Башкы
Жаңылыктар
Жаңылыктар
КРнын БШК отурумунун күн тартиби, 27-июль 2020-ж.
Өткөрүү датасы: 27-июль 2020-ж.
Убактысы: 15.00
Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы
1. Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Кажы-Сай, Чүй облусунун Сокулук районунун Сокулук айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө
(баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
2. 2020-жылы 17-июлунда өткөрүлгөн Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Толук айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
(баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
3. Ош аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
4. Бүткүл жаштар саясий партиясы» саясий партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жөнүндө
(баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
5. 2020-жылдын 4-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо шайлоо алдындагы үгүт иштерине катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет-басылмаларын аккредитациялоо жөнүндө
(баяндамачы – А.Шаршеналы уулу, укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы)
6. Ар түрдүү маселелер
Кененирээк билүү >>
КРнын БШК отурумунун күн тартиби, 25-июль 2020-ж.
Өткөрүү датасы: 25-июль 2020-ж.
Убактысы: 16.30
Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы
1. "Шайлоочунун кабинети" сервиси жөнүндө Жобо тууралуу
(баяндамачы – Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти)
2. БШКнын кээбир ченемдик укуктук актыларына өзгөртүү киргизүү жөнүндө
(баяндамачы – Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти)
3. Ар түрдүү маселелер
Кененирээк билүү >>
Боршайком саясый партиялар үчүн семинарларды баштады
КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 4-октябрына дайындалган шайлоого катышууга КР БШКга билдирме жиберген саясый партиялар үчүн, биринчи семинар өткөрдү.
Биринчи семинарда талапкерлердин тизмесин каттоого берүүчү документтердин эрежелери, шайлоо фонддорунун ишин алып баруу, шайлоо кампаниясын финансылоо боюнча отчетторду берүүнүн тартиби жөнүндөгү маселелер каралды.
Шайлоо мыйзамдарынын алкагында, ошондой эле шайлоо процессинин ачык-айкын болушун камсыздоо максатында, Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан шайлоо мыйзамдарына талапкерлердин шайлоо фонддорунун каржыланышына, саясый партиялардын, анын ичинде шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуунун тартибине, шайлоо фонддорунун каражаттарынын эсеби менен чыгымдарына бирдей ыкма киргизилип, ошондой эле каражатты белек катары берүүгө тыюу салынып жана финансылык отчетторду БШК сайтына милдеттүү түрдө жарыялап турууга байланыштуу тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилгендиги айтылды.
Семинарда азыркы шайлоо кампаниясынын өзгөчөлүктөрү, агитация жүргүзүүнүн негизги эрежелери, шайлоонун жүрүшүндө ага байланыштуу талаш-тартыштарды чечүү боюнча маалыматтар берилип, шайлоонун бардык этаптарында санитардык-эпидемиологиялык иш-чаралар менен камсыздоонун алгоритмдери да талкууланды.
Партиялардын өкүлдөрүнө жалпысынан шайлоо кампаниясынын өзгөчөлүктөрү тууралуу маалымат берилип, саясый партиялардын шайлоо кампаниясынын учурунда колдоно алыша турган, ушу тапта иштеп жаткан маалыматтык ресурстар, анын ичинде https://tizme.gov.kg/ шайлоочулардын порталы боюнча да айтылды. Мындан башка добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгаруунун тартиби, БШКнын шайлоонун талаш-тартыштарынын электрондук реестри жана башка маалыматтык системалардын бет ачаарлары болду.
Партиялар каттоодон өткөндөн кийин партиялардын талапкерлеринин тизмеси жөнүндө, партиялардын программасы, партиялардын шайлоо кампанияларынын каржылануусу жөнүндө жарандарга кеңири маалымат берүү үчүн маалымат ресурсу сунуш кылынаарын БШК билдирди.
Кийинки семинарларды БШКнын жумушчу топтору тиешелүү темаларга ылайык алып барышат.
Мурда БШК беш жумушчу тобун түзгөн:
- шайлоочуларга жана шайлоо процессинин башка катышуучуларына агитациянын эрежелери тууралуу маалымат берүү маселелери боюнча;
- шайлоочулардын, шайлоо процессинин башка катышуучуларынын арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча;
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын алдындагы көзөмөлдөөчү-ревизиялык топ;
- оперативдүү иш алып баруучу координациялык топ;
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоодо саясый партиялардан документтерди кабыл алуу боюнча жумушчу тобу.
Жумушчу топтор шайлоо процессинин катышуучуларына маалымат жана консультацияларды берип турууга дайым даяр.
КР БШК Маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
-
-
Кененирээк билүү >>
Боршайком эл аралык байкоочулар менен иш алып барууда
КР шайлоо жана референдумду өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бир катар эл аралык жана өкмөттөр аралык уюмдарга шайлоого даярдыктын жүрүшүнө жана анын өтүшүнө байкоо жүргүзүү үчүн чакырууларды жиберди. Ошондой эле КР Боршайкомунун шайлоолорду мониторинг жасоо боюнча эки тараптуу өз ара карым-катнашы бар шайлоо органдарынын өкүлдөрү да чакырылды.
“КР Президентин жана КР ЖК депутаттарын шайлоо жөнүндөгү” конституциялык мыйзам боюнча, шайлоону дайындоо чечими расмий жарыяланган соң Президент, Жогорку Кеңеш, Өкмөт жана Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан чакырылган эл аралык байкоочулар Борбордук шайлоо комиссиясынан аккредитацияланат.
22-июлда КР шайлоо жана референдумду өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрайымы Н. Шайлдабекова менен ЕККУ Бюросунун демократиялык институттар жана адам укуктары (ЕККУ/БДИПЧ) боюнча мониторинг тобунун өкүлдөрү менен биринчи онлайн жолугушуусу болуп өттү.
КР Боршайкомунун чакыруусуна жооп катары БДИПЧ Кыргызстандагы муктаждыктарды баалоо боюнча миссияны (МОП) өткөрүүнү билдирди. МОПтун максаты шайлоо алдындагы абалды жана парламенттик шайлоолорго даярдыкты баалоо болуп эсептелет. Ушул баалоого таянуу менен БДИПЧ алдыда турган шайлоолорго карата ишмердикти баштоосу керекпи, ошондой эле ишмердиктин кайсы түрү пайда болгон муктаждыктарга жооп бере тургандыгы боюнча, МОП сунуш бериши керек. МОПтун курамына БДИПЧтын шайлоолор боюнча улук кеңешчиси А. Громов, БДИПЧтын шайлоо боюнча кеңешчиси К. Инаишвили жана ЕККУ парламенттик ассамблеясынын программалар жана административдик маселелер боюнча кызматкери М. Салохудинов кирет.
Жолугушууда БШК тарабынан Кыргыз Республикасынын парламентине дайындалган шайлоого даярдыктар COVID-19 пандемиясынын шартында болуп жаткандыгы жөнүндө маалымат берилди.
БШК ЕККУга мүчөлүк алкагындагы кызматташтыкты жогору баалайт, анын бир бөлүгү катары Кыргыз Республикасынын демократиялык шайлоо системасын реформалоодогу ЕККУ жана ЕККУ БДИПЧ менен кызматташуу жана алар тарабынан болуп жаткан колдоо эсептелет. Демократиялык шайлоо институтун өркүндөтүү үчүн өз ара аракеттенүүнүн маанилүү фактору болуп ЕККУ БДИПЧтин мониторинг миссиясы болуп саналат.
Так айтканда 2015-жылы болуп өткөн парламенттик шайлоодо жана 2017-жылдагы КР президентин шайлоодо ЕККУ БДИПЧтин, ЕККУ парламенттик ассамблеясынын жана ЕККУ борборунун, Европа советинин биргелешкен мониторинг миссиясы КР БШКдан аккредитациядан өтүшкөн. Миссиянын ишинин жыйынтыгы менен сунуштар берилип, кыргыз тарап шайлоо укугун жана процессин өркүндөтүүдө аларды эске алат.
Белгилей кете турган жагдай, 2018-2020-жылдардагы шайлоо мыйзамдарын жакшыртуу стратегиясын иштеп чыгуу аракети ЕККУ БДИПЧ тарабынан колдоого алынып, анда 2015-2017-жылдарда өткөн шайлоолордун жыйынтыгы боюнча улуттук жана эл аралык байкоочулардын, жарандардын сунуштары эске алынган. Шайлоо мыйзамдарын жакшыртуу боюнча биргелешкен иш жасалып, анын ичинде сатып алуу, административдик ресурсту кыянаттык менен колдонуу, шайлоолорду финансылоонун ачык болушу жана башкалар боюнча иш жүргүзүлгөн. Мүмкүнчүлүгү чектелген шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн укуктук шарттар, шайлоо участокторунун жеткиликтүүлүгү жана башка маселелер жакшыртылган.
Маалымат үчүн: 2017-жылы өткөн шайлоодо эл аралык байкоодон 725 эл аралык байкоочулар дүйнөнүн 56 өлкөсүнүн өкүлчүлүгү бар 47 эл аралык уюмдардан: КМШ аткаруу комитетинен, Шанхай кызматташтык уюмунан, ЕККУ БДИПЧ, шайлоо органдарынын бүткүл дүйнөлүк ассоциациясынан, шайлоо органдарынын Европа жана Азия ассоциацияларынан, Ислам конференциясы уюмунан, түрк тилдүү өлкөлөрдүн кеңешинен, Х. Зайдель фондунан жана башка жактардан катышкан.
КР БШК Маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Кыргызстандан сырткары жүрүшкөн же жашаган адамдар өздөрүн шайлоочулардын тизмесинен кантип текшере алышат?
Азыркы этапта өлкөдөн тышкары жүргөн же жашап жатышкан адамдардын, Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын ишке ашыруу үчүн, КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 42 шайлоо участогун бекитти.
“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоо жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын талаптары боюнча, чет өлкөлөрдөгү шайлоо участоктору Тышкы иштер министрлигинин сунушу жана аккредитация болгон мамлекеттердин макулдугу менен дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн, консулдук мекемелердин жана чет өлкөлөрдөгү мамлекеттик органдардын өкүлчүлүктөрүндө түзүлөт.
Биринчи жолу КР Россиядагы элчилигинин төрт канцеляриясы Иркутск,Сургут, Южно-Сахалинск жана Якутск шаарларында ачылып, аларда КР Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоого добуш берүү үчүн шайлоо участоктору иштей баштайт. Дагы эки шайлоо участогун чет өлкөлөрдө - Рим жана Париж шаарларында ачуу боюнча иштер аккредитация болгон мамлекеттер менен макулдашууда турат. Бул өлкөлөрдө Кыргыз Республикасынын көп жарандары жашап же жүрүшкөндүктөн шайлоо участокторун ачуу зарылдыгы келип чыкты.
Мыйзам боюнча биометрикалык маалыматтарын тапшырган жана чет өлкөлөрдө консулдук каттоодон өткөн жарандардын бардыгы, тиешелүү участокто шайлоочулардын тизмесине автоматтык түрдө кошулат. Ал эми добуш берүүчү күнү Кыргыз Республикасынан тышкары жүргөн бирок консулдук каттоодон өтпөгөн шайлоочулар, чет өлкөдөгү жашаган же жүргөн жериндеги шайлоо участогуна (форма 2 боюнча) добуш берүү үчүн арыз менен кайрылууга укугу бар. Бул учурда КР чет өлкөдөгү мекемеси арыз түшкөндө шайлоочуну убактылуу консулдук каттоого алат. Мындай каттоо шайлоочунун арызында көрсөтүлгөн убакытта жасалат. Бул ишти шайлоого чейин 15 календарлык күн калгандан (20-сентябрга чейин) кечиктирбей жасоо зарыл.
Каттоого тургандыгы үчүн консулдук жыйым алынбайт. 16-июлдан тарта шайлоочулардын алдын ала тизмеси «Тизме» (tizme.gov.kg) порталында жайгашкан, 26-июлдан тарта таанышуу үчүн шайлоо участокторунда илинет. Эгер ката табылса, так эместик кетсе же шайлоочу өзүн алдын ала тизмеден таба албаса, ушул эле аралыкта (20-сентябрга чейин) шайлоо комиссиясынын участогуна №1 формасындагы арыз менен кайрылуу зарыл.
№ 1 жана №2 формасындагы арыздар:
1.шайлоо участогунда, бул учурда шайлоочу биометрикалык идентификациядан өткөндөн кийин берилет.
2.Же “Шайлоочунун кабинети” мамлекеттик порталынын сервиси аркылуу электрондук форматта тапшырылып, бул учурда шайлоочу талап кылынган формадагы авторизациялоодон өтөт.
Шайлочунун арызына тиешелүү шайлоо комиссиясынын жообу арызды кагаз же электрондук кабар катары кабыл алгандан 7 календарлык күн аралыгында, шайлоочу арызында көрсөткөн дарек, анын ичинде электрондук дарекке да жөнөтүлөт.
Добуш берүүгө 7 күн калганда шайлоо участогуна акыркы тизме илинет. Биометрикалык каттоодон өтүү Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринде, бүт республика боюнча калкты тейлөө борборлорунда, ошондой эле шайлоо алдында Кыргызстандын аэропортторунда, темир жол вокзалдарында жүргүзүлөт.
Тизмелер шайлоо ортосундагы аралыкта ай сайын, ал эми шайлоо мезгилинде күн сайын жаңыртылып турат. Добуш берүү үчүн Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (ID карт) же Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспорту, кызматтык же дипломатиялык паспорту болуусу зарыл.
“Жарандык жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын мыйзамы боюнча, башка жарандыгы бар Кыргыз Республикасынын жараны да Кыргыз Республикасынын жараны катары эсептелет.
Кененирээк билүү >>
Сманова Гулбайра Бабановна Токтогул районунун Кызыл-Озгоруш айыл окмөтүнүн башчысы болуп шайланды
2020-жылдын 22-июлунда Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Кызыл-Озгоруш айыл окмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү.
Кызыл-Озгоруш айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна эки талапкер Сманова Гулбайра Бабановна жана Айтмурза уулу Азизбек айылдык кенештин депутаттар тобу тарабынан көрсөтүлгөн жана катталган.
Кызыл-Озгоруш айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоого айылдык кенешинин 21 депутаты катышты. Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу 2020-жылдын 22-июлдагы протоколуна ылайык, жашыруун добуш берүүнүн натыйжасы боюнча талапкер Сманова Гулбайра Бабановна көпчүлүк добушун алган.
2020-жылдын 22-июлундагы шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү протоколго ылайык Сманова Гулбайра Бабановна Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Кызыл-Озгоруш айыл окмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп таанылды.
Кененирээк билүү >>
ЖӨБОнун башчыларын шайлоонун графиги
ЖӨБОнун башчыларын шайлоонун графиги
№
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын
Шайлоону өткөрүү убактысы
Талапкерлердин документтерин кабыл алуу мөөнөтү
Талапкерлердин
каттоо мөөнөтү
2020-жылдын 22-июлу
Жалал-Абад облусу
Токтогул району
1
Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтү
саат 9:00дөн 12:00гө чейин
саат 18:00гө чейин 14.07.2020-ж.
саат 18:00гө чейин 17.07.2020-ж.
2020-жылдын 31-июлу
Кайра шайлоо
Ысык-Көл облусу
Түп району
2
Арал айыл өкмөтү
саат 9:00дөн 12:00гө чейин
саат 18:00гө чейин 23.07.2020-ж.
саат 18:00гө чейин 26.07.2020-ж.
2020-жылдын 31-июлу
Кайра шайлоо
Чүй облусу
Чүй району
3
Ибраимов айыл өкмөтү
саат 9:00дөн 12:00 чейин
саат 18:00гө чейин 23.07.2020-ж.
саат 18:00гө чейин 26.07.2020-ж.
2020-жылдын 7-августу
Чүй облусу
Кемин району
4
Жаңы-Алыш айыл өкмөтү
саат 9:00дөн 12:00 чейин
саат 18:00гө чейин 29.07.2020-ж.
саат 18:00гө чейин 01.08.2020-ж.
Кененирээк билүү >>
БШК Кемин районундагы Жаңы-Алыш айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону 7-августка дайындады
Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумду өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 21-июлундагы жыйынында, Чүй облусунун Кемин районундагы Жаңы-Алыш айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо боюнча токтом кабыл алды.
Чүй облусунун Кемин районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – акимдин 2020-жылдын 15-июлундагы №181 буйругу менен, Жаңы-Алыш айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы Таштанбек Сарсеитович Ибраимов өз арызына ылайык кызматынан бошотулган.
“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумду өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 6-7-14-18-беренелерине ылайык, “Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 49-беренеси боюнча, “Айыл өкмөт башчыларын шайлоонун тартиби жөнүндөгү” Жобо боюнча, КР БШК Чүй облусунун Кемин районундагы Жаңы-Алыш айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону 2020-жылдын 7-августуна саат 9-00дөн 12-00гө дайындады.
Кемин территориялык шайлоо комиссиясына шайлоону санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоо менен (1,5 – 2 метрлик аралыкты сактоону камсыздоо жана көзөмөлдөө, бир жолку маскаларды колдонуу, колду дезинфекциялык аралашма жана спирти бар антисептик менен жууп туруу) өткөрүү тапшырмасы берилди.
Кененирээк билүү >>
БШК Ат-Башы районундагы Ак-Жар айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун жыйынтыгын бекитти
КР шайлоо жана референдумду өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 21-июлундагы жыйынында “Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Ак-Жар айыл өкмөтүнүн башчысын 2020-жылдын 17-июлунда болуп өткөн шайлоонун натыйжасы жана добуш берүүнүн жыйынтыгы тууралуу протоколду бекитүү жөнүндө” токтомду кабыл алды.
2020-жылдын 17-июлунда КР шайлоо жана референдумду өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 26-июнундагы № 108 токтому менен дайындалган Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Ак-Жар айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү.
Ак-Жар айыл өкмөтүнүн башчылыгына жергиликтүү кеңештин депутаттары тарабынан көрсөтүлгөн эки талапкер Уланбек Келдибекович Осмонов жана Турусбек Кудайбергенович Аттокуров катталган.
2020-жылдын 17-июлундагы Ат-Башы территориялык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы тууралуу протоколу боюнча, добуш берүүгө Ак-Жар айылдык кеңешинин бардык 11 депутаты катышкан. Натыйжада У. К. Осмонов 10 добуш, Т. К. Аттокуров 1 добушка ээ болгон, “бардыгына каршы” эч ким добуш берген эмес.
Ат-Башы территориялык шайлоо комиссиясынын 2020-жылдын 17-июлундагы протоколу менен У. К. Осмонов Ак-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланган. Бул шайлоонун жыйынтыгы боюнча эч кандай арыздар жана билдирүүлөр түшкөн эмес.
У. К. Осмонов Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу жөнүндөгү” мыйзамынын 48-беренесинин талаптарына туура келет.
Кененирээк билүү >>
БШК Сокулук районундагы Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун жыйынтыгын бекитти
КР шайлоо жана референдумду өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 21-июлундагы жыйынында “Чүй облусунун Сокулук районундагы Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн башчысын 2020-жылдын 17-июлунда болуп өткөн шайлоонун натыйжасы жана добуш берүүнүн жыйынтыгы тууралуу протоколду бекитүү жөнүндө” токтомду кабыл алды.
2020-жылдын 17-июлунда КР шайлоо жана референдумду өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 26-июнундагы № 108 токтому менен дайындалган Чүй облусунун Сокулук районундагы Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү.
Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн башчылыгына жергиликтүү кеңештин депутаттары тарабынан көрсөтүлгөн эки талапкер Сталбек Джапарбекович Мусаев жана Мирбек Бөлөкбаевич Сүйүналиев катталган.
Сокулук территориялык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2020-жылдын 17-июлундагы протоколу боюнча Кызыл-Туу айылдык кеңешинин бардык 21 депутаты добуш берүүгө катышкан.
Добуш берүү учурунда С.Д. Мусаев 11 добуш, М. Б. Сүйүналиев 9 добуш алып, “бардыгына каршы” бир депутат добуш берген. Сокулук территориялык шайлоо комиссиясынын шайлоонун жыйынтыгы жөнүндөгү 2020-жылдын 17-июлундагы протоколу менен, Сталбек Джапарбекович Мусаев Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланганы аныкталган.
Сокулук районундагы Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун жыйынтыгы боюнча арыздар, билдирүүлөр түшкөн эмес.
Сокулук районунун Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча протоколдордун негизинде, КР БШК Сокулук районундагы Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн башчысынын шайланышын, Сталбек Джапарбекович Мусаевди Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн башчысы катары таанып, ага белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү тапшыруу боюнча токтом кабыл алды.
Кененирээк билүү >>
БШК Ысык-Ата районундагы Логвиненко айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун жыйынтыгын бекитти
КР шайлоо жана референдумду өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 21-июлундагы жыйынында “Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Логвиненко айыл өкмөтүнүн башчысын 2020-жылдын 15-июлунда болуп өткөн шайлоонун натыйжасы жана добуш берүүнүн жыйынтыгы тууралуу протоколду бекитүү жөнүндө” токтомду кабыл алды.
2020-жылдын 15-июлунда КР шайлоо жана референдумду өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 26-июнундагы № 108 токтому менен дайындалган Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Логвиненко айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү.
Логвиненко айыл өкмөтүнүн башчылыгына жергиликтүү кеңештин депутаттары тарабынан көрсөтүлгөн Бекжан Калмурзаевич Бообеков жана Ногайбек Джапанбекович Самтыров талапкер катары катталышкан. Добуш берүүгө Логвиненко айылдык кеңешиндеги 21 депутаттын 19у катышты. Добуш берүү учурунда Б. К. Бообеков 4 добуш алса, Н. Д. Самтыров 12 добушка ээ болгон, ал эми “бардыгына каршы” добушту 3 депутат берген. Шайлоонун жыйынтыгында Н. Д. Самтыров Логвиненко айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды.
Ысык-Ата территориялык шайлоо комиссиясына тапшырылган документтер боюнча Логвиненко айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланган Ногайбек Джапанбекович Самтыров 1979-жылы 31-мартта туулган, Кыргыз Республикасынын жараны, улуту кыргыз, жашаган жери Чоң-Далы айылы, үй-бүлөлүү.
Шайланган айыл өкмөт башчысынын жалпы эмгек стажы 11 жыл 8 ай, анын ичинен 11 жылдан бери жетекчилик кызматта. 2006-жылдан 2017-жылга чейин ОАО “Кыргызалтындын” ГУДСДМ кызматынын жетекчиси болгон. Жогорку билимдүү, Жусуп Баласагын атындагы кыргыз улуттук университетинен юриспруденция адистиги боюнча окуп билим алган.
Кыргыз Республикасынын ИИМ ГУИТ тарабынан 2020-жылдын 7-июлунда берилген маалымдама боюнча Н. Д. Самтыров Кыргыз Республикасынын территориясында сот жоопкерчилигине тартылган эмес. Ал Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу жөнүндөгү” мыйзамынын 48-беренесинин талаптарына туура келет.
Кененирээк билүү >>
КРнын БШК отурумунун күн тартиби, 21-июль 2020-ж.
Өткөрүү датасы: 21-июль 2020-ж.
Убактысы: 16.00
Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы
1. 2020-жылы 15-июлда өткөрүлгөн Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Логвиненко айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
(баяндамачы – Исаков Б.С., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн эксперти)
2. 2020-жылы 17-июлда өткөрүлгөн Чүй облусунун Сокулук районунун Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
(баяндамачы – Исаков Б.С., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн эксперти)
3. 2020-жылы 17-июлунда өткөрүлгөн Нарын облусунун Ат-Башы районунун Ак-Жар айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
(баяндамачы – Исаков Б.С., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн эксперти)
4. Чүй облусунун Кемин районунун Жаңы-Алыш айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындоо жөнүндө
(баяндамачы – Исаков Б.С., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн эксперти)
5. Ар түрдүү маселелер
Кененирээк билүү >>
-
Кененирээк билүү >>
БШК ЖК шайлоосуна чыгымдардын сметасын бекитти: Чыгымдар абдан сарамжалдуу
Бүгүн, 17-июлда Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 4-октябрына дайындалган КР Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоону уюштуруу жана даярдоо боюнча чыгымдардын сметасын бекитти.
Шайлоо комиссияларынын шайлоолорду, референдумдарды өткөрүүгө жана аларды уюштурууга байланышкан, шайлоо процесстерин башкаруу, окута турган жана маалыматтык иш-чараларды өткөрүүсү, кабыл алынган мыйзамдык процедураларга ылайык чыгымдардын бекитилген сметасынын чегинде, республикалык бюджеттин эсебинен аткарылат.
Эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу БШК иш-чаралар процессин уюштуруу үчүн өтө зарыл болгон чыгымдардын сметасын майда-чүйдөсүнө чейин түздү. Сметаны иштеп чыгууда бир шайлоодон экинчи шайлоого чейин көлөмү кайталанган жана системалуу мүнөзгө ээ болгон, шайлоолорду (референдумдарды) өткөрүү жана даярдоо боюнча уюштуруучулук иштерге/кызмат көрсөтүүлөргө, жабдуулардын топтомуна, материалдарга жана кызмат көрсөтүүлөргө, Кыргыз Республикасынын укуктук-ченемдик актылары койгон ченемдер, коэффициенттер, лимиттер, ставкалар колдонулду.
Бул сметада 2462 шайлоо участокторунун ачылышын, анын ичинен чет өлкөлөрдө жашаган же жүргөн кыргызстандыктар үчүн 42 шайлоо участогун чет өлкөлөрдө ачуу эске алынат.
Адатта бир шайлоо комиссиясында 10-12 адам иштесе, анда жалпы шайлоо участокторунун комиссияларындагы мүчөлөрдүн саны 30 833 адам – территориялык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү болсо (финансылык кызматкерлер) – 650 адамды түзөт. 2017-жылдан тарта территориялык шайлоо комиссияларынын жана участоктордогу шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү шайлоону өткөрүү жана даярдык көрүү мезгилинде айына 2,0-3,0 миң сомдон сый акы алышат.
Ошондой эле шайлоочулардын саны да эсепке алынып аларга да бир катар эсептөөлөр жасалды. 2020-жылдын 16-июлуна карата алдын-ала тизме боюнча өлкөдө 3 429 043 шайлоочу катталган, бул 2015-жылы болгон парламенттик шайлоодогу шайлоочуларга караганда 667 746 адамга көп.
Ал эми ишке тартыла турган кызматкерлердин саны шайлоочулардын санына жараша эсептелет. Айтсак, идентификациялоочу операторлордун саны 600 шайлоочуга бир оператор деген ченем менен эсептелет.
Мындан тышкары добуш бере турган күнү жана анын алдыңкы күнү БШКнын күнү-түнү иштей тургандыгына байланыштуу, ТШК жана УШК мүчөлөрүнө, ишке тартылган идентификация операторлоруна (1846 адам), коопсуздукту жана тартипти камсыздоочу ИИМ кызматкерлеринин (4680 адам) тамак-ашына бир күндө 500 сомдон бөлүнөт.
Ошол эле учурда финансылык ачыктыкты камсыздоо максатында, бюджеттен бөлүнүп жаткан каражаттардын эсебине жана отчеттуулугуна карата жаңыча ыкмалар иштелип чыкты.
Шайлоо комиссияларынын жана андан төмөнкү комиссиялардын андан ары каржылануучу чыгымдарынын сметасын түзүүдөгү жаңы ыкма, ТШК менен УШКнын чыгымдарынын корголгон статьялары боюнча акча каражаттарын ТШКга берүү болуп эсептелет: 2111 “Айлык акы”; 2121 “Соцфонд төлөмү”; 2211 “Кызматтык барып-келүүлөрдүн чыгымы”; 2215 “Башка товарлар менен кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу”; (окутууга кеткен чыгым, күнүмдүк каражат).
Төмөнкү шайлоо комиссияларынын – ТШК жана УШКнын чыгымдарынын башка статьялары (2212 “Байланыш кызматы үчүн төлөмдөр”, 2214 “Транспорттук чыгымдар”, 2215 “Башка товарларды жана тейлөөлөрдү сатып алуу”, 2222 “Учурдагы чарбалык иштер үчүн предметтер менен материалдарды сатып алуу”) Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү мыйзамга ылайык, борборлоштурулган тартип менен төлөнөт.
Акча каражаттарынын отчеттуулугу жана эсеби боюнча финансылоонун тартиби жөнүндөгү Жобого ылайык, шайлоолорду, референдумдарды өткөрүү жана даярдоо боюнча планды өз убагында материалдык-техникалык камсыздоо максатында, республикалык бюджеттен каржыланып жана ишке ашырууну узак убакыт талап кылган (товарларды, иштерди/кызмат көрсөтүүлөрдү жана башкаларды) иш-чараларды алдын ала аткара берүүгө болот. Бул үчүн өткөрүлгөн конкурстун/же аларды каржылоо боюнча шайлоо, референдум өткөрүү боюнча жогорудагыдай чечимди кабыл алуу аркылуу поставщиктер менен тиешелүү келишимдерди түзүп иштерди баштоого болот.
2020-жылдын республикалык бюджети жөнүндөгү мыйзамы менен 2020-жылдагы жалпы шайлоолорду өткөрүүгө пландуу чыгымдар 732 млн. сом суммасында бөлүнгөн.
Борбордук шайлоо комиссиясы сарамжалдоонун аркасы менен, суммасы 446 млн. 900 миң сом болгон сметаны бекитти.
Боршайком шайлоону өткөрүү жана ага даярдык көрүүнүн жүрүшүндө шайлоочулар менен шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн санитардык-эпидемиологиялык коопсуздугун камсыздоолордун алдын алат, буга корой турган сумма 60 млн. сомду түзөт. Бул маселе боюнча дайындалган шайлоонун өтө зарыл болгон муктаждыктарына көмөк көрсөтүүгө даярдыгын билдиришкен БУУнун Өнүктүрүү программасы (ПРООН), KOICA, ОБСЕ, Япониянын, Түштүк Кореянын, Германиянын, Швейцариянын элчиликтери, ЮСАИД жана башка эл аралык өнөктөштөр менен иш жүрүп жатат.
Маалыматтык бөлүм
Кененирээк
Кененирээк билүү >>
Кыргызстан менен Түштүк Кореянын Борбордук шайлоо комиссияларынын вебинары болуп өттү
16-июлда Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумду өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы менен Түштүк Кореянын Улуттук шайлоо комиссиясынын (УШК) ортосунда, 2020-жылдын 4-октябрында өтө турган КР Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоодо COVID-19 дартынын таралуусунун алдын алуу маселелери боюнча вебинар болуп өттү.
Эл аралык кызматташтык боюнча Корея агенттигинин (KOICA) колдоосу менен уюштурулган вебинарга КР БШК төрагасынын орунбасары А. Бегматов, Кореянын Улуттук шайлоо комиссиясынын башкаруучу директору Пак Чанджин, KOICAнын вице-президенти Пэк Су-Хе жана эки комиссиянын өкүлдөрү катышты.
Түштүк Кореянын УШК өкүлдөрү пандемия учурунда шайлоону уюштуруу тууралуу өз тажрыйбаларын айтып беришти. Алардын айтканына караганда, 2020-жылдын 15-апрелинде бүткүл өлкөдө атайын эс алуу күнү жарыяланган. Добуш берүүлөрдү уюштуруу үчүн бийлик 550 миң адамды ишке тарткан.
Улуттук жыйындын 21-чакырылышына шайлоолордун жүрүшүндө өлкө боюнча 14 330 шайлоо участоктору уюштурулган, бир шайлоо участогуна орточо 2000 миң шайлоочу туура келген. Бардык участоктор дезинфекцияланып, полдорго шайлоочулардын социалдык аралыкты сактоосуна жардам берүүчү белгилер тартылган. Ошондой эле өлкө боюнча 3 508 шайлоо участоктору мөөнөтүнөн мурда добуш берүү үчүн ачылган, алардын ар биринде орточо 3 300 шайлоочу добуш бере алган.
Кореянын Улуттук жыйынынын 21-чакырылышына шайлоо өткөрүү үчүн, чет өлкөлөрдөгү 85 дипломатиялык өкүлчүлүктөрдө 91 шайлоо участогу ачылган. Добуш берүү үчүн каттоодон өтүү онлайн жүргөн.
Даярдык көрүү алгоритми:
· Персоналдар менен камсыздоо: жардам берүүчү кызматкерлерди ишке алуу, жөнөкөйлөтүлүп, байланыш кылбай иштөөгө окутуу;
· Бюджет менен камсыздоо: бюджеттен жана резервдик фонддон бөлүү;
· Эпидемияга каршы каражаттар менен камсыздоо: акыркы шайлоодогу шайлоочулардын санына жараша массалык сатып алуулар;
· Бирге аракеттене турган мекемелердин кызматташтыгы боюнча система түзүү;
· Жарандарга маалымат жеткирүү: “Улуттук жыйындын 21-чакырылышына шайлоолордун жүрүшүндөгү жарандардын жүрүм-турум эрежелери”.
Добуш берүү алгоритми:
· Биринчи кезекте шайлоо участогуна кире бериш жерде бардык шайлоочулардын температурасы текшерилет. Температурасы 37,5℃ болгон жана башка симпомдору бар шайлоочулар добуш берүү үчүн убактылуу кабиналарга барышкан.
· Шайлоо участогуна кирүү алдында шайлоочу колун дезинфекциялап жана колуна бир жолку перчаткаларды кийген.
· Шайлоочулар маскаларын убактылуу алып, ким экендиги текшерилгенден кийин шайлоо бюллетендерин алышкан.
· Шайлоо кабинетинде бюллетенин толтургандан кийин шайлоочу бюллетенди шайлоо урнасына таштаган.
· Бир жолку перчаткасын атайын коюлган таштанды челекке ыргыткандан кийин шайлоо участогунан чыгып кеткен.
· Шайлоо участокторунун кызматкерлери добуш берүүнүн жүрүшүндө колдонулуучу бардык нерселерди регулярдуу түрдө дезинфекция жасап, имаратты желдетип турушкан.
Белгилүү болгондой, Түштүк Кореяда шайлоого катышуу акыркы 28 жылдагыга салыштырганда абдан жогору болгон. Эки жумадан кийин берилген бааларга караганда, алдын ала жасалган чаралардын натыйжалуу болгондугунан улам, шайлоо коопсуз болгон. Ушул убакыт ичинде өлкө боюнча оорунун болгону 14 учуру ачыкка чыккан.
КР БШК төрагасынын орунбасары А. Бегматов кесиптештерине 2020-жылдын 4-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоону өткөрүүгө даярдык көрүүдө шайлоонун бардык этаптарындагы коопсуздук боюнча алгоритмдерди түзүп жатышкандыгы боюнча маалымат берди. Азыркы учурда партиялар депутаттыкка талапкерлердин тизмесин түзүп жатышат. КР Боршайкому сьезддерди өткөрүүдө дистанциялык формаларды максималдуу колдонууга, же болбосо иш-чараларды социалдык-эпидемиологиялык коопсуздук чараларын камсыз кылуу менен өткөрүү сунуштарын берип жатат.
КР БШК Маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Акыркы жаңылыктар
01.10.2026
КР БШКда майыптыгы бар шайлоочулардын жана айрым категориядагы жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу боюнча Жумушчу топтун жыйыны өттү
01.10.2026
КР БШКнын бөлүм башчысы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Ардак грамотасы менен сыйланды
30.09.2026
Бир катар шайлоо участокторунун даректери өзгөрдү
30.09.2026
КР БШКсы бир катар аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерин толуктады
30.09.2026
КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
29.09.2026
КР БШКнын 2026-жылдын 30-сентябрындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору