Башкы
Жаңылыктар
Жаңылыктар
Талас облусунун Талас районунун Айдаралиев айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоосу дайындалды
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2019-жылдын 31-январындагы № 39 буйругу менен Талас облусунун Талас районунун Айдаралиев айыл өкмөтүнүн башчысы Сыдыков Замирбек Бейшенович Талас районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы - акими болуп дайындалган.
КР БШКнын токтомуна ылайык, Талас облусунун Талас районунун Айдаралиев айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2019-жылдын 27-февралына саат 9-00дөн 12-00гө чейинкиге дайындалды.
Шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштуруп, өткөрүү Талас АШКна тапшырылды.
Маалымат катары: “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 48-беренесине ылайык жогорку билими жана мамлекеттик же болбосо муниципалдык кызматта 2 жылдан кем эмес иш стажы, же болбосо билим берүүнүн, саламаттык сактоонун мамлекеттик мекемелеринде же уюмдардын, мекемелердин жана жеке менчик чарбакер субъекттердин жетекчилик кызматтарында 3 жылдан кем эмес иш стажы бар аракетке жөндөмдүү Кыргыз Республикасынын жараны айыл өкмөтүнүн башчысы боло алат. Кылмыш жасагандыгы үчүн мыйзамдарда белгиленген тартипте алып салынбаган же жоюлбаган соттуулугу бар Кыргыз Республикасынын жараны айыл өкмөтүнө башчы болушу мүмкүн эмес.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Шайлоонун бүткүл дүйнөлүк күнүнө карата КР БШК Төрагасынын орун басары А. Бекматов Ош шаарында 5 ЖОЖдун студенттери үчүн “Жаштар жана шайлоо. Келечек үчүн жоопкерчилик” деген темада лекция өткөрдү
Шайлоонун бүткүл дүйнөлүк күнүнө карата 7-февралда КР БШК Төрагасынын орун басары А. Бекматов Ош шаарында 5 ЖОЖдун укук жана тарых факультеттеринин студенттери үчүн “Жаштар жана шайлоо. Келечек үчүн жоопкерчилик” деген темада лекция өткөрдү. Иш-чара ЕККУнун Бишкектеги программалык кенсесинин колдоосу алдында өттү.
Презентацияда А. Бекматов 2017-жылдагы Президенттик шайлоого жаштардын катышуусу жөнүндө маалыматтарды келтирди. Ошондой эле, ал жаш шайлоочуларды шайлоо процессинин этаптары, шайлоонун натыйжаларынын аныктыгын жана айкындуулугун камсыздоочу шайлоочуларды биометрикалык иденттештирүү технологияларын жана добуштарды автоматтык эсептөөнү колдонуу менен жаңы шайлоо моделинин өзгөчөлүктөрү тууралуу айтып берди. “Шайлоо процессин башкаруу деңгээлинде коррупция үчүн негиздер четтетилди. Колдонуудагы модель мурдагы режимдердин тушунда орун алган “бюллетендерди жапырт салуу” жана “каруселдер” сыяктуу бурмалоолорду жоюу милдетин чечет”. Презентациянын жүрүшүндө студенттер БШКнын иши жана Кыргызстандагы шайлоо тутуму боюнча көп маселелерди талкуулашты. Маселен:
- чет өлкөдө жүргөн жарандардын шайлоо укугун жүзөгө ашыруу үчүн кандай чаралар көрүлүп жатат?
- шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдарды азайтуу үчүн эмне кылуу керек?
- жаштардын шайлоо маданиятын жакшыртуу үчүн кандай иш-чаралар өткөрүлөт?
Көпчүлүк студенттер КР БШКнын өкүлдөрү менен мындан ары дагы башка форматтарда жолугушуу жөнүндө каалоолорун билдиришти.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Шайлоонун бүткүл дүйнөлүк күнүнө карата КР ЖОЖдорунун арасында “Менин тандоом – менин укугум” деген темада QUIZ болуп өттү
Шайлоонун бүткүл дүйнөлүк күнүнө карата КР БШК тарабынан КМЮАнын “Укук өнөрканасы” Инновациялык-укук борбору менен биргеликте ЕККУнун Бишкектеги программалык офисинин колдоосу алдында КР ЖОЖдорунун студенттеринин ортосунда “Менин тандоом – менин укугум” деген темада QUIZ өткөрүлдү.
Жигердүү студенттер үчүн эстүүлүк жана кызуулук менен атаандашуунун атмосферасындагы курч оюн болду.
7 команданын ортосундагы интеллекттик “кармашуулар” динамикалык форматта өттү. Оюн ар бири эрудицияга, логикага, интуицияга, кунт коюуга жана юморго эсептелген 5-9 суроодон турган 7 турду түздү. Ар бир раунд жаңы форматта – шайлоо укугунун чөйрөсү, шайлоо процессинин этаптары, шайлоочуларды биометрикалык иденттештирүү технологияларын жана добуштарды автоматтык эсептөөнү колдонуу менен жаңы шайлоо моделинин өзгөчөлүктөрү боюнча сүрөттөр, видео, аудио-фрагмент жана блиц түрүндө уюштурулду.
Бул иш-чараны өткөрүүнүн негизги максаты жаш шайлоочулардын өздөрүнүн конституциялык укугун билүүсүн жана түшүнүүсүн аныктоо, ошондой эле мекенчилдикти калыптандыруу болуп саналат.
КМЮАнын “Максимум” командасы жеңип чыгып, эстелик байгесин алды.
Иш-чаранын жыйынтыгында QUIZдин бардык катышуучуларына эстелик белектер тапшырылды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Шайлоонун бүткүл дүйнөлүк күнүнө карата Борбордук шайлоо комиссиясында №29 мектеп-гимназиянын жогорку класстарынын окуучулары үчүн “Мен – келечектеги шайлоочумун” деген темада тренинг откөрүлдү
Шайлоонун бүткүл дүйнөлүк күнүнө карата Борбордук шайлоо комиссиясында №29 мектеп-гимназиянын жогорку класстарынын окуучулары үчүн “Мен – келечектеги шайлоочумун” деген темада тренинг откөрүлдү. КР БШКнын мүчөсү Гульнара Джурабаева тренингдин модератору болду.
Бул иш-чаранын максаты келечектеги шайлоочуларга ар бир жарандын шайлоого катышуусунун жана анын өз тандоосу үчүн жоопкерчилигинин маанилүүлүгү жөнүндө маалымат берүү болуп саналат. Тренингдин катышуучулары саясий партиялардын ролун моделдештирген 4 топко бөлүндү. Ар бир партия өз программасын тааныштырды, бул катышуучуларга пассивдүү шайлоо укугунун маселелерин терең түшүнүүгө мүмкүндүк түздү.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Шайлоонун эл аралык күнүнө карата КР БШК АЭУну колдонуу менен Эл аралык АЛА-ТОО университетинин инженерия жана информатика факультетинин Президентин шайлоону өткөрүүгө көмөк көрсөттү
Шайлоонун эл аралык күнүнө карата КР БШК IFES менен биргелешип АЭУну колдонуу менен Эл аралык АЛА-ТОО университетинин инженерия жана информатика факультетинин Президентин шайлоону өткөрүүгө көмөк көрсөттү. Студенттердин арасынан түзүлгөн комиссиянын мүчөлөрү күн мурунтан окутулуп, шайлоо процессинин этаптары, добуш берүү жол-жоболору тууралуу инструктаждан өткөрүлдү.
2 студент - Абыкова Айжан жана Надирова Зухра өз талапкерлигин көрсөтүп, студенттердин арасында бир жума үгүт иштерин жүргүздү. Шайлоо процессинин этаптары – талапкерлер ортосундагы шайлоо бюллетениндеги кезектүүлүккө чүчүкулак, аудитория алдында дебаттар өткөрүлүп, бардык эрежелер сакталды жана үгүт иши жүргүзүлдү.
Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Надирова Зухра көп добуш (78 добуш) алды. Шайлоочулардын тизмесине 394 студент киргизилип, алардын 176сы добуш берди.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Шайлоонун бүткүл дүйнөлүк күнүнө карата БШК ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын шайлоо укуктарын камсыздоодогу жемиштүү эмгеги жана жеке салымы үчүн өнөктөштөрүн Ардак грамота менен сыйлады
Борбордук шайлоо комиссиясында жарандардын шайлоо укуктарын камсыздоого жеке өздөрү салмактуу салым кошкон өнөктөштөрдү сыйлоо болуп өттү. Сыйлыкка татыктуу болгон өнөктөштөр шайлоону уюштурууну жакшыртууга көмөктөшүү, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү жарандардын, аскер кызматчылары, ооруканалардын пациенттери, камоодо убактылуу кармалып турган адамдар сыяктуу шайлоочулардын кээ бир категорияларынын шайлоого катышуусун жакшыртуу максатында жигердүү иш жүргүзүшкөн.
БШКнын жетекчилиги менен аңгемелешүүдө өнөктөштөр шайлоонун инклюзивдүүлүгүн жогорулатуу, шайлоо процессинин катышуучуларынын саясий маданиятын арттыруу боюнча мерчемделген чаралар, Туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңеш тарабынан жактырылган КРдин шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү стратегиясын жүзөгө ашыруу алкагында белгиленген башка өзгөртүүлөр менен тааныштырылды.
Төмөнкүлөр Ардак грамотасы менен сыйланды:
- Абдылдаев Турсун Абдыкасымович - Майыптардын «Талыкпас-Ата» коомдук фондусунун төрагасы;
- Алымбек кызы Гульмайрам - «Назик-кыз» коомдук бирикмесинин мүчөсү;
- Бакиров Жетиген Жокинович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аппаратынын уюштуруу-инспектордук иш жана региондорду өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы;
- Исаков Бакыт Кубанычбекович - Кыргыз Улуттук паралимпиада комитетинин президенти;
- Исаков Толкунбек Маматович - «Майыптарга укуктук жардам көрсөтүү» коомдук фондусунун президенти;
- Курманбеков Нурбек Курманбекович - Бишкек ш. мэриясынын социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын начальниги;
- Мукашев Эрмек Жайлообаевич - Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр
коомунун уюштуруу бөлүмүнүн жетектөөчү адиси;
- Мураталиева Укей Калмуратовна - “Назик-кыз” коомдук бирикмесинин төрагасы;
- Мусаева Асипа Мусаевна - Кыргызстандын аял-майыптарынын республикалык көз карандысыз ассоциациясынын президенти;
- Омурканова Чолпон Аскербековна - «Эгль» КФ директору;
- Сыдыков Жумгалбек Тургунбекович - Майыптардын кыргыз республикалык коому (МКРКБ);
- Джамакеев Кантанбек Джанчарбекович - сурдотилмеч;
- Соронбаева Джаннат - ЕККУнун Бишкектеги Программа офиси;
- Грядасова Анастасия - Кыргыз Республикасындагы шайлоо тутумдарынын Эл аралык фондунун өкүлчүлүгү;
- Исмаилов Нурлан Курманбекович - Подполковник, Кыргыз Республикасынын ИИМнин бөлүмүнүн начальниги;
- Жакеев Кубанычбек Жумашевич - Кыргыз Республикасынын ИИМнин коомдук коопсуздук кызматынын начальнигинин орун басары;
- Кулбаев Талантбек Минбаевич - Полковник, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Штабынын тарбиялык иштер башкармалыгынын начальниги;
- Турпанбаев Максатбек Турарович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу ЖАМКнын тарбиялык иштер боюнча башкармалыгынын начальниги.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК Шайлоонун бүткүл дүйнөлүк күнүнө карата ИИМдин Академиясынын курсанттары үчүн “Жаштар жана шайлоо. Келечек үчүн жоопкерчилик. Шайлоого даярдануу жана аны өткөрүү убагында ички иштер кызматкерлеринин милдеттери” деген темада лекция өткөрдү
Шайлоонун бүткүл дүйнөлүк күнүнө карата КР БШК Төрагасы Н. Шайлдабекова ИИМдин Академиясынын курсанттары үчүн “Жаштар жана шайлоо. Келечек үчүн жоопкерчилик. Шайлоого даярдануу жана аны өткөрүү убагында ички иштер кызматкерлеринин милдеттери” деген темада лекция өткөрдү. ИИМдин Академиясынын курсанттары шайлоо процессинин этаптары, жаңы шайлоо моделинин өзгөчөлүктөрү, добуш берүүнүн жол-жоболору менен тааныштырылды. Ошондой эле, лекцияда төмөнкү мазмундуу маселелер чагылдырылды:
-бүлүнтүүчү күчтөрдүн мүмкүн болуучу укукка каршы аракеттеринен шайлоо участокторун жана участоктук шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн коопсуздугун камсыздоо;
-шайлоочулардын добуштарын сатып алуу фактыларын аныктоо жана сатып алууну уюштурууга, ишке ашырууга тиешеси бар адамдарды милдеттүү түрдө жалпыга маалымдоо каражаттарында чагылдыруу менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартуу;
-трансулуттук, диний-экстремисттик, террордук уюмдардын жана уюшкан кылмыш топторунун аракеттерине талаптагыдай жана өз убагында жооп кайтаруу;
-шайлоону өздөрүнүн Конституцияга каршы максаттарына жетүү үчүн курал катары пайдаланууга кызыкдар жактардын жарандардын конституциялык укуктарын бузган укукка каршы аракеттерине, процесстерине жана факторлоруна жол берүүчү жагдайларга бөгөт коюу;
-Кыргыз Республикасында көз карандысыз жана демократиялык шайлоо өткөрүүгө кызыкдар эмес жактардын бүлүнтүүчү тышкы таасирине жана кийлигишүүсүнө жол бербөө;
-превентивдүү иш-чараларды көрүү жана стратегиялык объектилерди ж.б. инфраструктураларды коргоо.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Шайлоонун бүткүл дүйнөлүк күнү менен куттуктоосу
Урматтуу кесиптештер, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү, атайын өкүлдөр жана тутумдук администраторлор!
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөлөрүнүн атынан жана өзүмдүн атымдан сиздерди Шайлоонун бүткүл дүйнөлүк күнү менен куттуктайм!
Ак ниет жана кесипкөй ишиңиздер, жарандык милдеттериңиздерди чоң жоопкерчилик менен аткарып жатканыңыздар үчүн Сиздерге ыраазычылык билдиребиз! Аймактык жана участоктук шайлоо комиссияларынын ырааттуу, мыйзамдуу жана ачык иши бардык деңгээлдеги шайлоолорду Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана эл аралык демократиялык стандарттарга толук ылайык жаңы шайлоо технологияларды пайдалануу менен өткөрүүнүн чечүүчү фактору болуп калды.
Сиздердин компетенциялуулугуңуздар, ыкчамдыгыңыздар, туруктуулугуңуздар жана милдетке үлгү болорлук берилгендигиңиздер менен коштолгон ишиңиздер мындан ары дагы биздин өлкөнүн стабилдүүлүгүн жана шайлоо тутумун өнүктүрүүнү камсыздамакчы.
Шайлоо тутумун жакшыртуу боюнча реформанын алкагында Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук Кеңеш тарабынан “2018-2020-жылдары шайлоо жөнүндө КР мыйзамдарын өркүндөтүү Стратегиясы” жана аны жүзөгө ашыруу боюнча план жактырылды. Аны ишке ашыруу жарандардын шайлоо укуктарын сактоону өркүндөтүү, талапкерлерге жана саясий партияларге тең шарттарды түзүү, Кыргызстанда эркин демократиялык шайлоо өткөрүү үчүн чоң негиз болуп калууга тийиш.
Урматтуу кесиптештер!
Сиздерге кесиптик иште чыгармачыл демилгелерди, чың ден соолук жана үй-бүлөдөгү бакубат жашоону чын дилибизден каалайбыз.
Төрага Н.Шайлдабекова
Кененирээк билүү >>
-
-
Кененирээк билүү >>
2019-жылдын 8-февралында өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору
Өткөрүү датасы: 8 февраль 2019-ж.
Убактысы: 15:00
Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы
1. Талас облусунун Талас районунун Айдаралиев айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындоо жөнүндө
(Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
2. Кыргыз Республикасынын кээ бир аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерин толуктоо жөнүндө
(Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
3. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Жети-өгүз, Нарын, Жумгал, Кара-Буура, Кадамжай жана Ноокен аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
(Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
4. Ар түрдүү маселелер
Кененирээк билүү >>
2019-жылдын 6-февралында Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Чоң-Сары-Ой айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү
2019-жылдын 6-февралында Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Чоң-Сары-Ой айыл өкмөтүнүн башчысы шайланды.
Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Чоң-Сары-Ой айыл өкмөтүнүн башчысы болуп, 21 добуш алган Сарбагышов Максатбек Канатбекович шайланды. Чоң-Сары-Ой айылдык кеңешиндеги 21 депутаттан 21 тең катышты. Айыл өкмөтүнүн башчылыгына 1 талапкер катталган.
КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
-
-
Кененирээк билүү >>
Бишкек шаардык кеңешинин депутатынын бош мандатын өткөрүп берүү жөнүндө Бишкек АШКнын чечимин жокко чыгарган КР БШКнын токтомун сот мыйзамдуу жана негиздүү деп тапты
БШКнын депутаттыгына катталган талапкерлердин тизмесиндеги кийинки талапкер Э.Ш. Досиевдин макул болбогондугуна байланыштуу “Бишкек шаардык кеңешинин депутатынын бош мандатын А.Х. Парпиевге (тизмедеги №12) өткөрүп берүү жөнүндө” Бишкек АШКнын чечимин жокко чыгаруу жөнүндө КР БШКнын 2019-жылдын 31-январындагы №7 токтомун мыйзамсыз деп табуу жөнүндө А.Х. Парпиевдин арызы боюнча 4-февралда сот болуп өттү.
Мында БАШК чечим кабыл алуу учурунда Э.Ш. Досиевдин бош мандатты “кезексиз” талапкерге өткөрүп берүүгө макул эместиги тууралуу арызын көңүлгө алган эмес.
Талапкердин бош мандатты ээлөөгө кезектүүлүгүн өткөрүп берүүгө макулдугусуз ал мандатты башка талапкерге өткөрүп берүү менен кезектеги талапкердин шайланууга конституциялык укугу бузулган.
2016-жылы “Өнүгүү-Прогресс” партиясы Бишкек шаардык кеңенишен 8 мандат алган. Э.Ш. Досиев тизмеде №8 менен катталган жана 2016-жылы шаардык кеңештин депутатынын мандатын алууга анын укугу бар болгон. Бирок Э. Досиевдин айтуусу боюнча анын макулдугу менен №8 кезектүүлүгү №10го өзгөртүлгөн (Бишкек АШК тарабынан тиешелүү чечим кабыл алынган).
“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР Мыйзамынын 52-беренесиндеги чечмелөөнүн (талапкердин макулдугу жөнүндө) жоктугу партия тарабынан талапкерлер менен шайлоочулардын шайлоо укуктарын бузуп, бул ченемди каалагандай пайдаланылышына жол бербөөгө тийиш.
Бош мандатты “кезексиз” талапкерлерге өткөрүп берүү өзүнүн укуктук мазмуну боюнча катталган талапкерлердин тизмесинде кезектүүлүктү өзгөртүү болуп саналат. Кезектүүлүктү өзгөртүү шайлоо мыйзамдарында кезектүүлүгү өзгөртүлүп жаткан талапкердин макулдугунун бар болушунун милдеттүүлүгүн белгилейт.
Сот БШК сыяктуу эле, бош мандатты өткөрүп берүү тууралуу чечим тизме боюнча талапкердин (Э.Ш. Досиевдин - №10) партиянын сунуштамасы боюнча талапкерлердин тизмесиндеги орунга (кезектүүлүк) башка талапкердин (Парпиев А. Х. - “№12”) талапкерленгенине макулдугун (макул эместигин) эске алуу менен кабыл алынышы керек эле деп эсептейт.
Ошентип, Бишкек ш. район аралык соту КР БШКнын токтомун мыйзамдуу жана негиздүү деп тапты жана А.Х. Парпиевдин арызын канааттандыруудан баш тартты.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК Бишкек шаарынын район аралык сотунун БШК депутаты Ж. Коргонбай уулунун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө БШК менен БАШКнын чечимдерин жокко чыгаруу жөнүндө чечимине даттанат
2018-жылдын 26-декабрында КР БШК башка мамлекеттин жарандыгы бар КР жарандары жергиликтүү кеңештердин депутаты болууга укуксуз экенине байланыштуу Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Ж. Коргонбай уулунун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө БАШКнын чечимин бекиткен.
Ж. Коргонбай уулу КР БШКнын токтомун жана Бишкек АШКнын чечимин мыйзамсыз деп табуу жөнүндө арыз менен сотко кайрылган.
2019-жылдын 1-февралында Бишкек ш. экономикалык иштер боюнча район аралык соту Ж. Коргонбай уулунун арызын канааттандырып, КР БШКнын токтомун жана “Бишкек шаардык кеңешинин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө” Бишкек АШКнын чечимин жокко чыгарды.
КР БШК Россия Федерациясынын жана Кыргыз Республикасынын компетенциялуу органдарынын расмий маалыматтарына таянуу менен мурда кабыл алынган КР БШКнын жана Бишкек АШКнын чечимдерин негиздүү жана мыйзамдуу деп эсептеп, Бишкек ш. экономикалык иштер боюнча район аралык сотунун чечимин кассациялык тартипте Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна 4-февралда даттанат.
Кененирээк: БШК Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Коргонбай уулу Жусупбектин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө БАШКнын чечимин бекитти (https://shailoo.gov.kg/kg/news/2478/).
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Кворумдун жоктугуна байланыштуу Байтик айыл өкмөт башчысын шайлоо өтпөй калды
2019-жылдын 1-февралында Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Байтик айыл өкмөт башчысын шайлоосу кворумдун жоктугуна байланыштуу өтпөй калды. Байтик айылдык кеңешиндеги 21 депутаттан 10 депутат катышты. Айыл өкмөтүнүн башчылыгына 3 талапкер катталган.
Маалымат катары: “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесинин 6 пунктуна ылайык, эгерде тиешелүү кеңештин депутаттары тарабынан айыл өкмөтүнүн башчысы белгиленген мөөнөттө шайланбай калса, Борбордук шайлоо комиссиясынын сунушу боюнча Президент жергиликтүү кеңешти таратууну жүзөгө ашырат жана тиешелүү жергиликтүү кеңешке мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындайт.
КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Кворумдун жоктугуна байланыштуу Байтик айыл өкмөт башчысын шайлоо өтпөй калды
2019-жылдын 1-февралында Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Байтик айыл өкмөт башчысын шайлоосу кворумдун жоктугуна байланыштуу өтпөй калды. Байтик айылдык кеңешиндеги 21 депутаттан 10 депутат катышты. Айыл өкмөтүнүн башчылыгына 3 талапкер катталган.
Маалымат катары: “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесинин 6 пунктуна ылайык, эгерде тиешелүү кеңештин депутаттары тарабынан айыл өкмөтүнүн башчысы белгиленген мөөнөттө шайланбай калса, Борбордук шайлоо комиссиясынын сунушу боюнча Президент жергиликтүү кеңешти таратууну жүзөгө ашырат жана тиешелүү жергиликтүү кеңешке мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындайт.
КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Акыркы жаңылыктар
29.09.2026
КР БШКнын 2026-жылдын 30-сентябрындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
29.09.2026
КР БШКда президенттик шайлоого даярдык боюнча мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен кеңешме өттү
29.09.2026
КР БШКнын өкүлдөрү Индияда шайлоону башкаруу органдарынын потенциалын чыңдоо боюнча эл аралык семинарга катышууда
28.09.2026
Кыргыз Республикасынын жарандарына жана саясий партиялардын өкүлдөрүнө кайрылуу
26.09.2026
ЖМК жана интернет-басылмаларды аккредитациялоо боюнча кайрылуу
25.09.2026
Шайлоо участокторунун чек аралары маселеси жөнүндө