Башкы Жаңылыктар Т.Дж.Уметалиеванын даттануусу боюнча

Т.Дж.Уметалиеванын даттануусу боюнча

06-Авг, 2018

2018-жылдын 3-августунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына жаран Уметалиева Токтайым Джумаковнадан Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын 2018-жылдын 31-июлундагы №8/3 “Бишкек шаарынын мэринин кызмат ордуна талапкерликке каттоодон баш тартуу тууралуу” чечимин жокко чыгаруу боюнча даттануу келип түшкөн.        

2018-жылдын 6-августунда Шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча Жумушчу топтун отуруму болуп өттү.  Жумушчу топтун отурумунда Уметалиева Т.Дж., анын ишенимдүү адамдары Камбаров Н.К., Бабакулов А.С., Сабырбеков Б.М, Бишкек АШКнын төрагасы Маматов К.А., КР БШКнын Бишкек АШКдагы атайын өкүлү Турумбеков М. катышышты.

Жумушчу топтун отурумунун жүрүшүндө Т.Дж.Уметалиева өз талаптарын толуктады – Бишкек АШКнын төрагасы К.А.Маматовдун ээлеген кызматынын негизги иштеген орду менен шайкештиги маселесин карап чыгуу.

2018-жылдын 31-июлунда Бишкек АШКга Т.Дж.Уметалиева Бишкек шаарынын мэринин кызмат ордуна талапкерликке “өзүн өзү көрсөтүү” тартибинде каттоо арызы менен кайрылган.

Бишкек АШКгыг 2018-жылдын 31-июлундагы №8/3 чечими менен Т.Дж.Уметалиевага Бишкек шаарынын мэринин кызмат ордуна талапкерликке каттоодон баш тартылды.

Бишкек АШКнын чечиминде төмөндөгүлөр белгиленген: Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 52-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык, жарандар ушул Конституцияда жана мыйзамдарда каралган тартипте мамлекеттик бийлик органдарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын шайлоого жана аларга шайланууга укуктуу.

 “Борбордун статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 23-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Бишкек шаарынын мэринин кызматына талапкерлерди көрсөтүүгө Бишкек шаардык кеңешинин фракциялары, фракцияларынын коалициясы жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министри укуктуу.  Ошентип, мыйзамдарда Бишкек шаарынын мэринин кызмат ордуна талапкерди көрсөтүүгө кимдер укуктуу экендиги так көрсөтүлгөн.

Т.Дж.Уметалиева Бишкек аймактык шайлоо комиссиясына Бишкек шаарынын мэринин кызмат ордуна талапкерликке “өзүн өзү көрсөтүү” тартибинде каттоо жөнүндө арызы менен кайрылган.  Бирок, Бишкек шаарынын мэринин кызмат ордуна талапкерлерди көрсөтүүдө өзүн өзү көрсөтүү тартиби аракеттеги мыйзамдарда каралган эмес.

Бишкек АШКнын жогоруда аталган даттанылган чечими Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 52-беренесине, “Борбордун статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 23-беренесине, жана “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине ылайык кабыл алынган.

1. Т.Дж.Уметалиева өз даттануусунда көрсөткөндөй, “Борбордун статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы конституциялык мыйзам эмес, 4-даражадагы жөнөкөй мыйзам болуп, КР Конституциясынын 52-беренесине карама-каршы келип жатат.  Мындай карама-каршылык болгон учурда жогору турган мыйзамдын укук ченемдерине ылайык чечим кабыл алынат.  Ошондой эле, анын өмүр баяны да “Борбордун статусу жөнүндө” КР Мыйзамынын 22-беренесине (Бишкек шаарынын мэрине коюлуучу талаптар) туура келет.

КР БШК төмөндөгүлөрдү белгилейт, “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” КР Мыйзамынын 2-беренесине ылайык:

мыйзамдар - коомдук мамилелерди жөнгө салуучу мыйзамдардын жана ченемдик укуктук актылардын жыйындысы;

укук ченеми (укуктук ченем) - адамдардын аныкталбаган чөйрөсүнө жана көп ирет колдонууга эсептелген жалпыга милдеттүү жүрүм-турум эрежелери;

ченемдик укуктук актынын юридикалык күчү - ченемдик укуктук актынын мүнөздөмөсү, анда анын тийиштүү коомдук мамилелерге карата милдеттүү түрдө колдонулушу, ошондой эле анын башка ченемдик укуктук актыларга кошо баш ийдирилгендиги аныкталат.

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 52-беренесинде белгиленгендей, жарандар ушул Конституцияда жана мыйзамдарда каралган тартипте мамлекеттик бийлик органдарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын шайлоого жана аларга шайланууга укуктуу.

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 8-бөлүмүндөгү (Жергиликтүү өз алдынча башкаруу) 112-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчылары мыйзамда белгиленген тартипте шайланат.

“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” КР Мыйзамынын 43-беренесинин 1-бөлүгүндө белгиленгендей, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерин шайлоо өзүнчө мыйзам менен аныкталат.  “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” КР Мыйзамынын 44-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Республикалык маанидеги шаарларда жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ишин уюштуруунун өзгөчөлүктөрү алардын статусу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталат.

“Борбордун статусу жөнүндө” КР Мыйзамына ылайык, ал жергиликтүү өз алдынча башкаруусун уюштуруунун жана жүзөгө ашыруунун өзгөчөлүктөрүн, анда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын түзүүнүн тартибин, алардын иш-милдеттерин жана ыйгарым укуктарын, мамлекеттик бийлик органдары менен өз ара мамилелерин белгилейт, ошондой эле Бишкек шаарында башкарууну жүзөгө ашыруунун укуктук, уюштуруучулук, экономикалык, финансылык жана социалдык шарттарын бекемдейт.

Ошентип, мыйзамдын жогоруда көрсөтүлгөн ченемдери Бишкек шаарынын мэрин шайлоону уюштуруу жана өткөрүү тартибин аныктайт.

“Борбордун статусу жөнүндө” КР Мыйзамынын 23-беренеси (Бишкек шаарынын мэрин шайлоо) менен шаардын мэринин кызмат ордуна талапкерлерди көрсөтүү тартиби орнотулган.  Аталган Мыйзамдын 23-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Бишкек шаарынын мэринин кызматына талапкерлерди көрсөтүүгө Бишкек шаардык кеңешинин фракциялары, фракцияларынын коалициясы жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министри укуктуу. “Борбордун статусу жөнүндө” КР Мыйзамынын 25-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык, ушул Мыйзамда каралган көрсөтүү тартибин сактабагандык, талапкерди каттоодон баш тартууга негиз болушу мүмкүн.

“Борбордун статусу жөнүндө” КР Мыйзамында көрсөтүлгөн талапкерликке көрсөтүү тартибин сактабагандыктан Т.Дж.Уметалиевага Бишкек шаарынын мэринин кызмат ордуна талапкерликке каттоодон баш тартылды.

КР БШК Бишкек АШКнын 2018-жылдын 31-июлдагы №8/3 Т.Дж.Уметалиеваны Бишкек шаарынын мэринин кызмат ордуна талапкерликке каттоодон баш тартуу жөнүндө кабыл алган чечими аракеттеги мыйзамдардын ченемдерине ылайык келет, жана аны жокко чыгарууга негиз жок деп эсептейт.

2. Т.Дж.Уметалиева өз арызында “Катчы А.Шербинина Бишкек АШКнын мүчөсүбү, анын ыйгарым укуктары барбы?” деп белгилейт.

“Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесинин 1, 4-бөлүктөрүнө ылайык,: Аймактык, участкалык шайлоо комиссиялары эки жылдык мөөнөткө саясый партиялардын өкүлдөрүнүн экиден биринин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын өкүлдөрүнүн экиден биринин курамында шайланат. Аймактык шайлоо комиссиясы Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан саясый партиялардын өкүлдөрүнөн жана тийиштүү аймактык шайлоо комиссиясынын резервинде турган адамдардан он бир мүчөдөн кем эмес курамда түзүлөт.

Шербинина Ольга Бишкек АШКнын курамына жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы тарабынан бекитилген талапкерлердин катарында көрсөтүлгөн (Бишкек шаардык кеңешинин 2018-жылдын 6-февралындагы №52-токтому).

КР БШКнын “Кыргыз Республикасынын аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарын жана резервдерин түзүү жөнүндө” 2018-жылдын 13-мартындагы №52-токтомуна ылайык ал Бишкек шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын курамына киргизилген.  Бишкек АШКнын 2018-жылдын14-мартындагы №1-чечими менен О.Шербинина Бишкек АШКнын катчысы болуп шайланган.

“Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 23-беренесинин 11-бөлүгүнө ылайык, Аймактык, участкалык шайлоо комиссиясынын чечимдерине шайлоо комиссиясынын төрагасы жана катчысы тарабынан кол коюлат. Ошондуктан, О.Шербинина Бишкек АШКнын чечимине кол коюуга ыйгарым укуктуу болгон.

3. Уметалиева Т. Дж. Бишкек АШКнын төрагасы К.А.Маматовдун ээлеген кызматынын негизги иштеген орду менен шайкештиги маселесин карап чыгууну суранган.

“Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, Төмөнкүлөр аймактык, участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөсү боло албайт:

1) Жогорку Кеңештин депутаты, жергиликтүү кеңештин депутаты;

2) мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары;

3) судья, укук коргоо жана фискалдык органдын кызматкери, аскер кызматчысы;

4) талапкер, талапкердин жана саясый партиянын өкүлү;

5) башка мамлекеттин жарандыгы бар адам;

6) мыйзамда белгиленген тартипте, соттуулугу алып салынбаган же жоюлбаган адам;

7) башка шайлоо комиссиясынын мүчөсү

Бишкек АШКнын төрагасы К.А.Маматов негизги иштеген жери боюнча “Айыл Банк” ААКтын директорлор кеңешинин төрагасы кызматында.

“Акционердик коомдор жөнүндө” КР Мыйзамынын 3-беренесине ылайык, Акционердик коом (мындан ары - коом) - пайда табуу максаты менен иш жүргүзгөн жана акцияларды чыгаруу жана жайгаштыруу жолу менен каражаттарды тартуучу юридикалык жак болуп саналат. Мамлекет жана анын органдары коомдун милдеттенмелери боюнча жооп бербейт, ошол сыяктуу коом да мамлекет менен анын органдарынын милдеттенмелери боюнча жооп бербейт.

Мындан тышкары, КР Президентинин 2017-жылдын 31-январындагы ПЖ №17 Жарлыгы менен бекитилген мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестринде “Айыл Банк” ААКтын төрагасынын кызмат орду көрсөтүлгөн эмес.

2018-жылдын 7-майындагы юридикалык жакты мамлекеттик кайра каттоо жөнүндө күбөлүккө ылайык, “Айыл Банк” ААКтын менчик формасы – жеке менчик.

Ошентип, К.А.Маматовдун негизги иштеген жери боюнча кызмат орду Бишкек АШКнын төрагасы статусу менен шайкеш келет, аракеттеги шайлоо мыйзамдарынын ченемдерине карама-каршы келбейт.

Жогорудагылардын негизинде, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 52, 112-беренелерин, “Борбордун статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 23, 25-беренелерин, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43, 44-беренелерин, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18, 22-беренелерин, КР БШКнын 2013-жылдын 26-декабрындагы токтому менен бекитилген “Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерин шайлоо жөнүндө” Жобонун 14-пунктун, Шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча Жумушчу топтун 2018-жылдын 6-августундагы Чечимин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын 2018-жылдын 31-июлундагы №8/3 чечимин жокко чыгаруу боюнча Уметалиева Токтайым Джумаковнанын талабын канааттандыруудан баш тартылсын деген чечим кабыл алды.

КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
КР БШКнын 2026-жылдын 9-октябрындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
08-Окт, 2026

КР БШКнын 2026-жылдын 9-октябрындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору

Өткөрүлүүчү жери:  Бишкек ш., Пушкин көчөсү, 503-кабат, жыйындар залы          Өткөрүү убактысы:  Саат 11:00                                                                        1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы” автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө жобону бекитүү тууралуу ‎” токтом долбоору жөнүндөБаяндамачы: Жупуева А. С. - шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы 2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 54 “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтом долбоору жөнүндө                                                            Баяндамачы: Жупуева А. С. - шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы  3. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 3-июлундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтом долбоору жөнүндө                                                            Баяндамачы: Жупуева А. С. - шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы 4. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Айрым аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтом долбоору жөнүндө                                           Баяндамачы: Жупуева А. С. - шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы           5. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Жайыл, Сокулук, Өзгөн, Ноокат, Сузак, Чаткал жана Айтматов аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды шайлаган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитүү тууралуу” токтом долбоору жөнүндө                 Баяндамачы: Манасбеков Р. М. - шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу                            
Кененирээк билүү >>
Бишкекте жаш тренерлерди жарандык катышууга жана шайлоо процесстерине даярдоо программасынын жыйынтыгы чыгарылды
07-Окт, 2026

Бишкекте жаш тренерлерди жарандык катышууга жана шайлоо процесстерине даярдоо программасынын жыйынтыгы чыгарылды

Бүгүн, 7-октябрда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясында жаш тренерлерди жарандык катышууга жана шайлоо процесстерине даярдоо программасынын (Civic Trainers Lab) жыйынтыктоочу жолугушуусу өттү. Долбоордун уюштуруучулары - КР БШКнын Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борбору жана ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси, ошондой эле «Жаштарды өнүктүрүү институту» коомдук бирикмесинин колдоосу менен өткөрүлдү. Иш-чарага өлкөнүн жети аймагынан келген программанын эки агымынын бүтүрүүчүлөрү - жаш тренерлер катышты.Катышуучуларга КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР БШКнын ЖБББнын директору Анара Бейшембаева, ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин өкүлү жана ЖӨИнин директору Элизар Тилебалды уулу куттуктоо сөздөрү менен кайрылышты.Жаш тренерлерди даярдоо программасынын негизги окуялары жана жыйынтыктары, окутуу раунддарынын жана практикалык фазанын жыйынтыктарын, анын ичинде камтылган географияны, өткөрүлгөн каскаддык тренингдердин саны менен ЖӨИнин өкүлү Адельфия Аманкулова тааныштырды.КР БШКнын Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар башкармалыгынын башчысы Аскар Акимбаевдин шайлоо процессиндеги заманбап санариптик инструменттерге арналган, ошондой эле КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин өкүлү Бакай Кожомкул уулунун катышуучуларды мамлекеттик жаштар саясатынын багыттары жана аймактардагы жаштардын жарандык катышуу механизмдери менен тааныштырган конок лекциялары өттү.«Окутуудан практикага: эмне реалдуу иштеп кетти?» аттуу интерактивдүү сессияда катышуучулар аймактык кейстерди сунуштап, натыйжалуу усулдарды, тоскоолдуктарды талкуулашты жана биргелешкен «Жарандык тренерлер лабораториясынын тажрыйба картасын» түзүштү.Катышуучулар жана уюштуруучулар жаш тренерлердин КР БШК алдындагы ЖБББ жана мамлекеттик түзүмдөр менен кызматташуу форматтарын талкуулашты.
Кененирээк билүү >>
КР БШК мүчөлөрү аймактарда шайлоого даярдык көрүү маселелери боюнча жыйындарды өткөрүштү
07-Окт, 2026

КР БШК мүчөлөрү аймактарда шайлоого даярдык көрүү маселелери боюнча жыйындарды өткөрүштү

Үстүбүздөгү жылдын 6-7-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов жана БШК мүчөсү Миргүл Темирбаева Баткен облусунун Лейлек, Баткен, Кадамжай райондорунда жана Ош облусунун Ноокат районунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү менен жыйындарды өткөрүштү.Жыйындардын жүрүшүндө 2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүүнүн алкагында шайлоочулардын өз шайлоо укуктарын ишке ашыруусу үчүн тиешелүү шарттарды түзүү, ошондой эле шайлоону өткөрүү мезгилинде мыйзамдуулукту камсыз кылуу, жарандардын шайлоо укуктарын жана эркиндиктерин сактоо боюнча маселелер талкууланды.БШК төрагасынын орун басары шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр, шайлоо технологияларынын жаңыланышы, аралыктан добуш берүүнүн артыкчылыктары, автоматташтырылган маалыматтык тутумдар жана талапкерлерди колдоонун өзгөчөлүктөрү боюнча кеңири маалымат берди.Р. Жакышов шайлоону уюштуруу жана өткөрүүдө мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн ролуна токтолду.“Сиздердин милдетиңиздер – шайлоону уюштурууда анын калыс жана ачык өтүшү үчүн шарт түзүүгө көмөктөшүү. Ошол эле учурда процесске аралашпай, бардык процедуралардын мыйзамга ылайык өтүп жатканына көз салуу керек. Шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө тиешелүү ыйгарым укуктуу органдардын жана шайлоо комиссияларынын уюштуруу-техникалык маселелерди чечүү боюнча ишине жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары көмөк көрсөтүүсү зарыл”, – деп белгиледи Р. Жакышов.Мындан тышкары, укук коргоо органдарынын өкүлдөрүн мыйзам бузуулардын алдын алуу, кысым көрсөтүү же кийлигишүү аракеттерине өз убагында чара көрүү жана процесстин бардык катышуучулары үчүн коопсуз шарттарды түзүүгө чакырды.Жыйындарга облус жана шаар бийлигинин өкүлдөрү, акимдер, райондук уюмдар менен мекемелердин жетекчилери, айыл өкмөт башчылары, жергиликтүү кеңештердин төрагалары жана депутаттары, айыл башчылары, ошондой эле билим берүү мекемелеринин жетекчилери катышты. 
Кененирээк билүү >>
Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби
06-Окт, 2026

Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби

-
Кененирээк билүү >>