Башкы
Жаңылыктар
Жаңылыктар
КР БШК жетим балдарды окутуу борборун колдоодо
“Жетим балдардын укугун коргоо” коомдук фонду Бишкек шаарында балдар үйлөрүнүн бүтүрүүчүлөрү жашап, окуй турган үчүнчү жаштар үйүн ачты. Борбордук шайлоо комиссиясы 28-августта ушул жаштар үйүнүн окутуу борборуна смарт-телевизор өткөрүп берди.
Мурда “Жетим балдардын укугун коргоо” коомдук фонду КР БШКга турмуш-тиричилик техникасы ж.б. буюмдар түрүндө колдон келишинче жардам көрсөтүүнү өтүнүп, кайрылган.
Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү жана кызматкерлери колдоо көрсөтүп, телевизор сатып алууга 25 миң сом чогулткан. Окутуу борборуна китептер, футболкалар, баш кийим (кепка) жана канцтоварлар дагы берилди. Мурда жаштар үйү оңдолуп жатканда КР БШКнын кызматкерлери жетим балдарга шам чырак менен килем алып барып беришкен.
Маалымат үчүн: “Жетим балдардын укугун коргоо” коомдук фондунун жаштар үйүндө балдар үйлөрүнүн бүтүрүүчүлөрү жашайт. Ал үйлөргө караштуу окутуу борборлору бар, аларда балдар үй-интернаттарынын бүтүрүүчүлөрү коомго аралашуу жана байырлануу курстарынан өтөт, өзүн өзү тейлөө көндүмдөрүнө ээ болушат жана өз кызыкчылыктарын коргоо үчүн маморгандарга кайрылууга үйрөнөт. Жаштар үйлөрүнүн көпчүлүк тургундары атайын орто жана жогорку окуу жайларында окуйт. Үчүнчү жаштар үйүндө 30га жакын бала жашайт.
КР БШК маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
“Демократия жана жарандык коом үчүн коалиция” КБ КР ЖК депутаттарын шайлоодо байкоо жүргүзөт
“Демократия жана жарандык коом үчүн коалиция” коомдук бирикмеси 2020-жылдын 4-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын шайлоодо байкоо жүргүзүүгө ниеттенгени жөнүндө КР БШКга кабарлады.
Кабарлама Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 28-августтагы чечими менен эске алынды. Аталган коомдук бирикмеден коомдук байкоочуларды каттоо жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берүү үчүн КР БШК чечими аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларына жөнөтүлөт.
“Демократия жана жарандык коом үчүн коалиция” КБдан коомдук байкоочу катары Атагозиев Мурат Джаныбекович, Ирискулбеков Эрик Белекович жана Эсенгулов Акылбек Молутбекович катталды.
30-июлда КР БШК өз жыйналышында Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо “Жалпы иш” коомдук фондунан жана “Таза Шайлоо Ассоциациясы” укуктук жактардын бирикмесинен коомдук байкоочуларды каттоо жөнүндө чечим кабыл алганын эске салабыз. 12-августта КР БШК “Билоу” ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды колдоо”, “Майыптарга укуктук жардам көрсөтүү” жана “Майыптыгы бар адамдардын укуктарын коргоо боюнча комитет” коомдук фонддорунан коомдук байкоочуларды каттоо жөнүндө чечим чыгарган. КР БШКнын 17-августтагы чечими менен “Тынчтык – маданият жарыгы” коомдук бирикмесинен жана “Эгль” коомдук фондунан коомдук байкоочулар катталган.
КР БШК маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
«Бир Бол» саясий партиясы финансы маселелери боюнча жаңы ыйгарым укуктуу ѳкүлүн дайындады
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 28-августагы жыйынында финансы маселелери боюнча мурда дайындалган ыйгарым укуктуу ѳкүлүн чакыртып алуу тууралуу «Бир Бол» саясий партиясынан келип түшкѳн кабарламаны карады.
«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесин, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18-беренелерин жетекчиликке алып, КР БШК «Бир Бол» саясий партиясынын финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары Арзымбаева Чынара Кыясовнаны каттоону жокко чыгаруу жана №30 каттоо күбѳлүгүн анык эмес деп таануу жѳнүндѳ чечим кабыл алды.
Борбордук шайлоо комиссиясы «Бир Бол» саясий партиясынын финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары Разаева Айсулуу Абдыкадыровнаны каттоо жана бекитилген үлгүдөгү күбөлүк берүү тууралуу токтом кабыл алды.
КР БШК маалымат бѳлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК Чүй айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоону дайындады
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 28-августагы жыйынында мурда катталган талапкерлер боюнча Чүй облусунун Чүй районундагы Чүй айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо боюнча токтом кабыл алды.
БШКнын 2020-жылдын 12-августундагы № 163 токтому менен 2020-жылдын 28-августуна дайындалган Чүй облусунун Чүй районундагы Чүй айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо кворумдун жоктугунан өткөн эмес.
Чүй аймактык шайлоо комиссиясына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык шайлоолорду өткөрүүнү, ошондой эле мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте тѳмѳндѳгү санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоону уюштуруу жана камсыздоо тапшырылды.
- добуш берүүчү жайдын ичин дезинфекциялоо;
- шайлоо процессинин катышуучуларынын бири биринин ортосундагы 1,5-2-метрлик аралыкты сактоо үчүн ченемдерди белгилөө;
- жайдын кире беришине жана бюллетень берген жерлерге колду залалсыздандыруучу каражаты менен камсыз кылуу;
- шайлоо процессинин катышуучуларынын дене табын контактсыз термометр менен өлчөө;
- шайлоо процессинин катышуучуларына бет кап жана кол кап берүү;
- колдонулуучу материалдарды жана буюмдарды залалсыздандырып туруу.
Кененирээк билүү >>
КР ЖК депутатынын бош мандаты Сырдыбаев Нурлан Муратбаевичке өткөрүп берилди
Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясынан талапкерлердин тизмесинде кийинки болуп турган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Сырдыбаев Нурлан Муратбаевич Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин шайланган депутаты деп таанылды.
Бул тууралу токтом Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 28-августтагы жыйналышында бош мандат болгондугуна байланыштуу ”Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР конституциялык Мыйзамынын 65-беренесинин 3, 4-1-бөлүктөрүнө, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” КР Мыйзамынын 7, 18-беренелерине ылайык кабыл алынды.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин катталган депутатына белгиленген үлгүдөгү күбөлүк жана төш белги тапшырылды.
КР БШК маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР ЖК депутатынын бош мандаты Турдумамбетов Осмон Жолдошбековичке өткөрүп берилди
“Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясынан талапкерлердин тизмесинде кийинки болуп турган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Турдумамбетов Осмон Жолдошбекович Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин шайланган депутаты деп таанылды.
Бул тууралу токтом Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 28-августтагы жыйналышында бош мандат болгондугуна байланыштуу ”Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР конституциялык Мыйзамынын 65-беренесинин 3, 4-1-бөлүктөрүнө, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” КР Мыйзамынын 7, 18-беренелерине ылайык кабыл алынды.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин катталган депутатына белгиленген үлгүдөгү күбөлүк жана төш белги тапшырылды.
КР БШК маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР ЖК депутатынын бош мандаты Койчуманов Мээримбек Нурбековичке өткөрүп берилди
“Кыргызстан” саясий партиясынан талапкерлердин тизмесинде кийинки болуп турган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Койчуманов Мээримбек Нурбекович Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин шайланган депутаты деп таанылды.
Бул тууралу токтом Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 28-августтагы жыйналышында бош мандат болгондугуна байланыштуу ”Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР конституциялык Мыйзамынын 65-беренесинин 3, 4-1-бөлүктөрүнө, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” КР Мыйзамынын 7, 18-беренелерине ылайык кабыл алынды.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин катталган депутатына белгиленген үлгүдөгү күбөлүк жана төш белги тапшырылды.
КР БШК маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК КР ЖК депутаты Төлөнов Данияр Эрмековичтин ыйгарым укуктарын токтотту
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 28-августтагы өз жыйналышында “Кыргызстан” парламенттик фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Төлөнов Данияр Эрмековичтин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө токтом кабыл алды.
Токтом Д.Э. Төлөновдун ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө келип түшкөн жеке арызынын негизинде кабыл алынды.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Д.Э. Төлөновдун күбөлүгү анык эмес деп табылды.
КР БШК маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК КР ЖК депутаты Жунус уулу Алтынбектин ыйгарым укуктарын токтотту
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 28-августтагы өз жыйналышында “Өнүгүү-Прогресс” парламенттик фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Жунус уулу Алтынбектин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө токтом кабыл алды.
Токтом А. Жунус уулунун ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө келип түшкөн жеке арызынын негизинде кабыл алынды.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Жунус уулу Алтынбектин күбөлүгү анык эмес деп табылды.
КР БШК маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
2020–ж. 28-августа өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору
долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
БОРБОРДУК ШАЙЛОО КОМИССИЯСЫНЫН ОТУРУМУНУН
КҮН ТАРТИБИ
Өткөрүү датасы: 28 август 2020-ж.
Убактысы: 15:00
Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Жунус уулу Алтынбектин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө
(баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты
Д.Э. Толоновдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө
(баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
3. Чүй облусунун Чүй районунун Чүй айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоону дайындоо жөнүндө
(баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
4. «Бир Бол» Мамлекеттик биримдик жана мекенчил» саясий партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө
(баяндамачы – Т.О. Айтикеев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоосунда саясий партиялардын документтерин кабыл алуу боюнча жумушчу топтун мүчөсү)
5. 2020-жылдын 4-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого байкоо жүргүзүү ниети тууралуу коммерциялык эмес уюмдун билдирүүсү жана коомдук байкоочуларды каттоо жөнүндө
(баяндамачы – М. М. Кутбердиева, укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти)
6. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнүндө
(баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
7. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнүндө
(баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
8. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнүндө
(баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
9. Ар түрдүү маселелер
Кененирээк билүү >>
ЖӨБОнун башчыларын шайлоонун графиги
ЖӨБОнун башчыларын шайлоонун графиги
№
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын
Шайлоону өкөрүү убактысы
Талапкерлердин документтерин кабыл алуу мөнөтү
Талапкерлердин каттоо мөнөтү
28 август 2020-жылы
Чүй облусу
Аламүдүн району
1
Кара –Джыгач айылдык
9-00дөн 12-00 чейин
Саат 18-00гө чейин
21.08.2020 -жылы
Саат 18-00гө чейин
24.08.2020 -жылы
Чүй району
2
Чүй айылдык
9-00дөн 12-00 чейин
Саат 18-00гө чейин
21.08.2020 -жылы
Саат 18-00гө чейин
24.08.2020 -жылы
1 сентябрь 2020-жыл
Чуй облусу
Сокулук району
3
Сокулук айылдык
9-00дөн 12-00 чейин
Саат 18-00гө чейин
23.08.2020 -жылы
Саат 18-00гө чейин
25.08.2020 -жылы
4 сентябрь 2020-жыл
Ысык-Көл облусу
Ысык-Көл району
4
Ананьево айылдык
9-00дөн 12-00 чейин
Саат 18-00гө чейин
26.08.2020 -жылы
Саат 18-00гө чейин
28.08.2020 -жылы
16 сентябрь 2020- жыл
Чүй облусу
Сокулук району
5
Гавриловка айылдык
9-00дөн 12-00 чейин
Саат 18-00гө чейин
09.09.2020 -жылы
Саат 18-00гө чейин
11.09.2020 -жылы
Кененирээк билүү >>
Эки саясий партия мыйзамда белгиленген мѳѳнѳттѳ документтериндеги ылайык келбѳѳнү четтетти
Эки саясий партия мыйзамда белгиленген мѳѳнѳттѳ документтериндеги ылайык келбѳѳнү четтетти.
КР ЖК депутаттарын шайлоого саясий партиялардан документтерди кабыл алуу боюнча жумушчу топ «Мекен ынтымагы» жана «Афганистандагы согуштун ардагерлеринин жана башка аскердик локалдуу кагылышуулардын катышуучуларынын» саясий партиялары мыйзамда белгиленген мѳѳнѳттѳ документтериндеги ылайык келбѳѳнү четтеткендигин билдирди.
Аталган партиялар 2020-жылдын 21-августунда КР ЖК депутаттарын шайлоого саясий партиялардан документтерди кабыл алуу боюнча жумушчу топко документтерин берген. Эки партиянын сунуш кылган документтеринде машина окуучу (электрондук) түрүндѳ айрым документтер жок болгон. Мындан тышкары, «Мекен ынтымагында» 21-августка карата шайлоо күрѳѳсүн тѳлѳгѳндүгүн тастыктаган документ болгон эмес.
Конституциялык мыйзамдын 61-беренесинин 3-бѳлүгүнүн негизинде 22-августа жумушчу топ 48 сааттын ичинде оңдолгон документтерди БШКга берүүнүн зарылдыгы жѳнүндѳ ошол партияларга маалымдаган.
2020-жылдын 24-августунда «Мекен ынтымагы» саясий партиясы жогоруда кѳрсѳтүлгѳн ылайык келбѳѳчүлүктү четтеткен - шайлоо күрѳѳсүн тѳлѳгѳндүгүн тастыктаган документти жана электрондук, машина окуучу документтерин КР БШКга берген. «Афганистандагы согуштун ардагерлеринин жана башка аскердик локалдуу кагылышуулардын катышуучуларынын» саясий партиясы да мыйзамда белгиленген мѳѳнѳттѳ документтериндеги ылайык келбѳѳчүлүктү четтеткен.
24-августа документтерин беришкен башка партиялар боюнча документтериндеги так эместиктер тууралуу кабарлама аларга жумушчу топ тарабынан 25-августа берилген. Азыркы учурда кабарламага ылайык оңдоолор жана түзѳтүүлѳр киргизилген документтер жумушчу топко түшүүдѳ.
Кененирээк билүү >>
КМШ ПААнын 50дөн ашык эл аралык байкоочусу КР ЖКнын депутаттарын шайлоого байкоо жүргүзөт
2020-жылдын 26-августунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Төрагасы Н.К. Шайлдабекованын КМШ Парламенттер аралык Ассамблеянын Кеңешинин Башкы катчысынын орун басары Н.А. Сатвалдиев менен жолугушуусу болду.
Жолугушуунун жүрүшүндө эл 2020-жылдын 4-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүнө КМШ ПААнын эл аралык байкоо жүргүзүүсүнүн маселелери талкууланды.
КР БШК Төрагасы КМШ ПААнын өкүлүнө шайлоону даярдоонун жүрүшү тууралу маалымат берди. Н.К. Шайлдабекова 2020-жылы шайлоо коронавирус инфекциясынын пандемиясы шартында өтө тургандыгына байланыштуу эпидемияга каршы санитардык чаралар көрүлүп жатканын белгиледи.
Н.А. Сатвалдиев учурда КМШ ПААнын өлкөлөрүнөн эл аралык байкоочулардын тобу түзүлүп жатканы, ага КМШ ПААнын мамлекет-катышуучуларында демократияны өнүктүрүү, парламентаризм жана шайлоо укуктарынын сакталышына байкоо жүргүзүү эл аралык институтунун эксперттери дагы кирери тууралу билдирди.
Узак мөөнөттүү байкоо жүргүзүүнүн алкагында негизинен КМШ өлкөлөрүнүн парламенттеринин депутаттары болуп саналган эл аралык байкоочулар Кыргыз Республикасынын региондоруна барышат, аймактык жана участоктук шайлоо комиссияларынын иши менен таанышат, саясий партиялардын, мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү менен жолугушат.
Ошондой эле КМШ ПААнын байкоочулары Санкт-Петербург, Москва, Минск жана Баку шаарларындагы Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү участоктук шайлоо комиссияларынын ишине байкоо жүргүзөт.
Маалымат үчүн: 2015-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын шайлоодо КМШ ПААдан 32 эл аралык байкоочу байкоо жүргүзгөн. 2016-жылы жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо жана “Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзам долбоору боюнча референдумда КМШ ПААдан – 26, 2017-жылы 15-октябрда Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо 24 эл аралык байкоочу болгон.
Кененирээк билүү >>
-
-
Кененирээк билүү >>
Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын Бишкек шаарынын шайлоочуларына, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органына, коомдук уюмдарга, ошондой эле коммерциялык эмес уюмдарга кайрылуусу
Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын Бишкек шаарынын шайлоочуларына, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органына, коомдук уюмдарга, ошондой эле коммерциялык эмес уюмдарга кайрылуусу
Алдыдагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине шайлоонун босогосунда Бишкек шаарынын участкалык шайлоо комиссияларынын (мындан ары – УШК) резервин толуктоонун зарылчылыгы келип чыкты. Ушуга байланыштуу Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы (мындан ары – Бишкек АШК) жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынан өкүлдөрдү көрсөтүү жөнүндө жарыялайт. УШК резервине талапкерлерди көрсөтүүдө жарандардын өздөрүнүн макулдугун, ошондой эле шайлоо өнөктүктөрүндө, коомдук турмушта тажрыйбасын, кесиптик жана жеке сапаттарын эске алуу керек.
Көрсөтүү субъектилери шайлоо комиссиясынын мүчөсүнө талапкер, эреже катары, тиешелүү калктуу конуштун аймагында жашоосу керек экенин эске алуусу зарыл. Жарандардын жыйынынан, коомдук бирикмелерден УШК резервине талапкерлерди көрсөтүү тууралуу протоколдор жыйындын төрагасынын жана катчысынын колдору менен күбөлөндүрүү зарыл. Протоколго жашаган жерлери көрсөтүлүп, колдору коюлган жыйындын катышуучуларынын тизмеси тиркелиши керек. Ал документтерге төмөнкүлөр тиркелет:
- УШК тутумунда иштөөгө макулдугу боюнча талапкердин арызы жана Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарынын ченемдерин сактай турганы жөнүндө милдеттенмеси;
- паспорттун көчүрмөсү;
- иштеген, окуган жери, билими көрсөтүлгөн биографиялык маалыматтар (кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракча же резюме);
- байланыш маалыматтары: жашаган жеринин дареги, телефон номурлары (үй, мобилдик), электрондук почтасы.
“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 22-беренесине ылайык төмөнкүлөр УШК мүчөсү боло албайт:
- Жогорку Кеңештин депутаты, жергиликтүү кеңештин депутаты;
- мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары;
- судья, укук коргоо жана фискалдык органдын кызматкери, аскер кызматчысы;
- талапкер, талапкердин жана саясый партиянын өкүлү;
- башка мамлекеттин жарандыгы бар адам;
- мыйзамда белгиленген тартипте, соттуулугу алып салынбаган же жоюлбаган адам;
- башка шайлоо комиссиясынын мүчөсү;
- терс негиздер боюнча шайлоо комиссиясынын мүчөсү милдеттеринен мөөнөтүнөн мурда бошотулган адам.
Жарандардын жыйынынан, коомдук уюмдардан УШК резервине талапкерлерди көрсөтүү боюнча протоколдор 2020-жылдын 8-сентябрында саат 18.00 чейин Бишкек шаардык кеңешинде кабыл алынат.Керектүү документтердин үлгүлөрү: Арыз, Жыйындын протоколу, Өздүк баракча, Жыйындын катышуучуларынын тизмеси.
КР БШК маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
«Социал-Демократтар» саясый партиясы жаңы ыйгарым укуктуу өкүл дайындады
КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 27-августтагы жыйынында “Социал-Демократтар” саясый партиясынын мурда дайындалган шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүн чакыртып алуу жөнүндөгү билдирүүсүн карады.
КР Шайлоо жана референдумду өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү” КР конституциялык мыйзамынын 19-беренесин, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” КР мыйзамынын 7-18-беренелерин жетекчиликке алуу менен, “Социал-Демократтар” саясый партиясынын шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Нурбек Айтыевич Касымбековдун 2020-жылдын 7-июлунда БШКнын №34-чечими менен каттоосун жана анын каттоо күбөлүгүн жараксыз деп таануу чечимин кабыл алды.
Боршайком Алтынбек Маратович Алманбетовду “Социал-Демократтар” саясый партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлү катары каттап, ага кабыл алынган үлгүдөгү каттоо күбөлүгүн берүү токтомун чыгарды.
КР БШК Маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Акыркы жаңылыктар
02.10.2026
КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү
02.10.2026
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады
01.10.2026
КР БШКда майыптыгы бар шайлоочулардын жана айрым категориядагы жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу боюнча Жумушчу топтун жыйыны өттү
01.10.2026
КР БШКнын бөлүм башчысы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Ардак грамотасы менен сыйланды
30.09.2026
Бир катар шайлоо участокторунун даректери өзгөрдү
30.09.2026
КР БШКсы бир катар аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерин толуктады