БШК Токтогул районунун Толук айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун натыйжаларын бекитти

27 июля 2020

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 27-июлда өз жыйналышында 2020-жылдын 17-июлунда болуп өткөн Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Толук айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө токтом кабыл алды.

Толук айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна жергиликтүү кеңештин депутаттары сунуштаган 2 талапкер – Ажыбаев Толукбек Бектурсунович жана Куракеев Абдыракман катталган.

Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2020-жылдын 17-июлундагы протоколу менен Толук айылдык кеңешиндеги 11 депутаттан 9 депутат катышкан. Добуш берүүдө Т.Б. Ажыбаев – 9 добуш, А. Куракеев – 0 добуш алган. «Бардык талапкерлерге каршы» позициясына депутаттардын ичинен эч ким добуш берген эмес.

Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндө 2020-жылдын 17-июлундагы протоколу менен Ажыбаев Толукбек Бектурсунович Толук айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.

Токтогул АШКдан келип түшкөн Толук айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорунун негизинде КР БШК Толук айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп, ал эми Ажыбаев Толукбек Бектурсунович Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Толук айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп тапты.

Токтогул АШКга Толук айыл өкмөтүнүн шайланган башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү берүү тапшырылды.