Башкы Жаңылыктар

Жаңылыктар

2020–ж. 17-июлда өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору
17.07.2020

2020–ж. 17-июлда өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору

долбоор   КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БОРБОРДУК ШАЙЛОО КОМИССИЯСЫНЫН ОТУРУМУНУН КҮН ТАРТИБИ                                                                                                 Өткөрүү датасы: 17-июль 2020-ж.                                                                                               Убактысы: 17.00                                                                                               Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы   1. 2020-жылы 13-июлунда өткөрүлгөн Нарын облусунун Кочкор районунун Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө (баяндамачы – Исаков Б.С., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн эксперти)          2. Ысык-Көл облусунун Түп районунун Арал, Чүй облусунун Чүй районунун Ибраимов айыл өкмөттөрүнүн башчыларын кайра шайлоону дайындоо жөнүндө (баяндамачы – Исаков Б.С., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн эксперти) 3. 2020-жылдын 4-октябрына дайындалган  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасын бекитүү жөнүндө (баяндамачы – Дуйшембаева Г., эсепке алуу, отчеттулук жана пландоо бөлүмүнүн башчысы)   4. Ар түрдүү маселелер  
Кененирээк билүү >>
Түп районунун Арал айыл өкмөтүнүн башчысын 2020-жылдын 17-июлунда дайындалган шайлоо талапкердин жоктугунан болбой калды
17.07.2020

Түп районунун Арал айыл өкмөтүнүн башчысын 2020-жылдын 17-июлунда дайындалган шайлоо талапкердин жоктугунан болбой калды

Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Арал айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо, КР Боршайкомунун токтому менен 2020-жылдын 17-июлуна дайындалган. Тилекке каршы айыл өкмөтүнүн башчысы болууга бир дагы талапкер катталбагандыктан, шайлоо болбой калды. “Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 49-беренесине ылайык, берилген мөөнөттө бир дагы талапкер катталбаса, анда шайлоо кайрадан өткөрүлөт. Токтом долбоору боюнча, Түп районундагы Арал айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоону 2020-жылдын 31-июлуна саат 9:00дөн 12:00гө чейин дайындоо сунушталып жатат. Түп райондук территориялык шайлоо участогуна Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, ошондой эле мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары менен биргеликте санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоо менен шайлоону өткөрүүнү уюштуруу тапшырылды: - добуш берүүчү имаратты жана анын ичиндегилердин үстүн дезинфекциялоо; - шайлоо процессине катышуучулардын ортосу 1,5 - 2 метр аралыкты сактоосу үчүн белгилерди коюу; - кире бериш жана бюллетень берүүчү жерлерди санитайзерлер менен камсыздоо; - шайлоо процессине катышуучулардын температурасын байланышсыз термометр менен ченөө; - шайлоо процессине катышуучуларга бир жолу колдонулуучу маскаларды жана колкаптарды берүү; - колдонулуп жаткан материалдар менен предметтердин бардыгын дезинфекциялоо.
Кененирээк билүү >>
Ажыбаев Толукбек Бектурсунович Толук айыл окмөтүнүн башчысы болуп шайланды
17.07.2020

Ажыбаев Толукбек Бектурсунович Толук айыл окмөтүнүн башчысы болуп шайланды

2020-жылдын 17-июлунда Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Толук айыл окмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү. Толук айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна эки талапкер - Ажыбаев Толукбек Бектурсунович, Куракеев Абдыракман айылдык кенештин депутаттар тобу тарабынан көрсөтүлгөн жана катталган.   Толук айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоого айылдык кенешинин 11 депутатынан 9 депутаты катышты. Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу 2020-жылдын 17-июлдагы протоколуна ылайык, жашыруун добуш берүүнүн натыйжасы боюнча талапкер Т. Ажыбаев 9 добуш, талапкер А. Куракеев 0 добуш алышкан.   2020-жылдын 17-июлундагы шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү протоколго ылайык Ажыбаев Толукбек Бектурсунович Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Толук айыл окмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп таанылды.  
Кененирээк билүү >>
Сокулук районунун Кызыл-Туу айыл өкмөтүнун башчысы болуп Сталбек Джапарбекович Мусаев шайланды
17.07.2020

Сокулук районунун Кызыл-Туу айыл өкмөтүнун башчысы болуп Сталбек Джапарбекович Мусаев шайланды

2020-жылдын 17-июлунда Сокулук районундагы Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болду. Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн башчысы болууга эки талапкер Сталбек Мусаев жана Мирбек Сүйүналиев катталган. Экөө тең айылдык кеңештин депутаттарынын тобунан. Кызыл-Туу айыл өкмөтүндө бардыгы 21 депутат болсо, алардын бардыгы шайлоого катышты. Сокулук территориялык шайлоо комиссиясынын 17-июлдагы добуш берүүнүн жыйынтыктарынын протоколу боюнча, С. Мусаев 11 добуш алган. М. Сүйүнбаев болсо 9 добуш алып,  бардык талапкерлерге каршы добушту бир депутат берген. Ошентип, Сталбек Мусаев Чүй облусунун Сокулук районундагы Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды.
Кененирээк билүү >>
Чүй районунун Ибраимов айыл өкмөтүнө 2020-жылдын 17-июлунда дайындалган шайлоо кворум жоктуктан болбой калды
17.07.2020

Чүй районунун Ибраимов айыл өкмөтүнө 2020-жылдын 17-июлунда дайындалган шайлоо кворум жоктуктан болбой калды

17-июлда Чүй облусунун Чүй районундагы Ибраимов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болбой калды. Ибраимов айыл өкмөтүнүн башчысы болууга эки талапкер: Бакыт Нажимидинович Алиев жана Жекшен уулу Максат катталган. Экөө тең айылдык кеңештин депутаттарынын тобунан.   Ибраимов айыл өкмөтүнүн айылдык кеңешинин мандатынын саны 11ди түзөт. Айылдык өкмөттүн башчысын шайлоого 11 депутаттын ичинен болгону 4 депутат катышкан. “Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 49-беренесинин 5-бөлүгү боюнча, эгер шайлоо кворум жоктуктан болбой калса, анда Шайлоо жана референдумду өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы календарлык үч күндүн ичинде кайра шайлоолорду дайындайт. Бул учурда да шайлоо мурда катталган талапкерлер арасында өтөт.
Кененирээк билүү >>
Осмонов Уланбек Келдибекович Ак-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды
17.07.2020

Осмонов Уланбек Келдибекович Ак-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды

2020-жылдын 17-июлунунда Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Ак-Жар  айыл ѳкмѳтүнүн башчысын шайлоо болуп ѳттү. Ак-Жар айыл ѳкмѳтүнүн башчысынын кызмат ордуна 2 талапакер: Аттокуров Турусбек Кудайбергенович, Осмонов Уланбек Келдибекович айылдык кеңештин депутаттар тобу тарабынан кѳрсѳтүлгѳн. Ак-Жар айыл ѳкмѳтүнүн башчысын шайлоого Ак-Жар айылдык кеңешинин бардык 11 депутаты катышты. Ат-Башы аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу 2020-жылдын 17-июлундагы протоколуна ылайык, жашыруун добуш берүүнүн натыйжасы боюнча талапкер У.К.Осмонов 10 добуш, талапкер Т.К.Аттокуров 1 добуш алышкан, «бардык талапкерге каршы» позициясына 0 добуш. 2020-жылдын 17-июлундагы шайлоонун натыйжасы жѳнүндѳ протоколго ылайык Осмонов Уланбек Келдибекович Ак-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп таанылды.
Кененирээк билүү >>
Ат-Башы районунун Ак-Жар айыл ѳкмѳтүнүн башчысын шайлоо өткөрүлүүдө
17.07.2020

Ат-Башы районунун Ак-Жар айыл ѳкмѳтүнүн башчысын шайлоо өткөрүлүүдө

Бүгүн 2020-жылдын 17-июлунда Нарын облусундагы Ат-Башы районунун Ак-Жар айыл ѳкмѳтүнүн башчысын шайлоо ѳткѳрүлѳт. Ак-Жар айыл ѳкмѳтүнүн башчысынын кызмат ордуна 3 талапакер - Аттокуров Турусбек Кудайбергенович, Касмалиев Жаныбай Алтымышович, Осмонов Уланбек Келдибекович айылдык кеңештин депутаттар тобунун тарабынан кѳрсѳтүлгѳн. Маалымат иретинде: Ак-Жар айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Нарын облусунун Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы–акиминин 2020-жылдын 17-мартындагы №65/1-б буйругу менен ээлеген кызматынан бошотулган. КР БШК 2020-жылдын 26-июнундагы токтомуна ылайык айыл ѳкмѳтүнүн жаңы башчысын шайлоо 2020-жылдын 17-июлуна дайындалган. Коронавируз пандемиясынан (COVID-19) улам ѳзгѳчѳ кырдаал режими киргизилгендигине байланыштуу шайлоолор 2020-жылдын 23-мартында токтотула турган. КР БШК 2020-жылдын 26- июнундагы токтомуна ылайык токтотула турган айыл ѳкмѳттѳрүнүн башчыларын шайлоо 2020-жылдын 29-июнунан тартып кайра жандандырылган, ал эми добуш берүү күнү                 17-июл аныкталган. «Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ» КР Мыйзамына ылайык айыл ѳкмѳтүнүн башчыларын шайлоо жашыруун добуш берүү аркылуу  жергиликтүү айлдык кеңештин депутаттары тарабынан жүргүзүлѳт. Ак-Жар айылдык кеңешинде 11 депутат бар. Айылдык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын кѳпчүлүк добушун алган талапкер шайланды деп эсептелинет. Шайлоо Ат-Башы аймактык шайлоо комиссиясында ѳткѳрүлѳт. БШКнын токтомуна ылайык жергиликтүү мамлекеттик орган жана ЖӨАБ органы менен бирдикте Ат-Башы АШК тарабынан эпидемиологиялык коопсуздукту жана жарандардын ден соолугун сактоону камсыз кылуу үчүн тѳмѳндѳгү чаралар кабыл алынган: - шайлоонун алдында добуш берүү үчүн орун-жайлар, ошондой эле үстүнкү беттер толук түрдѳ дезинфекцияланган, - шайлоо процессинин катышуучуларынын ортосунда 1,5-2 метрлик аралыктарды сактоо үчүн белгилер коюлган. Шайлоого 11 депутат катышарын эске алуу менен, ал эми жол-жободо 3 саат аралыгында добуш берүү мүмкүнчүлүгү каралгандыгынан улам, арлыктарда жана убакыттарда катышуучуларды дистанциялоо үчүн мүмкүнчүлүктѳр бар. - добуш берүү үчүн жайдын кире беришинде жана бюллетендерди берүүчү жерде санитайзерлер коюлган, ал эми кире бергенде контаксыз термометр менен денет абы ѳлчѳнѳт. - алгоритмге ылайык шайлоонун бардык катышуучуларына АШК тарабынан жеке коргоо каражаттары – бир жолку бет кап жана кол кап берилген, - шайлоо процессинен бүткүл жүрүшүндѳ материалдарды жана предметтерди дезинфекциялоо жүргүзүлѳт.
Кененирээк билүү >>
Боршайком шайлоо участокторунун схемаларын жана чек араларын тактады
15.07.2020

Боршайком шайлоо участокторунун схемаларын жана чек араларын тактады

15-июлда Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына актуалдуу өзгөртүүлөр киргизилди. “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоо жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамына ылайык, алдын-ала түзүлгөн шайлоочулардын тизмеси www.tizme.gov.kg порталында добуш берүүгө 80 календарлык күн калганда жана шайлоо участокторунда добуш берүүгө 70 календарлык күн калганда жайгаша тургандыгы айтылды. Ушуга байланыштуу БШК КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын жер ресурстары боюнча Мамлекеттик агенттиги менен, даректүү каттоодогу мамлекеттик маалымат системасындагы маалыматтарды актуалдаштыруу боюнча биргелешкен иш алып барды. Даректүү каттоону тактоо боюнча жергиликтүү башкаруу органдары чоң көмөк көрсөтүштү. БШК менен мамлекеттик органдардын биргелешкен аракети, 2020-жылдын 4-октябрына дайындалган Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого даярдык көрүү алкагында, бардык жарандарды камтып жана алардын шайлоочу укуктарынын ишке ашырылышына максималдуу шарттарды түзүп жатат. Өткөн мезгил аралыгында даректүү каттоодо кыймылсыз мүлктөрдү каттоодогу болуп өткөн бардык өзгөрүүлөр эске алынды. Бул шайлоочулардын тизмесинин сапатын жакшыртууга өбөлгө болду. КР БШК Маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Чет өлкөлөрдөгү кыргызстандыктардын диаспоралары БШК менен 2020-жылдын 4-октябрындагы парламенттик шайлоолорго катышууну талкуулап жатышат
15.07.2020

Чет өлкөлөрдөгү кыргызстандыктардын диаспоралары БШК менен 2020-жылдын 4-октябрындагы парламенттик шайлоолорго катышууну талкуулап жатышат

Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы чет өлкөлөрдөгү кыргызстандыктардын диаспораларынын өкүлдөрү менен, 2020-жылдын 4-октябрындагы КР Жогорку Кеңешине шайлоолорго катышууну даярдоо алкагында онлайн-жолугушууларды өткөрөт. Жолугушуулар парламенттик шайлоолорго даярдык көрүү, шайлоонун учурдагы этаптары, ошондой эле чет өлкөлөрдө жашаган шайлоочулардын добуш берүүлөргө катышуусунун укуктук жана техникалык аспектилери тууралуу маселелерди талкуулоо, пикир алмашуу максатында өткөрүлөт.   15-июлда болуп өткөн кезектеги жолугушууга Россия Федерациясындагы, Казакстандагы, жана Түркиядагы кыргызстандыктардын диаспораларынын өкүлдөрү, КР БШК төрайымы Н. К. Шайлдабекова, Бишкек территориялык шайлоо комиссиясынын (ТШК) төрагасы К. А. Маматов, КР Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү, Миграция боюнча эл аралык уюмдан Бермет Молдобаева жана БУУнун Өнүктүрүү программасынан Юлия Шипилова жана башкалар катышты.  БШК төрайымы Н. К. Шайлдабекова чет өлкөлөрдө добуш берүүлөрдү уюштуруу үчүн Бишкек территориялык шайлоо комиссиясы тарабынан 42 шайлоо участогу түзүлүп, алардын ичинен Россиянын Иркутск, Якутск, Южный-Сахалин жана Сургут шаарларында 4 жаңы участок уюшулганы боюнча маалымат берди.   Шайлоого катышууну каалаган жарандар 26-июлдан 19-сентябрга чейин шайлоо комиссиясынын участогуна шайлоочулардын тизмесине кошуу боюнча арыз менен кайрыла алышат, же болбосо “Тизме” порталындагы шайлоочунун кабинети аркылуу электрондук форматта да кайрылышса болот. Шайлоочулардын тизмеси боюнча бардык маалымат  tizme.gov.kg. шайлоочулардын порталында жеткиликтүү.  Мекендештерге кайрылган Бишкек ТШКнын төрагасы К. А. Маматов  “Эми шайлоо комиссияларын түзүү зарыл” – деп билдирди. Ал мекендештерге өз өкүлдөрүн шайлоо комиссияларынын курамына активдүү кошуу жана Бишкек ТШКга дипломатиялык өкүлчүлүктөр аркылуу же түз эле өз сунуштарын 24-июлга чейин жиберүүлөрү боюнча кайрылды. Комиссиялар түзүлгөн соң окутуучу иш-чаралар онлайн режимде өткөрүлөт.   Жыйынга катышуучулар тарабынан шайлоо комиссияларынын курамдарына чет өлкөлөрдөгү жарандардын коомдук бирикмелеринин өкүлдөрүн кошуу сунуштары айтылды, мындай сунуштарды БШК жана Бишкек ТШК жетекчилери колдой тургандыгын билдиришти. Чет өлкөлөрдөгү жарандарга маалымат берүү жана алардын суроолоруна жооп берүү үчүн кампаниянын жүрүшүндө акысыз түз байланыш уюштурулат, ошондой эле партиялар тууралуу маалыматтык ресурстар talapker.kg. баракчасында, чет өлкөлөрдө добуш берүүнүн шарттары тууралуу жакында ишке киргизиле турган mekendesh.shailoo.kg сайтында маалыматтар берилет. Ушундай мүмкүнчүлүк КР Боршайкомунун БУУнун Өнүктүрүү программасы жана Миграция боюнча эл аралык уюм менен кызматташып ишке ашырып жаткан Кыргыз Республикасындагы шайлоого жардам берүү программасына ылайык пайда болду.   Чет өлкөлөрдө жашаган же ошол жактарда жүргөн жарандарга маалымат берүү үчүн түзүлгөн аянтча, шайлоо процесстери боюнча маанилүү маалыматтарды Кыргызстандан сыртта жүргөн шайлоочуларга түз жана ыкчам жеткирүүгө мүмкүндүк берет.    Кыргыз Республикасындагы 2020-2021-жылдардагы шайлоолорду колдоо боюнча программа Кыргызстандагы БУУнун Өнүктүрүү программасы тарабынан КР БШКсы менен кызматташтыкта Япониянын, Германиянын жана Швейцариянын финансылык колдоосу менен ишке ашырылып жатат. Программанын ишке ашуусуна жоопкер тарап болуп, көпчүлүгү Россия Федерациясында жана Казакстанда жашаган мигранттардын шайлоо укуктарын камсыздоо боюнча программанын компонентин ишке ашырып жаткан Миграция боюнча эл аралык уюм (МОМ) да эсептелет.    КР БШК Маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Чет өлкөлөрдө шайлоо комиссияларынын курамын түзүү башталды
15.07.2020

Чет өлкөлөрдө шайлоо комиссияларынын курамын түзүү башталды

Бишкек территориялык шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын территориясынан тышкары убактылуу жашап жатышкан Кыргызстандын шайлоочуларына, жарандардын коомдук уюмдарына, ошондой эле өлкөнүн саясый партияларына кайрылды. Кайрылууда Кыргыз Республикасынын территориясынан тышкары 42 шайлоо участоктору түзүлгөндүгү айтылат. Азыркы учурда ушул шайлоо участокторунун курамы жана резервдери түзүлүп жатат. Шайлоо комиссияларынын курамдары чет өлкөлөрдө жашап жатышкан Кыргыз Республикасынын жарандарынан, ошондой эле Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн, консулдук мекемелеринин кызматкерлеринен түзүлүшү каралган. Чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторунун резервдерине талапкерлерди тандоодо жарандардын өздөрүнүн макулдугун, ошондой эле шайлоо кампанияларына, коомдук турмушка катышкан тажрыйбасын, кесиптик жана жеке сапаттарын эске алуу зарыл. Чет өлкөлөрдөгү шайлоо комиссияларынын резервине жарандардын жыйналышынан талапкерлерди сунуш кылуу жөнүндөгү протоколдор, жыйындын төрагасынын жана катчысынын кол коюулары менен тастыкталат. Протоколго жыйындын катышуучуларынын тизмеси, алардын жашаган дареги жана кол коюлган тизмеси да тиркелиши керек. Чет өлкөлөрдөгү шайлоо комиссияларынын резервине саясый партиялардан талапкерлерди сунуш кылуу саясый партиялардын уставдарына ылайык жүргүзүлөт. Бишкек территориялык шайлоо комиссиясына саясый партиянын жетекчисинин (жыйындын төрагасынын) колу коюлуп, мөөрү басылган тиешелүү документ көрсөтүлөт. Жогоруда көрсөтүлгөндөргө: талапкердин чет өлкөдөгү шайлоо комиссиясынын курамында иштөөгө макулдугу боюнча арызы жана Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарын сактоо боюнча милдеттенмеси; паспорттун көчүрмөсү; иштеген, окуган жерин, билимин көрсөтүүсү камтылган биографиялык маалыматтар (кадрлар бөлүмүнөн жеке баракчасы же резюме); байланыш маалыматы: жашаган жеринин дареги, телефондору (үйдөгү, мобилдик телефону, электрондук почтасы) тиркелет. Чет өлкөлөрдөгү шайлоо комиссияларынын резервине жарандардын жыйындарынан, саясый партиялардан талапкерлерди тандоолор жөнүндөгү протоколдор, Бишкек территориялык шайлоо комиссиясында 2020-жылдын 24-июль, саат 18.00гө чейин, анын ичинде электрондук түрдө да кабыл алынат Маалымат үчүн телефондор: +996-312-382-426, +996-701-858-580 (WhatsApp) Эл. почта:      tikbishkek@gmail.com КР Боршайкомунун маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Боршайком чет өлкөлөрдө 42 шайлоо участокторунун түзүлүшүн бекитти, дагы экөө макулдашууда
15.07.2020

Боршайком чет өлкөлөрдө 42 шайлоо участокторунун түзүлүшүн бекитти, дагы экөө макулдашууда

Бүгүн, 15-июлда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында, 2020-жылдын 4-октябрында өтө турган КР Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоого өлкөдөн тышкары  аймактарда добуш берүүлөрдү уюштуруу үчүн шайлоо участокторун түзүү жөнүндөгү Бишкек территориялык шайлоо комиссиясынын чечими бекитилди. Ушул этапта Кыргыз Республикасынын өлкөдөн тышкары жашап же иштеп жүрүшкөн жарандарынын шайлоо укуктарын ишке ашыруу боюнча, бардыгы 42 шайлоо участоктору бекитилди (тизме тиркелет). “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү” конституциялык мыйзамдын талаптары боюнча, шайлоо участоктору Тышкы иштер министрлигинин сунушу боюнча жана аккредитация болгон мамлекеттердин макулдугу менен, чет мамлекеттердеги дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн, консулдук мекемелердин жана чет өлкөлөрдөгү мамлекеттик мекемелердин аймактарында  уюштурулат. Боршайкомдун жыйынында КР Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат боюнча департаментинин директору А. Имангазиев билдиргендей, Кыргыз Республикасынын РФдагы элчилигинин төрт канцеляриясы биринчи жолу Иркутск, Сургут, Южно-Сахалинск, Якутск шаарларында ачылып, аларда КР Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча шайлоо участоктору ачылат. Мындан тышкары Кыргыз Республикасынын көп сандаган жарандары жашап иштеп жүрүшкөндүгүнө байланыштуу дагы эки шайлоо участокторун Рим жана Париж шаарларында ачуу, аккредитация болгон мамлекеттердин макулдашуусунда турат.  Конституциялык мыйзамда бир имаратта эки же андан көп шайлоо учактоктору түзүлсө боло тургандыгы каралган. Ушул негиз менен Кыргыз Республикасынын Россиядагы элчилигинде, Москва шаарында эки шайлоо участогу ачылат. Бишкек территориялык шайлоо комиссиясынын төрагасы К. А. Маматов эми чет өлкөлөрдөгү шайлоо комиссияларынын курамын түзүү керектигин белгиледи. Бишкек территориялык шайлоо комиссиясы чет өлкөлөрдөгү кыргызстандыктарга, коомдук бирикмелерге, саясый партияларга участоктордогу шайлоо комиссияларынын курамына талапкерлерди көрсөтүү боюнча кайрылат. Чет өлкөлөрдөгү шайлоо комиссияларынын курамы Кыргыз Республикасынан тышкары жашап жүргөн жарандардын, коомдук уюмдардын, саясый партиялардын өкүлдөрүнүн, дипломатиялык жана консулдук мекемелердин кызматкерлеринин эсебинен түзүлөт. КР Боршайкомунун маалыматтык бөлүмү           Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоого добуш берүүнү уюштуруу боюнча Кыргыз Республикасынан тышкары шайлоо участокторунун тизмеси   № п/п № ШКУ Чет өлкөдөгү мекеме Дареги     9001, 9005 Россия Федерациясындагы КР элчилиги  Москва ш, Большая Ордынка  к 64.          9009 Екатеринбург шаарындагы КР Башкы консулдугу Екатеринбург ш, Щорс к 54а, офис 5.   9010 Новосибирск шаарындагы КР Башкы консулдугу Новосибирск ш,  Крылов к 64/1.   9002 КРнын РФдагы элчилигинин Санкт-Петербург шаарындагы канцеляриясы Санкт-Петербург ш, Чехов к, ү. 14 б лит А, пом.2Н.   9004 КРнын РФдагы элчилигинин Владивосток шаарындагы канцеляриясы Владивосток ш, Алеутская к, 15 “В”, офис 402.   9003 КРнын РФдагы элчилигинин Красноярск шаарындагы канцеляриясы Красноярск ш, проспект Мира 132.   9022 КРнынУкраинадагы элчилиги Киев ш, Печерский р-н, пер. Редутный 19/34.   9023 КРнын Беларусь Республикасындагы элчилиги Минск ш, Старовиленская  к,57.   9028 КРнын Казахстан Республикасындагы элчилиги Нур-Султан ш, Дипломатиялык шаарча В-5, Кунаев к 1.   9027 КРнын Алматы шаарындагы Башкы консулдугу Алматы ш, Луганск к, 30 "А".   9025 КРнын Өзбекистан Республикасындагы элчилиги Ташкент ш, Мирзо-Улугбек району, Ниёзбекйули к, 6 проезд, үй 30.   9024  КРнын Тажикистан Республикасындагы элчилиги Душанбе ш, Саид Носиров к, 56 а.   9011 КРнын Түркмөнстандагы элчилиги Ашхабат ш, Гарашсызлыкшаелы, ү. 17.   9012 КРнын Азербайджан Республикасындагы элчилиги Баку ш, Башир Сафарли к,133 (Бизнес центр «SatPlaza», 16-кабат)   9034 КРнын АКШдагы жана Канададагы элчилиги 2360 Massachusetts Avenue, NW, Washington D.C. 20008.   9038 КРнын Улуу Британиядагы жана Түндүк Ирландиядагы элчилиги Ascot House, 119 Crawford str., London, W1U 6BJ   9039 КРнын Швейцариядагы элчилиги AvenueBlanc 51, 1202 Geneve   9037 КРнын Бельгиядагы элчилиги Rue de l`Abbaye 47, 1050 Bruxelles   9032 КРнын Австрия Республикасындагы элчилиги Invalidenstrasse 3/8, 1030 Wien   9029 КРнын ФРГдагы элчилиги Берлин ш.) Otto-Suhr-Allee 146, 10585 Berlin.   9030 Франкфурттагы-Майне шаарындагы консулдук агенттик Broennerstrasse 20, 60313 Frankfurt am Main .   9031 КРнын ФРГдагы элчилигинин Бонндогу бөлүмү Aennchenstrasse 61, 53177 Bonn.   9036 КРнын Түркия Республикасындагы элчилиги Turan Gunes Bulvari, Galip Erdemcaddesi 25, Yildiz/Oran, Ankara 06450.   9035 КРнын Стамбул шаарындагы Башкы консулдугу Lamartin Caddesi No:7, Taksim, 34437 Beyoğlu, İstanbul.   9040 КРнын КЭРдеги элчилиги г.Пекин, 10/11 King's Villas 18, Xiaun Road, 100016 г.   9041 КРнын Гуанчжоу шаарындагы Башкы консулдугу г.Гуанчжоу, район Тяньхэ, Тяньхэлу 228, Гуаншэн имараты, к. 707.   9019 КРнын Япониядагы элчилиги 108-0073, г. Токио, Минато-ку, 1-5-7 Мита.   9042 КРнын Корея Республикасындагы элчилиги г. Сеул, Йонгсан-гу, Собингго-ро 91 лагиль 16-10 (Донгбингго-донг 28-17).   9008 КРнын Индия Республикасындагы элчилиги Д 2/2, ВасантВихар, г.Нью-Дели-110057.   9048 КРнын Малайзиядагы элчилиги 10-кабат, WismaSinHeapLee, 346 JalanTunRazak, 50400 Куала-Лумпур ш.   9045 КРнын Сауд Арабиясы королдугундагы элчилиги 6575 Amr Al Damri Street - Assafarat Dist. RIYADH 12511 - 3562 Kingdom of Saudi Arabia   9046 КРнын Кувейт Мамлекетиндеги элчилиги Кувейт  ш, район Сурра, Блок 6, 13-көчө, Вилла -34.   9050 КРнын Катар Мамлекетиндеги элчилиги Доха ш, Лежбайлат-64, Вилла №7,  №963 көчө.   9051 КРнын БАЭдагы элчилиги Bayn Al Jesrain, Villa 5, Qaryat Al BeriАбу-Даби.   9044 КРнын Дубай шаарындагы Башкы консулдугу Дубай ш, Дейра, район Ригга Аль Бутеен, Грин Тауэр имараты, офис № 302.   9043 КРнын Иран Ислам  Республикасындагы элчилиги Тегеран ш, Пасдаран /Наренджестан  к, 5,  № 24 үй, почта индекси 19579-35611.   9049 КРнын Пакистан Ислам Республикасындагы элчилиги Исламабад г, №12, 33-көчө. сектор F-8/1.       Биринчи жолу добуш берүү уюштурулуп жаткан Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн, консулдук мекемелеринин тизмеси     № № ШКУ Чет өлкөдөгү мекеме Шаар   9007 КРнын РФдагы элчилигинин Иркутск шаарындагы канцеляриясы Иркутск   9006 КРнын РФдагы элчилигинин Якутск шаарындагы канцеляриясы Якутск   9013 КРнын РФдагы элчилигинин Южно-Сахалинск шаарындагы канцеляриясы Южно-Сахалинск   9014 КРнын РФдагы элчилигинин Сургут шаарындагы канцеляриясы Сургут    
Кененирээк билүү >>
КРнын БШК отурумунун күн тартиби, 15-июль 2020-ж.
15.07.2020

КРнын БШК отурумунун күн тартиби, 15-июль 2020-ж.

Өткөрүү датасы: 15-июль 2020-ж. Убактысы: 17.00 Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы 1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнү уюштуруу үчүн Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары шайлоо участкаларын түзүү жөнүндө (баяндамачы – Уметалиев А.Т., Эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы) 2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясынын 2020-жылдын 20-январындагы №5 жана 2020-жылдын 30-январындагы №№14,15,16,17,18,19,20 токтомдору менен бекитилген айрым шайлоо учаткаларынын схемаларына жана чек араларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (баяндамачы – Исаков Б.С., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн эксперти) 3. Жалал-Абад шаардык кеңешинин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясынын чечимин бекитүү тууралуу (баяндамачы – Исаков Б.С., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн эксперти) 4. Ар түрдүү маселелер
Кененирээк билүү >>
Самтыров Ногайбек Джапанбекович Логвиненко айыл окмөтүнүн башчысы болуп шайланды
15.07.2020

Самтыров Ногайбек Джапанбекович Логвиненко айыл окмөтүнүн башчысы болуп шайланды

2020-жылдын 15-июлунда Чуй облусунун Ысык-Ата районундагы Логвиненко айыл окмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү. Логвиненко айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна эки талапкер - Бообеков Бекжан Калмурзаевич, Самтыров Ногайбек Джапанбекович айылдык кенештин депутаттар тобу тарабынан көрсөтүлгөн жана катталган. Логвиненко айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоого айылдык кенешинин 21 депутатынан 19 депутаты катышты. Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу 2020-жылдын 15-июлдагы протоколуна ылайык, жашыруун добуш берүүнүн натыйжасы боюнча талапкер Н.Самтыров 12 добуш, талапкер Б.Бообеков 4 добуш алышкан. “Бардык талапкерге каршы” позициясына 3 депутат добуш берген. 2020-жылдын 15-июлундагы шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү протоколго ылайык Самтыров Ногайбек Джапанбекович Логвиненко айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп таанылды.
Кененирээк билүү >>
Чуй облусундагы Ысык-Ата районунун Логвиненко айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо санитардык-эпидемиологиялык  эрежелерди сактоо камсыз кылынды
15.07.2020

Чуй облусундагы Ысык-Ата районунун Логвиненко айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо санитардык-эпидемиологиялык  эрежелерди сактоо камсыз кылынды

          Бүгүн 2020-жылдын 15-июлунда Чуй облусундагы Ысык-Ата районунун Логвиненко айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өткөрүлөт.           Логвиненко айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 2 талапкер – Бообеков Бекжан Калмурзаевич, Самтыров Ногайбек Джапанбекович айылдык кенештин депутаттар тобунун тарабынан көрсөтүлгөн жана катталган.             Маалымат иретинде: Логвиненко айыл өкмөтүнүн башчысы Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акими Б.Ж.Курмановдун  №19-р буйругу  менен 2020-жылдын 10-март күнү ээлеген кызматынан бошотулган.              КР БШК 2020-жылдын 18-мартындагы  токтомуна ылайык айыл өкмөтүнүн жаны башчысын шайлоо 2020-жылдын 8-апрелине дайындалган.               Коронавирус пандемиясынан (СOVID-19) улам өзгөчө кырдаал режими киргизилгендигине байланыштуу шайлоолор  2020- жылдын  23-мартында токтотула турган.               КР БШК 2020- жылдын 26-июнундагы токтомуна ылайык токтотула турган айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо 2020-жылдын 29- июнунан тартып кайра жандандырылган, ал эми добуш берүү күнү 15-июлга аныкталган, анткени шайлоолор токтотула турган күндөн алар аяктаганга чейин он жети күндүк мөөнөт калган.               «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү»  КР Мыйзамына ылайык айыл өкмөтүнүн башчыларын шайлоо жашыруун добуш берүү аркылуу жергиликтүү айылдык кенештин депутаттары тарабынан жүргүзүлөт.                  Логвиненко айылдык кенешинде 21 депутат бар. Айылдык кенештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушун алган талапкер шайланды деп эсептелинет.                   Шайлоо Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясында өткөрүлөт.                   БШК нын токтомуна ылайык жергиликтүү мамлекеттик орган жана ЖӨАБ органы менен бирдикте Ысык-Ата АШК тарабынан эпидемиологиялык  коопсуздукту жана жарандардын ден-соолугун сактоону камсыз кылуу үчүн төмөндөгү чаралар кабыл алынган:        -шайлоонун алдындагы добуш берүү үчүн орун-жайлар, ошондой эле үстүнкү беттер толук түрдө дезинфекциаланган,        -шайлоо процессинин  катышуучуларынын ортосунда 1,5-2 метрлик аралыктарды сактоо үчүн белгилер коюлган.                          Шайлоого 21 депутат катышаарын эске алуу менен, ал эми жол-жободо 3 саат аралыгында добуш берүү мүмкүнчүлүгү каралгандыгынан улам, аралыктарда жана убакыттарда катышуучуларды дистанциалоо үчүн мүмкүнчүлүктөр бар.          - добуш берүү үчүн жайдын кире беришинде жана бюллетендерди берүүчү жерде санитайзерлер коюлган, ал эми кире бергенде контаксыз термометр менен дене табы өлчөнөт.           - алгоритмге ылайык шайлоонун бардык катышуучуларына АШК тарабынан жеке коргоо каражаттары-бир жолку бет кап жана кол кап берилген,            - шайлоо процессинин бүткүл жүрүшүндө материалдарды жана предметтерди дезинфекциалоо жүргүзүлөт.
Кененирээк билүү >>
КРнын БШК отурумунун күн тартиби, 13-июль 2020-ж.
13.07.2020

КРнын БШК отурумунун күн тартиби, 13-июль 2020-ж.

Өткөрүү датасы: 13-июль 2020-ж. Убактысы: 17.00 Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы 1. Ала-Бука аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (баяндамачы – Исаков Б. С., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн эксперти) 2. А. Артыковдун арызы жөнүндө (баяндамачы – Шаршеналы у. А., Шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъектилеринин арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу топтун мүчөсү) 3. «Кыргызстан социал-демократиялык партиясы» саясий партиясынын билдирүүсү жөнүндө (баяндамачы – Шаршеналы у. А., Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттарын шайлоосунда саясий партиялардын документтерин кабыл алуу боюнча жумушчу топтун мүчөсү) 4. Ар түрдүү маселелер
Кененирээк билүү >>
Мамырбаев Алымбек Бирназарович Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды
13.07.2020

Мамырбаев Алымбек Бирназарович Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды

  2020-жылдын 13-июлунунда Нарын облусунун Кочкор районундагы Кош-Дөбө айыл ѳкмѳтүнүн башчысын шайлоо болуп ѳттү. Кош-Дөбө айыл ѳкмѳтүнүн башчысынын кызмат ордуна 4 талапакер - Мамырбаев Алымбек Бирназарович, Айдаров Азамат Жекшенбаевич, Асанбеков Качкын Сапарович, Казиев Сарыгул Женишбекович айылдык кеңештин депутаттар тобу тарабынан кѳрсѳтүлгѳн жана катталган. Кош-Дөбө айыл ѳкмѳтүнүн башчысын шайлоого Кош-Дөбө айылдык кеңешинин бардык 11 депутаты катышты. Кочкор аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу 2020-жылдын 13-июлундагы протоколуна ылайык, жашыруун добуш берүүнүн натыйжасы боюнча талапкер А.Б. Мамырбаев 7 добуш, талапкер А.Ж. Айдаров 1 добуш, талапкер К.С. Асанбеков 1 добуш, талапкер С.Ж. Казиев 1 добуш алышкан, «бардык талапкерге каршы» позициясына 1 депутат добуш берген. 2020-жылдын 13-июлундагы шайлоонун натыйжасы жѳнүндѳ протоколго ылайык Мамырбаев Алымбек Бирназарович Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп таанылды.
Кененирээк билүү >>
1 … 319 321 … 483