КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

18 апреля 2019

2019-жылдын 18-апрелинде КР БШК Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Ала-Бука, Чаткал, Аламүдүн, Кочкор, Нарын шаардык, Лейлек жана Кара-Суу аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитти.

Ошентип:

- Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Чаткал айылдык кеңешиндеги депутат Ш.Атабаев депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу ыйгарым укуктары токтотулуп, бош калган мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге – У.Абдыкеримовго өткөрүлүп берилди;

- Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Ала-Бука айылдык кеңешиндеги депутат А.Максымбеков өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, бош калган мандат кийинки талапкер – Ж.Дадабаевге өткөрүлүп берилди;

- Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Ала-Бука айылдык кеңешиндеги депутат Э.Батырбеков өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, бош калган мандат кийинки талапкер – А.Орозбаевге өткөрүлүп берилди;

- Чүй облусунун Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айылдык кеңешиндеги депутат А.Токтомбеков өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, бош калган мандат кийинки талапкер – А.Чекировага өткөрүлүп берилди;

- Нарын облусунун Нарын шаардык кеңешиндеги «Республика-Ата-Журт» депутаттык фракциясынан депутат Н.Омуракунов өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, бош калган мандат кийинки талапкер – Д.Зайдиновго өткөрүлүп берилди («Республика-Ата-Журт» саясий партиясынан);

- Нарын облусунун Кочкор районунун Чолпон айылдык кеңешиндеги депутат Ч.Ишенов өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, бош калган мандат кийинки талапкер – А.Сатыбалдиевге өткөрүлүп берилди;

- Баткен облусунун Лейлек районунун Сумбула айылдык кеңешиндеги депутат Ф.Нарзуллаев депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу ыйгарым укуктары токтотулуп, бош калган мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге – А.Сулаймановго өткөрүлүп берилди;

- Баткен облусунун Лейлек районунун Исфана шаардык кеңешиндеги «КСДП» депутаттык фракциясынан депутат М.Узаковго соттун өкүмү күчүнө киргендигине байланыштуу депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотулду, бош калган мандат кийинки талапкер – Э.Мамаражаповго өткөрүлүп берилди («КСДП» саясий партиясынан);

- Ош облусунун Кара-Суу районунун Папан айылдык кеңешиндеги депутат Т.Райимбердиев өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, бош калган мандат кийинки талапкер – М.Жалиевге өткөрүлүп берилди.

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү