Башкы
Жаңылыктар
Жаңылыктар
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун айрым аткаруу органдарынын башчыларын шайлоо дайындалды
2018-жылдын 31-июлунда КР Борбордук шайлоо комиссиясы Нарын районунун Достук, Чүй облусунун Сокулук районунун Орок, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Бөрү-Баш, Талас облусунун Бакай-Ата районунун Шадыкан, айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындады.
2018-жылдын 27-июлуна дайындалган Нарын облусунун Нарын районунун Достук айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо катталган талапкерлер депутаттардын добуштарынын зарыл болгон санын албай калгандыгына байланыштуу өткөн жок.
Чүй облусунун Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акиминин 2018-жылдын 24-июлундагы № 297-б буйругу менен Орок айыл өкмөтүнүн башчысы Чодуев Урмат Асылбекович, өзү берген арызынын негизинде, ээлеген кызматынан бошотулган.
Ысык-Көл облусунун Ак-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акиминин 2018-жылдын 26-июлундагы № 141- буйругу менен Бөрү-Баш айыл өкмөтүнүн башчысы Өмүрбеков Марат Рыскулович, өзү берген арызынын негизинде, ээлеген кызматынан бошотулган.
Талас облусунун Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акиминин 2018-жылдын 24-июлундагы № Б-13/VI буйругу менен Шадыкан айыл өкмөтүнүн башчысы Жумакулов Майрамбек Темирбекович, Шадыкан айылдык кеңешинин ишеним көрсөтпөө жөнүндөгү 2018-жылдын 1-июнундагы № 1 токтомунун негизинде, ээлеген кызматынан бошотулган.
КР БШКнын токтомуна ылайык
- Нарын облусунун Нарын районунун Достук айыл өкмөтүнүн башчысын жаңы талапкерлерди көрсөтүү менен, кайра шайлоо 2018-жылдын 8-августуна, саат 9-00дөн 12-00гө чейин дайындалды;
- Чүй облусунун Сокулук районунун Орок, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Бөрү-Баш, Талас облусунун Бакай-Ата районунун Шадыкан айыл өкмөтүнүн башчыларын шайлоо 2018-жылдын 13-августуна саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлсүн.
Шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштуруп, өткөрүү Нарын, Сокулук, Ак-Суу жана Бакай-Ата аймактык шайлоо комиссияларына тапшырылды.
Маалымат катары: “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 48-беренесине ылайык жогорку билими жана мамлекеттик же болбосо муниципалдык кызматта 2 жылдан кем эмес иш стажы, же болбосо билим берүүнүн, саламаттык сактоонун мамлекеттик мекемелеринде же уюмдардын, мекемелердин жана жеке менчик чарбакер субъекттердин жетекчилик кызматтарында 3 жылдан кем эмес иш стажы бар аракетке жөндөмдүү Кыргыз Республикасынын жараны айыл өкмөтүнүн башчысы боло алат. Кылмыш жасагандыгы үчүн мыйзамдарда белгиленген тартипте алып салынбаган же жоюлбаган соттуулугу бар Кыргыз Республикасынын жараны айыл өкмөтүнө башчы болушу мүмкүн эмес.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилди
2018-жылдын 31-июлунда КРнын БШКсы 2018-жылдын 27-июлунда Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорун бекитти.
Протоколдордун негизинде Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп таанылып, Тенизбаев Камбарбек Асипбаевич айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды.
Шайланган айыл өкмөт башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берүү Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясына тапшырылды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Бишкек шаарынын мэринин шайлоосуна талапкер А.Суракматов мамлекеттик тилден сынак тапшырды
2018-жылдын 31-июлунда Бишкек шаарынын мэрине талапкерлер үчүн мамлекеттик тилден сынак тапшыруу болуп өттү. Мэрлик орунга талапкер катары катталган талапкер Азис Суракматов сынактын шартына ылайык өзүнүн шайлоо алдындагы программасын жазып аны комиссия мүчөлөрүнө окуп берди. Ошондой эле, көркөм окууга Чынгыз Айтматовдун "Саманчынын жолу" чыгармасынан үзүндү окуп, чыгарма тууралуу өзүнүн түшүнүгүн айтып берди. Жыйынтыгында комиссия мүчөлөрү талапкерди мамлекеттик тилди билет деген чечимди бир добуштан колдошту.
Комиссиянын курамына томөнкүлөр кирди;
1.Абдесов Нургалый – КРнын эмгек сиңирген мугалими;
2. Абдувалиев Ибраим –филология илимдеринин доктору, профессор;
3. Байсабаев Бектурсун Ашымович-педагогика илимдеринин кандидаты, профессор;
4. Искендерова Суусар Искендеровна – филология илимдеринин доктору, профессор;
5. Кенжешев Каныбек Дуйшоналиевич–педагогика илимдеринин кандидаты, профессор;
6. Тиллебаев Садык Алаханович – филология илимдеринин доктору, профессор;
7. Чыманов Женишбек Арыпович – педагогика илимдеринин кандидаты, профессор.
Эскерте кетсек, 2018-жылдын 8-августунда Бишкек шаарынын мэрин шайлоо өтөт.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
2018-жылдын 31-июлунда өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору
Өткөрүү датасы: 31-июль 2018-ж.
Убактысы: 16.00
Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы
1. 2018-жылдын 27-июлунда өткөрүлгөн Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
(Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысынын м.а.)
2. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун айрым аткаруу органдарынын башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө
(Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысынын м.а.)
3. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2018-жылдын 23-июлундагы №150 “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын мэрин шайлоону дайындоо жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
(Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысынын м.а.)
4. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийин турган депутаттыкка талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө айрым аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
(Баяндамачы – М.Камчыбекова, укуктук камсыздоо бөлүмдүн башчысы)
5. Бишкек шаардык кеңешинин депутаттыгына “Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясынан катталган талапкерлердин тизмесиндеги талапкер Э. Досиевдин Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын 2018-жылдын 12-июлундагы “Бишкек шаардык кеңешинин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнүндө” №6 чечимине карата арызы тууралуу
(Баяндамачы – М.Камчыбекова, укуктук камсыздоо бөлүмдүн башчысы)
6. Ар түрдүү маселелер
Кененирээк билүү >>
2018-жылдын 27-июлунда Нарын облусундагы Нарын районунун Достук айыл өкмөтүнүн жана Чүй облусундагы Ысык-Ата районунун Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн башчыларын шайлоо болуп өттү
2018-жылдын 27-июлунда Нарын облусудагы Нарын районунун Достук айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү. Достук айылдык кеңешинде баары болуп 11 депутат бар, анын ичинен 8 шайлоого катышты. 8 депутаттын баары талапкерге каршы добуш берди. Катталган талапкер добуштардын керектүү санын ала албай калгандыгына байланыштуу айыл өкмөтүнүн башчысы шайланбады.
2018-жылдын 27-июлунда Чүй облусудагы Ысык-Ата районунун Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү. Ысык-Ата айылдык кеңешиндеги 11 депутаттын баары шайлоого катышты. Айыл өкмөтүнүн башчылыгына 2 талапкер ат салышты. Чүй облусудагы Ысык-Ата районунун Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы болуп 6 добуш алган Теңизбаев Камбарбек Асипбаевич шайланды.
КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
2018-жылдын 31-июлунда Бишкек шаарынын мэрлигине талапкерлер мамлекеттик тилден сынак тапшырышат
Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы, 2018-жылдын 26-июлунда Бишкек шаарынын мэрин шайлоо үчүн талапкерлердин мамлекеттик тилди билүүсүн аныктоо максатында комиссиянын курамын бекитти. Талапкерлер 2018-жылдын 31-июлунда саат 14:00дө КР БШКнын имаратында сынак тапшырышат.
Сурап-билүү үчүн төмөнкү телефондорго кайрылыңыздар
Бишкек АШКсы (0312) 36 03 32
БАШКнын катчысы (0555) 98 44 69
Кененирээк билүү >>
Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын Бишкек шаардык кеңешинин фракцияларына, фракциялардын коалициясына жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине КАЙРЫЛУУСУ
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын мэрин шайлоону дайындоо жөнүндө” 2018-жылдын 23-июлундагы №150 Токтомуна ылайык, Бишкек шаарынын мэрин шайлоо 2018-жылдын 8-августуна саат 9-00дан 12-00 чейин убакытка дайындалды.
Бишкек АШКсы Бишкек шаарынын мэрлигине талапкерлерди катоого документтерди кабыл алууну баштайт. Мыйзамдарга ылайык, Бишкек шаарынын мэринин кызматына талапкерлерди көрсөтүүгө Бишкек шаардык кеңешинин фракциялары, фракцияларынын коалициясы жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министри укуктуу.
Бишкек шаарынын мэринин кызмат ордуна талапкерлердин мамлекеттик тилди эркин билүү деңгээлин аныктоо максатында, Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан белгиленген мөөнөттө Тил боюнча комиссия түзүлөт. Комиссиянын курамы, комиссиянын отурумунун датасы жана убактысы тууралуу кийинчерээк билдирилет.
Бишкек шаарынын мэринин кызмат ордуна талапкерди көрсөткөн субъект, 2018-жылдын 31-июлунда саат 18-00гө чейин Бишкек аймактык шайлоо комиссиясына каттоо үчүн төмөнкү документтерди тапшырат:
1) талапкерди көрсөтүү жөнүндө чечимди;
2) талапкердин ат салышууга макулдугу жөнүндө арызын;
3) талапкердин фамилиясын, атын, атасынын атын, туулган датасын, иштеген жерин, ээлеген кызматын (ишинин түрүн) жана жашаган жерин көрсөтүү менен анын өмүр баянынын маалыматтарын;
4) “Борбордун статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесинин талаптарын ырастаган тиешелүү документтерди (Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортунун көчүрмөсү, жогорку билими жөнүндө дипломдун жана эмгек китепчесинин нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү, КР Ички иштер министрлигинен соттуулугу жок экендиги боюнча маалым кат).
Бишкек шаарынын мэрлигине талапкерлерди көрсөтүү шарттары жана тартиби жөнүндө кененирээк Кыргыз Респуликасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын www.shailoo.gov.kg расмий сайтында жайгаштырылган “Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерин шайлоо жөнүндө” Жободон жана “Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерин шайлоо боюнча тил комиссиялары жөнүндө” Жободон биле аласыздар.
Сурап билүү үчүн телефондор: Бишкек АШК (0312) 36 03 32
БАШКнын катчысы (0555) 98 44 69
Кененирээк билүү >>
Бишкек шаарынын мэринин шайлоосу дайындалды
2018-жылдын 23-июлунда КР БШКнын токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын мэрин шайлоо 2018-жылдын 8-августуна саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүү дайындалды.
Шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштуруп, өткөрүү Бишкек АШКга тапшырылды.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2018-жылдын 19-июлундагы №487-Буйругу менен Бишкек шаарынын мэри Ибраимов Албек Сабирбекович “Бишкек шаардык кеңеши тарабынан ишеним көрсөтүлбөгүндүгү тууралуу чечимине байланыштуу” ээлеген кызматынан бошотулду.
Маалымат үчүн: “Бишкек шаарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесине ылайык Жогорку билими жана мамлекеттик, муниципалдык кызматтарда же билим берүүнүн, саламаттык сактоонун мамлекеттик мекемелеринде же уюмдарда, мекемелерде жана жеке менчик чарба жүргүзүүчү субъекттерде жетекчи кызматтарда 5 жылдан кем эмес иш стажы бар, мамлекеттик тилди эркин билген Кыргыз Республикасынын жараны Бишкек шаарынын мэри боло алат.
Мыйзамда белгиленген тартипте жоюлбаган же алып салынбаган кылмыш жасаганы үчүн соттуулугу бар, соттуулугу жоюлганына же соттуулугу алып салынганына карабастан мамлекеттик бийликке каршы кылмыш жасаганы үчүн соттуулугу бар, ошондой эле чет мамлекеттин жарандыгы бар Кыргыз Республикасынын жараны Бишкек шаарынын мэри боло албайт.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Ош шаарынын мэрин шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколу бекитилди
2018-жылдын 23-июлунда КРнын БШКсы 2018-жылдын 18-августунда өткөрүлгөн Ош шаарынын мэринин шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорун бекитти.
Ош шаарынын мэри болуп Сарыбашов Таалайбек Насирбекович шайланды. Ош шаарынын мэри кызматына “Мыйзам жана Ыйман” көпчүлүк коалиция тарабынан 1 талапкер көрсөтүлүп, талапкер катары катталган.
2018-жылдын 18-августунда өткөрүлгөн Ош шаарынын мэринин шайлоосуна Ош шаардык кеңешинин жалпы 45 депутатынын 45 бары катышып, добуш берүүдө талапкер Т. Сарыбашовго 44 депутат “МАКУЛ”, 1 депутат “КАРШЫ” добуш беришкен.
Кыргыз Республикасынын Ош шаарынын шайланган мэри “Ош шаарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына жооп берет.
Жаңы шайланган Ош шаарынын мэрине белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берүү Ош аймактык шайлоо комиссиясына тапшырылды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо дайындалды
2018-жылдын 23-июлунда КР Борбордук шайлоо комиссиясы Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындады.
Ош облусунун Кара-Кулжа райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акиминин 2018-жылдын 20-июлундагы № 230 буйругу менен Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысы Рысбеков Турдумамат Мамасалиевич, өзү берген арызынын негизинде, ээлеген кызматынан бошотулган.
КР БШКнын токтомуна ылайык, Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2018-жылдын 8-августуна саат 9-00дөн 12-00гө чейин дайындалды.
Шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштуруп, өткөрүү Кара-Кулжжа АШКсына тапшырылды.
Маалымат катары: “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 48-беренесине ылайык жогорку билими жана мамлекеттик же болбосо муниципалдык кызматта 2 жылдан кем эмес иш стажы, же болбосо билим берүүнүн, саламаттык сактоонун мамлекеттик мекемелеринде же уюмдардын, мекемелердин жана жеке менчик чарбакер субъекттердин жетекчилик кызматтарында 3 жылдан кем эмес иш стажы бар аракетке жөндөмдүү Кыргыз Республикасынын жараны айыл өкмөтүнүн башчысы боло алат. Кылмыш жасагандыгы үчүн мыйзамдарда белгиленген тартипте алып салынбаган же жоюлбаган соттуулугу бар Кыргыз Республикасынын жараны айыл өкмөтүнө башчы болушу мүмкүн эмес.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийин турган депутаттыкка талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү АШКнын чечимдерин бектитти
2018-жылдын 23-июлунда КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийин турган депутаттыкка талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Ак-Талаа, Кочкор, Жумгал, Токтогул, Панфилов жана Ноокат АШКнын чечимдерин бекитти.
Ошентип:
-Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Ак-Чий айылдык кеңешиндеги депутат Жусупжанов Азизбек Мухтарбекович өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, мандат кийинки талапкер – Искендеров Болотко өткөрүлүп берилди;
-Нарын облусунун Кочкор районундагы Кара-Суу айылдык кеңешиндеги депутат Талантек уулу Жылдызбек өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, мандат кийинки талапкер – Чодуев Мухамбетөмүр Мамбетжумаевичке өткөрүлүп берилди;
-Нарын облусунун Кочкор районундагы Кочкор айылдык кеңешиндеги депутат Базаров Акжолтой Суйунтбекович өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, мандат кийинки талапкер – Астраханов Мыктыбек Зарлыковичке өткөрүлүп берилди;
-Нарын облусунун Кочкор районундагы Ак-Кыя айылдык кеңешиндеги депутат Турдубеков Тилек Рысбековичтин депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу ыйгарым укуктары токтотулуп, мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге – Сапаров Марлис Турдакуновичке өткөрүп берилди;
-Нарын облусунун Жумгал районундагы Чоң-Дөбө айылдык кеңешиндеги депутат Карыпбаев Урмат өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, мандат кийинки талапкер – Абакиров Атаназ Алтымышовичке өткөрүлүп берилди;
-Нарын облусунун Жумгал районундагы Чоң-Дөбө айылдык кеңешиндеги депутат Азисбек уулу Дыйканбек өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, мандат кийинки талапкер – Доронбеков Кубанычбек Батыркановичке өткөрүлүп берилди;
-Нарын облусунун Жумгал районундагы Чоң-Дөбө айылдык кеңешиндеги депутат Абакиров Кайырбек өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, мандат кийинки талапкер – Курманалиева Айтбүбү Баркыжоковнага өткөрүлүп берилди;
-Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Токтогул шаардык кеңешиндеги депутат Болгонбеков Болот Турдуевич (“Энергетиктер” деп.фракциясы) депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу ыйгарым укуктары токтотулуп, мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге – Оргараева Нурзада Райымкуловнага өткөрүп берилди(“Энергетиктер” деп.фракциясы);
-Чүй облусунун Панфилов районундагы Курама айылдык кеңешиндеги депутат Казакбаева Бактыгуль Артыкбаевнанын депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу ыйгарым укуктары токтотулуп, мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге – Абдыкалыков Адилет Жалиловичке өткөрүп берилди;
-Ош облусунун Ноокат районундагы Т.Зулпуев атындагы айылдык кеңешиндеги депутат Акматжанов Алимжан Кайырбек өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, мандат кийинки талапкер – Сатыбалдиев Рахматилла Сулаймановичке өткөрүп берилди.
КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын айрым жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана натыйжасы жөнүндөгү протоколдору бекитилди
2018-жылдын 23-июлунда КРнын БШКсы 2018-жылдын 27-июнунда, 4-июлда өткөрүлгөн Талас облусунун Талас районунун Долоно, Чүй облусунун Кемин районунун Алмалуу айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорун бекитти.
Протоколдордун негизинде:
-Долоно айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп таанылып, Боркеев Омурбек Сырдыбаевич айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды;
-Алмалуу айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп таанылып, Шакиров Улан Бобекович айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды.
Шайланган айыл өкмөт башчыларына белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берүү Талас жана Кемин аймактык шайлоо комиссиясына тапшырылды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК Уланбек Эгизбаевдин үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, орду толгус аза кайгысын тең бөлүшөт
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөлөрү жана жалпы эмгек жамааты белгилүү журналист Уланбек Эгизбаевдин мезгилсиз дүйнөдөн кайтканына байланыштуу үй-бүлөсүнүн, жакындарынын, кесиптештеринин аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат. Аз жашап, көп жакшы иштерди жазаган Уланбек Эгизбаевдин элеси биздин эсибизде түбөлүк сакталат.
Кененирээк билүү >>
КР БШК Садык Шер-Нияздын апасынын дүйнөдөн кайтканына байланыштуу үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөлөрү жана жалпы эмгек жамааты Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Садык Шер-Нияздын апасынын дүйнөдөн кайтканына байланыштуу, жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.
Кененирээк билүү >>
2018-жылдын 23-июлунда өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору
Өткөрүү датасы: 23-июль 2018-ж.
Убактысы: 12:00
Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы
1. 2018-жылдын 18-июлунда өткөрүлгөн Кыргыз Республикасынын Ош шаарынын мэрин шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө.
2. Талас облусунун Талас районунун Долоно, Чүй облусунун Кемин районунун Алмалуу айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө.
3. Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын мэрин шайлоону дайындоо жөнүндө.
4. Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындоо жөнүндө.
5. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийин турган депутаттыкка талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө айрым аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу.
6. Бишкек шаардык кеңешинин депутаттыгына “Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясынан катталган талапкерлердин тизмесиндеги талапкер Э. Досиевдин Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын 2018-жылдын 12-июлундагы “Бишкек шаардык кеңешинин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнүндө” №6 чечимине карата арызы тууралуу.
7. Ар түрдүү маселелер.
Кененирээк билүү >>
Бишкек шаарынын мэрин шайлоо
БШКга Кыргыз Республикасынын Премьер-министри М.Абылгазиевдин 2018-жылдын 19-июлундагы №487-Буйругу келип түштү. Ага ылайык, Бишкек шаарынын мэри Ибраимов Албек Сабирбекович “Бишкек шаардык кеңеши тарабынан ишеним көрсөтүлбөгүндүгү тууралуу чечимине байланыштуу” ээлеген кызматынан бошотулду. Буйрукка негиз катары Бишкек шаардык кеңешинин 2018-жылдын 13-июлундагы №67-Токтому көрсөтүлгөн.
“Борбордун статусу жөнүндө” КР Мыйзамынын 23-беренесине ылайык, шаардын мэри ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулган учурда БШК Бишкек шаарынын мэрин шайлоону орун бош калган күндөн тартып 10 календардык күндөн кечиктирбестен дайындайт.
Шайлоо аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан, шайлоо дайындалган күндөн тартып 20 календардык күндөн кечиктирилбестен өткөрүлөт (23-берене, 3-бөлүк).
Бишкек шаарынын мэрин шайлоо жашыруун добуш берүү жолу менен Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары тарабынан жүзөгө ашырылат. Эгерде ага Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарынын жалпы санынын кеминде үчтөн экиси катышса, шайлоо болду деп эсептелет.
Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарынын жалпы санынын добуштарынын көпчүлүгүн алган талапкер шайланды деп эсептелет.
Аймактык шайлоо комиссиясы шайлоонун натыйжаларын жарыялайт, тиешелүү протокол түзөт жана шайлоонун натыйжаларын ал жарыяланган күндөн тартып 7 календардык күндөн кечиктирбестен жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялайт.
Бишкек шаарынын мэринин кызматына талапкерлерди көрсөтүүгө Бишкек шаардык кеңешинин фракциялары, фракцияларынын коалициясы жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министри укуктуу.
Жогорку билими жана мамлекеттик, муниципалдык кызматтарда же билим берүүнүн, саламаттык сактоонун мамлекеттик мекемелеринде же уюмдарда, мекемелерде жана жеке менчик чарба жүргүзүүчү субъекттерде жетекчи кызматтарда 5 жылдан кем эмес иш стажы бар, мамлекеттик тилди эркин билген Кыргыз Республикасынын жараны Бишкек шаарынын мэри боло алат.
Бишкек шаарынын мэринин кызматына талапкерди көрсөткөн субъект шайлоого чейин 5 жумушчу күн калганданкечиктирбестен аймактык шайлоо комиссиясына каттоо үчүн төмөнкү документтерди берет:
1) талапкерди көрсөтүү жөнүндө чечимди;
2) талапкердин шайлоого катышууга макулдугу жөнүндө арызын;
3) талапкердин фамилиясын, атын, атасынын атын, туулган датасын, иштеген жерин, ээлеген кызматын (ишинин түрүн) жана жашаган жерин көрсөтүү менен анын өмүр баянынын маалыматтарын;
4) ушул Мыйзамдын 22-беренесинин талаптарын ырастаган тиешелүү документтерди.
Аймактык шайлоо комиссиясы документтер кабыл алынган күндөн тартып 3 календардык күндүн ичинде талапкерди көрсөтүүнүн тартиби ушул Мыйзамдын талаптарына ылайык келүүсун текшерет жана талапкерди каттоо жөнүндө чечимди же болбосо каттоодон баш тартуу жөнүндө жүйөлөштүрүлгөн чечимди кабыл алат. Мында, эгерде шайлоо комиссиясы талапкердин документтеринде каттоо үчүн тоскоолдук болуп саналган ылайык келбөөчүлүктөрдү тапса, аймактык шайлоо комиссиясы документтер алынгандан кийин 24 сааттын ичинде талапкерди көрсөткөн субъектке ылайык келбөөчүлүктөр жөнүндө маалымдоого милдеттүү. Талапкерди көрсөткөн субъект маалымдоо алынган учурдан тартып 48 сааттын ичинде зарыл өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жана оңдолгон документтерди аймактык шайлоо комиссиясына берүүгө укуктуу.
Талапкерди көрсөткөндөн кийин жана шайлоого 5 күн калганда, шаардын мэри кызматына талапкер мамлекеттик тилди эркин билүүсү боюнча сынак тапшырат.
Аймактык шайлоо комиссиясы бардык талапкерлерди каттагандан кийин 2 календардык күндүн ичинде Бишкек шаарынын мэрин шайлоону уюштурат.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Акыркы жаңылыктар
28.09.2026
Кыргыз Республикасынын жарандарына жана саясий партиялардын өкүлдөрүнө кайрылуу
26.09.2026
ЖМК жана интернет-басылмаларды аккредитациялоо боюнча кайрылуу
25.09.2026
Шайлоо участокторунун чек аралары маселеси жөнүндө
25.09.2026
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын шайлоочуларга, талапкерлерге, саясий партияларга, жалпыга маалымдоо каражаттарына, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө жана шайлоо процессинин катышуучуларына кайрылуусу!
25.09.2026
«Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону 2027-жылдын 27-январында эркин, таза жана ачык-айкын өткөрүүнү камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыкка кол коюлду
25.09.2026
«Элдик Банк» жана «АБанк» КР Президентин шайлоого катышуучу талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн банк катары аныкталды