Башкы Жаңылыктар Кыргызстандын өкүлдөрү КМШнын байкоочуларынын эл аралык миссиясынын курамында …

Кыргызстандын өкүлдөрү КМШнын байкоочуларынын эл аралык миссиясынын курамында Армениядагы мөөнөтүнөн мурда шайлоого мониторингге катышууда

09-Дек, 2018

Армениядагы мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоодо добуш берүү 9-декабрда өтүүдө.

Кыргызстандын өкүлдөрү КМШнын байкоочуларынын эл аралык миссиясынын курамында Армениядагы мөөнөтүнөн мурда шайлоого мониторинг жүргүзүүгө катышууда. Кыргыз делегациясынын курамында Жогорку Кеңештин депутаттары - КР ЖК спикеринин орун басары Мирлан Бакиров, “Республика Ата-журт” фракциясынын депутаты Максат Сабиров, ошондой эле КР БШК Төрагасынын орун басары Акылбек Эшимов жана КР БШК мүчөсү Елена Джилкычиева бар.   

Республикада жалпысынан 2010 участок ачылган. Алардын 85%ында видео байкоо орнотулуп, Армениянын БШКсынын сайтында көрсөтүлүп турат.

Шайлоочулардын тизмелери мыйзамдарга ылайык электрондук форматта түзүлгөн. Шайлоочулар добуш берүүгө катышуу үчүн жекече жана биометрикалык иденттештирүүдөн өтүүгө тийиш.

Шайлоого 9 партия жана 2 блок катышууда. Үгүт өнөктүгү абдан кыска болуп, 26-ноябрдан 7-декабрга чейин созулду.

Мыйзамдарга ылайык ар бир шайлоочу добуш берүү үчүн 11 бюллетень (талапкерлердин ар бир тизмесине) жана талон алууга тийиш. Партиялардын биринин бюллетенин тандап, шайлоочу аны бурчу кесилген атайын конвертке салат, ал аркылуу бюллетень ошондой эле атайын марка менен бекитилет (добуш берүү үчүн талон берилгенден кийин), андан кийин  шайлоочу урнага салат.

Шайлоо алдында Армениянын БШКсы шайлоо учурунда коррупцияны болтурбоого багытталган өзүнчө маалыматтык өнөктүктү өткөрдү. Маселен, шайлоочуларга өз добушун сатпоого чакырган плакаттар илинип, роликтер көрсөтүлдү.

Республикада шайлоонун натыйжасында түзүлгөн парламент жаңы жылга чейин ишке киришери күтүлүүдө.

Армениянын парламентине кезексиз шайлоого даярданууга мониторингдин алкагында КМШнын байкоочулары иши менен таанышуу жана  шайлоо өнөктүгүнө тийиштүү маалыматтарды алуу үчүн округдук жана участоктук шайлоо комиссияларына барышты. Миссиянын өкүлдөрү мурда да участоктук шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү үчүн добуш берүүнүн жол-жоболорун жана алардын натыйжаларын жалпылоо тартибин кеңири түшүндүрүү менен өткөрүлгөн тренингдерге катышкан. Мындан тышкары, КМШнын байкоочулары республиканын Башкы прокуратурасынын жетекчилиги менен жолугуп, шайлоо өнөктүгү мезгилиндеги анын иши тууралуу билишти.

КР БШКсынын аппаратынын маалымат бөлүмү

 

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты
05-Окт, 2026

КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты

Бүгүн, 5-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев кесиптик жетишкендиктери жана өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ар түрдүү тармактардын өкүлдөрүнө Жогорку Кеңештин сыйлыктарын тапшырды.Сыйлык тапшыруу аземинин алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери  Жогорку Кеңештин "Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" медалы менен сыйланышты.Кесиптештерибизди татыктуу сыйлыктары менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө багытталган мындан аркы иштеринде ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү
02-Окт, 2026

КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү

Бүгүн, 2-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Алмаз Айбалаевдин жетекчилигинде КР БШКнын алдындагы Көзөмөлдөө-текшерүү тобу “Элдик Банк” жана “АБанк” ААКнын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.КР БШКнын чечимине ылайык, аталган банк мекемелери Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн аныкталган.Жолугушуунун жүрүшүндө банктар менен талапкерлердин жана алардын финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн практикалык өз ара аракеттенүүсү, анын ичинде шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу жана жүргүзүү, финансылык операцияларды жүргүзүү, зарыл болгон маалыматтарды алмашуу жана тиешелүү отчеттуулукту берүү маселелери талкууланды.Ошондой эле, шайлоо фонддорунун эсептерин өз убагында ачуу максатында КР БШК менен банк мекемелеринин натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу жана бул багытта келип чыгышы мүмкүн болгон уюштуруучулук тоскоолдуктарды алдын алуу маселелери каралды.Иш-чаранын жыйынтыгында өз ара аракеттенүүнү  өркүндөтүү жана шайлоо өнөктүгүн каржылык жактан ачык-айкын, ыкчам жана талаптагыдай камсыз кылуу боюнча мындан аркы чаралар аныкталды. 
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады
02-Окт, 2026

КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров 1-октябрь -Улуулар күнүнө карата КР БШКнын аппаратынын улуу муундагы кызматкерлерин майрамы менен куттуктады.Өз сөзүндө Тынчтык Шайназаров улуу муундун бай тажрыйбасы, терең билими жана баалуу кеп-кеңештери мекеменин ишинин натыйжалуулугун арттырууга олуттуу салым кошуп жатканын белгиледи.“Сиздердин турмуштук жана кесиптик тажрыйбаңыздар, акыл-насаатыңыздар биз үчүн ар дайым баалуу. Көп жылдык эмгегиңиздер, жоопкерчилигиңиздер жана кесипкөйлүгүңүздөр жалпы ишибизге чоң жардам берүүдө”, - деп белгиледи Тынчтык Шайназаров.КР БШКнын төрагасы кызматкерлерге бекем ден соолук, узун өмүр, үй-бүлөлүк бакыт жана иштерине мындан аркы ийгиликтерди каалады.   
Кененирээк билүү >>
КР БШКда майыптыгы бар шайлоочулардын жана айрым категориядагы жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу боюнча Жумушчу топтун жыйыны өттү
01-Окт, 2026

КР БШКда майыптыгы бар шайлоочулардын жана айрым категориядагы жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу боюнча Жумушчу топтун жыйыны өттү

Бүгүн, 1-октябрда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясында Кыргыз Республикасынын Президентин алдыдагы шайлоого даярдыктын алкагында майыптыгы бар шайлоочулардын жана айрым категориядагы жарандардын шайлоо укуктарын өркүндөтүү жана ишке ашыруу боюнча ведомстволор аралык Жумушчу топтун жыйыны болуп өттү.Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү, Жумушчу топтун жетекчиси Миргул Темирбаеванын төрагалыгы менен өткөн кеңешмеге министрликтердин, мамлекеттик органдардын, укук коргоо органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышты.Жыйындын жүрүшүндө шайлоо процессинин инклюзивдүүлүгүн жана жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу боюнча бир катар уюштуруучулук-практикалык чаралар каралды.Атап айтканда, шайлоо участкаларынын инфраструктуралык жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу, майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарын эсепке алууда санариптик инструменттерди киргизүү, ошондой эле шайлоо участкаларын зарыл болгон маалыматтык жана көмөкчү материалдар менен камсыздоо маселелери талкууланды.Мындан тышкары, социалдык стационардык мекемелерде, камакта кармоочу жайларда турган жарандардын, аскер кызматчыларынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.Шайлоочулардын тизмелерин тактоо, эсепке алуу иштерин жүргүзүү жана добуш берүүнүн жашыруундуулугун ишке ашыруу боюнча ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнүн механизмдери аныкталды.Соңунда мамлекеттик органдарга жана тиешелүү ведомстволорго макулдашылган жумуштарды аткаруу жана пландаштырылган иш-чараларды өз убагында жүргүзүү боюнча сунуштар берилди.
Кененирээк билүү >>