Башкы
Жаңылыктар
Жаңылыктар
КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
2019-жылдын 3-майында КР БШК Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Аксы, Жумгал, Кемин, Лейлек, Ош, Талас жана Тоң аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитти.
Ошентип:
- Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Ш.Назаралиев атындагы айылдык кеңешиндеги депутат Р.Токторбеков депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу ыйгарым укуктары токтотулуп, бош калган мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге – Ж.Муллаевге өткөрүлүп берилди;
- Нарын облусунун Жумгал районунун Түгөл-Сай айылдык кеңешиндеги депутат Р.Султангазиев өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, бош калган мандат кийинки талапкер – Ишенбек у. Ж. өткөрүлүп берилди;
- Чүй облусунун Кемин районунун Чоң-Кемин айылдык кеңешиндеги депутат А.Акматов өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, бош калган мандат кийинки талапкер – Э.Джунушалиевге өткөрүлүп берилди;
- Баткен облусунун Лейлек районунун Исфана шаардык кеңешиндеги “Республика-Ата-Журт” депутаттык фракциясынан депутат А.Мисирова депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу ыйгарым укуктары токтотулуп, бош калган мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге – К.Жалиловго өткөрүлүп берилди (“Республика-Ата-Журт” саясий партиясынан”);
- Ош шаардык кеңешиндеги «Мекеним Кыргызстан» депутаттык фракциясынан депутат Камалов өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, бош калган мандат кийинки талапкер – Э.Мырзаевге өткөрүлүп берилди («Мекеним Кыргызстан» саясий партиясынан);
- Талас облусунун Талас районунун Калба айылдык кеңешиндеги депутат С.Юсупов өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, бош калган мандат кийинки талапкер – Н.Мураталиевге өткөрүлүп берилди;
- Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Күн-Чыгыш айылдык кеңешиндеги депутат А.Сагынбаев депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу ыйгарым укуктары токтотулуп, бош калган мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге – Р.Алиевге өткөрүлүп берилди.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Балыкчы шаарынын мэри кызматына эки талапкер көрсөтүлдү
Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын мэри кызматына “Замандаш” жана “Кыргызстан” депутаттык фракцияларынан эки талапкер аймактык шайлоо комиссиясына (АШК) документтерин тапшырды.
Балыкчы шаарынын мэрин шайлоо 2019-жылдын 14-майында өтөт.
Кудайбергенов Марат Сагынович – “Замандаш” депутаттык фракциясынан. 1993-жылы туулган, Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын тургуну. Билими жогорку – Ж. Баласагын атындагы КУУну “Финансы жана кредит” адистиги боюнча бүтүргөн.
Иш стажы:
2011-жылдан 2017-жылга чейин – “Алыш Сервис” ЖЧКнын башкы директору;
2017-жылдын августунан КР Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн жардамчысы;
2019-жылдан “КР Президентинин №2 мамлекеттик резиденциясы” ММнын маркетинг жана бош убакытты уюштуруу кызматынын начальниги.
Үй-бүлөлүк абалы – үйлөнгөн.
Шакиров Мирбек Кадырбекович – “Кыргызстан” депутаттык фракциясынан.
1979-жылы туулган, Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Бөкөнбаев айылынын тургуну. Билими жогорку – К.И. Скрябин атындагы КАУну “Экономика жана агрардык өндүрүштү башкаруу” адистиги боюнча бүтүргөн, квалификациясы “Дипломдуу адис (Экономист)”.
Иш стажы:
2003-жылдан 2005-жылга чейин – Ысык-Көл облустук мамлекеттик администрациясынын өнөр жай секторунун жетектөөчү адиси;
2005-жылдан – “Шумкар ЫККФ” ААКнын материалдык бухгалтери;
2008-жылдан – “Шумкар ЫККФ” ААКнын МТЖ бөлүмүнүн начальниги;
2009-жылдан – “Шумкар ЫККФ” ААКнын коммерциялык директору;
2011-жылдан 2017-жылга чейин – “Шумкар ЫККФ” ААКнын башкы директору;
2016-жылдан азыркыга чейин – Балыкчы шаардык кеңешинин депутаты.
Үй-бүлөлүк абалы – үйлөнгөн, 6 баласы бар.
Маалымкат:
Балыкчы АШК көрсөтүлгөн документтердин талапкерлерди көрсөтүү тартибине жана “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамдын талаптарына ылайыктыгын текшерет.
Маселен, шаардын мэри кызмат ордуна талапкерди көрсөткөн субъект (депутаттык фракция) тарабынан каттоо үчүн шайлоо күнүнө чейин 5 жумуш күнүнөн кечиктирилбестен тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына төмөндөгүдөй документтер сунушталат:
- шаардын мэри кызмат ордуна талапкерди көрсөтүү жөнүндө чечим;
- талапкердин ат салышууга макулдугу жөнүндө арызы;
- фамилиясын, атын, атасынын атын, туулган датасын, иштеген жерин, ээлеген кызмат ордун (кызматынын түрүн) жана турган жерин көрсөтүү менен талапкердин өмүр баянынын маалыматтары;
- шаардын мэри кызмат ордуна талапкердин тиешелүү билими жана иш стажы бар экенин ырастаган эмгек китепчесинин жана жогорку билими тууралуу дипломунун нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү;
- шаардын мэри кызмат ордуна талапкердин соттолгону жок экени же мыйзамдарда белгиленген тартипте соттолгону алып салынганы же жоюлганы жөнүндө маалымкат.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Европа Бирлигинин Венеция комиссиясынын эксперттери көмөктөшүүгө жана консультациялык жардам көрсөтүүгө даяр
БШК Төрагасы Нуржан Шайлдабекова Европа Бирлигинин Венеция комиссиясынын региондук кызматташуу боюнча бөлүмүнүн башчысы Сергей Кузнецов менен жолугушуу өткөрдү.
Жолугушууда Кыргыз Республикасы менен Европа Бирлигинин ортосундагы Каржы макулдашуусунун “Кыргыз Республикасындагы шайлоо тутумун реформалоо аркылуу демократияны чыңдоо” программасы боюнча өнөктөштүктүн алкагында КР БШКнын жана Венеция комиссиясынын өз ара аракеттешүү маселелери талкууланды.
КР БШКнын башчысы 2018-жылдын 13-августунда Кыргыз Республикасын Туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук Кеңеш тарабынан жактырылган 2018-2020-жылдары шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү Стратегиясын жүзөгө ашыруу алкагында көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берди. Бул Стратегия Кыргыз Республикасы менен Европа Бирлигинин ортосундагы Каржы макулдашуусунда каралган шайлоо тутумун реформалоону жүзөгө ашыруунун маанилүү индикатору болуп саналат.
Өз кезегинде С. Кузнецов Венеция комиссиясы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде кароо процессинде мыйзам долбоорлорунун демилгечилерине көмөктөшүүгө, консультациялык жана эксперттик комментарийлерди берип, жардам көрсөтүүгө даяр экени тууралуу маалымат берди.
Мааламкат:
Европа Бирлигинин Венеция комиссиясы – бул 1990-жылы Европа Бирлигинин алдында түзүлгөн конституциялык укук боюнча консультациялык орган.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
2019-жылдын 3-майында өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору
Өткөрүү датасы: 3 май 2019-ж.
Убактысы: 12:30
Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы
1. Нарын облусунун Жумгал районунун Байзак, Нарын районунун Эмгекчил, Талас облусунун Кара-Буура районунун Аманбаев айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
(Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
2. Чүй облусунун Чүй районунун Кош-Коргон, Ош облусунун Кара-Суу районунун Папан айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө
(Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
3. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Аксы, Жумгал, Кемин, Лейлек, Ош, Талас жана Тоң аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
(Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
4. Ар түрдүү маселелер
Кененирээк билүү >>
Чүй жана Ош облустарында үч айыл өкмөтүнүн башчылары шайланды
2019-жылдын 30-апрелинде Чүй жана Ош облустарынын айылдык кеңештеринин депутаттары үч айыл өкмөтүнүн башчыларын шайлады. Жумагулов Мирланбек 11 добуштан 7 добуш алып, Чүй облусунун Москва районунун Целинный айыл өкмөтүнүн башчылыгына шайланды. Башчылык кызматка эки талапкер талаптанган.
Мамбетказиев Айбек 11 добуштан 10 добуш алып, Чүй облусунун Кемин районунун Кара-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы болуп калды. Айыл өкмөтүнүн башчылыгына бир талапкер катталган.
Тажибаев Жумабек 21 добуштан 12 добуш алып, Ош облусунун Алай районунун К. Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнүн башчылыгына шайланды. Башчылык кызматка үч талапкер катталган.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
2019-жылдын 30-апрелине карата талапкерлердин шайлоо фондуларынан акча каражаттарынын кыймылы жөнүндө отчет
2019-жылдын 30-апрелине карата талапкерлердин шайлоо фондуларынан акча каражаттарынын кыймылы жөнүндө отчет
Кененирээк билүү >>
Айылдык кеңештерге депутаттарды кезектеги шайлоого катышуу үчүн 506 талапкер катталды
2019-жылдын 29-апрелинде аймактык шайлоо комиссиялары (АШК) Кыргыз Республикасынын 12 айылдык кеңешине депутаттыкка талапкерлерди каттоону аяктады.
АШКлардын маалыматтары боюнча үстүбүздөгү жылдын 29-апрелине карата айылдык кеңештерге кезектеги шайлоого катышуу үчүн бардыгы 506 талапкер катталды. Алардын ичинде:
- Баткен облусунун Баткен району боюнча – бардыгы 141 талапкер (Самаркандек айылдык кеңешине – 48, Ак-Татыр айылдык кеңешине – 47, Ак-Сай айылдык кеңешине – 46);
- Нарын облусунун Жумгал району боюнча – бардыгы 36 талапкер (Көк-Ой айылдык кенеши);
- Ош облусунун Кара-Кулжа району боюнча – бардыгы 23 талапкер (Кеңеш айылдык кенеши);
- Талас облусунун Кара-Буура району боюнча – бардыгы 124 талапкер (Шекер айылдык кеңешине – 48, Бейшеке айылдык кеңешине – 51, Бакыян айылдык кеңешине –25);
- Чүй облусунун Жайыл району боюнча – бардыгы 29 талапкер (Кызыл-Дыйкан айылдык кенешине).
АШКлар документтердин талапкерлерди көрсөтүү тартибинин “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Мыйзамдын талаптарына ылайыктыгын текшерди.
Маалымкат:
Шайлоо алдындагы үгүт айылдык кеңештерге бардык талапкерлерди каттоо мөөнөтү аяктаган күндөн б.а. 2019-жылдын 29-апрелинен башталып, добуш берүү башталганга чейин 24 саат мурда (2019-жылдын 18-майында саат 8.00дө) аяктайт.
Айылдык кенештерди шайлоо 2019-жылдын 19-майында өтөт.
2019-жылдын 19-майына дайындалган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого талапкерлерди көрсөтүү жана каттоо боюнча маалымат.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
30-апрелде с. 10.00дө Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана ЖКнын регламенти боюнча комитетте КР шайлоо мыйзамдарына өзгөртүүлөрдүн пакети каралат
Талкууга Кыргыз Республикасынын төмөнкү мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорлору чыгарылды:
“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө” КР конституциялык мыйзамдарына;
“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР Мыйзамына;
“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” КР Мыйзамына;
“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө”, “Борбордун статусу жөнүндө”, “Ош шаарынын статусу жөнүндө” КР мыйзамдарына.
2018-жылдын 13-августунда КР Туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук Кеңеш тарабынан КР шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү Стратегиясы жактырылып, аны жүзөгө ашыруу боюнча иш-аракеттердин Планы кабыл алынганын эске салабыз.
Стратегия Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгы менен түзүлгөн шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча Жумушчу топ тарабынан иштелип чыккан.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Н.Шайлдабекованын Бишкек шаарынын күнүнө карата куттуктоосу
Урматтуу борбор шаарыбыздын тургундары жана меймандары!
Сиздерди бүгүнкү Бишкек шаарынын күнү менен куттуктайм!
Бишкек - Кыргызстандын жүрөгү. Бул күн - борбор калаанын тургундары үчүн гана эмес, бүтүндөй өлкөбүз үчүн абдан маанилүү окуя. Бүгүнкү Бишкек - өнүгүү жолуна түшкөн, миллиондон ашуун калк жашаган заманбап шаар. Учурда көп кабаттуу турак жайлар, соода борборлору салынып, инфраструктурасын жакшыртуунун үстүндө иштер аткарылууда. Мындан ары да эгемендүү мамлекеттин борбору катары өз алдынча дүркүрөп өнүгүп, дүйнөдөгү өнүккөн алдыңкы шаарлардын катарына кошуу зарыл.
Урматтуу борбор шаарыбыздын тургундары!
Шаарыбыздын гүлдөп өнүгүшү ар бирибизге көз каранды. Борборубуздун ар бир тургуну жашоосун жакшыртууга, айлана-чөйрөсүн көрктөндүрүүгө тийиш. Бишкек таза, жашыл жана бейпил шаар болушу үчүн биздин аракетибизден көз каранды. Келечектеги муун борбор калаасы менен сыймыктангыдай кылалы!
Жалпыңыздарга бекем ден-соолук, узак өмүр, бакубат жашоо, үй-бүлөлүк бакыт каалайм!
Терең урматтоо менен
Кыргыз Республикасынын
Шайлоо жана референдум
өткөрүү боюнча
борбордук комиссиясынын
Төрагасы Н.Шайлдабекова
Кененирээк билүү >>
Ош облусунун Өзгөн районунун Өзгөн шаарынын мэрин шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдор бекитилди
2019-жылдын 26-апрелинде КРнын БШКсы 2019-жылдын 17-апрелинде Ош облусунун Өзгөн районунун Өзгөн шаарынын мэрин шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитти.
Протоколдордун негизинде, Ош облусунун Өзгөн районунун Өзгөн шаарынын мэрин шайлоо өттү деп табылып, Халматов Мухтаржан Маматжанович мэр болуп шайланды.
Шайланган мэрине белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берүү Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясына тапшырылды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Балыкчы шаарынын мэринин шайлоосу дайындалды
2019-жылдын 26-апрелинде КР БШКнын токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Балыкчы шаарынын мэрин шайлоо 2019-жылдын 14-майына саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүү дайындалды.
Шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштуруп, өткөрүү Балыкчы АШКна тапшырылды.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2019-жылдын 19-апрелиндеги № 204 буйругу менен Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын мэри А.Мамбетов, өзү берген арызынын негизинде, ээлеген кызматынан бошотулган.
Маалымат үчүн: "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 42-беренесине ылайык жогорку билими жана мамлекеттик же болбосо муниципалдык кызматта 3 жылдан кем эмес иш стажы, же болбосо билим берүүнүн, саламаттык сактоонун мамлекеттик мекемелеринде же уюмдардын, мекемелердин жана жеке менчик чарбачыл субъекттердин жетекчилик кызматтарында 5 жылдан кем эмес иш стажы бар, аракетке жөндөмдүү Кыргыз Республикасынын жараны шаардын мэри боло алат. Кылмыш жасагандыгы үчүн мыйзамдарда белгиленген тартипте алып салынбаган же жоюлбаган соттуулугу бар Кыргыз Республикасынын жараны шаарга мэр боло албайт.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
2019-жылдын 26-апрелинде КР БШК Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Аксы, Базар-Коргон, Өзгөн, Нарын, Жумгал, Москва, Сузак жана Бишкек аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитти.
Ошентип:
- Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Авлетим айылдык кеңешиндеги депутат Жолдош у. К. өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, бош калган мандат кийинки талапкер – У.Кадыровго өткөрүлүп берилди;
- Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Талдуу-Булак айылдык кеңешиндеги депутат А.Халмуратов өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, бош калган мандат кийинки талапкер – О.Мамарасуловго өткөрүлүп берилди;
- Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Талдуу-Булак айылдык кеңешиндеги депутат Т.Осмонкулов өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, бош калган мандат кийинки талапкер – Ыманбек у. Б. өткөрүлүп берилди;
- Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Көк-Жаңгак шаардык кеңешиндеги «КСДП» депутаттык фракциясынан депутат А.Маматкулов өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, бош калган мандат кийинки талапкер – А.Тажибаевага өткөрүлүп берилди («КСДП» саясий партиясынан);
- Ош облусунун Өзгөн районунун Жалпак-Таш айылдык кеңешиндеги депутат М.Абжалов өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, бош калган мандат кийинки талапкер – Ысмайыл у. С. өткөрүлүп берилди;
- Нарын облусунун Нарын районунун Казан-Куйган айылдык кеңешиндеги депутат Ырысбек у. Э. өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, бош калган мандат кийинки талапкер – Ч.Ашымовага өткөрүлүп берилди;
- Нарын облусунун Жумгал районунун Чоң-Дөбө айылдык кеңешиндеги депутат Ж.Шералиева өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, бош калган мандат кийинки талапкер – А.Жабуевге өткөрүлүп берилди;
- Нарын облусунун Жумгал районунун Тош-Булак айылдык кеңешиндеги депутат Баяке уулу Б. өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, бош калган мандат кийинки талапкер – Н. Солтонбековго өткөрүлүп берилди;
- Бишкек шаардык кеңешиндеги бош калган мандат “Мекеним Кыргызстан” саясий партиясынын талапкери Б.Шайдуллаевге өткөрүлүп берилди (2019-жылдын 10-апрелинде №47 токтом менен мөөнөтүнөн мурда токтотулган).
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
2019-жылдын 19-майында өтүүчү Чүй облусунун Аламүдүн районунун Байтик айылдык кеңешинин мөөнөтүнөн мурда шайлоодо депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү аяктады
2019-жылдын 26-апрелинде 2019-жылдын 19-майында өтүүчү Чүй облусунуну Аламүдүн районунун Байтик айылдык кеңешинин шайлоодо депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү аяктады.
Байтик айылдык кеңешке шайлоодо мандаттардын саны 21 түзөт. Айылдык кеңешке бардыгы 64 талапкер көрсөтүлдү.
Эми Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясынын тиешелүү жумушчу топ 10 календардык күндүн ичинде көрсөтүлгөн документтердин талапкерлердин көрсөтүү тартибине жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Мыйзамдын талаптарына ылайыктыгын текшерет.
Депутаттыкка талапкерлерди каттоо мыйзамдарга ылайык добуш берүү күнүнө чейин 15 күн мурда – 2019-жылдын 4-майына чейин аяктайт.
Добуш берүү2019-жылдын 19-майында өтөт.
2019-жылдын 19-майына дайындалган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого
талапкерлерди көрсөтүү жана каттоо боюнча маалымат
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК мүчөсү Г. Джурабаева ЕККУнун (БДИПЧ) байкоочулар миссиясынын курамында Украинанын президенттик шайлоосуна байкоо жүргүзүүгө катышты
КР БШК мүчөсү Г. Джурабаева ЕККУнун (БДИПЧ) кыска мөөнөттүү байкоочулар миссиясынын курамында Украинанын президенттик шайлоосуна байкоо жүргүзүүгө катышты.
2019-жылдын 21-апрелинде Украинада П. Порошенко менен В. Зеленский катышкан президенттик шайлоонун экинчи туру болуп өттү. Шайлоочулардын келүүсү 62,07%ды түздү. Украина БШКсынын маалыматы боюнча бардык протоколдор иштелип чыккандан кийин “Элдин кулу” партиясынын лидери В. Зеленский 73,22% добуш алды, ал эми учурдагы Президент П. Порошенкого шайлоочулардын 24,45%ы добуш берди.
Шайлоонун расмий натыйжалары Украина БШКсы тарабынан 2019-жылдын 1-майына чейин чыгарылууга тийиш. Андан соң 30 күндүн ичинде Украинанын жаңы Президентинин инаугурациясы өткөрүлөт.
Маалымат үчүн: Украинанын Конституциясына ылайык мамлекет башчысы беш жылга шайланат, президенттик мөөнөтүнүн мезгилинде колтийгистикке жана тышкы саясий ишти, өлкөнүн улуттук коопсуздугун камсыздоо боюнча ыйгарым укуктарга ээ.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
2019-жылдын 26-апрелинде өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору
Өткөрүү датасы: 26 апрель 2019-ж.
Убактысы: 12:00
Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы
1. Ош облусунун өзгөн районунун өзгөн шаарынын мэрин шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
(Баяндамачы – А.Н. Омуралиев, шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
2. Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын мэрин шайлоону дайындоо жөнүндө
(Баяндамачы – А.Н. Омуралиев, шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
3. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Аксы, Базар-Коргон, өзгөн, Нарын, Жумгал, Москва, Сузак жана Бишкек аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
(Баяндамачы – А.Н. Омуралиев, шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
4. Ар түрдүү маселелер
Кененирээк билүү >>
2019-жылдын 24-апрелинде Байзак, Эмгекчил жана Аманбай айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо болуп өттү
2019-жылдын 24-апрелинде Нарын облусунун Жумгал районунун Байзак, Нарын районунун Эмгекчил, Талас облусунун Кара-Буура районунун Аманбай айыл өкмөттөрүнүн башчылары шайланды.
Байзак айыл өкмөтүнүн башчысы болуп, 19 добуш алган Качкынбаев Кайрат Кедейбекович шайланды. Байзак айылдык кеңешиндеги 21 депутаттан 21 тең катышты. Айыл өкмөтүнүн башчылыгына 1 талапкер катталган;
Эмгекчил айыл өкмөтүнүн башчысы болуп, 11 добуш алган Мухамбетов Ишембек Кадыракунович шайланды. Эмгекчил айылдык кеңешиндеги 11 депутаттан 11 тең катышты. Айыл өкмөтүнүн башчылыгына 1 талапкер катталган;
Аманбай айыл өкмөтүнүн башчысы болуп, 18 добуш алган Усубалиев Медербек Токтогулович шайланды. Аманбай айылдык кеңешиндеги 21 депутаттан 19 депутат катышты. Айыл өкмөтүнүн башчылыгына 1 талапкер катталган.
КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Акыркы жаңылыктар
30.09.2026
Бир катар шайлоо участокторунун даректери өзгөрдү
30.09.2026
КР БШКсы бир катар аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерин толуктады
30.09.2026
КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
29.09.2026
КР БШКнын 2026-жылдын 30-сентябрындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
29.09.2026
КР БШКда президенттик шайлоого даярдык боюнча мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен кеңешме өттү
29.09.2026
КР БШКнын өкүлдөрү Индияда шайлоону башкаруу органдарынын потенциалын чыңдоо боюнча эл аралык семинарга катышууда