Башкы
Жаңылыктар
Жаңылыктар
"Кыргызстан" саясый партиясы финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүн алмаштырды
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 6-августтагы жыйналышында 2020-жылдын 5-августунда “Кыргызстан” саясий партиясынан келип түшкөн мурда көрсөтүлгөн каржы маселеси боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдү кайра чакырып алуу жана Шамшидин уулу Разакты каржы маселеси боюнча ыйгарым укуктуу өкүл кылып дайындоо жөнүндө билдирмесин карады.
Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 9-июлундагы №39 чечими менен катталган “Кыргызстан” саясий партиясынан каржы маселеси боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Джунушева Джолдошбек Маликовичтин каттоосун жокко чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алды.
КР БШК Шамшидин уулу Разакты “Кыргызстан” саясий партиясынан каржы маселеси боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары каттоо жана “Кыргызстан” саясий партиясынан каржы маселеси боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Шамшидин уулу Разакка белгиленген үлгүдөгү каттоо күбөлүгүн берүү жөнүндө чечим чыгарды.
Чечим “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде кабыл алынды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК Кадамжай жана Токтогул аймактык шайлоо комиссияларынын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизди
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 6-августундагы жыйналышында өз токтому менен Кадамжай жана Токтогул аймактык шайлоо комиссияларынын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизди.
Өзгөртүүлөр «шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, КР БШКнын 2019-жылдын 6-декабрындагы №176 токтому менен бекитилген «Шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана шайлоо комиссияларынын резервин түзүү, жүргүзүү тартиби жөнүндө» Жобосуна ылайык киргизилди.
Кадамжай АШК мүчөсү Арыков Тайкары Кудайбердиевичтен түшкөн арыздын негизинде Борбордук шайлоо комиссиясы Баткен облусунун Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө токтом кылды:
жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан Арыков Тайкары Кудайбердиевич комиссиянын курамынан чыгарылсын;
жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан Сабиров Уланбек Абдисаматович резервден комиссиянын курамына киргизилсин.
Токтогул АШК мүчөсү Жетигенова Жаңыл Корошовнадан түшкөн арыздын негизинде БШК Жалал-Абад облусунун Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө токтом кылды:
• жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан Жетигенова Жаңыл Корошовна комиссиянын курамынан чыгарылсын;
• жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан Ибрагимова Ася Анарбековна резервден комиссиянын курамына киргизилсин.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК жергиликтүү кеңештердин үч депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 6-августтагы жыйналышында Бишкек жана Ноокат аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин үч депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки үч депутатка өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.
Жеке арызынын негизинде ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Васильев Лев Алексеевичтин (№2, «КСДП» деп.фракциясы) мандаты Юсупов Кабулджан Мусиновичке (№17, «КСДП» деп.фракциясы) өткөрүп берилди.
Жеке арызынын негизинде ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Усубалиев Эрмек Сыргаковичтин (№5, «КСДП» деп.фракциясы) мандаты Кадыров Сабиржан Бахтияровичке (№19, «КСДП» деп.фракциясы) өткөрүп берилди.
Депутаттын ыйгарым укуктары менен айкалышпаган башка ишке өткөнүнө байланыштуу жеке арызынын негизинде ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон Ош облусунун Ноокат районунун Кеңеш айылдык кеңешинин депутаты Осмоналиев Эрмамат Жумабековичтин мандаты Адиев Каныбек Ысмаиловичке өткөрүп берилди.
Ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган депутаттардын күбөлүктөрү жараксыз деп табылды.
Бишкек жана Ноокат аймактык шайлоо комиссияларына жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын каттоо жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшыруу жөнүндө токтом кылынды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК 24-августка Талды-Суу айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындады
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 6-августундагы өз жыйналышында Нарын облусунун Ат-Башы районунун Талды-Суу айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындоо жөнүндө токтом кабыл алды. Шайлоо 2020-жылдын 24-августунда 09:00дөн 12:00 гө чейин өткөрүлөт.
Нарын облусунун Ат-Башы районунун мамлекеттик администрация башчысы – акиминин 2020-жылдын 3-августундагы №182 буйругу менен Талды-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Бердигулов Уланбек Турдубекович берген арызынын негизинде ээлеген кызмат ордунан бошотулган.
Ат-Башы аймактык шайлоо комиссиясына шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өткөрүүнү уюштурууну, ошондой эле мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте төмөнкү санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоону уюштурууну жана камсыздоону тапшырды:
- добуш берүү үчүн жайды дезинфекциялоону;
- шайлоо процессинин катышуучуларынын ортосундагы 1,5-2-метрлик аралыкты сактоо үчүн ченемдерди белгилөөнү;
- жайдын кире беришине жана бюллетень берген жерге санитайзерлерди коюуну камсыздоону;
- шайлоо процессинин катышуучуларынын дене табын контактсыз термометр менен өлчөөнү;
- шайлоо процессинин катышуучуларына бир жолу пайдаланылчу бет кап жана кол кап берүүнү;
- колдонулуучу материалдарды жана буюмдарды дезинфекциялоону.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КРнын БШК отурумунун күн тартиби, 6 август 2020-ж.
долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
БОРБОРДУК ШАЙЛОО КОМИССИЯСЫНЫН ОТУРУМУНУН
КҮН ТАРТИБИ
Өткөрүү датасы: 6 август 2020-ж.
Убактысы: 14.00
Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы
1. Нарын облусунун Ат-Башы районунун Талды-Суу айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындоо жөнүндө
(баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
2. Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун 1-Май айыл аймагындагы № 2285 шайлоо участкасынын дарегин өзгөртүү жөнүндө
(баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
3. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Бишкек жана Ноокат аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
(баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
4. Кадамжай жана Токтогул аймактык шайлоо комиссиясияларынын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
5. "Кыргызстан" саясий партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө
(баяндамачы – М. Кожокеева, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттарын шайлоосунда саясий партиялардын документтерин кабыл алуу боюнча жумушчу топтун мүчөсү)
6. Шайлоочуларга жана шайлоо процессинин субъектилерине маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча жумушчу топтун чечимин карап чыгуу жөнүндө («Чоң казат» саясий партиясы боюнча)
(баяндамачы - Абдысатаров Т., Шайлоочуларга жана шайлоо процессинин субъектилерине маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча жумушчу топтун мүчөсү)
7. Ар түрдүү маселелер
Кененирээк билүү >>
2020-жылдын 30-июлуна карата саясий партиялардын шайлоо фондуларына каражаттардын түшүүсү жана чыгымдалышы жөнүндө маалымат
“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 41-беренесинин 12-пунктуна ылайык банк же башка мекемелер саясий партиянын атайын эсебинде турган каражаттардын түшүүсү жана чыгымдалышы жөнүндө Борбордук шайлоо комиссиясына жума сайын маалымат берип турууга милдеттүү. Ал маалымат келип түшкөнүнө жараша жеке маалыматтар жана банк сыры жөнүндө мыйзамдарды эске алуу менен Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтына милдеттүү түрдө жайгаштырылууга тийиш.
КР БШКнын контролдук-текшерүү тобу 2020-жылдын 30-июлуна карата 44 саясий партиянын ичинен 41и БШК тарабынан белгиленген эки банк мекемеси – “РСК Банк” ААКда жана “Айыл Банк” ААКда атайын эсептерин ачып, шайлоо фондуларын түзгөнүн билдирет.
Төмөндө банк маалыматтарынын негизинде 4 саясий партиянын шайлоо фондуларына каражаттардын түшүүсү жана чыгымдалышы жөнүндө маалымат берилди. Башка партиялардын шайлоо фондуларынын атайын эсептериндеги каражаттардын кыймылы азырынча жок.
"Мекеним Кыргызстан" саясий партиясынын шайлоо фондусунун атайын эсебине акча каражаттарынын түшүүсү жана чыгымдалышы жөнүндө
МААЛЫМАТТАР
"Мекеним Кыргызстан" СП
2020-жылдын 9-июлунан тартып 2020-жылдын 30-июлуна карата мезгилде каражат келип түштү
Эсептешүү эсебине каражаттарды киргизүү датасы
Келип түшүү булагы
Суммасы (сом)
17.07.2020
Джайчиева Гульбарчин Эр Турсуновна
3 000 000
30.07.2020
Амантуров Мирлан Казылаевич
35 000
Бардыгы:
3 035 000
2020-жылдын 9-июлунан тартып 2020-жылдын 30-июлуна карата мезгилде каражат чыгымдалды
Эсептешүү эсебинен чыгаруу датасы
Алуучу
Чыгымдардын түрлөрү
Суммасы (сом)
17.07.2020
«Айыл Банк» ААК
Чек китепчеси үчүн комиссия
55
20.07.2020
Джайчиева Гульбарчин Эр Турсуновна
Чек боюнча берүү
300 000
23.07.2020
«Айыл Банк» ААК
Чыгымдоо ордери боюнча накталаштыруу үчүн комиссия
600
23.07.2020
Джайчиева Гульбарчин Эр Турсуновна
Чек боюнча берүү
150 000
24.07.2020
Джайчиева Гульбарчин Эр Турсуновна
Чек боюнча берүү
100 000
29.07.2020
«Айыл Банк» ААК
"Интернет Банкинг" системасын тейлөө үчүн комиссия
300
30.07.2020
Ак-Терек Айыл өкмөтү
Реклама щитин ижарага алгандык үчүн алдын ала төлөө
7 000
30.07.2020
Тон Айыл өкмөтү
Реклама щитин ижарага алгандык үчүн алдын ала төлөө
7 000
30.07.2020
Кун-Чыгыш Айыл өкмөтү
Реклама щитин ижарага алгандык үчүн алдын ала төлөө
7 000
30.07.2020
Улахол Айыл аймагы
Реклама щитин ижарага алгандык үчүн алдын ала төлөө
7 000
30.07.2020
Болот Мамбетов Айыл өкмөтү
Реклама щитин ижарага алгандык үчүн алдын ала төлөө
7 000
Бардыгы:
585 955
"Социал-демократтар" саясий партиясынын шайлоо фондусунун атайын эсебине акча каражаттарынын түшүүсү жана чыгымдалышы жөнүндө
МААЛЫМАТТАР
"Социал-Демократтар" СП
2020-жылдын 9-июлунан тартып 2020-жылдын 30-июлуна карата мезгилде каражат келип түштү
Эсептешүү эсебине каражаттарды киргизүү датасы
Келип түшүү булагы
Суммасы (сом)
13.07.2020
Конурбаева Аида Азаматовна
300
17.07.2020
Асаналиев Акылбек Сангытбекович
50 000
22.07.2020
Абдыкеримов Бакыт Тилебердиевич
53150
Бардыгы:
103 450
2020-жылдын 9-июлунан тартып 2020-жылдын 30-июлуна карата мезгилде каражат чыгымдалды
Эсептешүү эсебинен чыгаруу датасы
Алуучу
Чыгымдардын түрлөрү
Суммасы (сом)
21.07.2020
«Айыл Банк» ААК
Чек китепчеси үчүн комиссия
55
22.07.2020
"ШНОС" ЖЧК
Эсепке ылайык
4 831
22.07.2020
«Айыл Банк» ААК
Которуу үчүн комиссия
20
23.07.2020
«Айыл Банк» ААК
Чыгымдоо ордери боюнча накталаштыруу үчүн комиссия
198
23.07.2020
Конурбаева Аида Азаматовна
Чек боюнча берүү
53 900
29.07.2020
«Айыл Банк» ААК
"Интернет Банкинг" системасын тейлөө үчүн комиссия
300
29.07.2020
Конурбаева Аида Азаматовна
Чек боюнча берүү
9 695
30.07.2020
ЖИ "Ложников Дмитрий Валерьевич"
Келишим боюнча
1 000
Бардыгы:
69 999
“Кыргызстандын жашылдар партиясы”саясий партиясынын шайлоо фондусунун атайын эсебине акча каражаттарынын түшүүсү жана чыгымдалышы жөнүндө
МААЛЫМАТТАР
Кыргызстандын жашылдар СП
2020-жылдын 9-июлунан тартып 2020-жылдын 30-июлуна карата мезгилде каражат келип түштү
Эсептешүү эсебине каражаттарды киргизүү датасы
Келип түшүү булагы
Суммасы (сом)
10.07.2020
Булекбаев Эркин Касымович
200
Бардыгы:
200
2020-жылдын 9-июлунан тартып 2020-жылдын 30-июлуна карата мезгилде каражат чыгымдалды
Эсептешүү эсебинен чыгаруу датасы
Алуучу
Чыгымдардын түрлөрү
Суммасы (сом)
Бардыгы:
0
"Бир Бол" мамлекетик биримдик жана патриотизм саясий партиясынын шайлоо фондусунун атайын эсебине акча каражаттарынын түшүүсү жана чыгымдалышы жөнүндө
МААЛЫМАТТАР
"Бир Бол" мамлекетик биримдик жана патриотизм СП
2020-жылдын 9-июлунан тартып 2020-жылдын 30-июлуна карата мезгилде каражат келип түштү
Эсептешүү эсебине каражаттарды киргизүү датасы
Келип түшүү булагы
Суммасы (сом)
21.07.2020
Арзымбаева Чынара Кыясовна
76 000
28.07.2020
Арзымбаева Чынара Кыясовна
600 000
Бардыгы:
676 000
2020-жылдын 9-июлунан тартып 2020-жылдын 30-июлуна карата мезгилде каражат чыгымдалды
Эсептешүү эсебинен чыгаруу датасы
Алуучу
Чыгымдардын түрлөрү
Суммасы (сом)
21.07.2020
Гросс төлөмдөрүн жүргүзүү үчүн комиссиялык кирешелер
Келишим боюнча кызмат көрсөтүүлөр үчүн
150
21.07.2020
Жеке ишкер "Платонова И.А."
Келишимге ылайык орун жайларды ижарага берүү жана төлөөгө эсептер
75223
28.07.2020
Эсептешүү-кассалык тейлөө
Келишим боюнча кызмат көрсөтүүлөр үчүн
60
28.07.2020
Kyrgyz Investment and Credit Bank ЖИ "Талгат кызы Карима"
Үгүт материалдарын –футболкаларды даярдагандык үчүн алдын ала төлөө
588000
Бардыгы:
663 433
Кененирээк билүү >>
-
-
Кененирээк билүү >>
КР БШК Шайлоочуларды идентификациялоо тартиби жөнүндө нускаманы бекитти
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 3-июлдагы жыйналышында Шайлоочуларды идентификациялоо тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү жөнүндө токтом кабыл алды.
Токтом шайлоочулардын добуш берүүдө, ошондой эле шайлоочулар ката же так эместикти тапканда же болбосо шайлоо дарегин алмаштырганда арыз берген учурда биометрикалык идентификациядан өтүүсүн караган “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР конституциялык Мыйзамынын 15-беренесинин 2, 3-бөлүктөрүн 31-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүн, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР Мыйзамынын 13-беренесинин 2-бөлүгүн, 31-беренесинин 2, 7-бөлүктөрүн, 33-беренесинин 6-бөлүгүн ишке ашыруу максатында кабыл алынды.
Шайлоочуларды идентификациялоо жол-жобосу шайлоочулардын өздүгүн уникалдуу биометрикалык маалыматтар – тиешелүү база ресурсунда камтылган колдун манжаларынын жана бет түзүлүшүнүн папиллярдык чийиндери боюнча ырастоону карайт.
Нускама шайлоочулар шайлоо комиссияларына арыз берген учурда жана добуш берүүдө идентификация жүргүзүүнүн тартибин аныктайт.
Кененирээк билүү >>
КР БШК 17-августка Арал жана Ибраимов айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындады
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 17-июлунда Ысык-Көл облусунун Түп районунун Арал айыл өкмөтүнүн, Чүй облусунун Чүй районунун Ибраимов айыл өкмөтүнүн башчыларын кайра шайлоону дайындоо жөнүндө токтом кабыл алды.
КР БШКнын 2020-жылдын 17-июлундагы №133 токтому менен 2020-жылдын 31-июлуна дайындалган Ысык-Көл облусунун Түп районунун Арал айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо кворумдун жоктугуна байланыштуу өткөн жок.
КР БШКнын 2020-жылдын 17-июлундагы №133 токтому менен 2020-жылдын 31-июлуна дайындалган Чүй облусунун Чүй районунун Ибраимов айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо кворумдун жоктугуна байланыштуу өткөн жок.
“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” КР Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, КР БШКнын 2017-жылдын 6-январындагы №3 токтому менен бекитилген “Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө” Жобосуна ылайык КР БШК Ысык-Көл облусунун Түп районунун Арал айыл өкмөтүнүн башчысын жана Чүй облусунун Чүй районунун Ибраимов айыл өкмөтүнүн башчысын мурда каттоодон өткөн талапкерлер менен кайра шайлоону 2020-жылдын 17-августуна дайындоо жана саат 9:00дөн 12:00гө чейин өткөрүү жөнүндө токтом кылды.
Түп жана Чүй аймактык шайлоо комиссияларына шайлоолорду Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өткөрүүнү уюштурууну, ошондой эле мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте төмөнкү санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоону уюштурууну жана камсыздоону тапшырды:
- добуш берүү үчүн жайды дезинфекциялоону;
- шайлоо процессинин катышуучуларынын ортосундагы 1,5-2-метрлик аралыкты сактоо үчүн ченемдерди белгилөөнү;
- жайдын кире беришине жана бюллетень берген жерге санитайзерлерди коюуну камсыздоону;
- шайлоо процессинин катышуучуларынын дене табын контактсыз термометр менен өлчөөнү;
- шайлоо процессинин катышуучуларына бир жолу пайдаланылчу бет кап жана кол кап берүүнү;
- колдонулуучу материалдарды жана буюмдарды дезинфекциялоону.
Кененирээк билүү >>
Талас АШКнын курамына жана резервине өзгөртүүлөр киргизилди
КР БШКнын 3-августтагы токтому менен Талас облусунун Талас аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине өзгөртүүлөр киргизилди.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан Малдыбаева Элмира Муратбековна комиссиянын курамынан чыгарылды. Анын ордуна резервде турган жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан Кыдыргычова Айнур Капаровна комиссиянын курамына киргизилди.
Токтом Талас аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөсү Э.М. Малдыбаеванын комиссиянын курамынан чыгаруу жөнүндө арызынын негизинде «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» КР Мыйзамынын 7, 18, 19-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» КР Мыйзамынын 21-1-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна, КР БШКнын 2019-жылдын 6-декабрындагы №176 токтому менен бекитилген «Шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана шайлоо комиссияларынын резервин түзүү, жүргүзүү тартиби жөнүндө» Жобосуна ылайык кабыл алынды.
Кененирээк билүү >>
КРнын БШК отурумунун күн тартиби, 3 август 2020-ж.
Өткөрүү датасы: 3 август 2020-ж.
Убактысы: 14.00
Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы
1. Талас аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
2. Ысык-Көл облусунун Түп районунун Арал, Чүй облусунун Чүй районунун Ибраимов айыл өкмөттөрүнүн башчыларын кайра шайлоону дайындоо жөнүндө
(баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
3. «Кыргызстан социал-демократиялык партиясы» саясий партиясынын билдирүүсү жөнүндө
(баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
4. “Шайлоочуларды идентификациялоо тартиби жөнүндө” Нускама тууралуу
(баяндамачы – М. Кутбердиева, укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти)
5. Ар түрдүү маселелер
Кененирээк билүү >>
БШК КР ЖК депутаттарын шайлоодо шайлоо алдындагы үгүт иштерине катышуу үчүн ЖМК жана интернет-басылмаларын аккредитациялады
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 30-июлда өз жыйналышында 2020-жылдын 4-октябрына дайындалган Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо шайлоо алдындагы үгүт иштерине катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын дагы14 жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет-басылмаларын аккредитациялоо тууралуу токтом кабыл алды.
Эфир убактысын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын басма аянттарын бергендиги үчүн жана интернет-басылмаларда жарыялоо укугу үчүн акы тѳлѳѳнүн ѳлчѳмү жана башка шарттары жѳнүндѳ маалымат Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырыды.
Кененирээк билүү >>
2020-жылдын 24-июлуна карата саясий партиялардын шайлоо фондуларына каражаттардын түшүүсү жана чыгымдалышы жөнүндө маалымат
“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 41-беренесинин 12-пунктуна ылайык банк же башка мекемелер саясий партиянын атайын эсебинде турган каражаттардын түшүүсү жана чыгымдалышы жөнүндө Борбордук шайлоо комиссиясына жума сайын маалымат берип турууга милдеттүү. Ал маалымат келип түшкөнүнө жараша жеке маалыматтар жана банк сыры жөнүндө мыйзамдарды эске алуу менен Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтына милдеттүү түрдө жарыяланууга тийиш.
КР БШКнын контролдук-текшерүү тобу 2020-жылдын 24-июлуна карата 43 саясий партиянын ичинен 41и БШК тарабынан белгиленген эки банк мекемеси – “РСК Банк” ААКда жана “Айыл Банк” ААКда атайын эсептерин ачып, түзгөнүн билдирет.
Төмөндө банк маалыматтарынын негизинде 4 саясий партиянын шайлоо фондуларына каражаттардын түшүүсү жана чыгымдалышы жөнүндө маалымат берилди. Башка партиялардын шайлоо фондуларынын атайын эсептериндеги каражаттардын кыймылы жөнүндө азырынча маалымат жок.
Талапкердин, "Мекеним Кыргызстан" саясий партиясынын шайлоо фондусунун атайын эсебине акча каражаттарынын түшүүсү жана чыгымдалышы жөнүндө
МААЛЫМАТТАР
"Мекеним Кыргызстан" СП
2020-жылдын 9-июлунан тартып 2020-жылдын 24-июлуна карата мезгилде каражат келип түштү
Эсептешүү эсебине каражаттарды киргизүү датасы
Келип түшүү булагы
Суммасы (сом)
17.07.2020
Джайчиева Гульбарчин Эр Турсуновна
3 000 000
Бардыгы:
3 000 000
2020-жылдын 9-июлунан тартып 2020-жылдын 24-июлуна карата мезгилде каражат чыгымдалды
Эсептешүү эсебинен чыгаруу датасы
Алуучу
Чыгымдардын түрлөрү
Суммасы (сом)
17.07.2020
«Айыл Банк» ААК
Чек китепчеси үчүн комиссия
55
20.07.2020
Джайчиева Гульбарчин Эр Турсуновна
Чек боюнча берүү
300 000
23.07.2020
«Айыл Банк» ААК
Чыгымдоо ордери боюнча накталаштыруу үчүн комиссия
600
23.07.2020
Джайчиева Гульбарчин Эр Турсуновна
Чек боюнча берүү
150 000
24.07.2020
Джайчиева Гульбарчин Эр Турсуновна
Чек боюнча берүү
100 000
Бардыгы:
550 655
Талапкердин, "Социал-демократтар" саясий партиясынын шайлоо фондусунун атайын эсебине акча каражаттарынын түшүүсү жана чыгымдалышы жөнүндө
МААЛЫМАТТАР
"Социал-Демократтар" СП
2020-жылдын 9-июлунан тартып 2020-жылдын 24-июлуна карата мезгилде каражат келип түштү
Эсептешүү эсебине каражаттарды киргизүү датасы
Келип түшүү булагы
Суммасы (сом)
13.07.2020
Конурбаева Аида Азаматовна
300
17.07.2020
Асаналиев Акылбек Сангытбекович
50 000
22.07.2020
Абдыкеримов Бакыт Тилебердиевич
53150
Бардыгы:
103 450
2020-жылдын 9-июлунан тартып 2020-жылдын 24-июлуна карата мезгилде каражат чыгымдалды
Эсептешүү эсебинен чыгаруу датасы
Алуучу
Чыгымдардын түрлөрү
Суммасы (сом)
21.07.2020
«Айыл Банк» ААК
Чек китепчеси үчүн комиссия
55
22.07.2020
"ШНОС" ЖЧК
Эсепке ылайык
4 831
22.07.2020
«Айыл Банк» ААК
Которуу үчүн комиссия
20
23.07.2020
«Айыл Банк» ААК
Чыгымдоо ордери боюнча накталаштыруу үчүн комиссия
198
23.07.2020
Конурбаева Аида Азаматовна
Чек боюнча берүү
53 900
Бардыгы:
59 004
Талапкердин, Кыргызстандын жашылдар саясий партиясынын шайлоо фондусунун атайын эсебине акча каражаттарынын түшүүсү жана чыгымдалышы жөнүндө
МААЛЫМАТТАР
Кыргызстандын жашылдар СП
2020-жылдын 9-июлунан тартып 2020-жылдын 24-июлуна карата мезгилде каражат келип түштү
Эсептешүү эсебине каражаттарды киргизүү датасы
Келип түшүү булагы
Суммасы (сом)
10.07.2020
Булекбаев Эркин Касымович
200
Бардыгы:
200
2020-жылдын 9-июлунан тартып 2020-жылдын 24-июлуна карата мезгилде каражат чыгымдалды
Эсептешүү эсебинен чыгаруу датасы
Алуучу
Чыгымдардын түрлөрү
Суммасы (сом)
Бардыгы:
0
Талапкердин, "Бир Бол" мамлекетик биримдик жана патриотизм саясий партиясынын шайлоо фондусунун атайын эсебине акча каражаттарынын түшүүсү жана чыгымдалышы жөнүндө
МААЛЫМАТТАР
"Бир Бол" мамлекетик биримдик жана патриотизм СП
2020-жылдын 9-июлунан тартып 2020-жылдын 24-июлуна карата мезгилде каражат келип түштү
Эсептешүү эсебине каражаттарды киргизүү датасы
Келип түшүү булагы
Суммасы (сом)
21.07.2020
Арзымбаева Чынара Кыясовна
76 000
Бардыгы:
76 000
2020-жылдын 9-июлунан тартып 2020-жылдын 24-июлуна карата мезгилде каражат чыгымдалды
Эсептешүү эсебинен чыгаруу датасы
Алуучу
Чыгымдардын түрлөрү
Суммасы (сом)
21.07.2020
Гросс төлөмдөрүн жүргүзүү үчүн комиссиялык кирешелер
Келишим боюнча кызмат көрсөтүүлөр үчүн
150
21.07.2020
Жеке ишкер "Платонова И.А."
Келишимге ылайык орун жайларды ижарага берүү жана төлөөгө эсептер
75223
Бардыгы:
75 373
Кененирээк билүү >>
2020-жылдын 31-июлуна дайындалган Түп районунун Арал айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо кворумдун жоктугуна байланыштуу өтпөй калды
2020-жылдын 31-июлуна дайындалган Ысык-Көл облусунун Түп районунун Арал айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо кворумдун жоктугуна байланыштуу өтпөй калды.
Ысык-Көл облусунун Түп районунун мамлекеттик администрация башчысы – акиминин 2020-жылдын 27-февралындагы №18 буйругу менен Арал айыл өкмөтүнүн башчысы Мамытов Бактыбек Орозгелдиевич берген арызынын негизинде ээлеген кызмат ордунан бошотулган.
“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык КР БШКнын 2020-жылдын 6-мартындагы №67 токтому менен Ысык-Көл облусунун Түп районунун Арал айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2020-жылдын 24-мартына дайындалган.
Кыргыз Республикасынын аймагына өзгөчө кырдаал режими киргизилгенине байланыштуу, COVID-19 коронавирус инфекциясынын таралышын болтурбай коюу максатында, КР Коопсуздук кеңешинин 2020-жылдын 21-мартындагы №6 чечимине жана КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 22-мартындагы №93-р буйругуна ылайык, КР БШКнын 2020-жылдын 23-мартындагы №85 токтому менен 2020-жылдын 24-мартына дайындалган Ысык-Көл облусунун Түп районунун Арал айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо убактылуу токтотулган.
КР БШКнын 2020-жылдын 26-июнундагы №108 токтому менен 2020-жылдын 29-июнунан тартып, Ысык-Көл облусунун Түп районунун Арал айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо жаңыланып, 2020-жылдын 30-июну добуш берүү күнү деп аныкталган.
Арал айыл өкмөтүнүн башчысы кызмат ордуна эки талапкер – мамлекеттик администрация башчысы – акими тарабынан көрсөтүлгөн Чоркозов Эрлан Акматович жана айылдык кеңештин депутаттар тобунан көрсөтүлгөн Курманов Иманбек Карыбаевич катталган. Арал айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоого Арал айылдык кеңешинин бардык 11 депутаты катышты. Түп аймактык шайлоо комиссиясынын 2020-жылдын 30-июнундагы добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө протоколуна ылайык добуш берүүдө талапкер Чоркозов Э.А. 5 добуш, талапкер Курманов И. К. 0 добуш алган, “бардык талапкерлерге каршы” позициясы үчүн 6 добуш берилген. Талапкерлерге караганда “бардык талапкерлерге каршы” позициясы үчүн айылдык кеңештин депутаттарынын көпчүлүк добушу берилгендигине байланыштуу шайлоо өтпөй калды деп таанылган.
“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” КР Мыйзамынын 49-беренесине ылайык, эгерде талапкерлерге караганда “бардык талапкерлерге каршы” позициясы үчүн депутаттардын көпчүлүк добушу берилсе, жаңы талапкерлерди көрсөтүү менен кайра шайлоо өткөрүлөт.
КР БШКнын 2020-жылдын 3-июлундагы №125 токтому менен Арал айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2020-жылдын 17-июлуна дайындалган. Бирок бир дагы талапкер катталбагандыгына байланыштуу шайлоо өтпөй калган.
“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” КР Мыйзамынын 49-беренесине ылайык, эгерде белгиленген мөөнөттө бир дагы талапкер катталбаса, кайра шайлоо өткөрүлөт.
КР БШКнын 2020-жылдын 17-июлундагы №133 токтому менен Түп районунун Арал айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2020-жылдын 31-июлуна дайындалган. Айылдык кеңештин депутаттарынын тобунан көрсөтүлгөн бир талапкер – Жигитеков Азамат Курманбекович катталган. Бирок 31-июлда Арал айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо кворумдун жоктугуна байланыштуу өтпөй калды: 11 депутаттан 11 депутат катышкан эмес.
Кененирээк билүү >>
2020-жылдын 31-июлуна дайындалган Чүй облусунун Чүй районунун Ибраимов айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо кворумдун жоктугуна байланыштуу өтпөй калды
2020-жылдын 31-июлунда Чүй облусунун Чүй районунун Ибраимов айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо экинчи жолу өтпөй калды.
Ибраимов айыл өкмөтүнүн башчысы кызмат ордуна эки талапкер – Алиев Бакыт Нажимидинович жана Жекшен уулу Максат катталган. Экөө тең айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн.
Ибраимов айылдык кеңеште 11 депутаттык мандат бар. Ибраимов айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоого 11 депутаттын 5өө катышты, 6оо катышкан жок.
“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык, эгерде айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо кворумдун жоктугуна байланыштуу эки жолу өтпөй калса, кайра шайлоо өткөрүлөт.
Кененирээк билүү >>
КР Борбордук шайлоо комиссиясы кыргызстандыктарды Курман айт майрамы менен куттуктайт!
Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумду өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы кыргызстандыктарды бүгүнкү Курман айт майрамы менен куттуктайт.
2020-жылы биз Курман айт майрамын бүткүл дүйнөлүк пандемиянын абдан катаал шарттарында белгилеп жатабыз. Ушундай татаал сыноолор бул ыйык майрамдын гумандуулугун ого бетер арттырып турат.
Мээримдүүлүк менен боорукерликтин дат баспаган баалуулуктарын камтыган бүгүнкү Курман айт майрамы мындан ары да элибиздин келечегине ишеним тартуулап, үлгү болорлук соопчулук иштерге шыктандырып, жашоого үмүт берип, жан дүйнөсүнө тынчтык тартууласын!
КР БШК Кыргыз Республикасынын жарандарына бекем ден соолук, бакубат жашоо каалайт!
Кененирээк билүү >>
Акыркы жаңылыктар
02.10.2026
КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү
02.10.2026
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады
01.10.2026
КР БШКда майыптыгы бар шайлоочулардын жана айрым категориядагы жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу боюнча Жумушчу топтун жыйыны өттү
01.10.2026
КР БШКнын бөлүм башчысы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Ардак грамотасы менен сыйланды
30.09.2026
Бир катар шайлоо участокторунун даректери өзгөрдү
30.09.2026
КР БШКсы бир катар аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерин толуктады