Башкы Жаңылыктар БШК бир катар ЖӨАБОнун башчыларын, анын ичинде эпидемиологиялык …

БШК бир катар ЖӨАБОнун башчыларын, анын ичинде эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу алдыда токтотулгандарды шайлоону дайындады

26-Июн, 2020

КРнын БШКсы 26-июндагы отурумунда коронавирустун пандемиясынын кесепетинен өзгөчө кырдаалга байланыштуу 2020-жылдын 29-июнунда убактылуу токтотулган жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын 4 башчысын шайлоону кайрадан баштоо жөнүндө токтом кабыл алды.

Добуш берүү күндөрү төмөнкүдөй аныкталды:

-  2020-жылдын 30-июну саат 9:00дөн 12:00гө чейин Ысык-Көл облусундагы Түп районунун Арал айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоого;

- 2020-жылдын 1-июлу саат 9:00дөн 12:00гө чейин Ош облусундагы Кара-Суу районунун Кара-Суу шаарынын мэрин шайлоого;

- 2020-жылдын 13-июлуна саат 9:00дөн 12:00гө чейин Нарын облусундагы Кочкор районунун Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоого;

- 2020-жылдын 15-июлуна саат 9:00дөн 12:00гө чейин Чүй облусундагы Ысык-Ата районунун Логвиненко айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоого.

Мындан тышкары, жаңы вакансиялардын пайда болушуна байланыштуу, 4 айыл өкмөтүнүн башчыларын шайлоо 2020-жылдын17-июлуна (саат 9:00дөн 12:00гө чейин) дайындалат:

- Нарын облусунун Ат-Башы районунун Ак-Жар айыл өкмөтү,

- Чүй облусунун Сокулук районунун Кызыл-Туу айыл өкмөтү,

- Чүй облусунун Чүй районунун Ибраимов айыл өкмөтү,

- Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Толук айыл өкмөтү.

БШКнын токтому менен Түп, Кара-Суу, Кочкор, Ысык-Ата, Ат-Башы, Сокулук, Чүй жана Токтогул аймактык шайлоо комиссиялары аймактык мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоо жана жарандардын саламаттыгын коргоо боюнча бардык чараларды көрүү тапшырылды:

- добуш берүүчү жайдын ичин залалсыздандыруу;

- шайлоо процессинин катышуучуларынын бири биринин ортосундагы 1,5-2-метрлик аралыкты сактоо үчүн ченемдерди белгилөө;

- жайдын кире беришине жана бюллетень берген жерлерге колду санитайзер менен камсыз кылуу;

- шайлоо процессинин катышуучуларынын дене табын контактсыз термометр менен өлчөө;

- шайлоо процессинин катышуучуларына бет кап жана кол кап берүү;

- колдонулуучу материалдарды жана буюмдарды залалсыздандырып туруу.

БШКнын аппаратына керектүү материалдар (бет кап, кол кап, санитайзер) менен камсыздоого жардам берүү тапшырылды.

Белгилей кетсек, айыл өкмөттөрүнүн башчыларын жана мэрлерди шайлоо жергиликтүү кеңештердин депутаттары тарабынан жүргүзүлөт. Жергиликтүү кеңештердин депутаттары добуш берүүгө 11ден 31 кишиге чейин катышкандыгын, жана добуш берүү мүмкүнчүлүгү процедурасы 3 саатты камтыгандыгын эске алып, шайлоого катышуучулардын убакыттан жана аралыктан алысташына шарт түзүүгө болот. Шайлоо аймактык шайлоо комиссиялары тарабынан өткөрүлөт. Алгоритмге ылайык, шайлоонун бардык катышуучулары жеке коргонуу каражаттары менен камсыз болушат. 

Маалымат үчүн:

“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 48-беренесине ылайык, жогорку билимдүү жана мамлекеттик, муниципалдык кызматта иштеген, же мамлекеттик билим берүү, саламаттык сактоо мекемелеринде, же жогорку кызматтарда иштеген, жеке менчик формасындагы уюмдардын, мекемелердин жана жеке ишкерлердин жетекчилик кызматында 2 жылдан кем эмес эмгектенген, мамлекеттик тилди билген, эмгекке жарамдуу жаран айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлана алат.

Айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна талапкер Өкмөт менен бекитилген “Кыргызтест” мамлекеттик тилди билүү тутумунун талаптарына ылайык, бардык чөйрөдөгү коммуникативдик компетенция деңгээлинде мамлекеттик тилди билиши керек. Тил билүү деңгээли мамлекеттик тилди билүү жөнүндө сертификат менен күбөлөндүрүлөт.

Аймактык шайлоо комиссиясына айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна талапкердин мамлекеттик тилди билүү деңгээли жөнүндө күбөлүктү тапшырбоо каттоодон баш тартуу үчүн негиз болуп саналат.

Кылмыш жасагандыгы үчүн соттолгондугу бар Кыргыз Республикасынын жарандары, талапкерлерди каттоо мөөнөтү аяктаганга чейин мыйзамда белгиленген тартипте жок кылынган, ошондой эле оор жана өзгөчө оор кылмыштары үчүн соттолгон жарандар, алардын соттолгондугу белгиленген тартипте жоюлгандыгына карабастан, айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлана алышпайт.

 


 

 

 

 

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>
Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди
09-Окт, 2026

Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында КР БШКнын 2025-жылдын 3-июлундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 54 “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын сунушуна ылайык, аталган токтом долбоорлорун кабыл алуунун негизги зарылчылыгы - көчө аталыштарынын өзгөрүшү, ошондой эле даректерди өзгөртүү аркылуу шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп саналат.
Кененирээк билүү >>
Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди
09-Окт, 2026

Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында “Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы” автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө жобону бекитти. Жобо аталган тутумдун укуктук статусун, иштөө тартибин, ошондой эле анын катышуучуларынын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктайт.Жаңы тутумдун алкагында майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарын бирдиктүү эсепке алуу жана дайындарды борборлоштурулган базага топтоо автоматташтырылат. “Түндүк” системасы аркылуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү камсыздалат. Ошондой эле шайлоо участокторунда жеткиликтүү инфратүзүмдүн абалын – пандустарды, Брайль ариби менен даярдалган материалдарды жана башка шарттарды - мониторинг жүргүзүү жана пландаштыруу мүмкүнчүлүгү кеңейтилет. Дайындарды иштетүү Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин талаптарына ылайык, жеке дайындардын купуялуулугун жана тутумдун санариптик туруктуулугун камсыз кылуу менен жүргүзүлөт.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
09-Окт, 2026

КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 9-октябрда өз жыйынында Жайыл, Сокулук, Өзгөн, Ноокат, Сузак, Чаткал жана Айтматов аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.   Жайыл районунун Ак-Башат айылдык кеңешинин депутаты Таштанбеков Кайрат Таштанбековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Кадыркулов Данияр Асылбековичке өткөрүлүп берилди; *  Сокулук районунун Гавриловка айылдык кеңешинин депутаты Кубанычбекова Гүлүкан Кубанычбековнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Мырсаканова Астра Шадыбековнага өткөрүлүп берилди;   •  Сокулук районунун Гавриловка айылдык кеңешинин депутаты Артыкбек уулу Нуртилектин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Абдыкулов Таалайбек Асаналиевичке өткөрүлүп берилди; * Өзгөн шаардык кеңешинин депутаты Ураимова Махаёохон Махамаджановнанын (“Жаңы Кыргызстан” депутаттык фракциясынан) ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Усманова Екутхан Халдаралиевнага (“Жаңы Кыргызстан” саясий партиясынан)  өткөрүлүп берилди;* Өзгөн районунун Жалпак-Таш айылдык кеңешинин депутаты Калдыбаев Адилбек Арзыматовичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулду;* Ноокат районунун Зулпуев айылдык кеңешинин депутаты Абдикеримов Үсөн Аскарбековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулду; * Сузак районунун Көк-Арт айылдык кеңешинин депутаты Малашев Кубанычбек Сатыбалдиевичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Орунбекова Айымкан Кадыралиевнага  өткөрүлүп берилди;   * Чаткал районунун Терек-Сай айылдык кеңешинин депутаты Куниева Динара Анарбаевнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Курмантаев Нурдин Туралиевичке өткөрүлүп берилди;   * Айтматов районунун Чолпонбай айылдык кеңешинин депутаты Суюнтбеков Фархад Маратовичтин ыйгарым укуктары каза болгондугуна байланыштуу мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Чормонов Эрдос Төлөгөновичке өткөрүлүп берилди.
Кененирээк билүү >>