Башкы
Жаңылыктар
Жаңылыктар
КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
2018-жылдын 31-декабрында КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийин турган депутаттыкка талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Чүй, Каракол, Кара-Суу, Ноокат жана Лейлек АШКнын чечимдерин бекитти.
Ошентип:
- Ысык-Көл облусунун Каракол шаардык кеңешиндеги «Республика-Ата-Журт» депутаттык фракциясынан депутаты С.Осконбаев өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, бош калган мандат кийинки талапкер – Д.Иманалиевага («Республика-Ата-Журт» депутаттык фракциясынан) өткөрүлүп берилди;
- Ош облусунун Кара-Суу районундагы Кашкар-Кыштак айылдык кеңешиндеги депутат К.Ахмаджанов соттолгондугуна байланыштуу ыйгарым укуктары токтотулуп, бош калган мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге –Р.Умаровага өткөрүлүп берилди;
- Ош облусунун Ноокат районундагы Гулистан айылдык кеңешиндеги депутаты А.Алимбеков каза болгондугуна байланыштуу ыйгарым укуктары токтотулуп, бош калган мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге – М.Мамитовго өткөрүлүп берилди;
- Ош облусунун Ноокат районундагы Гулистан айылдык кеңешиндеги депутат Д.Оринов өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, бош калган мандат кийинки талапкер – Ш.Жалоловго өткөрүлүп берилди;
- Ош облусунун Ноокат районундагы Төөлөс айылдык кеңешиндеги депутат М.Нишанов депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу ыйгарым укуктары токтотулуп, бош калган мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге – А.Калмурзаевге өткөрүлүп берилди;
- Ош облусунун Ноокат районундагы Ноокат шаардык кеңешиндеги “КСДП” депутаттык фракциясынын депутаты М.Абдувахидов депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу ыйгарым укуктары токтотулуп, бош калган мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге – М.Дадажановго өткөрүлүп берилди;
- Ош облусунун Ноокат районундагы Ноокат шаардык кеңешиндеги депутаты К.Жалаловдун каза болгондугуна байланыштуу ыйгарым укуктары токтотулуп, бош калган мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге – А.Мусаевге өткөрүлүп берилди;
- Баткен облусунун Лейлек районундагы Лейлек айылдык кеңешиндеги депутат И.Жолдошов депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу ыйгарым укуктары токтотулуп, бош калган мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге – А.Темирбаевге өткөрүлүп берилди;
- Баткен облусунун Лейлек районундагы Лейлек айылдык кеңешиндеги депутат Т.Осмонов өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, бош калган мандат кийинки талапкер – А.Жамиловго өткөрүлүп берилди;
- Баткен облусунун Лейлек районундагы Лейлек айылдык кеңешиндеги депутат К.Акбаров өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, бош калган мандат кийинки талапкер – Т.Анарбаевге өткөрүлүп берилди;
- Баткен облусунун Лейлек районундагы Жаӊы-Жер айылдык кеңешиндеги депутат Т.Калмурзаев өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, бош калган мандат кийинки талапкер – К.Ибрагимовго өткөрүлүп берилди;
- Чүй облусунун Чүй районундагы Кош-Коргон айылдык кеңешиндеги депутат Д.Аппасов өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, бош калган мандат кийинки талапкер – З.Бекетаевге өткөрүлүп берилди;
- Чүй облусунун Чүй районундагы Кош-Коргон айылдык кеңешиндеги депутат К.Абдразаков өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, бош калган мандат кийинки талапкер – К.Чалбаевге өткөрүлүп берилди.
КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Чүй облусунун Аламүдүн районунун Байтик айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо дайындалды
КР БШКнын токтомуна ылайык, Чүй облусунун Аламүдүн районунун Байтик айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоосу 2019-жылдын 15-январына саат 9-00дөн 12-00гө чейинкиге дайындалды.
2018-жылдын 29-декабрына дайындалган Чүй облусунун Аламүдүн районунун Байтик айыл өкмөтүнүн башчысы кызмат ордуна бир дагы талапкер катталбагандыгына байланыштуу шайлоо өткөн жок.
Шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштуруп, өткөрүү Аламүдүн АШКна тапшырылды.
Маалымат катары: “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 48-беренесине ылайык жогорку билими жана мамлекеттик же болбосо муниципалдык кызматта 2 жылдан кем эмес иш стажы, же болбосо билим берүүнүн, саламаттык сактоонун мамлекеттик мекемелеринде же уюмдардын, мекемелердин жана жеке менчик чарбакер субъекттердин жетекчилик кызматтарында 3 жылдан кем эмес иш стажы бар аракетке жөндөмдүү Кыргыз Республикасынын жараны айыл өкмөтүнүн башчысы боло алат. Кылмыш жасагандыгы үчүн мыйзамдарда белгиленген тартипте алып салынбаган же жоюлбаган соттуулугу бар Кыргыз Республикасынын жараны айыл өкмөтүнө башчы болушу мүмкүн эмес.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
2018-жылдын 31-декабрында өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору
Өткөрүү датасы: 31-декабрь2018-ж.
Убактысы: 11-00
Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы
1. Чүй облусунун Аламүдүн районунун Байтик айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоону дайындоо жөнүндө
(Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысынын м.а.)
2.Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Чүй, Каракол, Кара-Суу, Ноокат жана Лейлек аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
(Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысынын м.а.)
3. Ар түрдүү маселелер
Төрага
Кененирээк билүү >>
БШК Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Коргонбай уулу Жусупбектин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө БАШКнын чечимин бекитти
2018-жылдын 19-декабрында Бишкек АШКнын чечими менен Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Коргонбай уулу Жусупбектин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган. 2018-жылдын 21-декабрында БШКга Ж. Коргонбай уулунун БАШКнын чечимине макул эместиги билдирилген жана ал чечимди жокко чыгаруу жөнүндө даттануусу түшкөн.
Бүгүн, 26-декабрда БШКнын жыйналышында даттанууну канааттандыруудан баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынды, БАШКнын чечими укук ченемдүү жана негиздүү деп табылды.
Мында БШК бир катар жалпыга маалымдоо каражаттарында “Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Коргонбай уулу Жусупбектин кош жарандуулугу бар экени тууралуу” билдирүүлөр жарыяланганына байланыштуу белгиленген тартипте текшерүү жүргүзүлгөнүн белгилейт: Конвенцияга ылайык Россия Федерациясынын компетенциялуу органдарына толук суроо-талап жөнөтүлгөн.
2018-жылдын 13-декабрында Россия Федерациясынын Юстиция министрлигинен жооп түштү, ага ылайык Ж. Коргонбай уулунун РФ жарандыгы бар экени ырасталган. Ал маалыматка ылайык Коргонбай уулу Жусупбек Россиянын Москва шаары боюнча федералдык миграция кызматынын Башкармалыгынын 2007-жылдын 24-майдагы чечиминин негизинде Россия Федерациясынын жарандыгын алган. 2007-жылдын 20-июлунда Россиянын Москва шаары боюнча ОУФМСнын Северное Измайлово району боюнча бөлүмү тарабынан ВАОдо Ж. Коргонбай уулу Россия Федерациясынын жарандыгын алгандыгына байланыштуу РФ жаранынын 45 08 № 968138 сериясындагы паспорту менен документтелген. Россиянын ИИМинин эсебинде Ж. Коргонбай уулунун Россия Федерациясынын жарандыгынан чыккандыгы тууралуу маалымат жок. 2018-жылдын 24-июлунда Ж. Коргонбай уулу Россиянын Москва шаарынын Северное Измайлово району боюнча ИИМБсинин ОВМине Россиянын мыйзамдарынын талаптарына ылайык өзүнүн башка - КР жарандыгы бар экени жөнүндө билдирүү жөнөткөн.
РФнын КРдеги элчилигинин 2018-жылдын 14-декабрындагы маалыматына ылайык Ж. Коргонбай уулу РФ жарандыгына кабыл алуу тууралуу арыз менен РФнын КРдеги элчилигине кайрылган эмес (эскертүү –жарандыкты алуу Россиянын аймагында жүзөгө ашырылган). Мында РФнын КРдеги элчилигинин 2018-жылдын 21-декабрындагы билдирүүсү боюнча Ж. Коргонбай уулу РФ жарандыгынан чыгаруу жөнүндө арыз менен 2018-жылдын 26-ноябрында РФнын КРдеги элчилигинин Консулдук бөлүмүнө кайрылып, зарыл документтерди тапшырган. РФнын жарандыгы жөнүндө мыйзамдарына ылайык Россиянын жарандыгынан чыгуу үчүн адам документтердин тизмегин, анын ичинде өздүгүн жана арыз берүүчүнүн Россиянын жараны экенин күбөлөндүргөн документтерди берүүсү зарыл.
Андан ары, “КР тышкы миграцияны эсепке алуунун бирдиктүү тутумунун” маалыматы боюнча Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Ж. Коргонбай уулу КРдин мамлекеттик чек арасынан өтүү учурунда Россия Федерациясынын жаранынын паспортун төрт жолу пайдаланган.
Баяндалгандардын негизинде КР БШК “Бишкек шаардык кеңешинин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө” Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын 2018-жылдын 19-декабрдагы №19 чечимин бекитти. Даттанууну канааттандыруудан баш тартууга “макул” деп БШКнын 7 мүчөсү, “каршы” деп БШКнын 4 мүчөсү добуш берди, БШКнын 1 мүчөсү катышкан жок жана добуш берген жок. БАШКнын чечимин бекитүү үчүн “макул” деп БШКнын 9 мүчөсү, “каршы” деп БШКнын 2 мүчөсү добуш берди, БШКнын 1 мүчөсү катышкан жок жана добуш берген жок.
Маалымат үчүн: Башка мамлекеттин жарандыгы бар адамдарга жергиликтүү кеңештин депутаттыгына шайланууга мыйзамдар тарабынан так тыюу салынган.
КР Конституциясынын 52-беренесине ылайык “башка жарандыгы бар Кыргыз Республикасынын жарандары саясий мамлекеттик кызматты жана соттордун кызмат ордун ээлөөгө укуксуз”.
“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” КР мыйзамынын 24-беренесине ылайык адамдын депутаттык мандатты белгиленген тартипти бузуу менен алгандыгы билингенде депутаттык мандатты колдонуу токтотулушу мүмкүн.
“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР Мыйзамына ылайык талапкер башка мамлекеттин жарандыгына таандыктыгы жөнүндө маалыматтарды жашырып койгондугунун фактысы далилденгенде талапкерди каттоо тиешелүү шайлоо комиссиясы же сот тарабынан жокко чыгарылат (44-берене).
“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР Мыйзамына ылайык талапкердин башка мамлекеттин жарандыгына таандыктыгы же болбосо анда Кыргыз Республикасынын жарандыгынын жоктугу талапкерлердин тизмесин каттоодо баш тартуунун негизи боло алат (53-берене).
“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР Мыйзамына ылайык жарандыктан чыгышы, Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготушу же болбосо башка жарандыкты алышы депутаттын ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнөн мурда токтотулушу үчүн негиз болуп эсептелет (52-берене).
Тиркеме:
-Россия Федерациясынын Юстициялык Министирлигинин каты
-Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин каты
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
2018-жылдын 26-декабрында КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийин турган депутаттыкка талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Бишкек, Кадамжай, Баткен, Аксы, Кара-Кулжа жана Нарын АШКнын чечимдерин бекитти.
Ошентип:
-Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Коргонбай уулу Жусупбектин башка өлкөнүн жарандыгы болгондугуна байланыштуу анын депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду, кийинки талапкерди аныктап, ал талапкер боюнча тиешелүү документтери такталганга чейин мандат бош калат;
- Баткен облусунун Кадамжай районундагы Актурпак айылдык кеңешиндеги депутат Н.Насибалиев өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, бош калган мандат кийинки талапкер – М.Эгембердиевге өткөрүлүп берилди;
- Баткен облусунун Баткен районундагы Кара-Бак атындагы айылдык кеңешиндеги депутат И.Сайфидинов өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, бош калган мандат кийинки талапкер – З.Осмоновго өткөрүлүп берилди;
- Баткен облусунун Баткен районундагы Кара-Бак атындагы айылдык кеңешиндеги депутат Н.Жороев өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, бош калган мандат кийинки талапкер – Э.Козуевге өткөрүлүп берилди;
- Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Кара-Жыгач атындагы айылдык кеңешиндеги депутат Э.Балтабаев өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, бош калган мандат кийинки талапкер – А.Калчабековго өткөрүлүп берилди;
- Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Кенеш айылдык кеңешиндеги депутат Э. Чымынов өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, бош калган мандат кийинки талапкер – Г.Апиевага өткөрүлүп берилди;
- Ош облусунун Кура-Кулжа районундагы Кара-Кочкор айылдык кеңешиндеги депутат Акылбек уулу Нурсултан башка жакка көчүп кеткендигине байланыштуу, өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, бош калган мандат кийинки талапкер – Д.Мамаевге өткөрүлүп берилди;
- Нарын облусунун Нарын районундагы Миӊ-Булак айылдык кеңешиндеги депутаты Б.Дыйканбаев каза болгондугуна байланыштуу ыйгарым укуктары токтотулуп, бош калган мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге – М.Молутбеков өткөрүлүп берилди.
КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР ЖК депутаты М.Исаковдун ыйгарым укуктары токтотулуп, мандат катталган талапкерлердин тизмеси боюнча кезекте турган О.Бакировго өткөрүлүп берилди
2018-жылдын 26-декабрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча келип түшкөн жеке арызынын негизинде, “Кыргызстан социал-демократиялык партиясы” парламенттик фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Исаков Музаффар Ахматходжаевичтин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду.
Бош калган мандат “Кыргызстан социал-демократиялык партиясы” саясий партиясынан катталган талапкерлердин тизмеси боюнча кезекте турган Бакиров Омурбек Мирзараимовичке өткөрүлүп берилди. Ага Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын күбөлүгү жана төш белгиси берилди.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
2018-жылдын 26-декабрында өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору
Өткөрүү датасы:26-декабрь2018-ж.
Убактысы:11:30
Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты М. Исаковдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө
(Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысынын м.а.)
2.Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Ж. Коргонбай уулунун БАШКнын 2018-жылдын 19-декабрындагы чечимин жокко чыгаруу жөнүндө даттануусу тууралуу
(Баяндамачы – М.А.Камчибекова, укуктук камсыздоо бөлүмдүн башчысы)
3. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Кадамжай, Баткен, Аксы, Кара-Кулжа жана Нарын аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
(Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысынын м.а.)
4. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнундө
(Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысынын м.а.)
5. Ар түрдүү маселелер
Төрага
Кененирээк билүү >>
“КСДП” саясий партиясынан А.Суракматов Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесинен чыгарылды
Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясына “КСДП” саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө Суракматов Азиз Эмильбековичтен арыз түшкөн.
БШКга келип түшкөн арыздын негизинде, КРдин “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык Мыйзамынын 65-беренесин жетекчиликке алып, КРдин “Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча комиссиясы жөнүндө” мыйзамынын 18-беренесине ылайык анын арызын канааттандыруу боюнча чечим кабыл алынды.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
2018-жылдын 24-декабрында КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийин турган депутаттыкка талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Ат-Башы, Нарын, Нарын шаардык, Аламүдүн, Москва, Жети-Өгүз, Талас шаардык, Аксы, Сузак жана Өзгөн АШКнын чечимдерин бекитти.
Ошентип:
- Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Ак-Жар атындагы айылдык кеңешиндеги депутат Н.Ашырбеков өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, бош калган мандат кийинки талапкер – А.Кыргызбаевге өткөрүлүп берилди;
- Нарын облусунун Нарын районундагы Казан-Куйган айылдык кеңешиндеги депутаты М.Ибраимбековдун каза болгондугуна байланыштуу ыйгарым укуктары токтотулуп, бош калган мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге – Н.Чебулдиевага өткөрүлүп берилди;
- Нарын облусунун Нарын шаардык кеңешиндеги (“Кыргызстан” депутаттык фракциясынан) депутат Д.Асанова өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, бош калган мандат кийинки талапкер – (“Кыргызстан” депутаттык фракциясынан) А.Бердикожоевага өткөрүлүп берилди;
- Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Төмөнкү Ала-Арча айылдык кеңешиндеги депутаты А.Сияевдин каза болгондугуна байланыштуу ыйгарым укуктары токтотулуп, бош калган мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге – С.Акаевге өткөрүлүп берилди;
- Чүй облусунун Москва районундагы Беш-Терек атындагы айылдык кеңешиндеги депутат М.Раев өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, бош калган мандат кийинки талапкер – С.Сулаймановго өткөрүлүп берилди;
- Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Жаргылчак айылдык кеңешиндеги депутат Т.Эламанов өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, бош калган мандат кийинки талапкер – А.Асанбаевге өткөрүлүп берилди;
- Талас облусунун Талас шаардык кеңешиндеги (“Айкөл” депутаттык фракциясынан) депутат Н.Байзаков өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, бош калган мандат кийинки талапкер – (“Айкөл” депутаттык фракциясынан) Н.Ибрагимовго өткөрүлүп берилди;
- Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Ак-Суу айылдык кеңешиндеги депутат К.Мамытов өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, бош калган мандат кийинки талапкер – М.Добулбековго өткөрүлүп берилди;
- Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Көк-Жаңгак шаардык кеңешиндеги (“Кыргызстан коммунисттеринин партиясы” депутаттык фракциясынан) депутат М.Темирбаев өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, бош калган мандат кийинки талапкер – (“Кыргызстан коммунисттеринин партиясы” депутаттык фракциясынан) Г.Кожобековага өткөрүлүп берилди;
- Ош облусунун Өзгөн районундагы Зергер айылдык кеңешиндеги депутаты М.Анарбаев каза болгондугуна байланыштуу ыйгарым укуктары токтотулуп, бош калган мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге – Т.Ибраимовго өткөрүлүп берилди.
КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоосу дайындалды
КР БШКнын токтомуна ылайык, Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоосу 2018-жылдын 12-январына саат 9-00дөн 12-00гө чейинкиге дайындалды.
2018-жылдын 14-декабрында жаңыдан шайланган Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек айылдык кеңешинин биринчи сессиясы өткөрүлгөн.
Шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштуруп, өткөрүү Жумгал АШКна тапшырылды.
Маалымат катары: “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 48-беренесине ылайык жогорку билими жана мамлекеттик же болбосо муниципалдык кызматта 2 жылдан кем эмес иш стажы, же болбосо билим берүүнүн, саламаттык сактоонун мамлекеттик мекемелеринде же уюмдардын, мекемелердин жана жеке менчик чарбакер субъекттердин жетекчилик кызматтарында 3 жылдан кем эмес иш стажы бар аракетке жөндөмдүү Кыргыз Республикасынын жараны айыл өкмөтүнүн башчысы боло алат. Кылмыш жасагандыгы үчүн мыйзамдарда белгиленген тартипте алып салынбаган же жоюлбаган соттуулугу бар Кыргыз Республикасынын жараны айыл өкмөтүнө башчы болушу мүмкүн эмес.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Баш- Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдор бекитилди
2018-жылдын 24-декабрында КРнын БШКсы 2018-жылдын 19-декабрында Ош облусунун Өзгөн районунун Баш- Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитти.
Протоколдордун негизинде, Ош облусунун Өзгөн районунун Баш- Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылып, Зулпукаров Курманбек Раимжанович айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды.
Шайланган айыл өкмөт башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берүү Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясына тапшырылды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
2018-жылдын 24-декабрында өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору
Өткөрүү датасы:24-декабрь2018-ж.
Убактысы: 16.00
Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы
1. Ош облусунун өзгөн районунун Бош- Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө.
(Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысынын м.а.)
2.Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындоо жөнүндө
(Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысынын м.а.)
3.Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийин турган депутаттыкка талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Ат-Башы, Нарын, Нарын шаардык, Аламүдүн, Москва, Жети-өгүз, Талас шаардык, Аксы, Сузак жана өзгөн аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
(Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысынын м.а.)
4. Ар түрдүү маселелер
Төрага
Кененирээк билүү >>
КР Башкы прокуратуранын өкүлү КР БШКда мамлекеттик органдарда коррупциянын алдын алуу боюнча сөз сүйлөдү
Коррупциянын алдын алуу коррупцияга каршы ийгиликтүү стратегиянын чечүүчү бөлүгү болуп саналат. 2018-жылы 21-декабрда КР БШКнын аппаратынын кызматкерлери үчүн коррупциянын алдын алуу боюнча семинар өткөрүлдү. КР Башкы прокуратуранын өкүлү, кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө мыйзамдын авторлорунун бири Т.Ж. Саякбаев БШКнын жамаатына “Коррупциянын алдын алуу боюнча чаралар” жана “КРдин кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө мыйзамынын имплементациясы” деген эки темада баяндама жасады.
Биринчи тема боюнча төмөнкүдөй маселелер каралды: коррупциянын алдын алууда эл аралык укуктук каражаттар, милдеттенмелер менен жоболордун ар кыл деңгээлдери, КРдин коррупцияга каршы күрөшүү саясаты, коррупцияга каршы аракеттенүүнүн улуттук укуктук базасы, коррупцияга каршы күрөшүү механизмдери ж.б.
Экинчи бөлүктө укук булактары, кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө мыйзамды жүзөгө ашырууга жооптуу органдар менен адамдар, тыюу салуулар жана чектөөлөр, кызыкчылыктардын кагылышуусун аныктоо, ошондой эле Жеке кызыкчылыктар жөнүндө декларацияны толтуруунун өзгөчөлүктөрү ж.б. көп маселелер каралды.
Т.Ж. Саякбаевдин айтуусу боюнча “Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө” мыйзамдын долбоору Кыргызстанда мамлекеттик кызматты модернизациялоо Концепциясына ылайык мамлекеттик кызматтын ченемдик укуктук актыларын өркүндөтүү, аны заманбап жаңы коомдук-саясий кырдаалга ыңгайлаштыруу максатында иштелип чыккан.
Семинар БШКнын аппаратынын кызматкерлери үчүн мазмундуу, кызыктуу жана конструктивдүү өттү.
КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
2018-жылдын 19-декабрында Баш-Дөбө жана Тамга айыл өкмөттөрүнүн башчыларынын шайлоосу өттү
2018-жылдын 19-декабрында Ош облусунун Өзгөн районунун Баш-Дөбө, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Тамга айыл өкмөттөрүнүн башчылары шайланды.
Натыйжада:
- Ош облусунун Өзгөн районунун Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы болуп, 18 добуш алган Зулпукаров Курманбек Раимжанович шайланды. Баш-Дөбө айылдык кеңешиндеги 21 депутаттан 21 тең катышты. Айыл өкмөтүнүн башчылыгына 4 талапкер катталган;
- Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Тамга айыл өкмөтүнүн башчысы болуп, 6 добуш алган Дуйшембиев Адилет Керезбекович шайланды. Тамга айылдык кеңешинде 11 депутат бар, алардын ичинен 11 тең катышты. Айыл өкмөтүнүн башчылыгына 1 талапкер катталган.
КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын төш белгилери даярдалды жана алар жер-жерлерде тапшырылат
Келишимге ылайык берүүчү (поставщик) КР жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын төш белгилерин 10000 нускада даярдады. Төш белгилери спектрдик талдоодон өттү, сапаты жана өлчөмү конкурстук документтердин техникалык талаптарына ылайык келет. Төш белгилери жергиликтүү кеңештеринин депутаттарына тапшыруу үчүн аймактык шайлоо комиссияларына өткөрүлүп берилет.
Конкурстук документтерди жана техникалык талаптарды баалоонун натыйжасы боюнча конкурстук комиссия эң аз баа сунуштаган б.а. бир бирдик үчүн 74 сом, жалпы суммасы - 10000 нуска үчүн 740 000 сом сунуштаган берүүчүнүн конкурстук билдирмесин жеңүүчү деп тапканын эскерте кетели.
КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Биринчи сессияда Нарын облусунун Жумгал районундагы Чаек айылдык кеңешинин депутаттарына белгиленген үлгүдөгү төш белги жана күбөлүктөр тапшырылды
2018-жылы 14-декабрда Нарын облусунун Жумгал районундагы Чаек айылдык кеңешинин депутаттарынын биринчи сессиясы болуп өттү.
Биринчи сессияга 21 депутаттын 20 депутаты катышты. Күн тартибине ылайык айылдык кеңештин төрагалыгына З. Бозболоевди жана төраганын орун басарлыгына Ч. Асыкбек уулун шайлашты.
Жумгал районундагы Чаек айылдык кеңешинин жаңы шайланган депутаттарына белгиленген үлгүдөгү төш белги жана күбөлүктөр тапшырылды.
Маалымат үчүн: “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 29-беренесине ылайык жаңыдан түзүлгөн айылдык аймактардагы жергиликтүү кеңештердин биринчи сессиясы Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы тарабынан тиешелүү кеңешке шайлоонун натыйжалары расмий жарыяланган күндөн тартып эки жумалык мөөнөттөн кечиктирбестен чакыртылат.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Акыркы жаңылыктар
29.09.2026
КР БШКнын 2026-жылдын 30-сентябрындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
29.09.2026
КР БШКда президенттик шайлоого даярдык боюнча мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен кеңешме өттү
29.09.2026
КР БШКнын өкүлдөрү Индияда шайлоону башкаруу органдарынын потенциалын чыңдоо боюнча эл аралык семинарга катышууда
28.09.2026
Кыргыз Республикасынын жарандарына жана саясий партиялардын өкүлдөрүнө кайрылуу
26.09.2026
ЖМК жана интернет-басылмаларды аккредитациялоо боюнча кайрылуу
25.09.2026
Шайлоо участокторунун чек аралары маселеси жөнүндө