Башкы
Жаңылыктар
Жаңылыктар
Жаңы Кодекстерге ылайык шайлоо мыйзамдарын бузуулар үчүн жоопкерчиликтер тууралуу маалымат
Жаңы кодекстерге ылайык шайлоо мыйзамдарын бузуулар үчүн жоопкерчиликтер Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексинин, Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин төмөнкү беренелеринде каралган:
Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси (5 берене):
1) 191-берене. Шайлоо укуктарын жүзөгө ашырууга тоскоолдук кылуу;
2) 192-берене. Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу;
3) 193-берене. Шайлоо өнөктүгүн каржылоо тартибин бузуу;
4) 194-берене. Шайлоо же референдум өткөрүүдө каражаттарды мыйзамсыз пайдалануу.
5) 195-берене. Шайлоо документтерин бурмалоо.
Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодекси (1 берене):
6) 87-берене. Шайлоочунун башка адам үчүн добуш берүүсү;
Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодекси (7 берене):
7) 42-берене. Шайлоо процессинин катышуучуларынын укуктарын бузуу;
8) 43-берене. Шайлоого катышуу үчүн өргүү берүүдөн баш тартуу;
9) 44-берене. Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү шарттарын бузуу;
10) 45-берене. Талапкер жөнүндө билип туруп жалган маалымат таратуу;
11) 46-берене. Талапкердин ар-намысын, кадыр-баркын жана ишкер беделин жаманатты кылган маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарынын таратышы;
12) 47-берене. Тоголок үгүт материалдарын таратуу;
13) 48-берене. Үгүт материалдардын жок кылуу же бузуу.
ЭСКЕРТҮҮ; Шайлоо мыйзамдарынын кээ бир бузууларынын жана алар боюнча санкцияларынын дифференциациясы 2018-жылдын 13-августунда Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңешинин жыйынында бекитилген “2018-2020-жылдары Кыргыз Республикасында шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүүнүн Стратегиясында” каралган.
Кененирээк билүү >>
“Бишкек шаардык кеңешинин депутатынын бош мандатын өткөрүп берүү жөнүндө” Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын 2018-жылдын 12-июлундагы №6 чечими жөнүндө
КР БШК 2019-жылдын 31-январында өткөн жыйналышында “Бишкек шаардык кеңешинин депутатынын бош мандатын өткөрүп берүү жөнүндө” Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын 2018-жылдын 12-июлундагы №6 чечимин жокко чыгаруу жөнүндө Э.Ш. Досиевдин даттануусун канааттандыруу тууралуу чечим кабыл алды.
Бишкек АШК чечими менен Бишкек шаардык кеңешинин депутатынын бош мандаты “Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясынын сунуштамасына ылайык аталган партиядан депутаттыкка талапкерлердин тизмесинде “12” номуру менен катталган талапкер А.Х. Парпиевге өткөрүлүп берилген.
2018-жылдын 13-июлунда “Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясынан Бишкек шаардык кеңешине катталган депутаттыкка талапкерлердин тизмесиндеги талапкер Э.Ш. Досиевден КР БШКга даттануу түшкөн, анда ал Бишкек АШКнын 12-июлундагы №6 чечимин жокко чыгарууну өтүнгөн.
Э.Ш. Досиев даттануусунда анын Бишкек шаардык кеңешинин депутаттыгына талапкер катары укугу бузулганын, анткени “Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясынан депутаттыкка талапкерлердин катталган тизмесинде ал “10” номуру менен тургандыктан, ал тизме боюнча кийинки талапкер болуп саналарын белгилеген.
Мында ал тизме боюнча кийинки кезектеги талапкер болгондуктан, депутаттын бош мандатын ээлөөгө даяр экени тууралуу жана бош орунду башка талапкерге берүүнү сунуштоо жөнүндө партиянын чечимине макул эместиги тууралуу билдирип, Бишкек АШКга жана КР БШКга мурда кайрылган.
2018-жылдын 26-ноябрында А.Х. Парпиев “Бишкек шаардык кеңешинин депутатынын бош мандатын өткөрүп берүү жөнүндө” Бишкек АШКнын 2018-жылдын 12-июлундагы №6 чечими тууралуу маселени кароо өтүнүчү менен КР БШКга кайрылган.
Э.Ш. Досиев Бишкек шаардык кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин тизмесинде “8” номуру менен катталганын жана 2016-жылы шайлоодон кийин шаардык кеңештин депутатынын мандатын алууга анын укугу бар болгонун белгилей кетүү керек.
Ошону менен бирге, талапкер Э.Ш. Досиевдин макулдугу менен “8” номуру боюнча анын кезектүүлүгү “10” номуруна өзгөртүлүп, депутаттын мандаты башка талапкерге өткөрүлүп берилген.
Учурда мандат бошогонуна байланыштуу тизме боюнча кийинки талапкер “10” номуру менен турган Э.Ш. Досиев болуп саналат.
Мыйзамдарга ылайык шайлоо комиссияларынын биринчи кезектеги милдети – бул жарандардын шайлоо укуктарын сактоону, талапкерлер, саясий партиялар үчүн укуктук тең шарттарды камсыздоо, ал эми шайлоо комиссияларынын ишиндеги негизги принциптер – бул мыйзамдуулук жана адилеттүүлүк принциптери.
БШК бош мандатты өткөрүп берүү тууралуу чечим тизме боюнча “10” номуру менен турган Э.Ш. Досиевдин партиянын сунуштамасына ылайык талапкерлердин тизмесиндеги орунга (кезектүүлүк) башка талапкердин (Парпиев А. Х. - “№12”) талапкерленгенине каршы экенин эске алуу менен кабыл алынышы керек эле деп эсептейт.
“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 51, 52-беренелерин, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3, 6, 7, 18-беренелерин жетекчиликке алып, Шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъектилеринин арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча Жумушчу тобунун 2018-жылдын 17-июлундагы чечимин эске алып, КР БШК “Бишкек шаардык кеңешинин депутатынын бош мандатын өткөрүп берүү жөнүндө” Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын 2018-жылдын 12-июлундагы №6 чечимин жокко чыгаруу жөнүндө Э.Ш. Досиевдин даттануусун канааттандыруу жөнүндө токтом кабыл алды (тогуз мүчө – макул, экөө - каршы).
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
2019-жылдын 31-январында КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийин турган депутаттыкка талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Тоң, Каракол, Араван, Кара-Кулжа, Ат-Башы, Жумгал жана Базар-Коргон АШКнын чечимдерин бекитти.
Ошентип:
- Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Улахол айылдык кеңешиндеги депутат Т.Узаков өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, бош калган мандат кийинки талапкер – К.Бекбоевге өткөрүлүп берилди;
- Ысык-Көл облусунун Каракол шаардык кеңешиндеги “Табылга” депутаттык фракциясынан депутат М.Сагымбаев депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу ыйгарым укуктары токтотулуп, бош калган мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге – Б.Асанбаевге (“Табылга” депутаттык фракциясынан) өткөрүлүп берилди;
- Ысык-Көл облусунун Каракол шаардык кеңешиндеги “Табылга” депутаттык фракциясынан депутат А. Бараков өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, бош калган мандат кийинки талапкер – М.Шафигулинага (“Табылга” депутаттык фракциясынан) өткөрүлүп берилди;
- Ош облусунун Араван районунун Керме-Тоо айылдык кеңешиндеги депутат Жунус уулу И. депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу ыйгарым укуктары токтотулуп, бош калган мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге – А.Улугбековго өткөрүлүп берилди;
- Ош облусунун Кара-кулжа районунун Кызыл-Жар айылдык кеңешиндеги депутат Абдилазиз уулу Б. депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу ыйгарым укуктары токтотулуп, бош калган мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге – Т.Калатбековго өткөрүлүп берилди;
- Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Кызыл-Жар айылдык кеңешиндеги депутат Б.Жоробаев өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, бош калган мандат кийинки талапкер – Т.Салибаевага өткөрүлүп берилди;
- Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Баш-Кайынды айылдык кеңешиндеги депутат К.Чоробеков өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, бош калган мандат кийинки талапкер – Мурсалы уулу Э.өткөрүлүп берилди;
- Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Кара-Коюң айылдык кеңешиндеги депутаты Ш.Апысов каза болгондугуна байланыштуу ыйгарым укуктары токтотулуп, бош калган мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге – Н.Саалиевге өткөрүлүп берилди.
- Нарын облусунун Жумгал районунун Жумгал айылдык кеңешиндеги депутат М.Исаков депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу ыйгарым укуктары токтотулуп, бош калган мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге – Азискан уулу Э. өткөрүлүп берилди;
- Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Арстанбап айылдык кеңешиндеги депутат К.Тиркашев өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, бош калган мандат кийинки талапкер – А.Султановго өткөрүлүп берилди;
- Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Арстанбап айылдык кеңешиндеги депутат И.Чолпанов өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, бош калган мандат кийинки талапкер – Д.Мамажановго өткөрүлүп берилди;
- Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Арстанбап айылдык кеңешиндеги депутат А.Масиров өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, бош калган мандат кийинки талапкер – Мухидилла уулу Ш. өткөрүлүп берилди;
- Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Базар-Коргон айылдык кеңешиндеги депутат М. Абдулажанов каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, бош калган мандат кийинки талапкер – А.Абдуллаевге өткөрүлүп берилди.
КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Чүй облусунун Сокулук районунун Фрунзе айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоосу дайындалды
Чүй облусунун Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы–акиминин 2019-жылдын 28-январындагы №20-Б буйругу менен Фрунзе айыл өкмөтүнүн башчысы К.Бешимбаев, өзү берген арызынын негизинде, ээлеген кызматынан бошотулган.
КР БШКнын токтомуна ылайык, Чүй облусунун Сокулук районунун Фрунзе айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2019-жылдын 19-февралына саат 9-00дөн 12-00гө чейинкиге дайындалды.
Шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштуруп, өткөрүү Сокулук АШКна тапшырылды.
Маалымат катары: “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 48-беренесине ылайык жогорку билими жана мамлекеттик же болбосо муниципалдык кызматта 2 жылдан кем эмес иш стажы, же болбосо билим берүүнүн, саламаттык сактоонун мамлекеттик мекемелеринде же уюмдардын, мекемелердин жана жеке менчик чарбакер субъекттердин жетекчилик кызматтарында 3 жылдан кем эмес иш стажы бар аракетке жөндөмдүү Кыргыз Республикасынын жараны айыл өкмөтүнүн башчысы боло алат. Кылмыш жасагандыгы үчүн мыйзамдарда белгиленген тартипте алып салынбаган же жоюлбаган соттуулугу бар Кыргыз Республикасынын жараны айыл өкмөтүнө башчы болушу мүмкүн эмес.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
2019-жылдын 31-январында өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору
Өткөрүү датасы: 31 январь 2019-ж.
Убактысы: 12:00
Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы
1.Чүй облусунун Сокулук районунун Фрунзе айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындоо жөнүндө
(Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
2.Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Тоң, Каракол, Араван, Кара-Кулжа, Ат-Башы, Жумгал жана Базар-Коргон аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
(Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
3.Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын "Бишкек шаардык кеңешинин депутатынын бош мандатын өткөрүп берүү жөнүндө" 2018-жылдын 12-июлдагы №6 чечими тууралуу
(Баяндамачы – М.А. Камчибекова укуктук камсыздоо бөлүмдүн башчысы)
4.Ар түрдүү маселелер
Төрага
Кененирээк билүү >>
Шайлоонун бүткүл дүйнөлүк күнүнө карата: КР БШК “ЖМКда шайлоо өнөктүгүн чагылдыруу” деген темадагы семинарга катышуу үчүн ЖМК өкүлдөрүнөн өтүнмөлөрдү кабыл алууда
Шайлоонун бүткүл дүйнөлүк күнүнө карата 2019-жылдын 13-февралында КР БШК Конрад Аденауэр атындагы Фонду менен биргелешип “ЖМКда шайлоо өнөктүгүн чагылдыруу” деген темада семинар өткөрөт.
Эксперт катары КР БШКнын өкүлдөрү, экономика илимдеринин доктору, World Peoples Academyнин (Нью Йорк, АКШ) профессору, Нью Йорк Илимдер академиясынын (NYAS) анык мүчөсү, Жарнаманын эл аралык ассоциациясынын (IAA) Россиядагы бөлүмүнүн мүчөсү А.В. Зыбкин чыгып сүйлөшөт.
Семинар бир катар төмөнкү актуалдуу маселелерди талкуулоого багытталган:
- шайлоо процесси жана шайлоо өнөктүгүнүн ЖМКда чагылдырылуучу ченемдик укуктук актылары;
- шайлоо процессинин ачыктыгын жана объективдүүлүгүн мүнөздөөчү көрсөткүчтөр;
- ЖМКнын шайлоо процессине катышуусу жаатындагы мыйзамдарды өзгөртүү (2018-2020-жылдары шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү Стратегиясын жүзөгө ашыруу учун иштелип чыгып, КР ЖКга киргизилген мыйзам долбоорлорунун алкагында );
- ЖМКда шайлоо алдындагы үгүттү өткөрүү жана редакциялык саясаттын өзгөчөлүктөрү;
- шайлоо процессин чагылдырууда журналисттердин статусу, укуктары жана милдеттери;
- шайлоо өткөрүү мезгилинде ЖМКны коргоо чаралары.
КР БШК pr.shailoo@gmail.com эл.дареги боюнча ЖМК өкүлдөрүнөн өтүнмөлөрдү кабыл алууда.
Иш-чарага бир редакциядан экиден ашык эмес киши катыша алат.
Дедлайн: 2019-жылдын 10-февралы.
Өткөрүү датасы: 2019-жылдын 13-февралы.
Өткөрүлүүчү жер: Асанбай-борбор (Асанбай центр).
Суроолорду 0312665452, 0551443211 телефондору боюнча берсе болот.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Чоң-Сары-Ой жана Байтик айыл өкмөттөрүнүн башчыларынын шайлоосу дайындалды
КР БШКнын токтомуна ылайык, Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Чоң-Сары-Ой айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2019-жылдын 6-февралына саат 9-00дөн 12-00гө чейинкиге дайындалды, Чүй облусунун Аламүдүн районунун Байтик айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2019-жылдын 1-февралына саат 9-00дөн 12-00гө чейинкиге дайындалды.
Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы–акиминин 2019-жылдын 8-январындагы № 3/1 буйругу менен Чоң-Сары-Ой айыл өкмөтүнүн башчысы У.Абдыкалыков, өзү берген арызынын негизинде, ээлеген кызматынан бошотулган.
2019-жылдын 15-январына кайра шайлоо дайындалган Чүй облусунун Аламүдүн районунун Байтик айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо кворумдун жоктугуна байланыштуу өткөн жок.
Шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштуруп, өткөрүү Ысык-Көл жана Аламүдүн АШКна тапшырылды.
Маалымат катары: “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 48-беренесине ылайык жогорку билими жана мамлекеттик же болбосо муниципалдык кызматта 2 жылдан кем эмес иш стажы, же болбосо билим берүүнүн, саламаттык сактоонун мамлекеттик мекемелеринде же уюмдардын, мекемелердин жана жеке менчик чарбакер субъекттердин жетекчилик кызматтарында 3 жылдан кем эмес иш стажы бар аракетке жөндөмдүү Кыргыз Республикасынын жараны айыл өкмөтүнүн башчысы боло алат. Кылмыш жасагандыгы үчүн мыйзамдарда белгиленген тартипте алып салынбаган же жоюлбаган соттуулугу бар Кыргыз Республикасынын жараны айыл өкмөтүнө башчы болушу мүмкүн эмес.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Тамга жана Чаек айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдор бекитилди
2019-жылдын 18-январында КРнын БШКсы 2018-жылдын 19-декабрында жана 12- январында Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Тамга айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу, Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитти.
Протоколдордун негизинде:
- Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Тамга айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылып, Дуйшембиев Адилет Керээзбекович айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды;
- Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылып, Алымкулов Рустам Темиркулович айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды.
Шайланган айыл өкмөт башчыларына белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берүү Жети-Өгүз жана Жумгал аймактык шайлоо комиссияларына тапшырылды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине өзгөртүүлөр киргизилди
КР БШК Жалал-Абад облусунун Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө токтом кабыл алынды.
Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөсү А. Асанов комиссиянын курамынан чыгаруу жөнүндө арызынын негизинде токтом кабыл алынды.
Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилди: “Кыргызстан” саясий партиясынан көрсөтүлгөн Асанов Арстанбек комиссиянын курамынан чыгарылып; жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Абдурасулов Эркин Мойдунович резервден комиссиянын курамына киргизилди.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
2019-жылдын 18-январында КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийин турган депутаттыкка талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Базар-Коргон, Аксы, Ноокат, Нарын, Түп, Москва жана Чоң-Алай АШКнын чечимдерин бекитти.
Ошентип:
- Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Сейдикум айылдык кеңешиндеги депутаты Б.Дженалиев каза болгондугуна байланыштуу ыйгарым укуктары токтотулуп, бош калган мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге – К.Маматовго өткөрүлүп берилди;
- Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Талдуу-Булак айылдык кеңешиндеги депутаты Э.Тохтаров каза болгондугуна байланыштуу ыйгарым укуктары токтотулуп, бош калган мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге – Батыр уулу Азизбекке өткөрүлүп берилди;
- Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Жерге-Тал айылдык кеңешиндеги депутат К.Дөөлөталиевге өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, бош калган мандат кийинки талапкер – А.Досалиевге өткөрүлүп берилди;
- Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Жерге-Тал айылдык кеңешиндеги депутат Б. Мадишев өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, бош калган мандат кийинки талапкер – Ж.Карасартовго өткөрүлүп берилди;
- Ош облусунун Ноокат районундагы Кок-Жар айылдык кеңешиндеги депутат М. Абдракманова өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, бош калган мандат кийинки талапкер – М.Калиловго өткөрүлүп берилди;
- Ош облусунун Чон-Алай районундагы Жаны-Алай айылдык кеңешиндеги депутат Н.Арапбаева өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, бош калган мандат кийинки талапкер – М.Сырдыевге өткөрүлүп берилди;
- Нарын облусунун Нарын районундагы Эмгекчил айылдык кеңешиндеги депутат Г. Асаналиева өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, бош калган мандат кийинки талапкер – И.Тумөнбаевге өткөрүлүп берилди;
- Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Талды-Суу айылдык кеңешиндеги депутат А.Мамбеталиева өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, бош калган мандат кийинки талапкер – Ш.Нурбашевага өткөрүлүп берилди;
- Чүй облусунун Москва районундагы Предтеченка айылдык кеңешиндеги депутаты Н.Балбаков каза болгондугуна байланыштуу ыйгарым укуктары токтотулуп, бош калган мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге – Ч. Ахматовго өткөрүлүп берилди.
КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
2019-жылдын 18-январында өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору
Өткөрүү датасы: 18 январь 2019-ж.
Убактысы: 16:00
Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы
1. Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек, Ысык-Көл облусунун Жети-өгүз районунун Тамга айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
(Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысынын м.а.)
2. Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Чоң-Сары-Ой жана Чүй облусунун Аламүдүн районунун Байтик айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө
(Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысынын м.а.)
3. Жалал-Абад облусунун Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысынын м.а.)
4. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Базар-Коргон, Аксы, Ноокат, Нарын, Түп, Москва жана Чоң- Алай аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
(Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысынын м.а.)
5.Ар түрдүү маселелер
Кененирээк билүү >>
Кворумдун жоктугуна байланыштуу Байтик айыл өкмөт башчысын шайлоо өтпөй калды
2019-жылдын 15 январындагы Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Байтик айыл өкмөт башчысын шайлоосу кворумдун жоктугуна байланыштуу өтпөй калды. Байтик айылдык кеңешиндеги 21 депутаттан 4 депутат катышты. Айыл өкмөтүнүн башчылыгына 3 талапкер катталган.
Маалымат катары: “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесинин 5 пунктуна ылайык, эгерде кворумдун жоктугунан шайлоо болбой калса, Борбордук шайлоо комиссиясы 3 календардык күндүн ичинде кайра шайлоо дайындайт. Мындай учурда кайра шайлоо мурда каттоодон өткөн талапкерлер боюнча өткөрүлөт.
КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын Брайл тамгасы менен басылган нускаларын БШК көрүүсү жагынан мүмкүнчүлүктөрү чектелүү жарандарга таратат
Кыргыз парламентинин 80 жылдык урматына КР БШК Кыргыз Республикасынын Конституциясынын Брайл тамгасы менен кыргыз жана орус тилдеринде басылган 2 нускасын КР Жогорку Кеңешинин илим-изилдөө борборуна өткөрүп берди.
КР БШК жетекчилигинин Ж. Баласагын атындагы КУУнун студенттери менен жолугушуусунда Кыргыз Республикасынын Конституциясынын Брайл тамгасы менен эки тилде басылган 2 нускасы көрүүсү жагынан мүмкүнчүлүктөрү чектелүү жарандардын пайдалануусу үчүн университеттин Илимий китепканасына тапшырылган.
Кыргыз Республикасынын БШКсынын жаштар менен алардын укуктук, шайлоо маданиятын жогорулатуу, жаш шайлоочуларды, ошондой эле ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү шайлоочуларды укуктук жактан агартуу боюнча мерчемделген жолугушууларынын алкагында Кыргыз Республикасынын Конституциясынын Брайл тамгасы менен басылган нускалары БШК тарабынан бардык региондордун ЖОЖдорунун китепканаларынын фондуларына таратылмакчы.
КР БШКнын демилгеси менен ЕККУнун Бишкектеги Программалык офисинин каржылык колдоосу астында Кыргыз Республикасынын Конституциясынын Брайлдын чекит-рельеф тамгасы менен 20 нускасы басылган (10у - кыргыз, 10у орус тилинде),
Бул чара Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү жарандардын шайлоо укуктарын жүзөгө ашырууну өркүндөтүү боюнча Жумушчу топтун демилгелеринин бири болуп саналат. Инклюзивдүүлүктү жогорулатууга багытталган иш-аракеттердин кеңири планынын алкагында ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укук маданиятын, сабаттуулугун жакшыртуу боюнча башка колдонмолор, маалыматтык материалдар дагы чыгарылат.
КР БШКнын аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
2019-жылдын 12-январында Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоосу өттү
2019-жылдын 12-январындагы Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек айыл өкмөтүнүн башчысы шайланды.
Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек айыл өкмөтүнүн башчысы болуп, 19 добуш алган Алымкулов Рустам Темиркулович шайланды. Чаек айылдык кеңешиндеги 21 депутаттан 19 катышты. Айыл өкмөтүнүн башчылыгына 1 талапкер катталган.
КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
2019-жылдын 11-январында КР БШК менен Конрад Аденауэр атындагы Фондунун ортосундагы кызматташуу жөнүндө Меморандумга кол коюлду
2019-жылдын 11-январында КР БШК менен Конрад Аденауэр атындагы Фондунун ортосундагы кызматташуу жөнүндө Меморандумга КР БШК төрагасы Н. Шайлдабекова жана Конрад Аденауэр атындагы Фондунун Борбордук Азия боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү доктор Томас Кунце кол коюшту.
Меморандумга кол коюу менен КР БШК жана Конрад Аденауэр атындагы Фонду кеңири масштабда кызматташууну баштайт.
Меморандумга ылайык тараптар улуттук жана чет өлкөлүк алдыңкы эксперттерди тартуу менен билим берүүчү, илимий жана башка ар түрдүү иш-чараларды биргелешип өткөрүшөт жана аларга катышат, саясий, экономикалык, социалдык жана маданий өнүгүүсү тууралуу маалыматтарды алмашууну жүзөгө ашырат, өз ара кызыкчылыктар бар актуалдуу маселелер боюнча биргелешип изилдөөлөрдү жүргүзүшөт, шайлоо процессинин жана референдумдардын кызыкдар тараптарынын укук маданиятын өркүндөтөт.
Ушуга байланыштуу тараптар биринчи этаптагы кызматташуунун пландарын талкуулашты. Жаш лидерлер үчүн окутуу программалары, ЖМК өкүлдөрү үчүн чеберчилик класстары, Жогорку Кеңештин депутаттарынын катышуусу менен шайлоо мыйзамдарын жакшыртуу боюнча тегерек үстөл ж.б. мерчемделди.
Конрад Аденауэр атындагы Фондунун Борбордук Азия боюнча өкүлчүлүгү КР БШКга жарандык билим берүү тутумун ишке киргизгенге көмөк көрсөтүүгө даяр. Жарандык билим берүү Борборунун ишинин алкагында бир катар иш-чаралар өткөрүлмөкчү.
Кызматташуу маселелерин талкуулоого КР БШК төрагасынын орун басары А. Эшимов, КР БШК мүчөсү К. Осмоналиев, Конрад Аденауэр атындагы Фондунун долбоорлорунун координатору А. Аликулов катышты.
Маалымат үчүн: Конрад Аденауэр атындагы Фонд 1955-жылы уюшулган, 1964-жылдан бери Германия Федеративдик Республикасынын биринчи федералдык канцлери Конрад Аденауэрдин ысмын алып жүрөт. Конрад Аденауэр атындагы Фонд саясий фонд болуп саналат. Германияда 16 региондук офиси жана эки конференц-борбору жарандык билим берүү боюнча программалардын кеңири спектрин жүргүзөт, ар түрдүү иш-чараларды уюштурушат. Чет өлкөлөрдөгү өкүлчүлүктөрү дүйнөнүн 120дан ашык өлкөлөрүндө 200дөн ашуун долбоорлорду жүзөгө ашырууда.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Жаңы жылдык куттуктоосу!
Урматтуу кыргызстандыктар!
Урматтуу шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү, кесиптештер!
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Сиздерди келе жаткан 2019-жаңы жылыңыздар менен куттуктайт!
Өтүп бара жаткан жылы шайлоо системасын жакшыртуу жаатындагы реформанын алкагында “2018-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын шайлоолор жөнүндө мыйзамдарын өркүндөтүүнүн стратегиясы” иштелип чыгып, Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин VII жыйынында жактырылды. Учурда ал Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөтүлгөн. Аны ишке ашыруу жарандардын шайлоо укуктарын сактоо, талапкерлерге жана саясий партияларга бирдей шарттарды түзүү, Кыргызстанда эркин демократиялык шайлоону өткөрүү үчүн негиз болуп калышы керек.
Урматтуу мекендештер!
Жаңы жылыбыз жалпы журтубуз жана өлкөбүз үчүн жаңы бийиктиктерди багынтуунун, туруктуулуктун жана өнүгүүнүн жылы болсун! Элибизде – ынтымак, жергебизде – береке болсун!
Жаңы 2019-жылда Сиздерге бекем ден соолук, ишиңиздерге албан-албан ийгиликтерди жана үй-бүлөңүздөргө бакыт-таалай, бакубат турмуш каалайбыз.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум Өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
Кененирээк билүү >>
Акыркы жаңылыктар
29.09.2026
КР БШКнын 2026-жылдын 30-сентябрындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
29.09.2026
КР БШКда президенттик шайлоого даярдык боюнча мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен кеңешме өттү
29.09.2026
КР БШКнын өкүлдөрү Индияда шайлоону башкаруу органдарынын потенциалын чыңдоо боюнча эл аралык семинарга катышууда
28.09.2026
Кыргыз Республикасынын жарандарына жана саясий партиялардын өкүлдөрүнө кайрылуу
26.09.2026
ЖМК жана интернет-басылмаларды аккредитациялоо боюнча кайрылуу
25.09.2026
Шайлоо участокторунун чек аралары маселеси жөнүндө