Башкы Жаңылыктар Боршайком эл аралык байкоочулар менен иш алып барууда

Боршайком эл аралык байкоочулар менен иш алып барууда

24-Июл, 2020

КР шайлоо жана референдумду өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бир катар эл аралык жана өкмөттөр аралык уюмдарга шайлоого даярдыктын жүрүшүнө жана анын өтүшүнө байкоо жүргүзүү үчүн чакырууларды жиберди. Ошондой эле КР Боршайкомунун шайлоолорду мониторинг жасоо боюнча эки тараптуу өз ара карым-катнашы бар шайлоо органдарынын өкүлдөрү да чакырылды.

“КР Президентин жана КР ЖК депутаттарын шайлоо жөнүндөгү” конституциялык мыйзам боюнча, шайлоону дайындоо чечими расмий жарыяланган соң Президент, Жогорку Кеңеш, Өкмөт жана Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан чакырылган эл аралык байкоочулар Борбордук шайлоо комиссиясынан аккредитацияланат.

22-июлда КР шайлоо жана референдумду өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрайымы Н. Шайлдабекова менен ЕККУ Бюросунун демократиялык институттар жана адам укуктары (ЕККУ/БДИПЧ) боюнча мониторинг тобунун өкүлдөрү менен биринчи онлайн жолугушуусу болуп өттү.

КР Боршайкомунун чакыруусуна жооп катары БДИПЧ Кыргызстандагы муктаждыктарды баалоо боюнча миссияны (МОП) өткөрүүнү билдирди. МОПтун максаты шайлоо алдындагы абалды жана парламенттик шайлоолорго даярдыкты баалоо болуп эсептелет. Ушул баалоого таянуу менен БДИПЧ алдыда турган шайлоолорго карата ишмердикти баштоосу керекпи, ошондой эле ишмердиктин кайсы түрү пайда болгон муктаждыктарга жооп бере тургандыгы боюнча, МОП сунуш бериши керек. МОПтун курамына БДИПЧтын шайлоолор боюнча улук кеңешчиси А. Громов, БДИПЧтын шайлоо боюнча кеңешчиси К. Инаишвили жана ЕККУ парламенттик ассамблеясынын программалар жана административдик маселелер боюнча кызматкери М. Салохудинов кирет.

Жолугушууда БШК тарабынан Кыргыз Республикасынын парламентине дайындалган шайлоого даярдыктар COVID-19 пандемиясынын шартында болуп жаткандыгы жөнүндө маалымат берилди.

БШК ЕККУга мүчөлүк алкагындагы кызматташтыкты жогору баалайт, анын бир бөлүгү катары Кыргыз Республикасынын демократиялык шайлоо системасын реформалоодогу ЕККУ жана ЕККУ БДИПЧ менен кызматташуу жана алар тарабынан болуп жаткан колдоо эсептелет. Демократиялык шайлоо институтун өркүндөтүү үчүн өз ара аракеттенүүнүн маанилүү фактору болуп ЕККУ БДИПЧтин мониторинг миссиясы болуп саналат. 

Так айтканда 2015-жылы болуп өткөн парламенттик шайлоодо жана 2017-жылдагы КР президентин шайлоодо ЕККУ БДИПЧтин, ЕККУ парламенттик ассамблеясынын жана ЕККУ борборунун, Европа советинин биргелешкен мониторинг миссиясы КР БШКдан аккредитациядан өтүшкөн. Миссиянын ишинин жыйынтыгы менен сунуштар берилип, кыргыз тарап шайлоо укугун жана процессин өркүндөтүүдө аларды эске алат.

Белгилей кете турган жагдай, 2018-2020-жылдардагы шайлоо мыйзамдарын жакшыртуу стратегиясын иштеп чыгуу аракети ЕККУ БДИПЧ тарабынан колдоого алынып,  анда 2015-2017-жылдарда өткөн шайлоолордун жыйынтыгы боюнча улуттук жана эл аралык байкоочулардын, жарандардын сунуштары эске алынган. Шайлоо мыйзамдарын жакшыртуу боюнча биргелешкен иш жасалып, анын ичинде сатып алуу, административдик ресурсту кыянаттык менен колдонуу, шайлоолорду финансылоонун ачык болушу жана башкалар боюнча иш жүргүзүлгөн. Мүмкүнчүлүгү чектелген шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн укуктук шарттар, шайлоо участокторунун жеткиликтүүлүгү жана башка маселелер жакшыртылган.

Маалымат үчүн: 2017-жылы өткөн шайлоодо эл аралык байкоодон 725 эл аралык байкоочулар дүйнөнүн 56 өлкөсүнүн өкүлчүлүгү бар 47 эл аралык уюмдардан: КМШ аткаруу комитетинен, Шанхай кызматташтык уюмунан, ЕККУ БДИПЧ, шайлоо органдарынын бүткүл дүйнөлүк ассоциациясынан, шайлоо органдарынын Европа жана Азия ассоциацияларынан, Ислам конференциясы уюмунан, түрк тилдүү өлкөлөрдүн кеңешинен, Х. Зайдель фондунан жана башка жактардан катышкан.





КР БШК Маалыматтык бөлүмү

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Бишкекте жаш тренерлерди жарандык катышууга жана шайлоо процесстерине даярдоо программасынын жыйынтыгы чыгарылды
07-Окт, 2026

Бишкекте жаш тренерлерди жарандык катышууга жана шайлоо процесстерине даярдоо программасынын жыйынтыгы чыгарылды

Бүгүн, 7-октябрда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясында жаш тренерлерди жарандык катышууга жана шайлоо процесстерине даярдоо программасынын (Civic Trainers Lab) жыйынтыктоочу жолугушуусу өттү. Долбоордун уюштуруучулары - КР БШКнын Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борбору жана ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси, ошондой эле «Жаштарды өнүктүрүү институту» коомдук бирикмесинин колдоосу менен өткөрүлдү. Иш-чарага өлкөнүн жети аймагынан келген программанын эки агымынын бүтүрүүчүлөрү - жаш тренерлер катышты.Катышуучуларга КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР БШКнын ЖБББнын директору Анара Бейшембаева, ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин өкүлү жана ЖӨИнин директору Элизар Тилебалды уулу куттуктоо сөздөрү менен кайрылышты.Жаш тренерлерди даярдоо программасынын негизги окуялары жана жыйынтыктары, окутуу раунддарынын жана практикалык фазанын жыйынтыктарын, анын ичинде камтылган географияны, өткөрүлгөн каскаддык тренингдердин саны менен ЖӨИнин өкүлү Адельфия Аманкулова тааныштырды.КР БШКнын Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар башкармалыгынын башчысы Аскар Акимбаевдин шайлоо процессиндеги заманбап санариптик инструменттерге арналган, ошондой эле КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин өкүлү Бакай Кожомкул уулунун катышуучуларды мамлекеттик жаштар саясатынын багыттары жана аймактардагы жаштардын жарандык катышуу механизмдери менен тааныштырган конок лекциялары өттү.«Окутуудан практикага: эмне реалдуу иштеп кетти?» аттуу интерактивдүү сессияда катышуучулар аймактык кейстерди сунуштап, натыйжалуу усулдарды, тоскоолдуктарды талкуулашты жана биргелешкен «Жарандык тренерлер лабораториясынын тажрыйба картасын» түзүштү.Катышуучулар жана уюштуруучулар жаш тренерлердин КР БШК алдындагы ЖБББ жана мамлекеттик түзүмдөр менен кызматташуу форматтарын талкуулашты.
Кененирээк билүү >>
КР БШК мүчөлөрү аймактарда шайлоого даярдык көрүү маселелери боюнча жыйындарды өткөрүштү
07-Окт, 2026

КР БШК мүчөлөрү аймактарда шайлоого даярдык көрүү маселелери боюнча жыйындарды өткөрүштү

Үстүбүздөгү жылдын 6-7-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов жана БШК мүчөсү Миргүл Темирбаева Баткен облусунун Лейлек, Баткен, Кадамжай райондорунда жана Ош облусунун Ноокат районунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү менен жыйындарды өткөрүштү.Жыйындардын жүрүшүндө 2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүүнүн алкагында шайлоочулардын өз шайлоо укуктарын ишке ашыруусу үчүн тиешелүү шарттарды түзүү, ошондой эле шайлоону өткөрүү мезгилинде мыйзамдуулукту камсыз кылуу, жарандардын шайлоо укуктарын жана эркиндиктерин сактоо боюнча маселелер талкууланды.БШК төрагасынын орун басары шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр, шайлоо технологияларынын жаңыланышы, аралыктан добуш берүүнүн артыкчылыктары, автоматташтырылган маалыматтык тутумдар жана талапкерлерди колдоонун өзгөчөлүктөрү боюнча кеңири маалымат берди.Р. Жакышов шайлоону уюштуруу жана өткөрүүдө мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн ролуна токтолду.“Сиздердин милдетиңиздер – шайлоону уюштурууда анын калыс жана ачык өтүшү үчүн шарт түзүүгө көмөктөшүү. Ошол эле учурда процесске аралашпай, бардык процедуралардын мыйзамга ылайык өтүп жатканына көз салуу керек. Шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө тиешелүү ыйгарым укуктуу органдардын жана шайлоо комиссияларынын уюштуруу-техникалык маселелерди чечүү боюнча ишине жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары көмөк көрсөтүүсү зарыл”, – деп белгиледи Р. Жакышов.Мындан тышкары, укук коргоо органдарынын өкүлдөрүн мыйзам бузуулардын алдын алуу, кысым көрсөтүү же кийлигишүү аракеттерине өз убагында чара көрүү жана процесстин бардык катышуучулары үчүн коопсуз шарттарды түзүүгө чакырды.Жыйындарга облус жана шаар бийлигинин өкүлдөрү, акимдер, райондук уюмдар менен мекемелердин жетекчилери, айыл өкмөт башчылары, жергиликтүү кеңештердин төрагалары жана депутаттары, айыл башчылары, ошондой эле билим берүү мекемелеринин жетекчилери катышты. 
Кененирээк билүү >>
Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби
06-Окт, 2026

Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби

-
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты
05-Окт, 2026

КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты

Бүгүн, 5-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев кесиптик жетишкендиктери жана өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ар түрдүү тармактардын өкүлдөрүнө Жогорку Кеңештин сыйлыктарын тапшырды.Сыйлык тапшыруу аземинин алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери  Жогорку Кеңештин "Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" медалы менен сыйланышты.Кесиптештерибизди татыктуу сыйлыктары менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө багытталган мындан аркы иштеринде ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз.
Кененирээк билүү >>