Башкы
Жаңылыктар
Жаңылыктар
Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого коомдук байкоочулар катталды
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 30-июлда өз жыйналышында 2020-жылдын 4-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого коомдук байкоочуларды каттоо жөнүндө чечим кабыл алды.
Коомдук байкоочулар катары төмөнкүлөр катталды:
- Асылбеков Таалайбек Спартакович «Жалпы иш» коомдук фондунан;
- Бобушев Сейт Рысбекович «Жалпы иш» коомдук фондунан;
- Аалиев Тариэль Муратбекович «Жалпы иш» коомдук фондунан;
- Рахматова Ракия Кадырбековна «Таза Шайлоо Ассоциациясы» юридикалык жактардын бирикмесинен.
Катталган коомдук байкоочуларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берилет.
Кененирээк билүү >>
КР БШК 17-августка Нарын облусунун Нарын районунун Он-Арча айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындады
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 30-июлда өз жыйналышында Нарын облусунун Нарын районунун Он-Арча айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындоо жөнүндө токтом кабыл алды. Шайлоо 2020-жылдын 17-августунда саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлөт.
Нарын облусунун Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акиминин 2020-жылдын 20-июлундагы №08 буйругу менен Он-Арча айыл өкмөтүнүн башчысы Молдосалиев Автандил Жыргалбаевич өзү берген арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулган.
Нарын аймактык шайлоо комиссиясына шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан 2020-жылдын 11-майындагы № 244 токтому менен бекитилген санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоо менен (1,5-2 метр аралыкты сактоону камсыздоо жана контролдоо, бир жолку бет каптарды колдонуу, дезинфекциялоочу эритмелер, спирт камтылган антисептик менен колдорду тазалоо) өткөрүүнү уюштуруу тапшырылды.
Кененирээк билүү >>
КР БШК Токтогул районунун Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун натыйжаларын бекитти
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 30-июлда өз жыйналышында 2020-жылдын 22-июлунда болуп өткөн Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө токтом кабыл алды.
Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна жергиликтүү кеңештин депутаттары көрсөткөн 2 талапкер – Сманова Гулбайра Бабановна жана Айтмурза уулу Азизбек катталган.
Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2020-жылдын 22-июлундагы протоколу менен Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешиндеги 21 депутаттан Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңештин бардык депутаттары катышканы белгиленген. Биринчи турда добуш берүүдө Сманова Г.Б. – 10, Айтмурза у. А. – 9 добуш алган, «Бардык талапкерлерге каршы» позициясына 1 добуш берилген жана 1 бюллетень жараксыз деп табылган. Экинчи турда Сманова Г.Б. 10 добуш алган, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына 10 добуш берилген.
Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндө 2020-жылдын 22-июлундагы протоколу менен Сманова Гулбайра Бабановна Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.
КР БШК өз токтому менен Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп, ал эми Сманова Гулбайра Бабановнаны Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп тапты.
Токтогул аймактык шайлоо комиссиясына Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн шайланган башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү берүү тапшырылды.
Кененирээк билүү >>
КР БШК Чыныбай Турсунбековдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы өз жыйналышында каза болгондугуна байланыштуу «Кыргызстан социал-демократиялык партиясы» парламенттик фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Турсунбеков Чыныбай Акуновичтин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө токтом кабыл алды.
Токтом КР Конституциясынын 73-беренесинин 3-бөлүгүнүн 9-пунктуна, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР конституциялык Мыйзамынын 65-беренесинин 4-бөлүгүнүн 3-пунктуна, “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө” КР Мыйзамынын 3-беренесинин 1-бөлүгүнүн 8-пунктуна, 2-бөлүгүнө, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” КР Мыйзамынын 7-беренесине ылайык кабыл алынды.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Турсунбеков Чыныбай Акуновичтин күбөлүгү жараксыз деп табылды.
Кененирээк билүү >>
КРнын БШК отурумунун күн тартиби, 30-июль 2020-ж.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
БОРБОРДУК ШАЙЛОО КОМИССИЯСЫНЫН ОТУРУМУНУН
КҮН ТАРТИБИ
Өткөрүү датасы: 30-июль 2020-ж.
Убактысы: 16.30
Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ч.А. Турсунбековдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө
(баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
2. 2020-жылдын 22-июлунда өткөрүлгөн Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
(баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
3. Нарын облусунун Нарын районунун Он-Арча айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындоо жөнүндө
(баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
4. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнүндө
(баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
5. 2020-жылдын 4-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого коомдук байкоочуларды каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти)
6. 2020-жылдын 4-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого коомдук байкоочуларды каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти)
7. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо шайлоо алдындагы үгүт иштерине катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет-басылмаларын аккредитациялоо жөнүндө
(баяндамачы – Шаршеналы у.А., укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы)
8. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 11-февралындагы №38 токтому менн бекитилген “Шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасы жөнүндө” Жобосуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
(баяндамачы – Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти)
9. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 15-июлундагы №129 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнү уюштуруу үчун Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары шайлоо участкаларын түзүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
(баяндамачы- Уметалиев А.Т., эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы)
10. Ар түрдүү маселелер
Кененирээк билүү >>
КР БШК пандемиянын курмандыктарынын үй-бүлөлөрүнө, жакындарына көңүл айтат
Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумду өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жамааты коронавирус инфекциясынын пандемиясынан каза болушкан адамдардын үй-бүлөлөрүнүн, жакындарынын аза кайгысын бөлүшөт.
Бүгүн, 30-июлда Кыргыз Республикасынын президентинин жарлыгынын негизинде өлкөнүн бардык аймактарында COVID- 19дун айынан каза болгондорду эскерүү үчүн улуттук аза күтүү күнү өтүп жатат. Бул күнү улуттук байрактар түшүрүлүп, каза болгондорду эскерүү иш-чаралары өтүүдө.
Кыргыз Республикасында пандемия башталгандан бери көптөгөн кыргызстандыктардын өмүрүн алды. Азыр дагы бул коркунучтуу дарт жайылып жатат. Расмий статистиканын артында жүздөгөн үй-бүлөлөрдүн азап-кайгысы жаткандыгын жакшы түшүнүп турабыз. Бир катар БШК кызматкерлери да тилекке каршы өз жакындарынан айрылышты. Бул өлкө үчүн жалпы трагедия, ар бирибиз үчүн орду толгус жоготуу
БШК жамааты ушундай оор күндөрдө өз жакындарын жоготкон адамдар менен бирге алардын аза кайгысын бөлүшөт. Аларга мындан ары бекем ден соолук, узун өмүр жана чыдамкайлыкты каалайт.
Кененирээк билүү >>
Боршайкомдун жумушчу топтору консультациялар үчүн ачык
Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумду өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы шайлоо процессинин маселелери үчүн жумушчу топторду түзгөн.
Жумушчу топтор шайлоо процессинде ага катышуучулардын агитация өткөрүү учурундагы жарандардын шайлоо укуктарын камсыздоосу үчүн ар кандай маселелерди кароосу, мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын, шайлоо комиссияларынын, саясый партиялардын жана башка органдар менен уюмдардын аракеттерине (аракет кылбаганына) даттануу мүмкүнчүлүктөрүн кароо үчүн түзүлгөн.
Мындан башка саясый партиялардын атайын эсептерди ачуусу, алып баруусу, саясый партиялардын шайлоо фонддорундагы каражаттар боюнча эсептердин отчеттуулугуна көзөмөл жүргүзүү да камсыздалат.
Төмөнкүдөй топтор түзүлдү:
ЖК депутаттарын шайлоого саясый партиялардын документтерин кабыл алуу боюнча жумушчу тобу.
Топтун жетекчиси – КР БШК төраганын орунбасары А. Ж. Эшимов.
Топтун катчысы -. М. Кожокеева.
Телефону: (0312) 620 829, (0556) 236 064
Шайлоо процессинде шайлоочуларга жана башка субьектилерге маалымат берүү жана агитациянын эрежелеринин маселелери боюнча жумушчу тобу.
Топтун жетекчиси – төраганын орунбасары А. Г. Бекматов
Топтун катчысы – А. Омуракунова
Телефону: (0312) 660 319, (0312) 665 452, (0554) 202 946.
Шайлоо процессине катышкан шайлоочулардын жана башка субьектилердин агитациянын эрежелери боюнча арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу тобу.
Топтун жетекчиси – БШК мүчөсү А. Т. Асаналиев.
Топтун катчысы – К. Уметалиев.
Телефону: (0312) 660 143, (0312) 660 286, (0552) 958 895.
КР шайлоо жана референдумду өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына караштуу көзөмөлдөөчү-ревизиялык топ.
Топтун жетекчиси – БШК мүчөсү Р. Баатырова.
Топтун катчысы – Р.Баширова.
Телефону: (0312) 626 338, (0551) 987 922.
Ыкчам реакцияны координациялоочу топ
Топтун жетекчисинин орунбасары – БШК мүчөсү К. М. Осмоналиев.
Топтун катчысы - Ч.Исмаилова.
Телефону: (0312) 626 324, (0770) 449 044.
Жумушчу топтор шайлоо процессинин катышуучуларына ар дайым консультация жана маалымат берип турууга даяр.
БШК Маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын маалыматтык ресурстары
Боршайком бир катар маалыматтык ресурстар шайлоо процессинин ар тарабы боюнча түрдүү маалыматтарды берерин билдирет.
КР БШКнын расмий сайты - https://shailoo.gov.kg/
Портал учурда болуп жаткан окуялар, шайлоо процесси, жыйындар, жоболор, КР БШК курамы жөнүндө маалыматтарды берип турат. Сайттын негизги максаты шайлоочуларды, шайлоо комиссияларын, саясый партияларды, мамлекеттик бийлик органдарын, жалпыга маалымдоо каражаттарын колдоо үчүн маалыматтык – технологиялык чөйрө түзүү болуп эсептелет.
Маалыматтык шайлоо системасы– http://ess.shailoo.gov.kg/
Ресурс өткөн жана учурдагы шайлоолордун жыйынтыгы боюнча маалыматтарды берип турат.
Добуштар кол менен эсептелген протоколду жана идентификациянын жыйынтык отчетун графикалык чагылдыруучу сайт - http://protocol.shailoo.gov.kg/
Ресурс өткөн жана учурдагы шайлоолордун АСУ жана добуштарды кол менен эсептөөнүн сканерленген протоколдорун алууга мүмкүндүк берет.
“Тизме” порталы - https://tizme.gov.kg/
КР БШК ресурсу шайлоочулардын облустар, гендер жана жаш өзгөчөлүктөрүнө жараша бөлүнүп берилген маалыматтарын камтыйт. Шайлоо мезгилинде күн сайын, а шайлоолордун арасында ай сайын жаңырып тура турган шайлоочулардын тизмеси жөнүндө статистика жайгашкан. Ресурс шайлоо кампанияларын пландоо үчүн пайдалуу, электоралдык чөйрөнүн динамикасы боюнча аналитикалык бөлүм бар.
Шайлоо участокторунун картасы - https://shailoo.gov.kg/kg/map/, https://shailoo.gov.kg/ru/map/.
Бул БШК ресурсу шайлоочуларга чек аралар, шайлоо участокторунун борборлорун картадан визуалдык көрсөтүү менен тааныштыруу үчүн.
Арыздар жана кайрылуулар үчүн ресурс - https://shailoo.gov.kg/kg/registry/, https://shailoo.gov.kg/ru/registry/
Бул БШК ресурсу шайлоо комиссияларына (БШК, ТШК, ШКУ) берилген арыздар жана билдирүүлөр, булар боюнча кабыл алынган чечимдер жана сот актылары менен таанышуу үчүн.
“Талапкер” маалыматтык ресурсу - http://talapker.shailoo.gov.kg/
Ресурс саясый партиялар жана талапкерлер жөнүндө төрт түрдүү маалыматты камтыйт:
Саясый партиялар жана талапкерлер жөнүндө жалпы маалымат,
Талапкерлердин тизмеси,
Саясый партиялардын жана талапкерлердин программасы (саясый партиялардын программасын көрсөтүүнүн сунуш кылынган формасы тиркелет),
Саясый партиялардын шайлоо фонддоруна түшкөн акча каражаттарынын булагы жана алардын чыгымдалышы жана талапкерлердин финансылык отчеттору жөнүндө маалыматтар.
Бардык ыкчам жаңылыктарды, БШК жыйындарын жана видеосабактарды төмөнкү ресурстардан алууга болот:
Телеграм – ШАЙЛО2020
https://t.me/joinchat/AAAAAEV_8i0N_XlH1Q-XJQ
Инстаграм – tsik_kyrgyzstan
https://www.instagram.com/tsik_kyrgyzstan/
Youtube – КР Боршайкому
https://www.youtube.com/channel/UC4Hhg8dK8khbhuCO8JaBj6w
Facebook – КР Борбордук шайлоо комиссиясы
https://www.facebook.com/shailoo.kg/
КР БШК Маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
-
-
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасындагы шайлоо процессин колдоо Программасынын Жетектөөчү комитетинин жыйналышы болуп өттү
2020-жылы 28-июлда өткөн жолугушуунун жүрүшүндө БУУ ӨП КРдин тиешелүү маморгандары менен кызматташтыкта жүзөгө ашырып жаткан Кыргыз Республикасындагы шайлоо процессин колдоо Программасынын алкагындагы иштин ортодогу жыйынтыктары каралды.
2020-жылдын 4-октябрына дайындалган Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого даярдануу жөнүндө маселени талкуулоонун алкагында шайлоо процессинин катышуучуларынын санитардык-эпидемиологиялык коопсуздугун камсыздоо маселесине айрыкча көңүл бурулду.
Жетектөөчү комитеттин мүчөлөрүнө КР БШК Республикалык штаб менен кызматташтыкта үгүт иштеринин мезгилинде, ошондой эле добуш берүү күнү шайлоо процессинин ар бир кадам боюнча тиешелүү алгоритмдерди иштеп чыгуу жаатында иш жүргүзүп жатканы тууралуу маалымат берилди.
Ал алгоритмдер тиешелүү маморгандардан ишке тартылган адистер тарабынан, ошондой эле коронавирус инфекциясынын эпидемиясы шарттарында шайлоо өнөктүктөрүн өткөргөн башка өлкөлөрдүн тажрыйбасынын негизинде иштелип чыкты.
Маалымат үчүн:
КР БШКнын төрагасы жана БУУ ӨПтүн КРдеги туруктуу өкүлү Л.Чемберлен Программанын Жетектөөчү комитетинин тең төрагалары болуп саналат.
Комитеттин мүчөлөрү: МКК төрагасы, БУУнун КРдеги тутумунун туруктуу координатору, Германиянын, Швейцариянын жана Япониянын КРдеги элчилери.
Төмөнкүлөр байкоочу болуп саналат: МОМдун КРдеги офисинин жетекчиси, КРдеги БУУ-Аялдар өкүлү, БУУнун адам укуктары боюнча Борбордук Азиядагы Жогорку комиссарынын Башкармалыгынын өкүлү жана ЮНИСЕФтин КРдеги өкүлү.
Кененирээк билүү >>
ЖӨБОнун башчыларын шайлоонун графиги
ЖӨБОнун башчыларын шайлоонун графиги
№
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын
Шайлоону өткөрүү убактысы
Талапкерлердин документтерин кабыл алуу мөөнөтү
Талапкерлердин
каттоо мөөнөтү
2020-жылдын 31-июлу
Кайра шайлоо
Ысык-Көл облусу
Түп району
1
Арал айыл өкмөтү
саат 9:00дөн 12:00гө чейин
саат 18:00гө чейин 23.07.2020-ж.
саат 18:00гө чейин 26.07.2020-ж.
2020-жылдын 31-июлу
Кайра шайлоо
Чүй облусу
Чүй району
2
Ибраимов айыл өкмөтү
саат 9:00дөн 12:00 чейин
саат 18:00гө чейин 23.07.2020-ж.
саат 18:00гө чейин 26.07.2020-ж.
2020-жылдын 7-августу
Чүй облусу
Кемин району
3
Жаңы-Алыш айыл өкмөтү
саат 9:00дөн 12:00 чейин
саат 18:00гө чейин 29.07.2020-ж.
саат 18:00гө чейин 01.08.2020-ж.
2020-жылдын 14-августу
Чүй облусу
Сокулук району
4
Сокулук айыл өкмөтү
саат 9:00дөн 12:00 чейин
саат 18:00гө чейин 06.08.2020-ж.
саат 18:00гө чейин 08.08.2020-ж.
2020-жылдын 14-августу
Ысык-Көл облусу
Тоӊ району
5
Кажи-Сай айыл өкмөтү
саат 9:00дөн 12:00 чейин
саат 18:00гө чейин 06.08.2020-ж.
саат 18:00гө чейин 08.08.2020-ж.
Кененирээк билүү >>
БШК КР ЖК депутаттарын шайлоодо шайлоо алдындагы үгүт иштерине катышуу үчүн 210 ЖМК жана интернет-басылмаларын аккредитациялады
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 27-июлда өз жыйналышында 2020-жылдын 4-октябрына дайындалган Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо шайлоо алдындагы үгүт иштерине катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет-басылмаларын аккредитациялоо тууралуу токтом кабыл алды.
210 ЖМК жана интернет-басылма – 57 телекомпания, 52 газета жана журнал, 26 радио жана 75 интернет-басылма аккредитация алды.
Эфир убактысын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын басма аянттарын бергендиги үчүн жана интернет-басылмаларда жарыялоо укугу үчүн акы тѳлѳѳнүн ѳлчѳмү жана башка шарттары жѳнүндѳ маалымат Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылмакчы.
Кененирээк билүү >>
БШК «Бүткүл жаштар саясий партиясы» саясий партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жөнүндө чечим кабыл алды
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 27-июлда өз жыйналышында «Бүткүл жаштар саясий партиясы» саясий партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жөнүндө» чечим кабыл алды.
2020-жылы 23-июлда «Бүткүл жаштар саясий партиясы» мурда сунуш кылган шайлоо жана каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрү Жакшылыков Руслан Жээнтаевичти жана Касымбаев Адилет Кубанычбековичти чакыртып алуу жөнүндө кабарлады жана шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары Топчубаев Эргешбайды жана каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары Ахматова Аделя Абубакировнаны дайындады.
КР БШКнын чечими менен Р. Жакшылыковдун жана А. Касымбаевдин каттоосу жокко чыгарылды, алардын каттоо күбөлүктөрү жараксыз деп таанылды. Э. Топчубаев жана А. Ахматова «Бүткүл жаштар саясий партиясы» саясий партиясынан шайлоо жана каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөр катары катталышты. Аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөр берилет.
Кененирээк билүү >>
Ош АШК курамына жана резервине өзгөртүүлөр киргизилди
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 27-июлда өз жыйналышында Ош аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө токтом кылды.
Маселен, өзү берген жеке арызынын негизинде «Замандаш» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Каримбеков Рустам Мукашевич Ош АШК курамынан чыгарылды, анда себеп катары башка жакка көчүп кеткени көрсөтүлгөн. Анын ордуна «Мекеним Кыргызстан» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Топчубаева Бактыгүл Амановна комиссиянын курамына киргизилди.
Бул өзгөртүүлөргө ылайык ушул АШК курамында саясий партиялардын 6 өкүл жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынан 6 өкүл, резервде – жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынан 51 өкүл бар.
Кененирээк билүү >>
БШК Токтогул районунун Толук айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун натыйжаларын бекитти
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 27-июлда өз жыйналышында 2020-жылдын 17-июлунда болуп өткөн Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Толук айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө токтом кабыл алды.
Толук айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна жергиликтүү кеңештин депутаттары сунуштаган 2 талапкер – Ажыбаев Толукбек Бектурсунович жана Куракеев Абдыракман катталган.
Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2020-жылдын 17-июлундагы протоколу менен Толук айылдык кеңешиндеги 11 депутаттан 9 депутат катышкан. Добуш берүүдө Т.Б. Ажыбаев – 9 добуш, А. Куракеев – 0 добуш алган. «Бардык талапкерлерге каршы» позициясына депутаттардын ичинен эч ким добуш берген эмес.
Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндө 2020-жылдын 17-июлундагы протоколу менен Ажыбаев Толукбек Бектурсунович Толук айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.
Токтогул АШКдан келип түшкөн Толук айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорунун негизинде КР БШК Толук айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп, ал эми Ажыбаев Толукбек Бектурсунович Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Толук айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп тапты.
Токтогул АШКга Толук айыл өкмөтүнүн шайланган башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү берүү тапшырылды.
Кененирээк билүү >>
БШК 14-августка Кажы-Сай жана Сокулук айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындады
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 27-июлда өз жыйналышында Ысык-Көл облусунун Тоӊ районунун Кажы-Сай, Чүй облусунун Сокулук районунун Сокулук айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө токтом кабыл алды.
Ысык-Көл облусунун Тоӊ райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акиминин 2020-жылдын 11-июнундагы №37 буйругу менен Кажы-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы Кутуев Памир Абыкаевич өзү берген арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулган.
Чүй облусунун Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акиминин 2020-жылдын 16-июлундагы №302-б буйругу менен Сокулук айыл өкмөтүнүн башчысы Сыдыков Бакытбек Дамирбекович өзү берген арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулган.
«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 14, 18-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы №3 токтому менен бекитилген «Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө» Жобосуна ылайык, КР БШК Ысык-Көл облусунун Тоӊ районунун Кажы-Сай, Чүй облусунун Сокулук районунун Сокулук айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону 2020-жылдын 14-августуна дайындоо жана саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүү жөнүндө токтом кабыл алды.
Тоӊ жана Сокулук аймактык шайлоо комиссияларына шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, ошондой эле санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин сактоо менен – 1,5-2 метр аралыкты сактоону камсыздоо жана контролдоо, бир жолку бет каптарды колдонуу, дезинфекциялоочу эритмелер, спирт камтылган антисептик менен колдорду тазалоону уюштуруу тапшырылды.
Кененирээк билүү >>
Акыркы жаңылыктар
01.10.2026
КР БШКда майыптыгы бар шайлоочулардын жана айрым категориядагы жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу боюнча Жумушчу топтун жыйыны өттү
01.10.2026
КР БШКнын бөлүм башчысы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Ардак грамотасы менен сыйланды
30.09.2026
Бир катар шайлоо участокторунун даректери өзгөрдү
30.09.2026
КР БШКсы бир катар аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерин толуктады
30.09.2026
КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
29.09.2026
КР БШКда президенттик шайлоого даярдык боюнча мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен кеңешме өттү