Башкы Жаңылыктар БШК ЖК шайлоосуна чыгымдардын сметасын бекитти: Чыгымдар абдан …

БШК ЖК шайлоосуна чыгымдардын сметасын бекитти: Чыгымдар абдан сарамжалдуу

17-Июл, 2020

Бүгүн, 17-июлда Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 4-октябрына дайындалган КР Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоону уюштуруу жана даярдоо боюнча чыгымдардын сметасын бекитти.

Шайлоо комиссияларынын шайлоолорду, референдумдарды өткөрүүгө жана аларды уюштурууга байланышкан, шайлоо процесстерин башкаруу, окута турган жана маалыматтык иш-чараларды өткөрүүсү, кабыл алынган мыйзамдык процедураларга ылайык чыгымдардын бекитилген сметасынын чегинде, республикалык бюджеттин эсебинен аткарылат.

Эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу БШК иш-чаралар процессин уюштуруу үчүн өтө зарыл болгон чыгымдардын сметасын майда-чүйдөсүнө чейин түздү. Сметаны иштеп чыгууда бир шайлоодон экинчи шайлоого чейин көлөмү кайталанган жана системалуу мүнөзгө ээ болгон, шайлоолорду (референдумдарды) өткөрүү жана даярдоо боюнча уюштуруучулук  иштерге/кызмат көрсөтүүлөргө, жабдуулардын топтомуна, материалдарга жана кызмат көрсөтүүлөргө, Кыргыз Республикасынын укуктук-ченемдик актылары койгон ченемдер, коэффициенттер, лимиттер, ставкалар колдонулду.

Бул сметада 2462 шайлоо участокторунун ачылышын, анын ичинен чет өлкөлөрдө жашаган же жүргөн кыргызстандыктар үчүн 42 шайлоо участогун чет өлкөлөрдө ачуу эске алынат. 

Адатта бир шайлоо комиссиясында 10-12 адам иштесе, анда жалпы шайлоо участокторунун комиссияларындагы мүчөлөрдүн саны 30 833 адам – территориялык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү болсо (финансылык кызматкерлер) – 650 адамды түзөт. 2017-жылдан тарта территориялык шайлоо комиссияларынын жана участоктордогу шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү шайлоону өткөрүү жана даярдык көрүү мезгилинде айына 2,0-3,0 миң сомдон сый акы алышат.

Ошондой эле шайлоочулардын саны да эсепке алынып аларга да бир катар эсептөөлөр жасалды. 2020-жылдын 16-июлуна карата алдын-ала тизме боюнча өлкөдө 3 429 043 шайлоочу катталган, бул 2015-жылы болгон парламенттик шайлоодогу шайлоочуларга караганда 667 746 адамга көп.

Ал эми ишке тартыла турган кызматкерлердин саны шайлоочулардын санына жараша эсептелет. Айтсак, идентификациялоочу операторлордун саны 600 шайлоочуга бир оператор деген ченем менен эсептелет.

Мындан тышкары добуш бере турган күнү жана анын алдыңкы күнү БШКнын күнү-түнү иштей тургандыгына байланыштуу, ТШК жана УШК мүчөлөрүнө, ишке тартылган идентификация операторлоруна (1846 адам), коопсуздукту жана тартипти камсыздоочу ИИМ кызматкерлеринин (4680 адам) тамак-ашына бир күндө 500 сомдон бөлүнөт.

Ошол эле учурда финансылык ачыктыкты камсыздоо максатында, бюджеттен бөлүнүп жаткан каражаттардын эсебине жана отчеттуулугуна карата жаңыча ыкмалар иштелип чыкты.  

Шайлоо комиссияларынын жана андан төмөнкү комиссиялардын андан ары каржылануучу чыгымдарынын сметасын түзүүдөгү жаңы ыкма, ТШК менен УШКнын чыгымдарынын корголгон статьялары боюнча акча каражаттарын ТШКга берүү болуп эсептелет: 2111 “Айлык акы”; 2121 “Соцфонд төлөмү”; 2211 “Кызматтык барып-келүүлөрдүн чыгымы”; 2215 “Башка товарлар менен кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу”; (окутууга кеткен чыгым, күнүмдүк каражат).

Төмөнкү шайлоо комиссияларынын – ТШК жана УШКнын чыгымдарынын башка статьялары (2212 “Байланыш кызматы үчүн төлөмдөр”, 2214 “Транспорттук чыгымдар”, 2215 “Башка товарларды жана тейлөөлөрдү сатып алуу”, 2222 “Учурдагы чарбалык иштер үчүн предметтер менен материалдарды сатып алуу”) Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү мыйзамга ылайык, борборлоштурулган тартип менен төлөнөт.

Акча каражаттарынын отчеттуулугу жана эсеби боюнча финансылоонун тартиби жөнүндөгү Жобого ылайык, шайлоолорду, референдумдарды өткөрүү жана даярдоо боюнча планды өз убагында материалдык-техникалык камсыздоо максатында, республикалык бюджеттен каржыланып жана ишке ашырууну узак убакыт талап кылган (товарларды, иштерди/кызмат көрсөтүүлөрдү жана башкаларды) иш-чараларды алдын ала аткара берүүгө болот. Бул үчүн өткөрүлгөн конкурстун/же аларды каржылоо боюнча шайлоо, референдум өткөрүү боюнча жогорудагыдай чечимди кабыл алуу аркылуу поставщиктер менен тиешелүү келишимдерди түзүп иштерди баштоого болот.

2020-жылдын республикалык бюджети жөнүндөгү мыйзамы менен 2020-жылдагы жалпы шайлоолорду өткөрүүгө пландуу чыгымдар 732 млн. сом суммасында бөлүнгөн.

Борбордук шайлоо комиссиясы сарамжалдоонун аркасы менен, суммасы 446 млн. 900 миң сом болгон сметаны бекитти.

Боршайком шайлоону өткөрүү жана ага даярдык көрүүнүн жүрүшүндө шайлоочулар менен шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн санитардык-эпидемиологиялык коопсуздугун камсыздоолордун алдын алат, буга корой турган сумма 60 млн. сомду түзөт. Бул маселе боюнча дайындалган шайлоонун өтө зарыл болгон муктаждыктарына  көмөк көрсөтүүгө даярдыгын билдиришкен БУУнун Өнүктүрүү программасы (ПРООН), KOICA, ОБСЕ, Япониянын, Түштүк Кореянын, Германиянын, Швейцариянын элчиликтери, ЮСАИД жана башка эл аралык өнөктөштөр менен иш жүрүп жатат.

Маалыматтык бөлүм

Кененирээк 

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШК мүчөлөрү аймактарда Президенттик шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулады
14-Окт, 2026

КР БШК мүчөлөрү аймактарда Президенттик шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулады

2026-жылдын 13–14-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов жана БШК мүчөсү Алмаз Айбалаев Ош шаарында, Ош облусунун Кара-Суу, Араван жана Алай райондорунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү менен жумушчу жыйындарды өткөрүштү.Жолугушуулардын негизги темасы 2027-жылдын 27-январына белгиленген Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү жана шайлоо процессин мыйзам талаптарына ылайык уюштуруу маселелери болду.Талкуунун жүрүшүндө шайлоочулардын шайлоо укуктарын толук кандуу ишке ашыруусуна зарыл шарттарды түзүү, шайлоо учурунда мыйзамдуулукту камсыз кылуу, жарандардын шайлоо укуктары менен эркиндиктерин сактоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.БШК төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр, жаңыланган шайлоо технологиялары, аралыктан добуш берүүнүн мүмкүнчүлүктөрү, автоматташтырылган маалыматтык тутумдардын колдонулушу жана талапкерлерди колдоо тартибинин өзгөчөлүктөрү тууралуу маалымат берди.Ошондой эле шайлоону даярдоо жана өткөрүүдө мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилигине токтолду. Укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнө шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна жол бербөө, мыйзамсыз кысым көрсөтүү жана шайлоо процессине кийлигишүү аракеттеринин алдын алуу, ошондой эле анын бардык катышуучулары үчүн коопсуз шарттарды камсыз кылуу зарылдыгын белгиледи.Өткөрүлгөн жолугушуулар шайлоого даярдык көрүү боюнча жергиликтүү деңгээлдеги уюштуруу иштерин талкуулоого, тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык органдардын өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылууга жана шайлоо мыйзамдарынын талаптарын так сактоо маселелерине көңүл бурууга багытталды.
Кененирээк билүү >>
Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды
14-Окт, 2026

Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды

Бүгүн, 14-октябрда, Касенов Аймен Абдыталипович Кыргыз Республикасынын Президенттигине өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына кайрылды. Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 2026-жылдын 13-ноябрына чейин белгиленген.
Кененирээк билүү >>
Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!
13-Окт, 2026

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!

Аккредитациялоо үчүн арыздарды кабыл алуу эртең, 2026-жылдын 14-октябрында, аяктайт.Бул - акыркы күн! Шашылыңыздар!Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо”  автоматташтырылган маалыматтык тутуму https://accreditation.srs.kg/ аркылуу жүргүзүлүүдө.Байланыш телефону: 0557 261994, 0312 665452
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>