Башкы Жаңылыктар Бир катар жергиликтүү кеңештердеги бош орундарды тизме боюнча …

Бир катар жергиликтүү кеңештердеги бош орундарды  тизме боюнча кийинки талапкерлер ээлешти

27-Июн, 2020

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча брбордук комиссиясы 26-июндагы жыйынында жергиликтүү кеңештердин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктары мѳѳнѳтүнѳ мурда токтотулгандыгы жѳнүндѳ, катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жѳнүндѳ жана бошогон мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге берүү тууралуу бир катар АШКнын чечимдерин бекитти.

Жергиликтүү кеңештердин 16 депутатынын ыйгарым укуктарын мѳѳнѳтүнѳн мурда токтотуу тууралуу   Ак-Суу, Түп, Тоң, Бакай-Ата, Кадамжай жана  Ала-Бука аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитти.

Алсак, Ысык-Кѳл облусундагы Ак-Суу районунун Октябрь айылдык кеңешинде жеке арызынын негизинде ыйгарым укуктарын мѳѳнѳтүнѳн мурда токтоткон депутат Бакеев Самат Мэлисовичтин мандаты кийинки талапкерге - №11 ДЕУ жолчусу Камбарбек уулу Адилетке берилди.

Ысык-Кѳл облусундагы Ак-Суу районунун Октябрь айылдык кеңешинде жеке арызынын негизинде ыйгарым укуктарын мѳѳнѳтүнѳн мурда токтоткон депутат Мукалаев Улукбек Сагынбековичтин мандаты кийинки талапкерге – дыйкан чарбасынын мүчѳсү Сапар уулу Атайга берилди.

Ысык-Кѳл облусундагы Ак-Суу районунун Октябрь айылдык кеңешинде жеке арызынын негизинде ыйгарым укуктарын мѳѳнѳтүнѳн мурда токтоткон депутат Соодонбеков Урмата Кадыровичтин мандаты кийинки талапкерге – дыйкан чарбасынын мүчѳсү Барманов Жээнбек  Жапаровичке берилди.

Ысык-Кѳл облусундагы Ак-Суу районунун Октябрь айылдык кеңешинде жеке арызынын негизинде ыйгарым укуктарын мѳѳнѳтүнѳн мурда токтоткон депутат Маркозиев Эрлан Октябровичтин мандаты кийинки талапкерге – облусутук стоматология клиникасынын врачы  Бакалова Айнура Октошовнага берилди.

Ысык-Кѳл облусундагы Ак-Суу районунун Октябрь айылдык кеңешинде жеке арызынын негизинде ыйгарым укуктарын мѳѳнѳтүнѳн мурда токтоткон депутат Усупов Нурмат Сатылкановичтин мандаты кийинки талапкерге – жеке ишкер Омуракунов Марат Калиевичке берилди.

Ысык-Кѳл облусундагы Түп районунун Тогуз-Булак айылдык кеңешинде жеке арызынын негизинде ыйгарым укуктарын мѳѳнѳтүнѳн мурда токтоткон депутат Кабылбекова Октября Тимурлановичтин мандаты кийинки талапкерге – убактылуу иштебеген  Созаева Эльмира Мухажировнага берилди.

Ысык-Кѳл облусундагы Тоң районунун Күн-Чыгыш айылдык кеңешинде жеке арызынын негизинде ыйгарым укуктарын мѳѳнѳтүнѳн мурда токтоткон депутат Анварбеков Жылдызбек Анварбековичтин мандаты кийинки талапкерге – “Тон Финанс” МКА АФ адисти Айтбаев Марат Райымкуловичке берилди.

Талас  облусундагы Бакай-Ата  районунун Ак-Дѳбѳ айылдык кеңешинде жеке арызынын негизинде ыйгарым укуктарын мѳѳнѳтүнѳн мурда токтоткон депутат Байтереков Касымбек Абдракмановичтин мандаты кийинки талапкерге – дыйкан чарбасынын мүчѳсү Айтышов Абдырахман Анарбаевичке берилди.

Талас  облусундагы Бакай-Ата  районунун Ак-Дѳбѳ айылдык кеңешинде жеке арызынын негизинде ыйгарым укуктарын мѳѳнѳтүнѳн мурда токтоткон депутат Байтереков Касымбек Абдракмановичтин мандаты кийинки талапкерге – дыйкан чарбасынын мүчѳсү Айтышов Абдырахман Анарбаевичке берилди.

Баткен  облусундагы Кадамжай районунун Алга айылдык кеңешинде жеке арызынын негизинде ыйгарым укуктарын мѳѳнѳтүнѳн мурда токтоткон депутат Жумабай уулу Учкунбектин мандаты кийинки талапкерге – убактылуу иштебеген  Бегматов Сапарбек Бегалиевичке берилди.

Баткен  облусундагы Кадамжай районунун Чаувай айылдык кеңешинде депутаттык ыйгарым укуктарын аткарууга шайкеш келбеген кызматка дайындалгандыгына байланыштуу   ыйгарым укуктарын мѳѳнѳтүнѳн мурда токтоткон депутат Назаров Нурбек Идирисовичтин мандаты кийинки талапкерге – пенсионер Закиров Ирисбайга берилди.

Баткен  облусундагы Кадамжай районунун Бирлик айылдык кеңешинде депутаттык ыйгарым укуктарын аткарууга шайкеш келбеген кызматка дайындалгандыгына байланыштуу   ыйгарым укуктарын мѳѳнѳтүнѳн мурда токтоткон депутат Эргешов Имарал Абдиллажановичтин мандаты кийинки талапкерге – дыйкан чарбасынын мүчѳсү Акматов Равшанбек Сыдыковичке берилди.

Жалал-Абад   облусундагы Ала-Бука  районунун Өрүктү айылдык кеңешинде жеке арызынын негизинде ыйгарым укуктарын мѳѳнѳтүнѳн мурда токтоткон депутат Таштанов Турдубай Молдоумаровичтин  мандаты кийинки талапкерге – Ала-Бука районунудагы  автовакзалдын директору   Ибраймалиев Болотбек Нарбековичке берилди.

Жалал-Абад   облусундагы Ала-Бука  районунун Өрүктү айылдык кеңешинде жеке арызынын негизинде ыйгарым укуктарын мѳѳнѳтүнѳн мурда токтоткон депутат Жолдошова Аида Тажидиновнанын мандаты кийинки талапкерге – Ала-Бука районунудагы  исскуство балдар мектебинин окутуучусу   Таштаналиев Абдисамат Сатымкуловичке берилди.

Жалал-Абад   облусундагы Ала-Бука  районунун Өрүктү айылдык кеңешинде жеке арызынын негизинде ыйгарым укуктарын мѳѳнѳтүнѳн мурда токтоткон депутат Амиракулов Тынчтыкбек Султаналиевичтин мандаты кийинки талапкерге – Ала-Бука районунудагы  исскуство балдар мектебинен Мамбеталиева Гулмира Орозалиевнага берилди.

Жалал-Абад   облусундагы Ала-Бука  районунун Т. Балтагулов  айылдык кеңешинде жеке арызынын негизинде ыйгарым укуктарын мѳѳнѳтүнѳн мурда токтоткон депутат Жумабаев Абдираим Кожобековичтин мандаты кийинки талапкерге – “Ак-Тулпра” автомектебинин техник инструтору  Мамашов Санжарбек Мыйзамбековичке берилди.

Жалал-Абад  облусундагы Ала-Бука  районунун Т. Балтагулов  айылдык кеңешинде сессияга 4 жолудан ашык катышпагандыгы үчүн  депутат Азимбаев Тургунбай Якубжановичтин мандаты кийинки талапкерге – пенсионер  Ташматова Кумаржан Эрбаевнага берилди.

Тийиштүү аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан жергиликтүү кеңештердин дептутаттарын каттоо жана аларга белгиленген үлгүдѳгү күбѳлүк жана тѳш белги тапршыруу тууралуу токтом кабыл алында.

БШК ошондой эле АШКнын тѳмѳндѳгү чечимдерин бекитти:

- жеке арыздарынын негизинде Иманалиев Алмазбек Чынтемировичти, Арымбаев Алтынбек Журсунбековичти, Самаев Октябрь Оморовичти Ысык-Кѳл облусундагы Ак-Суу районунун Октябарь айылдык кеңешинин депутаттыгына катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу тууралуу;

- жеке арызынын негизинде Суранов Нуртай Мажитовичти Ысык-Кѳл облусундагы Түп районунун Тогуз-Булак айылдык кеңешинин депутаттыгына катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу тууралуу;

- жеке арызынын негизинде Аламанов Нурлан Камчыбековичти Ысык-Кѳл облусундагы Тоң районунун Күн-Чыгыш айылдык кеңешинин депутаттыгына катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу тууралуу;

- жеке арызынын негизинде Айдаралиев Нургаз Сартбаевичти Талас облусундагы Бакай-Ата  районунун Ак-Бѳбѳ айылдык кеңешинин депутаттыгына катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу тууралуу;

- жеке арызынын негизинде Кондубаев Израил Эрмегалиевичти Талас облусундагы Бакай-Ата  районунун Ак-Бѳбѳ айылдык кеңешинин депутаттыгына катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу тууралуу;

- жеке арызынын негизинде Темиров Оросбай Жээнкуловичти Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука  районунун Өрүктү айылдык кеңешинин депутаттыгына катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу тууралуу;

- жеке арызынын негизинде Эшбаев Кенешбек Акматалиевичти Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука  районунун Өрүктү айылдык кеңешинин депутаттыгына катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу тууралуу.

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
«Маариф» окуу жайында окуучулардын шайлоо боюнча билимин жогорулатууга багытталган жолугушуу өттү
10-Окт, 2026

«Маариф» окуу жайында окуучулардын шайлоо боюнча билимин жогорулатууга багытталган жолугушуу өттү

Бишкек шаарындагы «Маариф» окуу-билим берүү комплексинде 2026-жылдын 9-октябрында Кыргыз Республикасынын БШКсынын алдындагы Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борборунун өкүлдөрү 9-класстын окуучулары жана билим берүү мекемесинин жетекчилиги менен жолугушуу өткөрдү.Борбордун өкүлдөрү «Маариф» окуу-билим берүү комплексинин директору Мехмет Черчикая менен жолугушуп, кызматташуунун келечегин, ошондой эле жаш муунду тарбиялоо, окуучулардын укуктук жана шайлоо маданиятын жогорулатуу маселелерин талкуулашты.Жолугушууга Бишкек шаарынын мектептеринин Президенттер кеңешинин өкүлдөрү Ясин Мырсабеков жана Адинай Токтобекова да катышып, окуучуларга Мектеп президенттери кеңешинин келечектеги түзүмүн тааныштырышты.Иш-чара «Маариф» окуу-билим берүү комплексинин мектеп парламентинин Президентин шайлоонун алдында өттү. Аталган шайлоо 2026-жылдын 12-октябрында болот жана ага КР БШКсынын эксперттери шайлоону уюштуруу жана өткөрүү боюнча уюштуруучулук-методикалык жардам көрсөтүшөт: добуш берүү урналарын беришет, байкоочуларды тартууга көмөк көрсөтүшөт жана шайлоону уюштуруу жана өткөрүү маселелери боюнча консультациялык жардам беришет.Жолугушуунун программасына «Шайлоо жана жаштар» аттуу видеороликти көрсөтүү жана талкуулоо, №68 орто мектеби парламентинин президентинин сөзү, суроо-жооп сессиясы, ошондой эле «Шайлоо жөнүндө эмнени билем?» аттуу викторина кирди. Викторинанын жеңүүчүлөрү жана активдүү катышуучулары ЖБШТБ тарабынан эстелик байгелер менен сыйланышты. Иш-чарага жалпысынан 9-класстын 109 окуучусу катышты.Мындай жолугушууларды өткөрүү жаштардын шайлоо маданиятын жогорулатуу үчүн маанилүү. Мектеп партасынан баштап потенциалдуу шайлоочулар менен иштөө шайлоого аң-сезимдүү мамиле жасоону, ар бир добуштун баалуулугун түшүнүүнү жана өлкөнүн коомдук-саясий жашоосуна жоопкерчиликтүү катышууга даярдыкты калыптандырууга мүмкүндүк берет.
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>
Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди
09-Окт, 2026

Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында КР БШКнын 2025-жылдын 3-июлундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 54 “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын сунушуна ылайык, аталган токтом долбоорлорун кабыл алуунун негизги зарылчылыгы - көчө аталыштарынын өзгөрүшү, ошондой эле даректерди өзгөртүү аркылуу шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп саналат.
Кененирээк билүү >>
Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди
09-Окт, 2026

Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында “Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы” автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө жобону бекитти. Жобо аталган тутумдун укуктук статусун, иштөө тартибин, ошондой эле анын катышуучуларынын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктайт.Жаңы тутумдун алкагында майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарын бирдиктүү эсепке алуу жана дайындарды борборлоштурулган базага топтоо автоматташтырылат. “Түндүк” системасы аркылуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү камсыздалат. Ошондой эле шайлоо участокторунда жеткиликтүү инфратүзүмдүн абалын – пандустарды, Брайль ариби менен даярдалган материалдарды жана башка шарттарды - мониторинг жүргүзүү жана пландаштыруу мүмкүнчүлүгү кеңейтилет. Дайындарды иштетүү Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин талаптарына ылайык, жеке дайындардын купуялуулугун жана тутумдун санариптик туруктуулугун камсыз кылуу менен жүргүзүлөт.
Кененирээк билүү >>