КР БШК пандемиянын курмандыктарынын үй-бүлөлөрүнө, жакындарына көңүл айтат
30 июля 2020
Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумду өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жамааты коронавирус инфекциясынын пандемиясынан каза болушкан адамдардын үй-бүлөлөрүнүн, жакындарынын аза кайгысын бөлүшөт.
Бүгүн, 30-июлда Кыргыз Республикасынын президентинин жарлыгынын негизинде өлкөнүн бардык аймактарында COVID- 19дун айынан каза болгондорду эскерүү үчүн улуттук аза күтүү күнү өтүп жатат. Бул күнү улуттук байрактар түшүрүлүп, каза болгондорду эскерүү иш-чаралары өтүүдө.
Кыргыз Республикасында пандемия башталгандан бери көптөгөн кыргызстандыктардын өмүрүн алды. Азыр дагы бул коркунучтуу дарт жайылып жатат. Расмий статистиканын артында жүздөгөн үй-бүлөлөрдүн азап-кайгысы жаткандыгын жакшы түшүнүп турабыз. Бир катар БШК кызматкерлери да тилекке каршы өз жакындарынан айрылышты. Бул өлкө үчүн жалпы трагедия, ар бирибиз үчүн орду толгус жоготуу
БШК жамааты ушундай оор күндөрдө өз жакындарын жоготкон адамдар менен бирге алардын аза кайгысын бөлүшөт. Аларга мындан ары бекем ден соолук, узун өмүр жана чыдамкайлыкты каалайт.
