Башкы
Жаңылыктар
Жаңылыктар
2019-жылдын 20-июнунда Шекер айыл өкмөтүнүн башчысынын шайлоосу өттү
2019-жылдын 20-июнунда Талас облусунун Кара-Буура районунун Шекер айыл өкмөтүнүн башчысы шайланды. Шекер айыл өкмөтүнүн башчысы болуп, 13 добуш алган Чомотоев Канат Керимкулович шайланды. Шекер айылдык кеңешиндеги 21 депутаттын 21 тең катышты. Айыл өкмөтүнүн башчылыгына 2 талапкер катталган.
КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Курбанов Темур Дастанбекович Жалал-Абад облусунун Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды
2019-жылы 20-июнда КР БШК мүчөлөрү 2019-жылы 14-июнда болуп өткөн шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдордун негизинде Курбанов Темур Дастанбековичти Жалал-Абад облусунун Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтүнүн башчылыгына бекитти.
Курбанов Темур Дастанбекович
Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районундагы С.Атабеков айыл өкмөтүнүн Бек-Абад айылында туулган.
Жогорку билимдүү. Жалал-Абад мамлекеттик университетин инженер-программист адистиги боюнча бүтүргөн.
Эмгек жолу:
2016-жылдан Сузак районунун С.Атабеков айылдык кенешинин депутаты;
2016-жылдан бери ОсОО «Билдинг менеджер групп» - жетекчи;
2012-2017-жж. Сузак райондук виза жана каттоо болумундо оператор-кассир (ОсОО РПС);
2011-2015-жж. ОсОО «Береке-Жаз», жетекчи;
2010-жылы ЖАМУнун китепканасында оператор.
Сузак аймактык шайлоо комиссиясына шайланган башчыга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү берүү тапшырылды.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Орозбаев Мирланбек Абдимиталипович Ош облусунун Араван районунун Төө-Моюн айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды
2019-жылы 20-июнда КР БШК мүчөлөрү 2019-жылы 14-июнда болуп өткөн шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдордун негизинде Орозбаев Мирланбек Абдимиталиповичти Ош облусунун Араван районунун Төө-Моюн айыл өкмөтүнүн башчылыгына бекитти.
Орозбаев Мирланбек Абдимиталипович
1983-жылы 16-майда Ош облусунун Ноокат районунун Бел айылдык аймагынын Бел-Ѳрүк айылында туулган.
Ош Мамлекеттик Университетин «Математикалык усулдар жана экономикадагы операцияларды изилдөө» адистиги боюнча аяктаган жана 2010-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Башкаруу Академиясынын «Менеджмент» багыты боюнча МАГИСТР академиялык даражасына ээ болгон.
Эмгек жолу:
2016-жылдын декабрь айынан бери Тѳѳ-Моюн айылдык Кеңешинин депутаты
2014-жылдын сентябрь айынан Тѳѳ-Моюн айыл өкмөтүнүн орун басары
2014-жылдын июль айынан Тѳѳ-Моюн айыл өкмөтүнүн орун басарынын убактылуу милдетин аткаруучу
2014-жылы-Чет өлкөлөрдөгү кыргыз диаспораларынын III Дүйнөлүк Форумун Москва шаарында уюштуруу комитетинин мүчѳсү
2012-2014-жылдары – Жеке ишкер
2011-жылдын июль айынан Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын экономика жана инвестиция тартуу бөлүмүнүн башкы адиси
2011-жылдын январь айынан Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын экономика жана инвестиция тартуу бөлүмүнүн жетектөөчү адиси
2010-жылы -Кыргыз Республикасынын экономиканы тескѳѳ министрлигинде стажировка ѳтѳгѳн
2009-2010-жылдары - Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын жетектөөчү адиси
2007-2008-жылдары–«Ийгилик жарнамасы» маалыматтык-жарнамалык гезитинин башкы редактору
2005-2006-жылдары - Ош Мамлекеттик Университеттинин окутуучусу
Араван аймактык шайлоо комиссиясына шайланган башчыга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү берүү тапшырылды.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Карыяев Алымбек Убаневич Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кызыл-Жар айыл айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды
2019-жылы 20-июнда КР БШК мүчөлөрү 2019-жылы 14-июнда болуп өткөн шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдордун негизинде Карыяев Алымбек Убаневичти Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн башчылыгына бекитти.
Карыяев Алымбек Убаневич
1979-жылдын 20-июнунда Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районундагы Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн Коо-Чаты айылында туулган.
Жогорку билимдүү. Ош мамлекеттик университетин тарых мугалим адистиги жана Ош технологиялык университетинин экономика факультетинин бухгалтер-эконоимист адистиги боюнча бүтүргөн.
Эмгек жолу:
2009-жылы Кара-Кулжа районунун Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн салык кызматкери;
2010-жылдан бери Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн чыгашалар боюнча адис, бухгалтер-кассири болуп иштеп келген.
Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссиясына шайланган башчыга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү берүү тапшырылды.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК жергиликтүү кеңештердин тогуз депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
2019-жылы 20-июнда КР БШК Ысык-Ата, Чүй, Кемин, Токмок, Бишкек, Ала-Бука, Ысык-Көл жана Каракол АШКларынын айрым жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, талапкерлердин катталган тизмесинен чыгаруу жана бош депутаттык мандаттарды Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин шайланган депутаттарынан кийинки депутаттыкка талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.
Депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга айкалышпаган кызмат орунуна дайындалганына байланыштуу жана өз арызы, каза болгондугуна байланыштуу айрым депутаттар өз ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотушту.
Чүй облусу:
Депутат Джумаев Рустам (өз арызы, Ысык-Ата районунун Ак-Кудук айылдык кеңеши). Мандат шайланган депутаттан кийинки талапкер Саибов Рустамга өткөрүп берилди.
Депутат Шамшидин уулу Эсенбек (өз арызы, депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга айкалышпаган кызмат орунуна дайындалган. Чүй районунун Кош-Коргон айылдык кеңеши). Мандат шайланган депутаттан кийинки талапкер Сатыбалдиев Улукбекке өткөрүп берилди.
Депутат Мамбетказиев Айбек (өз арызы, Кемин районунун Кара-Булак айылдык кеңеши). Мандат шайланган депутаттан кийинки талапкер Усупов Эмилбекке өткөрүп берилди.
Депутат Исалиев Акылбек (каза болгондугуна байланыштуу, Токмок шаардык кеңеши). Мандат шайланган депутаттан кийинки талапкер Чолпонкулов Майрамбекке өткөрүп берилди.
Депутат Сейитбеков Тилек ( каза болгондугуна байланыштуу, Чүй районунун Чүй айылдык кеңеши). Мандат шайланган депутаттан кийинки талапкер Батыркан уулу Максатка өткөрүп берилди.
Бишкек шаары:
Депутат Сыдыков Эмил (“Өнүгүү-Прогресс” фракциясы, №4. Мандат шайланган депутаттан кийинки талапкер Жамгырчиев Талантбекке өткөрүп берилди. (“Өнүгүү-Прогресс” фракциясы, №11)
Жалал-Абад облусу:
Депутат Жумагулов Эркинбек (өз арызы, Ала-Бука районунун Өрүктү айылдык кеңеши). Мандат шайланган депутаттан кийинки талапкер Жолдошова Аидага өткөрүп берилди.
Ысык-Көл облусу:
Депутат Курманалиев Таалайбек (өз арызы, Ысык-Көл районунун Садыр-Аке айылдык кеңеши). Мандат шайланган депутаттан кийинки талапкер Рашев Рахматка өткөрүп берилди.
Депутат Жампеишов Руслан (өз арызы, Каракол шаардык кеңеши). Мандат шайланган депутаттан кийинки талапкер Тельтаев Калысбекке өткөрүп берилди.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
2019-жылдын 9-июлуна Ош облусунун Кара-Суу районунун Нариман жана Нарын облусунун Кочкор районунун Кара-Суу айыл өкмөт башчыларын шайлоосу дайындалды
Айыл өкмөт башчылары өзү берген арызынын негизинде, ээлеген кызматынан бошотулганына байланыштуу КР БШКнын токтому менен Ош облусунун Кара-Суу районунун Нариман жана Нарын облусунун Кочкор районунун Кара-Суу айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо 2019-жылдын 9-июлуна дайындалды.
У. Рахманов - өзү берген арызынын негизинде Ош облусунун Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы–акиминин 2019-жылдын 12-июндагы № 130-буйругу менен ээлеген кызматынан бошотулган.
М. Молдогазиев - өзү берген арызынын негизинде Нарын облусунун Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы–акиминин 2019-жылдын 13-июндагы № 11-б буйругу менен ээлеген кызматынан бошотулган.
Шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштуруп, өткөрүү Кара-Суу жана Кочкор АШКна тапшырылды.
Маалымат катары:
“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 48-беренесине ылайык жогорку билими жана мамлекеттик же болбосо муниципалдык кызматта 2 жылдан кем эмес иш стажы, же болбосо билим берүүнүн, саламаттык сактоонун мамлекеттик мекемелеринде же уюмдардын, мекемелердин жана жеке менчик чарбакер субъекттердин жетекчилик кызматтарында 3 жылдан кем эмес иш стажы бар аракетке жөндөмдүү Кыргыз Республикасынын жараны айыл өкмөтүнүн башчысы боло алат. Кылмыш жасагандыгы үчүн мыйзамдарда белгиленген тартипте алып салынбаган же жоюлбаган соттуулугу бар Кыргыз Республикасынын жараны айыл өкмөтүнө башчы болушу мүмкүн эмес.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
2019-жылдын 20-июнунда өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору
Өткөрүү датасы: 20-июнь 2019-ж.
Убактысы: 11:00
Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы
1. Жалал-Абад облусунун Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
(Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
2. Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
(Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
3. Ош облусунун Араван районунун Төө-Моюн айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
(Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
4. Ош облусунун Кара-Суу районунун Нариман жана Нарын облусунун Кочкор районунун Кара-Суу айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө
(Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
5. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Ысык-Ата, Чүй, Кемин, Токмок, Бишкек, Ала-Бука, Ысык-Көл жана Каракол аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
(Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
6. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашыруунун өркүндөтүү боюнча жумушчу топ жана иш-чаралардын планы жөнүндө
(Баяндамачы – Б.С. Кадыров, БШКнын мүчөсү, Жумушчу топтун жетекчиси)
7. Ар түрдүү маселелер
Төрага
Кененирээк билүү >>
БШК Европа комиссиясына укук аркылуу демократияны камсыздоого колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди
2019-жылы 14-июнда КР БШКнын жетекчилеринин укук аркылуу демократия үчүн Европа комиссиясынын (Венеция комиссиясы) эксперттери менен жолугушуусу болуп өттү.
Тараптар 2016-жылы Кыргыз Республикасы менен Европа Бирлигинин ортосунда түзүлгөн Каржы макулдашуусунда каралган “Кыргыз Республикасындагы шайлоо тутумун реформалоо аркылуу демократияны чыңдоо” долбоорун аяктоо маселесин талкуулашты.
Мында Венеция комиссиясынын региондук кызматташуу боюнча бөлүмүнүн башчысы С. Кузнецов алдыдагы шайлоолордун алкагында мындан ары дагы кызматташууга даяр экенин билдирди.
Өз кезегинде КР БШКнын Төрагасы Н. Шайлдабекова шайлоо тутумун реформалоо максаттарына жетүүгө көмөктөшкөнү үчүн Венеция комиссиясынын эксперттерине ыраазычылык билдирди.
БШКнын башчысы талаш-тартыштарды даттануу боюнча ченемдик негиздерди жана практиканы иштеп чыгууга жардам көрсөткөнү үчүн С. Кальченко мырзага айрыкча ыраазычылык айтты.
Төрага жолугушуунун катышуучуларына Каржы макулдашуусунун индикаторлорунун аткарылышы тууралуу маалымат берди, ошондой эле жумушчу топ иштеп чыккан “2018-2020-жылдарга шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү Стратегиясына” катышуучулардын көңүлүн бурду, анда талдоонун жана коомдук талкуунун жыйынтыктары боюнча шайлоо мыйзамдарын жана процессин өркүндөтүү боюнча негизги максаттар, багыттар жана иш-чаралар иштелип чыккан.
Европа Кеңешинин Венеция комиссиясынын жана БШКнын өкүлдөрү мындан ары дагы кызматташуунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, Венеция комиссиясы менен Кыргызстандын БШКсынын өз ара аракеттешүүсүнүн белгиленген конкреттүү пландары демократиянын жалпы баалуулуктарынын өнүгүүсүнө салым болорун айтышты.
Маалымат үчүн:
1-индикатор. Шайлоо процесстерине карата ишенимди арттыруу
2015-жылдагы парламенттик жана 2017-жылдагы президенттик шайлоодон кийин жарандарды жалпы улуттук сурамжылоо жүргүзүлдү. Маселен, 2017-жылы КР БШКнын буюртмасы боюнча Эл аралык республикалык институт тарабынан өткөрүлгөн Улуттук сурамжылоонун натыйжалары шайлоо процесстерине карата ишеним көрсөткүчүнүн көбөйүү динамикасын көрсөттү (2016-жылы суралгандардын 44%ы, 2017-жылы – 49%), ишенбөө деңгээлинин 6%га төмөндөгөнүн (2016-жылы суралгандардын 44%ы, 2017-жылы –38%ы) көрсөттү.
2-индикатор. 2017-жылдагы президенттик шайлоодо шайлоочулардын келүүсү: 2015-жылдагы парламенттик шайлоодогу келүүсүнө салыштырмалуу максимум 2%га төмөн.
2017-жылдын 15-октябрындагы президенттик шайлоого Кыргызстандын 1 697 868 жараны келди же бул шайлоочулардын тизмелерине киргизилген 3 014 434 жарандын жалпы санынын 56,32%ын түздү.
2015-жылдын 4-октябрында шайлоочулардын парламенттик шайлоого келүүсү 1 630 125 жаранды же шайлоочулардын тизмелерине киргизилген 2 761 297 жарандын 59,03%ын түздү.
2017-жылы шайлоочулардын келүүсү пайыздык жагынан 2015-жылдагыга салыштырмалуу 2,71%га төмөн болсо дагы, 2017-жылдагы шайлоого суммалык туюнтма боюнча 2015-жылдагыга караганда 74489 адамга көп катышты.
2017-жылы шайлоочулардын тизмелериндеги адамдардын саны 2015-жылдагыга салыштырмалуу 264 473 адамга көп.
3-индикатор. Укук коргоо органдарына шайлоочулардын добуштарын сатып алган адамдарга, саясий партияларга жана талапкерлерге иш козгоо мүмкүнчүлүгүн берүү
2017-жылы январда добуштарды сатып алуу боюнча жазык иштери жеке айыптоо иштеринен жеке-коомдук айыптоо иштерине таандык кылынган жаңы Жазык кодекси кабыл алынды. Ал ЖК 2019-жылдын 1-январынан күчүнө кирди.
Мындан тышкары, сый акы алган адамдын укуктук жоопкерчилигин киргизүү сунушталган мыйзам долбоору Жумушчу топ тарабынан иштелип чыгып, мыйзам чыгаруу демилгеси тартибинде Жогорку Кеңешке киргизилүүдө.
4-индикатор. Шайлоо процесстеринин инклюзивдүүлүгүн жакшыртуу
Ишке ашырылды. 2017-жылдын 15-октябрына карата абал боюнча 3 137 595 жаран биометрикалык каттоодон өттү, бул мурдагы Аналитикалык отчёттогуга салыштырганда 234 696 жаранга көп (2017-жылдын 1-январына карата биометрикалык каттоодон өткөн жарандардын саны 2 902 899 адамды түзгөн).
Инклюзивдүүлүктү жакшыртуу шайлоочулардын жалпы тизмеси үчүн башкы булак болуп саналат.
5-индикатор. Ишке ашырылды. Шайлоочулардын тизмесин түзүү такталган тизмелерди жана жаңы топтолгон биометрикалык маалыматтарды иштеп чыгууну эске алуу менен жүргүзүлдү. Жарандарды кабарландыруу жана маалыматтарды тактоо үчүн шайлоочулардын тизмелерин БШК менен МККнын “tizme.kg” биргелешкен порталына жайгаштыруу (КБМРден автоматтык түрдө жүктөп) жөнүндө чечим кабыл алынды, анда тынымсыз актуалдаштыруу режиминде участоктор, шаарлар, райондор жана жалпысынан республика боюнча маалыматтар жайгаштырылды. Мында маалыматтарды талдоо үчүн статистика, кайра байланышуу кызматы бар жана орун которуулардынтарыхы чагылдырылат.
2017-жылдын 15-октябрындагы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого 3 025 770 сандагы адам киргизилген шайлоочулардын тизмелери түзүлгөн.
6 жана 7-индикаторлор: Шайлоо тутумун реформалоо боюнча Стратегияны иштеп чыгуу жана мыйзам чыгаруу чараларынын пакети боюнча иш-аракеттердин парламенттик планы
Кеңири коомдук талкуунун негизинде шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча Жумушчу топ иштеп чыккан 2018-2020-жылдарга шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү Стратегиясы, аны жүзөгө ашыруу боюнча иш-аракеттердин Планы Кыргыз Республикасын Туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук Кеңеш тарабынан 2018-жылдын 13-августунда бекитилген.
10 мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 4 мыйзам долбоору КР Жогорку Кеңешинин 25 депутатынын мыйзам чыгаруу демилгеси тартибинде парламентте 2018-жылы 25-декабрда катталган.
6-индикатордун алкагында кабыл алынган чараларды уланткан кийинки этап 7-индикатор болуп саналат, анын негизинде парламентке мыйзам чыгаруу базасынын иденттештирилген маселелери боюнча иш-аракеттерди кабыл алуу үчүн сунуштар берилиши зарыл. Парламент (өз жол-жоболоруна ылайык) Мыйзам чыгаруу реформаларынын пакети боюнча иш-аракеттердин Планын иштеп чыгып, бекитүүсү керек.
Жогорку Кеңештин токтомдору менен (2019-жылдын 16-январдагы №2829-VI, 2019-жылдын 6-февралдагы №2874-VI, 2019-жылдын 6-мартындагы №2936-VI жана 2019-жылдын 2-майындагы №3025-VI) мыйзам долбоорлору КР Жогорку Кеңешинин ишинин Календардык планына киргизилди.
2019-жылы 23-майда жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорлору Жогорку Кеңештин пленардык жыйналышында 1-окууда кабыл алынды (катышкан 105 депутат бир добуштан).
2019-жылы 3-июнда Кыргыз Республикасын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын, Кыргыз Республикасын Өкмөтүнүн, мамлекеттик органдардын, бейөкмөт уюмдардын жана саясий партиялардын өкүлдөрүнүн катышуусу менен шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүүгө багытталган мыйзам долбоорлорун талкуулоо боюнча парламенттик угуулар болуп өттү.
2019-жылы 11-июнда мыйзам долбоорлору Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана жогорку кеңештин регламенти боюнча комитетинде 2-окууда жактырылды.
2019-жылы 13-июнда Жогорку Кеңештин пленардык жыйналышында үч мыйзам долбоору 2-окууда кабыл алынды (“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзамдын”; “КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” КР Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзамдын”; “Кыргыз Республикасынын кээ бир мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” КР Мыйзамынын (“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Борбордун статусу жөнүндө”, “Ош шаарынын статусу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” КР мыйзамдарына) долбоорлору).
Жогорку Кеңештин жакын арадагы пленардык жыйналышында “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу КР конституциялык Мыйзамынын долбоорун 2-окууда кароо күтүлүүдө.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК жергиликтүү кеңештердин төрт депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
2019-жылы 11-июнда КР БШК Өзгөн, Ысык-Көл жана Сузак АШКларынын жергиликтүү кеңештердин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, талапкерлердин катталган тизмесинен чыгаруу жана депутаттык бош мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.
Депутаттын ыйгарым укуктарын аткарууга айкалышпаган кызматка дайындалганына байланыштуу Ош облусунун Өзгөн районунун Өзгөн шаардык кеңешинин депутаты М. Халматов өзүнүн ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту. Мандат шайланган депутаттардан кийинки талапкер М. Купахуновага өткөрүп берилди.
Өз каалоолору менен төмөнкүлөр ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту:
Ысык-Көл облусунда:
Ысык-Көл районунун Садыр Аке айылдык кеңешинин депутаты М. Джумабаев. Мандат шайланган депутаттардан кийинки талапкер Г. Натаровага өткөрүп берилди.
Ысык-Көл районунун Садыр Аке айылдык кеңешинин депутаты А. Эсеналиев. Мандат шайланган депутаттардан кийинки талапкер К. Уметовго өткөрүп берилди.
Жалал-Абад облусунда:
Сузак районунун Кызыл-Туу айылдык кеңешинин депутаты К. Жээнкулов. Мандат шайланган депутаттардан кийинки талапкер Э. Халбаевге өткөрүп берилди.
Өз каалоолору менен төмөнкүлөр жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлердин катталган тизмесинен чыгарылды:
Ысык-Көл облусунда:
Талапкер Т. Искаков (Ысык-Көл районунун Садыр Аке айылдык кеңеши);
Талапкер М. Еришев (Ысык-Көл районунун Садыр Аке айылдык кеңеши);
Ош облусунда:
Талапкер Д. Узакбаева (Өзгөн районунун Өзгөн шаардык кеңеши).
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Баткен облусунун Айдаркен шаарынын мэрин шайлоо дайындалды
КР БШКнын 2019-жылдын 11-июнундагы токтому менен 2019-жылы 1-июлга саат 9-00дөн 12-00гө чейин Баткен облусунун Кадамжай районунун Айдаркен шаарынын мэрин шайлоо дайындалды.
Айдаркен аймактык шайлоо комиссиясына шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өткөрүүнү уюштуруу тапшырылды.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2019-жылдын 31-майындагы №273 буйругу менен Баткен облусунун Кадамжай районунун Айдаркен шаарынын мэри М. Мумбаев берген арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулган.
Маалымат катары:
“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 42-беренесине ылайык жогорку билими жана мамлекеттик же болбосо муниципалдык кызматта 3 жылдан кем эмес иш стажы, же болбосо билим берүүнүн, саламаттык сактоонун мамлекеттик мекемелеринде же уюмдардын, мекемелердин жана жеке менчик чарбакер субъекттердин жетекчилик кызматтарында 5 жылдан кем эмес иш стажы бар аракетке жөндөмдүү Кыргыз Республикасынын жараны шаардын мэри боло алат. Кылмыш жасагандыгы үчүн мыйзамдарда белгиленген тартипте алып салынбаган же жоюлбаган соттуулугу бар Кыргыз Республикасынын жараны шаардын мэри болушу мүмкүн эмес.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүм
Кененирээк билүү >>
2019-жылдын 11-июнунда өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору
Өткөрүү датасы: 11 -июнь 2019-ж.
Убактысы: 16:00
Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы
1. Баткен облусунун Кадамжай районунун Айдаркен шаарынын мэрин, Ош облусунун Кара-Суу районунун Отуз-Адыр жана Алай районунун Кабылан-Көл, Чүй облусунун Жайыл районунун Кызыл-Дыйкан, Баткен облусунун Баткен районунун Ак-татыр, Ак-Сай жана Самаркандек айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө
(Баяндамачы – А.Н. Омуралиев, шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
2. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү өзгөн, Ысык-Көл жана Сузак аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
(Баяндамачы – А.Н. Омуралиев, шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
3. Ар түрдүү маселелер
Төрага
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын аппаратынын кызматкерлери борбордун башкы проспектилеринин биринде ишембилик өткөрүштү
2019-жылы 8-июнда КРдин Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын кызматкерлери ишембиликке чыгышты.
Тынчтык проспектисинде – М. Горький көчөсүнөн И. Ахунбаев көчөсүнө чейинки тилкеде тазалоо жумуштары жүргүзүлдү.
Ишембиликтин жүрүшүндө аталган аймакта арыктар тазаланып, аллеялардагы жана көчөнүн жөө адамдар баскан бөлүктөрүндөгү таштандылар жыйналды. Андан тышкары, коомдук транспорттун аялдамаларындагы таштандылар жана чапталган кулактандыруулар тазаланды.
Ишембилик борбордун инфратүзүмүн жакшыртуу жана көрктөндүрүү максатында өткөрүлдү.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Розалиев Нодирбек Зокиржанович Ош облусунун Ноокат районунун Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды
2019-жылы 3-июнда КР БШК мүчөлөрү 2019-жылы 27-майда болуп өткөн шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдордун негизинде Розалиев Нодирбек Зокиржановичти Ош облусунун Ноокат районунун Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн башчылыгына бекитти.
Розалиев Нодирбек Зокиржанович
1988-жылы 5-июнда Ош облусунун Ноокат районунун Жаңы-Ноокат айылында туулган.
Жогорку билимдүү. Ош Кыргыз-Өзбек университетин “Бухгалтердик талдоо, аудит жана экономист” адистиги боюнча бүтүргөн.
Эмгек жолу:
2007-2010-жылдары – Ноокат районунун социалдык фонду, бухгалтердин жардамчысы;
2010-2014-жылдары – “Максад” ЖАК, башкы бухгалтер;
2014-2017-жылдары – Жаңы-Ноокат айылындагы №58 КЛ, бухгалтер;
2017-2019-жылдары – Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн салык инспекциясы, начальник.
Кошумча маалымат:
Үйлөнгөн, үч баласы бар.
Ноокат аймактык шайлоо комиссиясына шайланган башчыга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү берүү тапшырылды.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК жергиликтүү кеңештердин алты депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
2019-жылы 3-июнда КР БШК Нарын, Кочкор жана Жумгал АШКларынын айрым жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, талапкерлердин катталган тизмесинен чыгаруу жана бош депутаттык мандаттарды Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин шайланган депутаттарынан кийинки депутаттыкка талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.
Депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга айкалышпаган кызмат орунуна дайындалганына байланыштуу Нарын облусунун айрым депутаттары өз ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотушту.
Депутат И. Муканбетов (Нарын районунун Эмгекчил айылдык кеңеши). Мандат шайланган депутаттан кийинки талапкер С. Ыманакуновго өткөрүп берилди.
Депутат Р. Салбаров (Кочкор районунун Кара-Суу айылдык кеңеши). Мандат шайланган депутаттан кийинки талапкер Ш. Абдыгуловго өткөрүп берилди.
Депутат К. Качкынбаев (Жумгал районунун Байзак айылдык кеңеши). Мандат шайланган депутаттан кийинки талапкер Ж. Матыкеевге өткөрүп берилди.
Каза болгонуна байланыштуу депутат Б. Абдразаковдун (Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Чалма айылдык кеңеши) ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду. Мандат шайланган депутаттан кийинки талапкер Ж. Темиркуловага өткөрүп берилди.
Ош облусундагы төмөнкү депутаттары өз каалоолору боюнча өз ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотушту.
Депутат Т. Жаркынбаев (Кара-Кулжа районунун Кызыл-Жар айылдык кеңеши). Мандат шайланган депутаттан кийинки талапкер Б.Курмантаевге өткөрүп берилди.
Депутат Т. Райымжанов (Кара-Кулжа районунун Кызыл-Жар айылдык кеңеши).
Мандат шайланган депутаттан кийинки талапкер А. Чыныбаевге өткөрүп берилди.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
2019-жылы 20-21-июнда жети айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өтөт
2019-жылы 30-31-майда Нарын, Ош, Талас жана Чүй облустарынын жергиликтүү кеңештеринин жаңы шайланган 127 депутаты биринчи сессиясын өткөрүштү.
“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан жаңы шайланган айылдык кеңештин биринчи сессиясынын күнүнөн тартып 10 календардык күндөн кечиктирбестен дайындалат.
Ушуга байланыштуу КР БШК жети айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо датасын бекитти.
Шайлоо төмөнкүлөрдө дайындалды:
Ош облусу (Кара-Кулжа районунун Кеңеш айыл өкмөтү, Ноокат районунун Н. Исанов айыл өкмөтү).
Талас облусу (Кара-Буура районунун Шекер, Бакыян, Бейшеке айыл өкмөттөрү).
Чүй облусу (Аламүдүн районунун Байтик айыл өкмөтү).
Нарын облусу (Жумгал районунун Көк-Ой айыл өкмөтү).
Кара-Кулжа, Ноокат, Кара-Буура, Аламүдүн жана Жумгал аймактык шайлоо комиссияларына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык шайлоо өткөрүүнү уюштуруу тапшырылды.
Маалымат катары:
“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 48-беренесине ылайык жогорку билими жана мамлекеттик же болбосо муниципалдык кызматта 2 жылдан кем эмес иш стажы, же болбосо билим берүүнүн, саламаттык сактоонун мамлекеттик мекемелеринде же уюмдардын, мекемелердин жана жеке менчик чарбакер субъекттердин жетекчилик кызматтарында 3 жылдан кем эмес иш стажы бар аракетке жөндөмдүү Кыргыз Республикасынын жараны айыл өкмөтүнүн башчысы боло алат. Кылмыш жасагандыгы үчүн мыйзамдарда белгиленген тартипте алып салынбаган же жоюлбаган соттуулугу бар Кыргыз Республикасынын жараны айыл өкмөтүнө башчы болушу мүмкүн эмес.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
2019-жылдын 3-июнунда өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору
Өткөрүү датасы: 3-июнь 2019-ж.
Убактысы: 12:00
Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы
1. Ош облусунун Ноокат районунун Жаңы Ноокат айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
(Баяндамачы – А.Н. Омуралиев, шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
2. Нарын облусунун Жумгал районунун Көк-Ой, Ош облусунун Ноокат районунун Н. Исанов, Кара-Кулжа районунун Кеңеш, Талас облусунун Кара-Буура районунун Шекер, Бейшеке жана Бакыян, Чүй облусунун Аламүдүн районунун Байтик айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө
(Баяндамачы – А.Н. Омуралиев, шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
3. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Нарын, Кочкор жана Жумгал аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
(Баяндамачы – А.Н. Омуралиев, шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
4. Ар түрдүү маселелер
Кененирээк билүү >>
Акыркы жаңылыктар
30.09.2026
Бир катар шайлоо участокторунун даректери өзгөрдү
30.09.2026
КР БШКсы бир катар аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерин толуктады
30.09.2026
КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
29.09.2026
КР БШКнын 2026-жылдын 30-сентябрындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
29.09.2026
КР БШКда президенттик шайлоого даярдык боюнча мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен кеңешме өттү
29.09.2026
КР БШКнын өкүлдөрү Индияда шайлоону башкаруу органдарынын потенциалын чыңдоо боюнча эл аралык семинарга катышууда