Башкы Жаңылыктар Шайлоонун бүткүл дүйнөлүк күнүнө карата БШК ден соолугунун …

Шайлоонун бүткүл дүйнөлүк күнүнө карата БШК ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын шайлоо укуктарын камсыздоодогу жемиштүү эмгеги жана жеке салымы үчүн өнөктөштөрүн Ардак грамота менен сыйлады

07-Фев, 2019

Борбордук шайлоо комиссиясында жарандардын шайлоо укуктарын камсыздоого жеке өздөрү салмактуу салым кошкон өнөктөштөрдү сыйлоо болуп өттү. Сыйлыкка татыктуу болгон өнөктөштөр шайлоону уюштурууну жакшыртууга көмөктөшүү, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү жарандардын, аскер кызматчылары, ооруканалардын пациенттери, камоодо убактылуу кармалып турган адамдар сыяктуу шайлоочулардын кээ бир категорияларынын шайлоого катышуусун жакшыртуу максатында жигердүү иш жүргүзүшкөн.

БШКнын жетекчилиги менен аңгемелешүүдө өнөктөштөр шайлоонун инклюзивдүүлүгүн жогорулатуу, шайлоо процессинин катышуучуларынын саясий маданиятын арттыруу боюнча мерчемделген чаралар, Туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңеш тарабынан жактырылган КРдин шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү стратегиясын жүзөгө ашыруу алкагында белгиленген башка өзгөртүүлөр менен тааныштырылды.

Төмөнкүлөр Ардак грамотасы менен сыйланды:

- Абдылдаев Турсун Абдыкасымович - Майыптардын «Талыкпас-Ата» коомдук фондусунун төрагасы;

- Алымбек кызы Гульмайрам - «Назик-кыз» коомдук бирикмесинин мүчөсү;

- Бакиров Жетиген Жокинович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аппаратынын уюштуруу-инспектордук иш жана региондорду өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы;

- Исаков Бакыт Кубанычбекович - Кыргыз Улуттук паралимпиада комитетинин президенти;

- Исаков Толкунбек Маматович - «Майыптарга укуктук жардам көрсөтүү» коомдук фондусунун президенти;

- Курманбеков Нурбек Курманбекович - Бишкек ш. мэриясынын социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын начальниги;

- Мукашев Эрмек Жайлообаевич - Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр

коомунун уюштуруу бөлүмүнүн жетектөөчү адиси;

- Мураталиева Укей Калмуратовна - “Назик-кыз” коомдук бирикмесинин төрагасы;

- Мусаева Асипа Мусаевна - Кыргызстандын аял-майыптарынын республикалык көз карандысыз ассоциациясынын президенти;

- Омурканова Чолпон Аскербековна - «Эгль» КФ директору;

- Сыдыков Жумгалбек Тургунбекович - Майыптардын кыргыз республикалык коому (МКРКБ);

- Джамакеев Кантанбек Джанчарбекович - сурдотилмеч;

- Соронбаева Джаннат - ЕККУнун Бишкектеги Программа офиси;

- Грядасова Анастасия - Кыргыз Республикасындагы шайлоо                                                 тутумдарынын Эл аралык фондунун өкүлчүлүгү;

- Исмаилов Нурлан Курманбекович - Подполковник, Кыргыз Республикасынын ИИМнин бөлүмүнүн начальниги;

- Жакеев Кубанычбек Жумашевич - Кыргыз Республикасынын ИИМнин коомдук коопсуздук кызматынын начальнигинин орун басары;

- Кулбаев Талантбек Минбаевич - Полковник, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн  Штабынын тарбиялык иштер башкармалыгынын начальниги;

- Турпанбаев Максатбек Турарович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу ЖАМКнын тарбиялык иштер боюнча башкармалыгынын начальниги.

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!
13-Окт, 2026

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!

Аккредитациялоо үчүн арыздарды кабыл алуу эртең, 2026-жылдын 14-октябрында, аяктайт.Бул - акыркы күн! Шашылыңыздар!Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо”  автоматташтырылган маалыматтык тутуму https://accreditation.srs.kg/ аркылуу жүргүзүлүүдө.Байланыш телефону: 0557 261994, 0312 665452
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>
Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди
09-Окт, 2026

Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында КР БШКнын 2025-жылдын 3-июлундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 54 “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын сунушуна ылайык, аталган токтом долбоорлорун кабыл алуунун негизги зарылчылыгы - көчө аталыштарынын өзгөрүшү, ошондой эле даректерди өзгөртүү аркылуу шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп саналат.
Кененирээк билүү >>
Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди
09-Окт, 2026

Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында “Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы” автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө жобону бекитти. Жобо аталган тутумдун укуктук статусун, иштөө тартибин, ошондой эле анын катышуучуларынын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктайт.Жаңы тутумдун алкагында майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарын бирдиктүү эсепке алуу жана дайындарды борборлоштурулган базага топтоо автоматташтырылат. “Түндүк” системасы аркылуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү камсыздалат. Ошондой эле шайлоо участокторунда жеткиликтүү инфратүзүмдүн абалын – пандустарды, Брайль ариби менен даярдалган материалдарды жана башка шарттарды - мониторинг жүргүзүү жана пландаштыруу мүмкүнчүлүгү кеңейтилет. Дайындарды иштетүү Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин талаптарына ылайык, жеке дайындардын купуялуулугун жана тутумдун санариптик туруктуулугун камсыз кылуу менен жүргүзүлөт.
Кененирээк билүү >>