Башкы
Жаңылыктар
Жаңылыктар
“Чүй облусундагы Аламүдүн районунун Байтик айыл өкмөтүнүн, Сокулук районунун Гавриловка айыл өкмөтүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө” КР БШКнын токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди
“Чүй облусундагы Аламүдүн районунун Байтик айыл өкмөтүнүн, Сокулук районунун Гавриловка айыл өкмөтүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө” КР БШКнын 2018-жылдын 11-декабрдагы № 219 токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.
Мурун КР БШКнын 2018-жылдын 11-декабрдагы №219 токтому менен Чүй облусундагы Сокулук районунун Гавриловка айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2018-жылдын 29-декабрына дайындалган.
2018-жылдын 12 жана 14-декабрында КР БШКга Чүй облусундагы Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын 2018-жылдын 12-декабрындагы № 467-р буйругу тиркелген Чүй облусундагы Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын кайрылуусу түшкөн, анда Чүй облусунун прокуратурасынын сунуштамасынын негизинде Т.Бакасов бошотуу тууралуу мурда кабыл алынган 2018-жылдын 5-февралындагы № 35-Б буйрук жокко чыгарылган. Ошол эле, аталган буйрук менен Бакасов Т. айыл өкмөтүнүн башчысынын мурдагы кызматына калыбына келтирилген жана Чүй облусунун прокуратурасынын сунуштамасына ылайык 2018-жылдын 12-декабрынан тартып кызматынан четтетилген.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
2018-жылдын 14-декабрында өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору
Өткөрүү датасы: 14-декабрь 2018-ж.
Убактысы: 17:00
Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы
1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Чүй облусунун Аламүдүн районунун Байтик, Сокулук районунун Гавриловка айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө” 2018-жылдын 11-декабрындагы № 219 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
(Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысынын м.а.)
2. Ар түрдүү маселелер
Кененирээк билүү >>
Чыӊгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата!
Бүткүл өлкө дүйнөгө аты чыккан улуу жазуучунун, кыргыз жана орус адабиятынын классиги, абройлуу сыйлыктардын лауреаты Чыӊгыз Төрөкулович Айтматовдун туулган күнүн белгилөөдө. 2018-жылы Чыӊгыз Айтматов 90 жашка чыкмак. Кыргыз элинин Улуу уулунун юбилейин майрамдоо алкагындагы бардык улуттук жана эл аралык иш-чаралар жогорку деңгээлде өтүүдө. Анын юбилейине арналган иш-чаралар БУУнун Башкы ассамблеясында өттү, ТҮРКСОЙ эл аралык уюму 2018-жылды Чыӊгыз Айтматовдун Жылы деп жарыялады. Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин мамлекет башчылары, түрк тилдүү мамлекеттердин башчыларынын Кеңеши Чыӊгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган атайын билдирүү кабыл алды. Шериктештиктин мамлекеттеринин Парламенттик ассамблеясы тарабынан Айтматов атындагы адабият сыйлыгы уюштурулган. ЮНЕСКОнун маалыматы боюнча Айтматов заманыбыздагы чыгармалары эң көп окулган авторлордун бири болуп саналат. Анын чыгармалары 176 тилге которулуп, 100 миллиондон ашык нуска тираж менен дүйнөнүн 128 өлкөсүндө басылып чыккан. Улуу жазуучунун чыгармалары дүйнөдөгү көп өлкөлөрдүн мектептеринин жана жогорку окуу жайларынын программаларына кирген.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бардык мекендештерди бул көрүнүктүү жана өзгөчө дата менен куттуктайт жана залкар жазуучунун китептеринде чагылдырылган түбөлүк баалуулуктар, инсандын эркиндигинин, абийиринин жана кадыр-баркынын, мекенди сүйүүнүн, эмгекчилдиктин, инсанды, адам укуктарын урматтоонун жогорку идеялары ар бирибизге адам жашоо-турмушунда кездештирген суроолорго жооп берип, туруктуулуктун, сабырдуулуктун, жогору рухтун жана элдин биримдигинин бекемделишине көмөктөшүп турсун!
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
Кененирээк билүү >>
Адам укуктарынын декларациясынын 70 жылдыгына карата КР БШКнын жетекчилиги Ж. Баласагын атындагы КУУнун студенттери менен жолугушту
КР БШК Адам укуктарынын декларациясынын 70 жылдыгына карата республика боюнча жогорку окуу жайларынын студенттери менен “Жаштар жана шайлоолор. Келечек үчүн жоопкерчилик” темасына арналган ачык жолугушуулардын сериясын өткөрүүнү пландаштырган.
2018-жылдын 11-декабрында КР БШК төрагасы Н. Шайлдабекованын Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин залында студенттер менен жолугушуусу болуп өттү.
Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пактыга ылайык шайлоо укуктары саясий укуктардын катарына киргизилген. Эгемен Кыргызстандын өнүгүү процессинде саясий укуктарды жүзөгө ашыруу бир катар оң өзгөрүүлөргө учурады.
КР БШК башчысы жолугушуунун катышуучуларын шайлоонун түрлөрү, шайлоо процессинин этаптары, шайлоонун натыйжаларынын аныктыгын жана айкындуулугун камсыздоочу шайлоочуларды биометрикалык иденттештирүү технологияларын жана добуштарды автоматтык түрдө эсептөөнү колдонуу менен өтүүчү жаңы шайлоо моделинин өзгөчөлүктөрү, КР жарандарынын пассивдүү жана жигердүү укуктары менен тааныштырды.”Биз добуш берүүнүн жашыруундуулугун кепилдейбиз! Өз добушуңарды сатпагыла. Өз тандооңор үчүн өзүңөр жооптуу экениңерди силер түшүнүшүңөр керек. Кесипти, жеке жашоодогу жолду, түгөйүңөрдү тандаганда силер эң мыктысын тандайсыңар. Мамлекеттик шайлоолорго катышканда дагы силер өз жашооңор үчүн жагымдуу шарттарды түзөсүңөр”.
Жарандардын шайлоого катышуусунун маанилүүлүгүнө арналган “Сенин добушуң – сенин келечегиң”, “Өз добушуңду сатпа”, “КР Президентинин ыйгарым укуктары” ж.б. бир катар роликтер көрсөтүлдү.
Аппаратура - шайлоочуларды биометрикалык иденттештирүү шайманы, автоматтык эсептөөчү урна орнотулуп, анда каалоочуларга натыйжаларын экранга чыгаруу менен добуш берүүнүн бүт жол-жобосу көрсөтүлдү.
Иш-чара жаштарга Кыргыз Республикасындагы шайлоо укуктары жана шайлоо модели тууралуу маалымат берүүнү, ошондой эле жаштардын шайлоо процессине катышуусун жигерлештирүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулоону көздөдү.
Талкуулоонун жүрүшүндө жарандардын укуктук маданиятын жогорулатуу боюнча КР БШК менен ЖОЖдордун өз ара аракеттешүүсүн уюштуруу маселелери, жаштардын шайлоодогу жигердүүлүгүнүн жана алардын шайлоо процессине катышууга тартылуусунун төмөнкү деңгээлинин проблемалары козголду.
Мындан тышкары, КР БШКнын атынан Кыргыз улуттук университетинин китепканасына ЕККУнун Бишкектеги программалык офисинин каржылык колдоосу менен мамлекеттик жана расмий тилдерде Брайл тамгалары менен басылып чыгарылган “Кыргыз Республикасынын Конституциясы” китебинин нускалары өткөрүлүп берилди.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК 2018-жылдын 2-декабрында өткөрүлгөн Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдорун бекитүү токтом кабыл алды
2018-жылдын 11-декабрында КР БШК Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодогу натыйжалары жөнүндө протоколдорун бекитти.
Жумгал районунун Чаек айылдык кеңешинде мандаттардын саны 21ди түзөт. Чаек айылдык кеңеши боюнча шайлоону өткөрүү үчүн көп мандаттуу 4 шайлоо округу жана 6 шайлоо участкасы түзүлгөн. Чаек айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоодо 21 мандатка 72 талапкер катталган. Шайлоочулардын саны 7086ны түзүп, анын ичинен 2976 шайлоочу добуш берүүгө катышкан, бул шайлоочулардын жалпы санынын 42 % түзөт.
Добуш берүү күнүндө ар бир шайлоо участкасында, добуш берүүнүн башынан аягына жана жыйынтыктарын чыгарууга чейин талапкерлердин байкоочулары катышышты.
Добуш берүү процессинде, добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгарууда жана натыйжаларын аныктоодо шайлоо мыйзамдарын бузуу боюнча арыз жана даттануулар келип түшкөн жок.
Участкалык шайлоо комиссияларынын добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протоколдорунун негизинде Жумгал аймактык шайлоо комиссиясы шайлоону өттү деп тааныды жана Чаек айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжаларын аныктады.
Шайлоонун натыйжасында төмөнкү талапкерлер Чаек айылдык кеңешинин депутаты болуп шайланды (таблица).
КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Байтик жана Гавриловка айыл өкмөттөрүнүн башчыларынын шайлоосу дайындалды
КР БШКнын токтомуна ылайык, Чүй облусунун Аламүдүн районунун Байтик, Сокулук районунун Гавриловка айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоосу 2018-жылдын 29-декабрына саат 9-00дөн 12-00гө чейинкиге дайындалды.
Чүй облусунун Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акиминин 2018-жылдын 21-ноябрындагы № 346-б буйругу менен Байтик айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Жунушбаев, соттун айыптоочу өкүмү күчүнө киришинин негизинде, ээлеген кызматынан бошотулган.
Чүй облусунун Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акиминин 2018-жылдын 5-февралындагы № 35-б буйругу менен Гавриловка айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Бакасов, соттун айыптоочу өкүмү күчүнө киришинин негизинде, ээлеген кызматынан бошотулган.
Шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштуруп, өткөрүү Аламүдүн жана Сокулук АШКна тапшырылды.
Маалымат катары: “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 48-беренесине ылайык жогорку билими жана мамлекеттик же болбосо муниципалдык кызматта 2 жылдан кем эмес иш стажы, же болбосо билим берүүнүн, саламаттык сактоонун мамлекеттик мекемелеринде же уюмдардын, мекемелердин жана жеке менчик чарбакер субъекттердин жетекчилик кызматтарында 3 жылдан кем эмес иш стажы бар аракетке жөндөмдүү Кыргыз Республикасынын жараны айыл өкмөтүнүн башчысы боло алат. Кылмыш жасагандыгы үчүн мыйзамдарда белгиленген тартипте алып салынбаган же жоюлбаган соттуулугу бар Кыргыз Республикасынын жараны айыл өкмөтүнө башчы болушу мүмкүн эмес.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
2018-жылдын 11-декабрында КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийин турган депутаттыкка талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Ысык-Көл, Жети-Өгүз, Кемин, Чүй, Манас, Өзгөн жана Лейлек АШКнын чечимдерин бекитти.
Ошентип:
- Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Чолпон-Ата шаардык кеңешиндеги «Табылга» депутаттык фракциясынан депутат Т.Сарбагышев өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, бош калган мандат кийинки талапкер – Т.Суербашевге (“Табылга” депутаттык фракциясынан) өткөрүлүп берилди;
- Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Тамга айылдык кеңешиндеги депутат У.Маматов өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, бош калган мандат кийинки талапкер – И.Тентимишевго өткөрүлүп берилди;
- Чүй облусунун Кемин районундагы Боролдой айылдык кеңешиндеги депутат Н.Бейшеналиева депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу ыйгарым укуктары токтотулуп, бош калган мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге – У.Токоноевге өткөрүлүп берилди;
- Чүй облусунун Чүй районундагы Кегети айылдык кеңешиндеги депутаты У.Абдылдаев каза болгондугуна байланыштуу ыйгарым укуктары токтотулуп, бош калган мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге – Э.Чечебаевге өткөрүлүп берилди;
- Чүй облусунун Чүй районундагы Сайлык айылдык кеңешиндеги депутат Б.Ысыкжанов депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу ыйгарым укуктары токтотулуп, бош калган мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге – Т.Стамбековго өткөрүлүп берилди;
- Чүй облусунун Чүй районундагы Бурана айылдык кеңешиндеги депутат Н.Комурчиев депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу ыйгарым укуктары токтотулуп, бош калган мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге – А.Ниязалиевге өткөрүлүп берилди;
- Талас облусунун Манас районундагы Кыргызстан айылдык кеңешиндеги депутаты Б.Джонотбаев каза болгондугуна байланыштуу ыйгарым укуктары токтотулуп, бош калган мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге – А.Султановго өткөрүлүп берилди;
- Ош облусунун Өзгөн районундагы Кароол айылдык кеңешиндеги депутаты Т. Жээнбеков каза болгондугуна байланыштуу ыйгарым укуктары токтотулуп, бош калган мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге – С.Калматовго өткөрүлүп берилди;
- Ош облусунун Өзгөн районундагы Көлдүк айылдык кеңешиндеги депутат К.Аалыев өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, бош калган мандат кийинки талапкер – Нурали уулу Алманбетке өткөрүлүп берилди;
- Баткен облусунун Лейлек районундагы Жаңы-Жер айылдык кеңешиндеги депутаты К.Баянов каза болгондугуна байланыштуу ыйгарым укуктары токтотулуп, бош калган мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге – К.Салимбековго өткөрүлүп берилди;
- Баткен облусунун Лейлек районундагы Тогуз-Булак айылдык кеңешиндеги депутат У.Разыков депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу ыйгарым укуктары токтотулду, шайлоо округ боюнча депутаттыка талапкер калбагандыгына байланыштуу кийинки шайлоого чейин мандат бош калат.
КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Жаңы-Талап айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу, Жумгал жана Улахол айыл өкмөттөрүнүн башчыларын кайра шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдор бекитилди
2018-жылдын 11-декабрында КРнын БШКсы 2018-жылдын 30-ноябрында жана 7 декабрында Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Жаңы-Талап айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу, Нарын облусунун Жумгал районунун Жумгал, Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Улахол айыл өкмөттөрүнүн башчыларын кайра шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитти.
Протоколдордун негизинде:
- Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Жаңы-Талап айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылып, Бейшенкулов Кенжебай Акжолтоевич айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды;
- Нарын облусунун Жумгал районунун Жумгал айыл айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо өттү деп табылып, Исаков Майрамбек Мусаевич айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды;
- Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Улахол айыл айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо өттү деп табылып, Мамбеткеримов Акылбек Токтошович айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды.
Шайланган айыл өкмөт башчыларына белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берүү Ак-Талаа, Жумгал жана Тоң аймактык шайлоо комиссияларына тапшырылды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
2018-жылдын 11-декабрында өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору
Өткөрүү датасы:11-декабрь2018-ж.
Убактысы:12:00
Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы
1. 2018-жылдын 2-декабрында өткөрүлгөн Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжалары тууралуу Жумгал аймактык шайлоо комиссиясынын протоколун бекитүү жөнүндө
(Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысынын м.а.)
2.Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Жаңы-Талап айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу, Нарын облусунун Жумгал районунун Жумгал, Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Улахол айыл өкмөттөрүнүн башчыларын кайра шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
(Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысынын м.а.)
3.Чүй облусунун Аламүдүн районунун Байтик, Сокулук районунун Гавриловка айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө
(Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысынын м.а.)
4. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Ысык-Көл, Жети-Өгүз, Кемин, Чүй, Манас, Өзгөн жана Лейлек аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
(Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысынын м.а.)
5.Ар түрдүү маселелер
Төрага
Кененирээк билүү >>
ЖӨБОнун башчыларын шайлоонун графиги
29-декабрь 2018-жылы
Чүй облусу Аламүдүн району
3
Байтик айыл өкмөтү
29-декабрь 2018-жылы, 9-00дөн 12-00гө чейин
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын жамааты Ноокен АШКнын атайын өкүлүү Маматов Махмуд Баймырзаевичтин атасы Маматов Баймырза Сыргабаевич мезгилсиз каза болгондугуна байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтат
Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын жамааты Ноокен АШКнын атайын өкүлүү Маматов Махмуд Баймырзаевичтин атасынын мезгилсиз каза болгондугуна байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтат.
Башка түшкөн оорду толгус кайгыны тең бөлүшүп, Маматов Баймырза Сыргабаевичтин үй-бүлөсүнө жана жакын туугандарына чын жүрөктөн чыккан терең кайгырууну билдиребиз.
Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын жамааты
Кененирээк билүү >>
Кыргызстандын өкүлдөрү КМШнын байкоочуларынын эл аралык миссиясынын курамында Армениядагы мөөнөтүнөн мурда шайлоого мониторингге катышууда
Армениядагы мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоодо добуш берүү 9-декабрда өтүүдө.
Кыргызстандын өкүлдөрү КМШнын байкоочуларынын эл аралык миссиясынын курамында Армениядагы мөөнөтүнөн мурда шайлоого мониторинг жүргүзүүгө катышууда. Кыргыз делегациясынын курамында Жогорку Кеңештин депутаттары - КР ЖК спикеринин орун басары Мирлан Бакиров, “Республика Ата-журт” фракциясынын депутаты Максат Сабиров, ошондой эле КР БШК Төрагасынын орун басары Акылбек Эшимов жана КР БШК мүчөсү Елена Джилкычиева бар.
Республикада жалпысынан 2010 участок ачылган. Алардын 85%ында видео байкоо орнотулуп, Армениянын БШКсынын сайтында көрсөтүлүп турат.
Шайлоочулардын тизмелери мыйзамдарга ылайык электрондук форматта түзүлгөн. Шайлоочулар добуш берүүгө катышуу үчүн жекече жана биометрикалык иденттештирүүдөн өтүүгө тийиш.
Шайлоого 9 партия жана 2 блок катышууда. Үгүт өнөктүгү абдан кыска болуп, 26-ноябрдан 7-декабрга чейин созулду.
Мыйзамдарга ылайык ар бир шайлоочу добуш берүү үчүн 11 бюллетень (талапкерлердин ар бир тизмесине) жана талон алууга тийиш. Партиялардын биринин бюллетенин тандап, шайлоочу аны бурчу кесилген атайын конвертке салат, ал аркылуу бюллетень ошондой эле атайын марка менен бекитилет (добуш берүү үчүн талон берилгенден кийин), андан кийин шайлоочу урнага салат.
Шайлоо алдында Армениянын БШКсы шайлоо учурунда коррупцияны болтурбоого багытталган өзүнчө маалыматтык өнөктүктү өткөрдү. Маселен, шайлоочуларга өз добушун сатпоого чакырган плакаттар илинип, роликтер көрсөтүлдү.
Республикада шайлоонун натыйжасында түзүлгөн парламент жаңы жылга чейин ишке киришери күтүлүүдө.
Армениянын парламентине кезексиз шайлоого даярданууга мониторингдин алкагында КМШнын байкоочулары иши менен таанышуу жана шайлоо өнөктүгүнө тийиштүү маалыматтарды алуу үчүн округдук жана участоктук шайлоо комиссияларына барышты. Миссиянын өкүлдөрү мурда да участоктук шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү үчүн добуш берүүнүн жол-жоболорун жана алардын натыйжаларын жалпылоо тартибин кеңири түшүндүрүү менен өткөрүлгөн тренингдерге катышкан. Мындан тышкары, КМШнын байкоочулары республиканын Башкы прокуратурасынын жетекчилиги менен жолугуп, шайлоо өнөктүгү мезгилиндеги анын иши тууралуу билишти.
КР БШКсынын аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК аппаратынын мамлекеттик кызматчылары үчүн Коррупцияга каршы күрөшүү күнүнүн келип чыгуу тарыхы тууралуу семинар өткөрүлдү
ОЭСРдин мамлекеттик кызматчыларды коррупцияга каршы агартууну жана окутууну натыйжалуу жүргүзүү боюнча Кыргыз Республикасындагы мониторингинин төртүнчү раундунун Отчетундагы сунуштамаларга ылайык, ошондой эле Коррупцияга каршы күрөшүүнүн эл аралык күнүнүн 15 жылдыгына карата Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын кызматчылары үчүн Коррупцияга каршы күрөшүү күнүнүн келип чыгуу тарыхы тууралуу семинар өткөрүлдү. БУУнун демилгеси менен 9-декабрда Коррупцияга каршы күрөшүүнүн эл аралык күнү белгиленүүдө. 2003-жылы ушул күнү Мексиканын Мерида шаарында жогорку деңгээлдеги саясий конференцияда 2003-жылы 1-ноябрда Башкы ассамблея тарабынан кабыл алынган БУУнун Коррупцияга каршы конвенциясы кол коюу үчүн ачылган.
Семинардын жүрүшүндө КР БШКнын коррупциянын алдын алуу боюнча ыйгарым укуктуусу Исмаилова Ч.С. коррупцияга каршы күрөшүү жана аны жоюу боюнча Кыргызстанда акыркы жылдары өткөрүлүп жаткан реформаларды белгилеп, укук коргоо органдарынын коррупцияга каршы күрөшүү алкагында ишинин натыйжасында мамлекетке калыбына келтирилген конкреттүү суммаларды атады. Бул маалымат БШКнын кызматкерлери тарабынан жигердүү талкууланды.
Тарыхтагы коррупцияга каршы күрөшүү темасына да көңүл бурулуп, улуу инсандар Плутархтын, Аристотелдин, Улуу Катондун, А. Франстын, Гари Харттын, Марк Твендин ж.б. эмгектеринен үзүндүлөр келтирилди.
Мындан сырткары, коррупцияга каршы пропаганда максатында КР БШКнын кызматтык бөлмөлөрүндө коррупцияга каршы күрөшүү күнү жөнүндө дубал такта уюштурулуп, коррупциянын алдын алуу боюнча плакаттар илинди.
Маалымат үчүн: БУУнун Конвенциясы ага кол койгон мамлекеттерди параны, бюджеттик каражаттарды уурдоону жана коррупциялык кирешелерди адалдоону жазык кылмышы деп жарыялоого милдеттендирет. БУУнун Конвенциясы “өлкөлөрдүн өнүгүшүнө зыян келтирген жана демократия менен укуктук мамлекеттин режимине коркунуч туудурган” коррупцияга каршы турууда эл аралык укуктун маанилүү куралы болуп калды. БУУнун маалыматы боюнча паранын ар бир жылдагы көлөмү бир триллион долларга бааланат. Дүйнөлүк экономика коррупциялык ишке байланыштуу дагы 2,6 триллион доллар жоготууда. Бул каражаттар глобалдык ИДПнын беш пайызынан ашыгын түзөт.
КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы менен КР Акыйкатчысынын ортосундагы өз ара аракеттешүү жөнүндө Меморандумга кол коюлду
2018-жылдын 7-декабрында КР БШКсы менен КР Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) ортосундагы өз ара аракеттешүү жөнүндө Меморандумга кол коюлду.
Меморандумдун алкагында эки көз карандысыз органдын жарандардын шайлоо укуктарын сактоого, толук жүзөгө ашырууга жана коргоого багытталган өз ара аракеттешүүсү каралган.
Акыйкатчы (Омбудсмен) институту конституциялык мандатына ылайык адамдын жана жарандын укуктарынын жана эркиндиктеринин сакталышына парламенттик контролду ишке ашырат.
Борбордук шайлоо комиссиясы Конституцияга ылайык шайлоолорду жана референдумдарды даярдоону жана өткөрүүнү, жарандардын шайлоо укуктарынын жана референдумга катышуу укугунун сакталышын камсыз кылат.
Кыргыз Республикасы тарабынан ратификацияланган жана өлкөнүн укуктук тутумунун ажырагыс бөлүгү болуп саналган Адам укуктарынын жалпы декларациясына (21-берене) жана Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пактыга (25-берене) ылайык “ар бир жаран кандайдыр бир басмырлоосуз жана негизсиз чектөөлөрсүз төмөнкүлөргө укугу жана мүмкүнчүлүгү болууга тийиш:
а) мамлекеттик иштерди жүргүзүүгө түздөн-түз да, ошондой эле эркин тандалган өкүлдөр аркылуу да катышууга;
b) жашыруун добуш берүү менен жалпы тең шайлоо укугунун негизинде жүргүзүлгөн жана шайлоочулардын эркин эрк-ниетин камсыздаган мезгил-мезгил менен өтүүчү нукура шайлоолордо добуш берүүгө жана шайланууга”.
БШК менен Акыйкатчынын ортосундагы өз ара аракеттешүү жөнүндө Меморандум эл аралык укук менен адамдын маанилүү жарандык жана саясий укуктарынын катарына киргизилген жарандардын шайлоо укуктарын толук жүзөгө ашырууну жакшыртуу үчүн эки институттун ортосундагы тутумдуу өз ара аракеттешүүнүн негизи болуп калат.
Меморандумдун алкагында Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын жана референдумга катышуу укугун жүзөгө ашырууну сактоо менен шайлоодо жарандардын эркин эрк-ниетин, инклюзивдүүлүгүн, теңдигин камсыздоодо өз ара аракеттешүү, мониторинг жана контроль жүргүзүү каралган.
Акыйкатчы (Омбудсмен) Т.Б. Мамытов жана БШК Төрагасы Н.К. Шайлдабекова Меморандум туруктуу түрдө тутумдуу иштөө үчүн укуктук негиз болорун жана биргелешкен күч-аракеттер менен жарандардын шайлоо укуктарын камсыздоону жакшыртууга жетишерин белгилешти.
КР БШКсынын аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
2018-жылдын 7-декабрында Жумгал жана Улахол айыл өкмөттөрүнүн башчыларынын шайлоосу өттү
2018-жылдын 7-декабрында Нарын облусунун Жумгал районунун Жумгал, Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Улахол айыл өкмөттөрүнүн башчылары шайланды.
Натыйжада:
- Нарын облусунун Жумгал районунун Жумгал айыл өкмөтүнүн башчысы болуп, 7 добуш алган Исаков Майрамбек Мусаевич шайланды. Жумгал айылдык кеңешиндеги 11 депутаттан 10 катышты. Айыл өкмөтүнүн башчылыгына 3 талапкер аттанган;
- Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Улахол айыл өкмөтүнүн башчысы болуп, 17 добуш алган Мамбеткеримов Акылбек Токтошович шайланды. Улахол айылдык кеңешинде 21 депутат бар, алардын ичинен 21 тең катышты. Айыл өкмөтүнүн башчылыгына 2 талапкер аттанган.
КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек айылдык кеңешине депутаттарды мөөнөтүнөн мурда шайлоонун алдын ала жыйынтыгы боюнча маалымат
2018-жылдын 2-декабрындагы Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоосу болуп өттү.
УШКнын протоколдорунун негизинде шайлоочулардын добуштары төмөнкүдөй болуп бөлүндү (таблицаны караӊыз).
Шайлоонун натыйжаларын тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы участкалык шайлоо комиссияларынан келип түшкөн протоколдордун негизинде добуш берүү күнүнөн 20 календардык күндөн кечиктирбестен аныктайт.
КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Акыркы жаңылыктар
29.09.2026
КР БШКнын 2026-жылдын 30-сентябрындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
29.09.2026
КР БШКда президенттик шайлоого даярдык боюнча мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен кеңешме өттү
29.09.2026
КР БШКнын өкүлдөрү Индияда шайлоону башкаруу органдарынын потенциалын чыңдоо боюнча эл аралык семинарга катышууда
28.09.2026
Кыргыз Республикасынын жарандарына жана саясий партиялардын өкүлдөрүнө кайрылуу
26.09.2026
ЖМК жана интернет-басылмаларды аккредитациялоо боюнча кайрылуу
25.09.2026
Шайлоо участокторунун чек аралары маселеси жөнүндө