаттардын добуштарынын зарыл болгон санын албай калса, добуштардын көбүрөөк санын алган эки талапкер боюнча добуш берүүнүн экинчи туру өткөрүлөт. Эгерде биринчи турда талапкерлердин бири добуштардын көбүрөөк санын алса, ал эми кийинки эки талапкер добуштардын тең санын алса, добуштардын көбүрөөк санын алган бир талапкер боюнча добуш берүүнүн экинчи туру өткөрүлөт. Эгерде биринчи турда эки талапкер добуштардын көбүрөөк тең санын алса, ал эми башка талапкерлер азыраак добуш алса, добуштардын көбүрөөк тең санын алган эки талапкер боюнча добуш берүүнүн экинчи туру өткөрүлөт. Эгерде биринчи турда бардык талапкерлер добуштардын тең санын алса, кайра шайлоо өткөрүлөт.
Добуш берүүнүн ушул беренеде каралбаган натыйжаларын аныктоодо башка кырдаалдар келип чыккан учурда, кайра шайлоо өткөрүлөт.
Борбордук шайлоо комиссиясы айыл өкмөтүнүн башчысы шайланбай калган күндөн тартып 3 календардык күндүн ичинде кайра шайлоо дайындайт.
Жаңы талапкерликтерди көрсөтүү менен кайра шайлоо аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан кайра шайлоо дайындалган күндөн тартып 15 календардык күндөн кечиктирбестен өткөрүлөт.
КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын бош калган мандаты Т.Жоробековго өткөрүлүп берилди
Бүгүн, 2018-жылдын 19-июнунда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы болуп дайындалгандыгына байланыштуу, Жогорку Кеңештин депутаты Ибраимжанов Болотбек Сапарбаевичтин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду.
Бош калган мандат “Республика-Ата-Журт” саясий партиясынан катталган талапкерлердин тизмеси боюнча кезекте турган Жоробеков Тариел Улукбековичке өткөрүлүп берилди. Ага Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын күбөлүгү жана төш белгиси берилди.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
2018-жылдын 19-июнунда КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийин турган депутаттыкка талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Ноокен, Ат-Башы, Алай, Жети-Өгуз жана Ысык-Көл АШКнын чечимдерин бекитти.
Ошентип:
-Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Кочкор-Ата шаардык кеңешиндеги “Республика-Ата-Журт” партиясынан депутат К.Масиров өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, мандат кийинки талапкер – К.Ажибаевага өткөрүлүп берилди;
-Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Достук айылдык кеңешиндеги депутат А.Бекибаевдин депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу ыйгарым укуктары токтотулуп, мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге –З.Бекбаевге өткөрүлүп берилди;
-Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Масы айылдык кеңешиндеги депутат Б.Жусупбековго карата соттун айыптоочу өкүмү күчүнө киргендигине байланыштуу ыйгарым укуктары токтотулуп, мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге – Н.Омуралиевге өткөрүлүп берилди;
-Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Кара-Коюн айылдык кеңешиндеги депутат Б.Илиязов өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, мандат кийинки талапкер – Б.Айыповго өткөрүлүп берилди;
-Ош облусунун Алай районундагы Алай айылдык кеңешиндеги депутат С.Карыбеков депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу ыйгарым укуктары токтотулуп, мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге –А. Өмүрөвго өткөрүлүп берилди;
-Ош облусунун Алай районундагы Конур-Добо айылдык кеңешиндеги депутат Б.Бегматовдун каза болгондугуна байланыштуу ыйгарым укуктары токтотулуп, мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге –Н.Асановго өткөрүлүп берилди.
-Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Барскоон айылдык кеңешиндеги депутат Ж.Бейшеева депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу ыйгарым укуктары токтотулуп, мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге –А.Элебесовго өткөрүлүп берилди;
-Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Абдурахманов айылдык кеңешиндеги депутат Э.Исмаилов өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, мандат кийинки талапкер –А.Шаршембиевге өткөрүлүп берилди.
КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Акыркы жаңылыктар
28.09.2026
Кыргыз Республикасынын жарандарына жана саясий партиялардын өкүлдөрүнө кайрылуу
26.09.2026
ЖМК жана интернет-басылмаларды аккредитациялоо боюнча кайрылуу
25.09.2026
Шайлоо участокторунун чек аралары маселеси жөнүндө
25.09.2026
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын шайлоочуларга, талапкерлерге, саясий партияларга, жалпыга маалымдоо каражаттарына, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө жана шайлоо процессинин катышуучуларына кайрылуусу!
25.09.2026
«Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону 2027-жылдын 27-январында эркин, таза жана ачык-айкын өткөрүүнү камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыкка кол коюлду
25.09.2026
«Элдик Банк» жана «АБанк» КР Президентин шайлоого катышуучу талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн банк катары аныкталды