Башкы Жаңылыктар “Бишкек шаардык кеңешинин депутатынын бош мандатын өткөрүп берүү …

“Бишкек шаардык кеңешинин депутатынын бош мандатын өткөрүп берүү жөнүндө” Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын 2018-жылдын 12-июлундагы №6 чечими жөнүндө

31-Янв, 2019

КР БШК 2019-жылдын 31-январында өткөн жыйналышында “Бишкек шаардык кеңешинин депутатынын бош мандатын өткөрүп берүү жөнүндө” Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын 2018-жылдын 12-июлундагы №6 чечимин жокко чыгаруу жөнүндө Э.Ш. Досиевдин даттануусун канааттандыруу тууралуу чечим кабыл алды.

Бишкек АШК чечими менен Бишкек шаардык кеңешинин депутатынын бош мандаты “Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясынын сунуштамасына ылайык аталган партиядан депутаттыкка талапкерлердин тизмесинде “12” номуру менен катталган талапкер А.Х. Парпиевге өткөрүлүп берилген.

2018-жылдын 13-июлунда “Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясынан Бишкек шаардык кеңешине катталган депутаттыкка талапкерлердин тизмесиндеги талапкер Э.Ш. Досиевден КР БШКга даттануу түшкөн, анда ал Бишкек АШКнын 12-июлундагы №6 чечимин жокко чыгарууну өтүнгөн.

Э.Ш. Досиев даттануусунда анын Бишкек шаардык кеңешинин депутаттыгына талапкер катары укугу бузулганын, анткени “Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясынан депутаттыкка талапкерлердин катталган тизмесинде ал “10” номуру менен тургандыктан, ал тизме боюнча кийинки талапкер болуп саналарын белгилеген.

Мында ал тизме боюнча кийинки кезектеги талапкер болгондуктан, депутаттын бош мандатын ээлөөгө даяр экени тууралуу жана бош орунду башка талапкерге берүүнү сунуштоо жөнүндө партиянын чечимине макул эместиги тууралуу билдирип, Бишкек АШКга жана КР БШКга мурда кайрылган.

2018-жылдын 26-ноябрында А.Х. Парпиев “Бишкек шаардык кеңешинин депутатынын бош мандатын өткөрүп берүү жөнүндө” Бишкек АШКнын 2018-жылдын 12-июлундагы №6 чечими тууралуу маселени кароо өтүнүчү менен КР БШКга кайрылган.

Э.Ш. Досиев Бишкек шаардык кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин тизмесинде “8” номуру менен катталганын жана 2016-жылы шайлоодон кийин шаардык кеңештин депутатынын мандатын алууга анын укугу бар болгонун белгилей кетүү керек.

Ошону менен бирге, талапкер Э.Ш. Досиевдин макулдугу менен “8” номуру боюнча анын кезектүүлүгү “10” номуруна өзгөртүлүп, депутаттын мандаты башка талапкерге өткөрүлүп берилген.

Учурда мандат бошогонуна байланыштуу тизме боюнча кийинки талапкер “10” номуру менен турган Э.Ш. Досиев болуп саналат.

Мыйзамдарга ылайык шайлоо комиссияларынын биринчи кезектеги милдети – бул жарандардын шайлоо укуктарын сактоону, талапкерлер, саясий партиялар үчүн укуктук тең шарттарды камсыздоо, ал эми шайлоо комиссияларынын ишиндеги негизги принциптер – бул мыйзамдуулук жана адилеттүүлүк принциптери.

БШК бош мандатты өткөрүп берүү тууралуу чечим тизме боюнча “10” номуру менен турган Э.Ш. Досиевдин партиянын сунуштамасына ылайык талапкерлердин тизмесиндеги орунга (кезектүүлүк) башка талапкердин (Парпиев А. Х. - “№12”) талапкерленгенине каршы экенин эске алуу менен кабыл алынышы керек эле деп эсептейт.

“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 51, 52-беренелерин, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3, 6, 7, 18-беренелерин жетекчиликке алып, Шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъектилеринин арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча Жумушчу тобунун 2018-жылдын 17-июлундагы чечимин эске алып, КР БШК “Бишкек шаардык кеңешинин депутатынын бош мандатын өткөрүп берүү жөнүндө” Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын 2018-жылдын 12-июлундагы №6 чечимин жокко чыгаруу жөнүндө Э.Ш. Досиевдин даттануусун канааттандыруу жөнүндө токтом кабыл алды (тогуз мүчө – макул, экөө - каршы).

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
КР БШКнын 2026-жылдын 9-октябрындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
08-Окт, 2026

КР БШКнын 2026-жылдын 9-октябрындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору

Өткөрүлүүчү жери:  Бишкек ш., Пушкин көчөсү, 503-кабат, жыйындар залы          Өткөрүү убактысы:  Саат 11:00                                                                        1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы” автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө жобону бекитүү тууралуу ‎” токтом долбоору жөнүндөБаяндамачы: Жупуева А. С. - шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы 2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 54 “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтом долбоору жөнүндө                                                            Баяндамачы: Жупуева А. С. - шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы  3. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 3-июлундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтом долбоору жөнүндө                                                            Баяндамачы: Жупуева А. С. - шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы 4. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Айрым аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтом долбоору жөнүндө                                           Баяндамачы: Жупуева А. С. - шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы           5. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Жайыл, Сокулук, Өзгөн, Ноокат, Сузак, Чаткал жана Айтматов аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды шайлаган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитүү тууралуу” токтом долбоору жөнүндө                 Баяндамачы: Манасбеков Р. М. - шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу                            
Кененирээк билүү >>
Бишкекте жаш тренерлерди жарандык катышууга жана шайлоо процесстерине даярдоо программасынын жыйынтыгы чыгарылды
07-Окт, 2026

Бишкекте жаш тренерлерди жарандык катышууга жана шайлоо процесстерине даярдоо программасынын жыйынтыгы чыгарылды

Бүгүн, 7-октябрда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясында жаш тренерлерди жарандык катышууга жана шайлоо процесстерине даярдоо программасынын (Civic Trainers Lab) жыйынтыктоочу жолугушуусу өттү. Долбоордун уюштуруучулары - КР БШКнын Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борбору жана ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси, ошондой эле «Жаштарды өнүктүрүү институту» коомдук бирикмесинин колдоосу менен өткөрүлдү. Иш-чарага өлкөнүн жети аймагынан келген программанын эки агымынын бүтүрүүчүлөрү - жаш тренерлер катышты.Катышуучуларга КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР БШКнын ЖБББнын директору Анара Бейшембаева, ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин өкүлү жана ЖӨИнин директору Элизар Тилебалды уулу куттуктоо сөздөрү менен кайрылышты.Жаш тренерлерди даярдоо программасынын негизги окуялары жана жыйынтыктары, окутуу раунддарынын жана практикалык фазанын жыйынтыктарын, анын ичинде камтылган географияны, өткөрүлгөн каскаддык тренингдердин саны менен ЖӨИнин өкүлү Адельфия Аманкулова тааныштырды.КР БШКнын Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар башкармалыгынын башчысы Аскар Акимбаевдин шайлоо процессиндеги заманбап санариптик инструменттерге арналган, ошондой эле КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин өкүлү Бакай Кожомкул уулунун катышуучуларды мамлекеттик жаштар саясатынын багыттары жана аймактардагы жаштардын жарандык катышуу механизмдери менен тааныштырган конок лекциялары өттү.«Окутуудан практикага: эмне реалдуу иштеп кетти?» аттуу интерактивдүү сессияда катышуучулар аймактык кейстерди сунуштап, натыйжалуу усулдарды, тоскоолдуктарды талкуулашты жана биргелешкен «Жарандык тренерлер лабораториясынын тажрыйба картасын» түзүштү.Катышуучулар жана уюштуруучулар жаш тренерлердин КР БШК алдындагы ЖБББ жана мамлекеттик түзүмдөр менен кызматташуу форматтарын талкуулашты.
Кененирээк билүү >>
КР БШК мүчөлөрү аймактарда шайлоого даярдык көрүү маселелери боюнча жыйындарды өткөрүштү
07-Окт, 2026

КР БШК мүчөлөрү аймактарда шайлоого даярдык көрүү маселелери боюнча жыйындарды өткөрүштү

Үстүбүздөгү жылдын 6-7-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов жана БШК мүчөсү Миргүл Темирбаева Баткен облусунун Лейлек, Баткен, Кадамжай райондорунда жана Ош облусунун Ноокат районунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү менен жыйындарды өткөрүштү.Жыйындардын жүрүшүндө 2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүүнүн алкагында шайлоочулардын өз шайлоо укуктарын ишке ашыруусу үчүн тиешелүү шарттарды түзүү, ошондой эле шайлоону өткөрүү мезгилинде мыйзамдуулукту камсыз кылуу, жарандардын шайлоо укуктарын жана эркиндиктерин сактоо боюнча маселелер талкууланды.БШК төрагасынын орун басары шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр, шайлоо технологияларынын жаңыланышы, аралыктан добуш берүүнүн артыкчылыктары, автоматташтырылган маалыматтык тутумдар жана талапкерлерди колдоонун өзгөчөлүктөрү боюнча кеңири маалымат берди.Р. Жакышов шайлоону уюштуруу жана өткөрүүдө мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн ролуна токтолду.“Сиздердин милдетиңиздер – шайлоону уюштурууда анын калыс жана ачык өтүшү үчүн шарт түзүүгө көмөктөшүү. Ошол эле учурда процесске аралашпай, бардык процедуралардын мыйзамга ылайык өтүп жатканына көз салуу керек. Шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө тиешелүү ыйгарым укуктуу органдардын жана шайлоо комиссияларынын уюштуруу-техникалык маселелерди чечүү боюнча ишине жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары көмөк көрсөтүүсү зарыл”, – деп белгиледи Р. Жакышов.Мындан тышкары, укук коргоо органдарынын өкүлдөрүн мыйзам бузуулардын алдын алуу, кысым көрсөтүү же кийлигишүү аракеттерине өз убагында чара көрүү жана процесстин бардык катышуучулары үчүн коопсуз шарттарды түзүүгө чакырды.Жыйындарга облус жана шаар бийлигинин өкүлдөрү, акимдер, райондук уюмдар менен мекемелердин жетекчилери, айыл өкмөт башчылары, жергиликтүү кеңештердин төрагалары жана депутаттары, айыл башчылары, ошондой эле билим берүү мекемелеринин жетекчилери катышты. 
Кененирээк билүү >>
Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби
06-Окт, 2026

Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби

-
Кененирээк билүү >>