Башкы Жаңылыктар

Жаңылыктар

Кыргызстан “Единство народа”    саясий партиясы шайлоого катышуу тууралуу БШКга кабарлама берди
06.07.2020

Кыргызстан “Единство народа”    саясий партиясы шайлоого катышуу тууралуу БШКга кабарлама берди

Кыргызстан “Единство народа”    саясий партиясы шайлоого катышуу тууралуу БШКга кабарлама берди   Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясына 2020-жылдын 4-октябрында ѳтѳ турган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого катышуу ниети жѳрүндѳ  Кыргызстан “Единство народа”    саясий партиясынын жетекчиси З. Эсенаманов  кол койгон кабарлама келип түштү. Партия шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу ѳкүл катары Бегматов Токебай Токтосуновичти, финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу ѳкүл катары  Шадыканова Какен Майрамбековнаны дайындаган.   Конституциялык мыйзамдын 60-беренесинин 1,2-бѳлүктѳрүнѳ ылайык Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин кѳрсѳтүү шайлоо дайындалган күндѳн тартып башталат жана  шайлоо күнүнѳ чейин 45 календардык күн калганда, б.а. 2020-жылдын 20-августунда аяктайт. КР БШК маалымат бѳлүмү  
Кененирээк билүү >>
Кыргызстан коммунисттеринин саясий партиясы шайлоого катышуу тууралуу БШКга кабарлама берди
06.07.2020

Кыргызстан коммунисттеринин саясий партиясы шайлоого катышуу тууралуу БШКга кабарлама берди

Кыргызстан коммунисттеринин саясий партиясы шайлоого катышуу тууралуу БШКга кабарлама берди   Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясына 2020-жылдын 4-октябрында ѳтѳ турган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого катышуу ниети жѳрүндѳ  Кыргызстан коммунисттеринин   саясий партиясынын жетекчиси И.А. Масалиев кол койгон кабарлама келип түштү. Партия шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу ѳкүл катары Базалея Николай Анатольевичти, финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу ѳкүл катары Cтаростина Лариса Александровнаны дайындаган.   Конституциялык мыйзамдын 60-беренесинин 1,2-бѳлүктѳрүнѳ ылайык Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин кѳрсѳтүү шайлоо дайындалган күндѳн тартып башталат жана  шайлоо күнүнѳ чейин 45 календардык күн калганда, б.а. 2020-жылдын 20-августунда аяктайт. КР БШК маалымат бѳлүмү  
Кененирээк билүү >>
«Чоң казат»  саясий партиясы шайлоого катышуу тууралуу БШКга кабарлама берди
06.07.2020

«Чоң казат»  саясий партиясы шайлоого катышуу тууралуу БШКга кабарлама берди

 «Чоң казат» саясий партиясы шайлоого катышуу тууралуу БШКга кабарлама берди   Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясына 2020-жылдын 4-октябрында ѳтѳ турган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого катышуу ниети жѳрүндѳ  «Чоң казат» саясий партиясынын жетекчиси Т.С. Акимов кол койгон кабарлама келип түштү. Партия шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу ѳкүл катары Турдалиев Азамат Чинтемировичти, финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу ѳкүл катары  Асакеев Рахат Дамировичти дайындаган.   Конституциялык мыйзамдын 60-беренесинин 1,2-бѳлүктѳрүнѳ ылайык Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин кѳрсѳтүү шайлоо дайындалган күндѳн тартып башталат жана  шайлоо күнүнѳ чейин 45 календардык күн калганда, б.а. 2020-жылдын 20-августунда аяктайт. КР БШК маалымат бѳлүмү
Кененирээк билүү >>
«Бийлик элге» саясий партиясы шайлоого катышуу тууралуу БШКга кабарлама берди
06.07.2020

«Бийлик элге» саясий партиясы шайлоого катышуу тууралуу БШКга кабарлама берди

«Бийлик элге» саясий партиясы шайлоого катышуу тууралуу БШКга кабарлама берди     Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясына 2020-жылдын 4-октябрында ѳтѳ турган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого катышуу ниети жѳрүндѳ «Бийлик элге» саясий партиясынын саясий кеңешинин тѳрагасы К.С. Эрназарова кол койгон кабарлама келип түштү. Партия шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу ѳкүл катары Аманжолов Кайрат Амановичти, финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу ѳкүл  катары Хасанова Рахима Ушуровнаны дайындаган.   Конституциялык мыйзамдын 60-беренесинин 1,2-бѳлүктѳрүнѳ ылайык Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин кѳрсѳтүү шайлоо дайындалган күндѳн тартып башталат жана  шайлоо күнүнѳ чейин 45 календардык күн калганда, б.а. 2020-жылдын 20-августунда аяктайт. КР БШК маалымат бѳлүмү
Кененирээк билүү >>
«Бирик»    саясий партиясы шайлоого катышуу тууралуу БШКга кабарлама берди
06.07.2020

«Бирик»    саясий партиясы шайлоого катышуу тууралуу БШКга кабарлама берди

«Бирик»    саясий партиясы шайлоого катышуу тууралуу БШКга кабарлама берди   Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясына 2020-жылдын 4-октябрында ѳтѳ турган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого катышуу ниети жѳрүндѳ  «Бирик» саясий партиясынын жетекчиси К.Б. Исамамбетов кол койгон кабарлама келип түштү. Партия шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу ѳкүл катары Абельденов Мелис Мамырбековичти, финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу ѳкүл Иманбаева Айнура Жумадиловнаны дайындаган.   Конституциялык мыйзамдын 60-беренесинин 1,2-бѳлүктѳрүнѳ ылайык Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин кѳрсѳтүү шайлоо дайындалган күндѳн тартып башталат жана  шайлоо күнүнѳ чейин 45 календардык күн калганда, б.а. 2020-жылдын 20-августунда аяктайт. КР БШК маалымат бѳлүмү
Кененирээк билүү >>
«Ордо» саясий партиясы шайлоого катышуу тууралуу БШКга кабарлама берди
06.07.2020

«Ордо» саясий партиясы шайлоого катышуу тууралуу БШКга кабарлама берди

«Ордо» саясий партиясы шайлоого катышуу тууралуу БШКга кабарлама берди   2020-жылдын 6-июлу   Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясына 2020-жылдын 4-октябрында ѳтѳ турган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого катышуу ниети жѳрүндѳ  «Ордо» саясий  партиясынын жетекчиси М.И. Мияров кол койгон кабарлама келип түштү. Шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу ѳкүл катары Арыков Тимур Дженишбекович, финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу ѳкүл  катары Муктарбеков Санат Муктарбекович дайындалган.   Конституциялык мыйзамдын 60-беренесинин 1,2-бѳлүктѳрүнѳ ылайык Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин кѳрсѳтүү шайлоо дайындалган күндѳн тартып башталат жана  шайлоо күнүнѳ чейин 45 календардык күн калганда, б.а. 2020-жылдын 20-августунда аяктайт. КР БШК маалымат бѳлүмү  
Кененирээк билүү >>
«Мекен Ынтымагы» саясий партиясы шайлоого катышуу тууралуу БШКга кабарлама берди
06.07.2020

«Мекен Ынтымагы» саясий партиясы шайлоого катышуу тууралуу БШКга кабарлама берди

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясына 2020-жылдын 4-октябрында ѳтѳ турган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого катышуу ниети жѳнүндѳ «Мекен Ынтымагы» саясий партиясынын жетекчиси Т.И. Асанбеков кол койгон кабарлама келип түштү. Партия шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу ѳкүл катары Чонмурунов Нарынбек Омурбековичти, финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу ѳкүл катары Урдавлетов Руслан Саадатовичти  дайындаган. Конституциялык мыйзамдын 60-беренесинин 1,2-бѳлүктѳрүнѳ ылайык Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин кѳрсѳтүү шайлоо дайындалган күндѳн тартып башталат жана шайлоо күнүнѳ чейин 45 календардык күн калганда, б.а. 2020-жылдын 20-августунда аяктайт. КР БШК маалымат бѳлүмү.
Кененирээк билүү >>
«Ата-Мекен» саясий партиясы шайлоого катышуу тууралуу БШКга кабарлама берди
05.07.2020

«Ата-Мекен» саясий партиясы шайлоого катышуу тууралуу БШКга кабарлама берди

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясына 2020-жылдын 4-октябрында ѳтѳ турган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого катышуу ниети жѳнүндѳ «Ата-Мекен» саясий партиясынын жетекчиси  Ө.Текебаев кол койгон кабарлама келип түштү. Партия шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу ѳкүл катары Абдикеримов Ильязбек Чидербековичти, финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу ѳкүл катары Кулжанова Динара Кувайбековнаны дайындаган. Конституциялык мыйзамдын 60-беренесинин 1,2-бѳлүктѳрүнѳ ылайык Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин кѳрсѳтүү шайлоо дайындалган күндѳн тартып башталат жана шайлоо күнүнѳ чейин 45 календардык күн калганда, б.а. 2020-жылдын 20-августунда аяктайт. КР БШК маалымат бѳлүмү.
Кененирээк билүү >>
«Мекенчил» саясий партиясы шайлоого катышуу тууралуу БШКга кабарлама берди
04.07.2020

«Мекенчил» саясий партиясы шайлоого катышуу тууралуу БШКга кабарлама берди

4-июлда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясына 2020-жылдын 4-октябрында ѳтѳ турган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого катышуу ниети жѳрүндѳ  «Мекенчил» саясий партиясынын жетекчиси К.К. Ташиев кол койгон кабарлама келип түштү. Партия шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу ѳкүл катары Рысбаева Асел Алишеровнаны, финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу ѳкүл катары Тологонова Аида Бейшеналиевнаны дайындаган. Конституциялык мыйзамдын 60-беренесинин 1,2-бѳлүктѳрүнѳ ылайык Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин кѳрсѳтүү шайлоо дайындалган күндѳн тартып башталат жана  шайлоо күнүнѳ чейин 45 календардык күн калганда, б.а. 2020-жылдын 20-августунда аяктайт. КР БШК маалымат бѳлүмү  
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын жумушчу топтору түзүлдү
04.07.2020

КР БШКнын жумушчу топтору түзүлдү

КР БШКнын жумушчу топтору түзүлдү           2020-ЖЫЛДЫН 4-ИЮЛУ Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы  3-июлдагы жыйынында тѳмѳндѳгү беш жумушчу тобун түзүү боюнча чечим кабыл алды:         - шайлоочуларды жана башка шайлоо процессинин субъекттерин  маалымдоо  маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча жумушчу топ; -шайлоочулардын жана башка шайлоо процессинин катышуучуларынын арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу топ; - Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын алдындагы кѳзѳмѳлдѳѳ-текшерүү тобу; - ыкчам таасир этүүнүн координациялык тобу; - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого саясий партиялардын документтерин кабыл алуу боюнча жумушчу топ. Топтор Жогорку Кеңешке дептутаттарды шайлоону даярдоого жана ѳткѳрүүгѳ байланыштуу тѳмѳндѳгү максаттарда түзүлгѳн: --Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону ѳткѳрүүдѳ жарандардын аң-сезимдүү ѳз эркин билдирүүсүн жана айкындыкты камсыз кылуу, - саясий партиялар үчүн бирдей жана акыйкат шарттарды түзүү, - үгүт жүргүзүүдѳ жарандардын шайлоо укуктарын сактоо,            - мамлекеттик органдардын. жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдарынын, алардын кызмат адамдарынын, шайлоо комиссияларынын, саясий партиялардын жана башка органдардын жана уюмдардын аракеттерине (аракетсиздигине)  даттануу мүмкүнчүлүгү,  - республикалык бюджеттен бѳлүнгѳн акча каражаттарын максаттуу чыгымдоо үчүн кѳзѳмѳл, ошондой эле саясий партиялардын атайын эсептерин ачуунун, жүргүзүүнүн тартибине - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого саясий партиялардын шайлоо фонддорунун каражаттары боюнча отчеттулуктун эсебине  кѳзѳмѳл   жүргүзүү. Ошондой эле КР БШК мүчѳлѳрүн жумушчу топторго тѳмѳндѳгү курамда  бѳлүштүрүү чечилди: - шайлоочуларды жана башка шайлоо процессинин субъекттерин  маалымдоо  маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча жумушчу топко - А.Г. Бекматов, Г.К. Джурабаева, А.С. Сатыгулов;   -шайлоочулардын жана башка шайлоо процессинин катышуучуларынын арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу топко - А.Т. Асаналиев, Б.С. Кадыров, Г.М. Баатырова; - Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын алдындагы кѳзѳмѳлдѳѳ-текшерүү тобуна -                    Г.М. Баатырова, А.Т. Асаналиев, А.Б. Абдрахматова, Н.Т. Арипов; - ыкчам чара көрүүчү координациялык топко - К.М. Осмоналиев,            А.Ж. Эшимов, Г.К. Джурабаева, А.С. Сатыгулов, А.Б. Абдрахматова; - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоосунда саясий партиялардын документтерин кабыл алуу боюнча жумушчу топко – А.Ж. Эшимов, А.Г. Бекматов, К.М. Осмоналиев, Б.С. Кадыров, Е.Ж. Джилкичиева, Н.Т. Арипов.  
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын  шайлоочуларга, саясий партияларга, жалпыга маалымдоо каражаттарына, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө жана шайлоо процессинин катышуучуларына кайрылуусу!
04.07.2020

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын  шайлоочуларга, саясий партияларга, жалпыга маалымдоо каражаттарына, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө жана шайлоо процессинин катышуучуларына кайрылуусу!

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын шайлоочуларга, саясий партияларга, жалпыга маалымдоо каражаттарына, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө жана шайлоо процессинин катышуучуларына кайрылуусу! Урматтуу шайлоочулар, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү, саясий партиялардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, шайлоо процессинин катышуучулары! Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 2-июлдагы ПЖ № 139 Жарлыгы менен 2020-жылдын 4-октябрына Кыргыз Республикасынын VII чакырылыштагы Жогорку Кеңешинин дептутаттарын шайлоо дайындалды. Урматтуу Кыргыз Республикасынын жарандары, шайлоочулар! 18 жашка толгон Кыргыз Республикасынын жарандары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо укугуна ээ. Шайлоо мезгилинде Кыргыз Республикасынан тышкары жашаган же жүргѳн анын жарандарынын шайлоо укугун тышкы иштер маселелерин тейлеген мамлекеттик органдар ѳздѳрүнүн дипломатиялык ѳкүлчүлүктѳрү жана консулдук мекемелери аркылуу камсыз кылат. Кыргыз Республикасынын чектеринен тышкары жашаган же жүргѳн анын жарандары тышкы иштер маселелерин тейлеген органдардын сунушу боюнча аккредитациялаган ѳлкѳнүн тийиштүү органдары менен макулдашуу аркылуу, эреже катары, Кыргыз Республикасынын дипломатиялык ѳкүлчүлүктѳрүнүн, консулдук мекемелеринин, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ѳкүлчүлүктѳрүнүн аймагында түзүлгѳн шайлоо участкаларында добуш беришет. Шайлоочулардын тизмесине добуш берүү күнүнө карата активдүү шайлоо укугуна ээ болгон жана "Кыргыз Республикасынын жарандарын биометрикалык каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте биометрикалык каттоодон өткөн Кыргыз Республикасынын бардык жарандары киргизилет. Биометрикалык каттоодон өтпөгөн жарандар бул жол-жободон жашаган жериндеги калкты тейлѳѳ Борборунан, ошондой эле шайлоо учурунда – аэропорттордун жана темир жол вокзалдарынын аймагындагы биометрикалык каттоону чогултуу пункттарынан өтө алышат. Башка шайлоочу үчүн добуш берүүнү жана шайлоонун жыйынтыктарын бурмалоону жокко чыгарууда биометрикалык маалыматтары боюнча шайлоочуларды идентификациялоо ѳтѳ маанилүү. Мамлекеттик порталда www.tizme.gov.kg шайлоого чейин 80 календардык күндѳн мурда, башкача айтканда 2020-жылдын 16-июлуна чейин шайлоочулардын алдын ала тизмеси жарыяланат, ал жерден ѳзүңүз тууралуу маалыматты тактап алсаңыз болот. Ошондой эле шайлоочулардын алдын ала тизмеси добуш берүү күнүнѳ чейин 70 календардык күндѳн мурда, башкача айтканда 2020-жылдын 26-июлуна чейин таанышуу үчүн тийиштүү шайлоо участкасында илинет. Кандай гана каталар жана так эместиктер болбосун алар белгилүү болгондо, ошондой эле шайлоочулардын тизмесинде Сиз жок болуп калган учурда добуш берүүчү күнгѳ чейин 15 календардык күндѳн кеч эмес мѳѳнѳттѳ, б.а. 2020-жылдын 20-сентябрына чейин белгиленген үлгүдѳгү (№1 форма) арыз менен ага Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортунун кѳчүрмѳсүн, (ал эми Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жашаган же жүргѳн адамдар үчүн – Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортунун кѳчүрмѳсүн, ал жок болгон учурда - Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспортунун, кызматтык же дипломатиялык паспортунун кѳчүрмѳсүн) тиркеп, тийиштүү шайлоо комиссиясына кайрылууга укугуңуз бар; мындай жагдайда шайлоочу биометрикалык идентификациядан ѳтѳт.   2020-жылдын 26-июлунан тартып 2020-жылдын 20-сентябрына чейинки ушул мезгилде шайлоочу ошондой эле мыйзамдарда белгиленген тартипте авторлоштуруудан ѳтүү менен мамлекеттик порталдагы “шайлоочунун кабинети” сервизи аркылуу электрондук түрдѳгү арыз менен кайрылууга укуктуу. Шайлоочулар ошондой эле участкалык шайлоо комиссиясына (биометрикалык идентификациядан ѳтүү менен) белгиленген үлгүдѳгү (№2 форма) же болбосо авторлоштуруудан ѳтүү аркылуу электрондук түрдѳгү арызын берүү менен шайлоо дарегин добуш берген күнү ѳзү жүргѳн жери боюнча ѳзгѳртүүгѳ укуктуу. Мындай арыздар токтоосуз түрдѳ участкалык шайлоо комиссиясы тарабынан ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кароосуна жѳнѳтүлѳт.   Урматтуу Кыргыз Республикасынын саясий партияларынын ѳкүлдѳрү   Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо дайындалгандан кийин 5 календардык күндүн ичинде шайлоого катышууну каалаган саясий партиялар, ушул конституциялык Мыйзамга ылайык саясий партиядан талап кылынуучу шайлоо документтерине кол коюу укугуна ээ саясий партиянын ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аты-жөнүн жана маалыматтарын көрсөтүү менен, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясына (мындан ары – БШК) шайлоого катышары тууралуу жазуу жүзүндө билдирме жиберүүлөрү керек. Жазуу жүзүндөгү билдирме саясий партиянын уставынын нотариалдык ырасталган көчүрмөсү тиркелүү менен, саясий партиянын жетекчисинин колу жана саясий партиянын мөөрү менен ырасталууга тийиш. Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин көрсөтүү укугуна шайлоону дайындоо жөнүндө чечим расмий жарыяланган күнгө чейин 6 айдан кем эмес мөөнөттө белгиленген тартипте мамлекеттик каттоодон өткөн жана\же кайра каттоодон өткөн саясий партиялар ээ болот. Эгерде саясий партиянын уставында камтылган аталышынын жана эмблемасынын кыскача сыпаттамасы анын шайлоо документтеринде пайдаланылуучу кыскача аталышынан жана эмблемасынан айырмаланган учурда, аларды саясий партия КР БШК менен макулдашат. Саясий партиянын аталышы жана эмблемасы КР БШКга берилгенден кийин, шайлоо жүрүмү аяктаганга чейин аларды өзгөртүүгө жол берилбейт. «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык шайлоо ѳткѳрүлгѳн күнү 21 жашка толгон, шайлоо укугуна ээ Кыргыз Республикасынын жараны Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайлана алат. Жогоруда аталган конституциялык Мыйзамдын 60-беренесинин 1, 2-бѳлүктѳрүнѳ ылайык Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин кѳрсѳтүү шайлоо дайындалган күндѳн тартып башталат жана шайлоо күнүнѳ чейин 45 календардык күн калганда, б.а. 2020-жылдын 20-августунда аяктайт. Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин кѳрсѳтүү жѳнүндѳ саясий партиянынын чечими жашыруун добуш берүү менен кабыл алынат. Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин кѳрсѳтүү саясий партиянын съездинде жүргүзүлѳт. Бир эле адамды талапкерлердин бир тизмесинен ашык каттоого жол берилбейт. Талапкерлердин тизмесин аныктоодо саясий партия төмөнкү өкүлчүлүктү эске алууга милдеттүү: - бир жыныстагы талапкерлердин 70 пайыздан ашпоосун, мында саясий партиялардан көрсөтүлгөн аял жана эркек талапкерлердин тизмесиндеги кезектешүү айырмасы үч позициядан ашпоосун; - 35 жаштан ашпаган талапкерлердин 15 пайыздан кем болбоосун, мында алардын ичинен кеминде 5 талапкер алгачкы 65 талапкердин тизмесине киргизилиши керек; - ар кандай этносторго таандык талапкерлердин 15 пайыздан кем болбоосун, мында алардын ичинен кеминде 5 талапкер алгачкы 65 талапкердин тизмесине киргизилиши керек; - кеминде 2 талапкердин - ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардан болуусун, мында булардын бири биринчи 50 талапкердин тизмесине киргизилиши керек. Кол тамга жана саясий партиянын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн жана саясий партия тарабынан көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмеси КР БШКга берилет. Депутаттыкка талапкерлердин тизмесин каттоо шайлоо күнүнѳ чейин 30 календардык күн калганда, б.а. 2020-жылдын 4-сентябрында аяктайт. Талапкерлерди каттоодо саясий партияларга кѳмѳктѳшүү иретинде КР БШКнын расмий сайтында арыздардын формалары жайгаштырылган, шайлоолорго катышкан партиялар үчүн усулдук материалдар жана ченемдик укуктук актылар, шайлоо кампаниясына катышуу маселелери, үгүт жүргүзүү, шайлоо кампанияларын каржылоо жана шайлоодогу талаш маселери боюнча жыйнактар даярдалган. Жакынкы мезгилде шайлоого катышуу маселелери боюнча маалыматтык-түшүндүрүү семинарлары ѳткѳрүлмѳкчү.   Урматтуу аймактык жана участкалык шайлоо кломиссияларынын мүчѳлѳрү!   Мыйзамдуулук, ачыктык, коллегиялуулук, адилеттүүлүк, айкындык, калыстык биздин ишибиздин негизги принциптеринен болуп саналат. Калктын бүткүл шайлоо процессине болгон ишеним деңгээли сиздер менен бирге биздин аракеттерибизге жараша болот. Мекенибизге болгон ыйык сезим, жарандык парызды бийик тутуу жана коом алдындагы жоопкерчилик бизге мыйзамдуу, ачык-айкын жана таза демократиялуу шайлоону ѳткѳрүүгѳ мүмкүнчүлүк берерине ишенебиз! Өзүбүз тараптан, Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо комиссияларынын мүчѳлѳрүнүн санитардык-эпидемиологиялык коопсуздугун камсыз кылуу үчүн бардык зарыл чараларды кѳрѳт.   Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын ѳкүлдѳрү!   Мыйзамга ылайык, шайлоону маалыматтык камсыз кылуу жарандарды, шайлоо алдындагы үгүт иштерин маалымдоону ѳзүнѳ камтыйт жана жарандардын аң-сезимдүү түрдѳ ѳз эркин билдирүүгѳ, шайлоонун ачык-айкындыгына кѳмѳктѳшүүгѳ чакырылган. Үгүт иштерине катышуу үчүн ЖМК жана интернет-басылмалар Борбордук шайлоо комиссиясында аккредитациядан ѳтүүгѳ тйиш. Аккредитациядан ѳтүү үчүн КР БШКга жазуу жүзүндѳ ѳтүнмѳ берүүсү зарыл. Эфирдик убакытты, басылма аянтты же интернет-басылмада жарыялоо укугун төлөөнүн өлчөмү жана башка шарттары жөнүндө маалыматтар тиешелүү телерадиоберүү уюму, мезгилдүү басылманын редакциясы, интернет-басылманын ээлик кылуучусу тарабынан аккредитация максатында шайлоону дайындоо жөнүндө чечим расмий жарыялангандан күндөн тартып 20 календардык күндөн кечиктирбестен КР БШКга берилүүгө тийиш. Мында теле кѳрсѳтүү же басылма аянт үчүн акы тѳлѳѳнүн ѳлчѳмү бардык партиялар үчүн бирдей болууга жана шайлоо дайындалган күнгѳ чейин 6 ай калганда алынуучу баадан ашпоого тийиш. КР БШК жалпыга маалымдоо каражаттары же интернет басылмалар шайлоо мыйзамдарынын талаптарын бузган учурда алардын аккредитациясын кайра чакыртып алууга укуктуу. Шайлоо алдындагы үгүт талапкерлердин тизмесин каттоо мѳѳнѳтү аяктаган күндѳн тартып башталат жана добуш берүү башталганга чейин 24 саат калганда аяктайт, б.а. 2020-жылдын 4-сентябрынан тартып 3-октябрынын 08.00 саатына чейин. Борбордук шайлоо комиссиясында аккредитацияланбаган жалпыга маалымдоо каражаттары жана интернет-басылмалар шайлоо алдындагы үгүттүн белгилери жок шайлоону даярдоону жана өткөрүүнү маалыматтык жактан чагылдырууга катышууга укуктуу. Шайлоону даярдоону жана ѳткѳрүүнү маалыматтык чагылдырууга катышкан жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет басылмалардын ѳкүлдѳрү тѳмѳндѳгүлѳргѳ укуктуу: шайлоо комиссияларынын жыйындырына катышууга; шайлоо комиссияларынын протоколдору менен таанышууга; 3) шайлоо комиссияларынан протоколдордун жана ага тиркелген документтердин кѳчүрмѳлѳрүн алууга; 4) шайлоого даярдык мезгилинде, ал эми добуш берүү ѳткѳрүлгѳн күнү – шайлоочулардын добуш берүүсүнүн купуялуулугун бузпастан, добуш берүүнүн жүрүшүнѳ жана добуш берүүнүн жыйынтыгын чыгарууга бѳгѳт болбостон, участкалык шайлоо комиссиясынын тѳрагасы тарабынан белгиленген жерде фото сүрѳт-, кѳрмѳ тартууларды ишке ашырууга; 5) шайлоо алдындагы үгүттүн белгилери жок, ѳздѳрүнүн статусун, фамилиясын, атын, атасынын атын, ѳздѳрү таандык болгон уюмдун аталышын билдирген тѳш белгилерди алып жүрүүгѳ. КР БШК жалпыга маалымдоо каражаттарын маалыматтык кампанияларга активдүү катышууга чакырат, ал эми, ѳз кезегинде, шайлоо кампанияларынын жүрүшү жана эрежелери, шайлоого катышып жаткан талапкерлер жана партиялар, шайлоо комиссияларынын иштери жѳнүндѳ бардык зарыл материалдарды берүүгѳ даяр.   www.shailoo.gov.kg – КР БШКнын расмий сайты, www.tizme.gov.kg – шайлоочулардын тизмесинин порталы.   Урматтуу шайлоочулар, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү, саясий партиялардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын ѳкүлдѳрү, шайлоо процессинин катышуучулары! Кыргыз Республикасындагы жана жалпысынан дүйнѳдѳгү оор эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу иш-чараларды (курултайларды, талаш-тартыштарды, жолугушууларды ѳткѳрүүдѳ) уюштурууда (COVID-19) коронавирус инфекциясынын жайылып кетүүсүн токтотуу максатында тѳмѳндѳгү санитардык- эпидемиологиялык эрежелерди сактоо зарыл:   орун жайларды жана үстүнкү беттерди дезинфекция жүргүзүү; бири биринен 1,5-2 метрлик аралыктарды сактоо; санитайзерлерди, бир жолку бет каптарды жана кол каптарды пайдалануу; катышуучулардын дене табын кѳзѳмѳлдѳѳ; пайдалануучу материалдарды жана предметтерди дайыма дезинфекциялоо.   Кыргыз Республикасынын Өкмѳтү менен биргеликте КР БШК тарабынан ошондой эле санитардык- эпидемиологиялык коопсуздук жана шайлоочулардын, шайлоо комиссияларынын мүчѳлѳрүнүн, шайлоо процессинин катышуучуларынын ден соолугун коргоо боюнча чаралар кабыл алынат. Шайлоолор укуктук ѳңүттѳ ѳтүшү үчүн шайлоо мыйзамдарынын нормаларынын талаптарын бекем сактоо, шайлоо процессинин башка катышуучулары менен ѳз ара алакада ѳз ара сыйлашуу жана күйүмдүү болуу зарыл. КР БШК, ѳзү тарабынан, шайлоо процессинин бардык катышуучулары үчүн ачык, ѳлкѳбүздүн жарандарынын тынч, туруктуу атмосферада шайлоо укуктарын толук жүзѳгѳ ашыруусу үчүн ачык-айкындыкты кепилдендирет жана бардык шарттарды түзүүгѳ бүткүл күч аракетин жумшайт.      
Кененирээк билүү >>
Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине шайлоону даярдоо жана ѳткѳрүү боюнча календардык планды бекитти
03.07.2020

Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине шайлоону даярдоо жана ѳткѳрүү боюнча календардык планды бекитти

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында 2020-жылдын 4-октябрына дайындалган  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине шайлоону даярдоо жана ѳткѳрүү боюнча календардык планды бекитти. Документ шайлоону даярдоо жана ѳткѳрүү этаптарын белгилейт. Планга ылайык шайлоо участкаларын уюштуруу жана шайлоочулардын тизмесин түзүү  даярдоонунун биринчи этабы болуп саналат. Бүгүнкү күндѳ Кыргызстанда 3 млн. 407 миң 895 шайлоочу бар. 2015-жылдагы КР Жогорку Кеңешине мурдагы шайлоого салыштырганда шайлоочулардын саны  624 миң 240 адамга кѳбѳйгѳн. Шайлоочулардын алдын ала тизмесинен ѳзүңдү текшерүү үчүн www.tizme.gov.kg мамлекеттик порталынан 2020-жылдын 16-июлунан тартып  же тийиштүү шайлоо участкаларында 2020-жылдын 26-июлунан тартып кѳрсѳ болот. Кандай гана каталар жана так эместиктер болбосун алар белгилүү болгондо, тизмеде   жок болуп калган учурда, ошондой эле добуш берген күнү жүргѳн жери боюнча шайлоо участогун ѳзгѳртүү ниети болгондо шайлоочу 2020-жылдын 26-июлунан 20-сентябрына чейин участкалык шайлоо комиссиясына (1,2-формадагы)  арыз менен (идентификациядан ѳтүү менен) же болбосо www.tizme.gov.kg порталында (авторлоштуруудан ѳтүү менен) шайлоочунун кабинети аркылуу электрондук формада арыз менен кайрылууга укуктуу. 2020-жылдын 28-сентябрына чейин шайлоо участкаларында шайлоочулардын акыркы тизмеси илинет.   Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмеси кѳрсѳтүү шайлоо дайындалган күндѳн тартып, шайлоо күнүнѳ чейин 45 календардык күн калганда, б.а. 2020-жылдын 20-августунда аяктайт. Депутаттыкка талапкерлердин тизмесин каттоо  2020-жылдын 4-сентябрына чейин жүргүзүлѳт. Шайлоо алдындагы үгүт 2020-жылдын 4-сентябрынан тартып 3-октябрынын 8.00 саатына чейин ѳтѳт. Ушул эле мѳѳнѳттѳ партиялдарга шайлоо алдындагы үгүттү жүргүзүү үчүн акы тѳлѳнүүчү эфирдик убакыт жана үгүт материалдарын илүү үчүн ар бир шайлоо участкаларында атайын орундар берилет, алардын үгүт жүргүзүү жана шайлоочулар менен жолугушуу укугу камсыз кылынат. Мында КР БШК ѳзүнүн www.shailoo.gov.kg сайтына бардык керектүү маалыматтарды жайгаштыруу менен  ар бир шайлоочуга талапкерлердин тизмеси, партиялардын программалары менен таанышууга мүмкүнчүлүк берет. Ошол эле жерде шайлоо фонддоруна каражаттардын келип түшүүсү жана чыгымдалышы жѳнүндѳ маалыматтар илинет. 28-сентябрга чейин мамлекеттик жана расмий тилдерде, анын ичинде Брайль тамгасында басылган  шайлоо бюллетендери даярдалууга тийиш. Добуш берүү үчүн жайлардан тышкары добуш берүүнү уюштуруу жана ѳткѳрүү добуш берүүгѳ 1 календардык күн калганда 2020-жылдын 3-октябрында саат 8.00дѳн 20.00 чейин  жүргүзүлѳт. 2020-жылдын 4-октябрында саат 08.00дѳн 20.00 чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин дептутаттарын шайлоо дайындалган. Шайлоонун натыйжаларын белгилѳѳ добуш берилгенден кийин 20 күндѳн кеч эмес, б.а. 2020-жылдын 25-октябрына чейин ишке ашырылууга тийиш.
Кененирээк билүү >>
Бир катар жергиликтүү кеңештерде тизмедеги кийинки талапкерлер депутаттардын бош орундарына ээ болушту
03.07.2020

Бир катар жергиликтүү кеңештерде тизмедеги кийинки талапкерлер депутаттардын бош орундарына ээ болушту

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 3-июлдагы отурумунда, жергиликтүү кеңештердин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге бош мандаттарды өткөрүп берүү жөнүндө бир катар АШКнын чечимдерин бекитти.   Кара-Суу, Чүй, Сокулук, Ысык-Ата, Аламүдүн, Кемин, Кадамжай, Кара-Буура, Сузак, Жалал-Абад жана Тоң аймактык шайлоо комиссияларынын 14 жергиликтүү кеңешинин 16 депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечимдер кабыл алынды. Алардын ичинен 10 депутат жеке арызынын негизинде, 5 – дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу жана бир депутат соттун өкүмү күчүнө киргенине байланыштуу кызматтан кеткен.   Ошентип, төмөнкү депутаттардын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган:   1. Набиев Абдыгапар Валиевич - Ош облусунун Кара-Суу районундагы Жаңы-Арык айылдык кеңешинен, дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу.   2. Медетов Калыс Самудинович - Чүй облусунун Кегети айылдык кеңешинен, жеке арызынын негизинде.   3. Пиров Шухратжон Тургунбаевич - Чүй облусунун Сокулук районунун Камышановка айылдык кеңешинен, жеке арызынын негизинде.   4. Есаров Щерба Есарович - Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Кен-Булун айылдык кеңешинен, дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу.   5. Бейшебаев Каныбек Аскарбекович - Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айылдык кеңешинен, жеке арызынын негизинде.   6. Гададов Нажмудин Абдулсалимович - Аламүдүн районунун Октябрь айылдык кеңешинен, дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу.   7. Анорбаев Абдирасил Мирзаевич - Аламүдүн районунун Васильевка айылдык кеңешинен, дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу.   8. Тагайбеков Алмазбек Мекенович - Чүй облусунун Кемин районундагы Ак-Түз айылдык кеңешинен, жеке арызынын негизинде.   9. Абдыраимова Айгүл Жеңишбековна - Чүй облусунун Кемин районундагы Ак-Түз айылдык кеңешинен, жеке арызынын негизинде.   10. Чуштуков Ильичбек Бахтиярович - Кемин шаардык кеңешинин “Кыргызстан” депутаттык фракциясынан, жеке арызынын негизинде.   11. Досматов Жусували Ташполотович - Баткен облусунун Кадамжай районунун Орозбеков айылдык кеңешинен, дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу.   12. Ниязалиева Алима Бакузевна - Талас облусунун Кара-Буура районунун Маймак айылдык кеңешинен, жеке арызынын негизинде.   13. Супатаев Мундузбай - Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Кызыл-Көл айылдык кеңешинен, жеке арызынын негизинде.   14. Ташиев Шаирбек Кыдыршаевич - Жалал-Абад шаардык кеңешинин "Ата-Журт" депутаттык фракциясынан, жеке арызынын негизинде.   15. Журсункожоев Ашырбек Журсункожоевич - Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Көл-Төр айылдык кеңешинен, соттун өкүмү күчүнө киргенине байланыштуу.   16. Иманкасымов Акылбек Керимкулович - Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Көл-Төр айылдык кеңешинен, жеке арызынын негизинде.   БШК ошондой эле АШКнын үч талапкеринин жеке арызына ылайык катталган депутаттардын тизмесинен чыгаруу жөнүндө чечимин бекитти: Джанызаков Азамат Шекербекович - Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айылдык кеңешинен, Акматов Асылбек Маратович - Чүй районунун Ибраимов айылдык кеңешинен, Метеров Асылбек - Кемин районунун Ак-Түз айылдык кеңешинен.   Түзүлгөн бош мандаттар шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүлүп берилди. Ошентип, шайланган депутаттар:   1. Кара-Суу районунун Жаңы-Арык айылдык кеңешинде - Нурмаматов Шергазы Замирбекович, убактылуу иштебейт.   2. Чүй районунун Кегети айылдык кеңешинде - Ибраимов Русланбек Уметбекович, Токмок суу каналынын инженери.   3. Чүй районунун Ибраимов айылдык кеңешинде - Бережнев Игорь Михайлович, убактылуу иштебейт.   4. Сокулук районунун Камышановка айылдык кеңешинде - Душабаев Джума Турдубаевич, дыйкан.   5. Ысык-Ата районунун Кен-Булун айылдык кеңешинде - Дикарахунов Мухамед, «Сюдмииш» ЖЧКнын директору.   6. Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айылдык кеңешинде - Чипенко Чинара Ашмакуновна, убактылуу иштебейт.   7. Аламүдүн районунун Октябрь айылдык кеңешинде - Халилов Зайнал Абдулмежитович, убактылуу иштебейт.   8. Аламүдүн районунун Васильевка айылдык кеңешинде - Абдыкеримов Нурбек Токтосунович, жеке ишкер.   9. Кемин районунун Ак-Түз айылдык кеңешинде - Калчаев Мирбек Авланбекович, дыйкан.   10. Кемин районунун Ак-Түз айылдык кеңешинде - Мусапырова Нургүл Эсенгуловна, дыйкан.   11. Кемин шаардык кеңешинде - Мелисов Урмат Мелисович, "Кыргызстан" саясий партиясынан, "Мол-Булак" МККсынын менеджери.   12. Баткен облусунун Кадамжай районунун Орозбеков айылдык кеңешинде - Маматов Парпи Эшдоолотович, пенсионер.   13. Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Кызыл-Көл айылдык кеңешинде - Абдурасулов ​​Аскербек Сатыевич, убактылуу иштебейт.   14. Жалал-Абад шаардык кеңешинде - Орозбаев Нуртилек Орозбаевич, “Ата-Журт” саясий партиясынан, жеке ишкер.   15. Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Көл-Төр айылдык кеңешинде - Саткынбек уулу Элмир, жеке ишкер.   16. Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Көл-Төр айылдык кеңешинде - Койчуманов Рысбек Күнболотович, жеке ишкер.
Кененирээк билүү >>
Токмок АШКнын курамына жана резервине өзгөртүүлөр киргизилди
03.07.2020

Токмок АШКнын курамына жана резервине өзгөртүүлөр киргизилди

Токмок АШКнын курамына жана резервине өзгөртүүлөр киргизилди   Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 3-июлдагы отурумунда Чүй облусунун Токмок аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө чечим кабыл алды.   Ошентип, үй-бүлөлүк жагдайлары көрсөтүлгөн жеке арыздарынын негизинде, Шимарова Эльвира Касымалиевна («Эл Аман» саясий партиясы) – Токмок АШКсынын курамынан, Орозов Бактыяр Мырзакайымович («Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясы) – Токмок АШКсынын резервинен чыгарылды.   АШКнын курамына жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан Людмила Алексеевна Коркина киргизилди, анткени Токмок аймактык шайлоо комиссиясынын резервинде саясий партиялардан талапкерлер жок.  
Кененирээк билүү >>
БШК Арал жана Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындады
03.07.2020

БШК Арал жана Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындады

БШК Арал жана Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындады   Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 3-июлдагы отурумунда Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Арал айыл өкмөтүнүн башчысын 2020-жылдын 17-июлуна жаңы талапкерлерди көрсөтүү менен кайрадан шайлоо жөнүндө чечим кабыл алынды. Шайлоо саат 9:00дон 12:00го чейин өтөт.   2020-жылдын 30-июнунда Түп районунда Арал айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өткөн, бирок жергиликтүү кеңештин 11 депутатынын 6 мүчөсү "баардык талапкерлерге каршы" позициясына добуш бергендигине байланыштуу, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысы шайланган жок. Ошентип, эки талапкердин бири да жетиштүү добуш топтой алган эмес. "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык, талапкерлерге караганда депутаттардын көпчүлүк добуштары "бардык талапкерлерге каршы" позициясына берилгенде, шайлоо кайталап өткөрүлөт.   Ошондой эле, Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2020-жылдын 22-июлунда саат 9:00дон 12:00го чейин белгиленди.   Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн башчысы мамлекеттик администрациянын башчысы - Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун акиминин буйругу менен айылдык кеңештин депутаттарынын ишенимсиздигинин негизинде бошотулган.   Түп жана Токтогул аймактык шайлоо комиссияларына шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштуруу, ошондой эле мамлекеттик органдар жана жергиликтүү бийлик органдары менен бирдикте санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин сакталышын уюштуруу жана камсыз кылуу жүктөлөт:   - добуш берүүчү жайдын ичин залалсыздандыруу; - шайлоо процессинин катышуучуларынын бири-биринин ортосундагы 1,5-2-метрлик аралыкты сактоо үчүн ченемдерди белгилөө; - жайдын кире беришине жана бюллетень берген жерлерге колду залалсыздандыруучу каражаты менен камсыз кылуу; - шайлоо процессинин катышуучуларынын дене табын контактсыз термометр менен өлчөө; - шайлоо процессинин катышуучуларына бет кап жана кол каптарды берүү; - колдонулуучу материалдарды жана буюмдарды залалсыздандырып туруу.      
Кененирээк билүү >>
2020–жылы 3-июлда өтө турган КР БШКнын отурумунун бекитилген күн тартиби
03.07.2020

2020–жылы 3-июлда өтө турган КР БШКнын отурумунун бекитилген күн тартиби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БОРБОРДУК ШАЙЛОО КОМИССИЯСЫНЫН ОТУРУМУНУН КҮН ТАРТИБИ                                                                                      Өткөрүү датасы: 3- июль2020-ж.                                                                                    Убактысы: 14 :00                                                                                    Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы   1. 2020-жылдын 4-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш-чараларынын календардык планы жөнүндө (баяндамачы – А.Н. Омуралиев, шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы) 2. Шайлоочуларга, саясий партияларга, жалпыга маалымдоо каражаттарына, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнү жана шайлоо процессинин катышуучуларына Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын кайрылуусунун текстин бекитүү жөнүндө (баяндамачы – А.Н. Омуралиев, шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы) 3. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Жумушчу топторун түзүү жөнүндө (баяндамачы – А.Шаршеналы уулу, укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы)   4. Токмок аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (баяндамачы – А.Н. Омуралиев, шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы) 5. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Кара-Суу, Чүй, Сокулук, Ысык-Ата, Аламүдүн, Кемин, Кадамжай, Кара-Буура, Сузак Жалал-Абад жана Тоң аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу (баяндамачы – А.Н. Омуралиев, шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы) 6. Ысык-Көл облусунун Түп районунун Арал, Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Кызыл Өзгөруш айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө (баяндамачы – А.Н. Омуралиев, шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)  7. Ар түрдүү маселелер      
Кененирээк билүү >>
1 … 323 325 … 483