“Демократия жана жарандык коом үчүн коалиция” КБ КР ЖК депутаттарын шайлоодо байкоо жүргүзөт
28 августа 2020
“Демократия жана жарандык коом үчүн коалиция” коомдук бирикмеси 2020-жылдын 4-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын шайлоодо байкоо жүргүзүүгө ниеттенгени жөнүндө КР БШКга кабарлады.
Кабарлама Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 28-августтагы чечими менен эске алынды. Аталган коомдук бирикмеден коомдук байкоочуларды каттоо жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берүү үчүн КР БШК чечими аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларына жөнөтүлөт.
“Демократия жана жарандык коом үчүн коалиция” КБдан коомдук байкоочу катары Атагозиев Мурат Джаныбекович, Ирискулбеков Эрик Белекович жана Эсенгулов Акылбек Молутбекович катталды.
30-июлда КР БШК өз жыйналышында Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо “Жалпы иш” коомдук фондунан жана “Таза Шайлоо Ассоциациясы” укуктук жактардын бирикмесинен коомдук байкоочуларды каттоо жөнүндө чечим кабыл алганын эске салабыз. 12-августта КР БШК “Билоу” ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды колдоо”, “Майыптарга укуктук жардам көрсөтүү” жана “Майыптыгы бар адамдардын укуктарын коргоо боюнча комитет” коомдук фонддорунан коомдук байкоочуларды каттоо жөнүндө чечим чыгарган. КР БШКнын 17-августтагы чечими менен “Тынчтык – маданият жарыгы” коомдук бирикмесинен жана “Эгль” коомдук фондунан коомдук байкоочулар катталган.
КР БШК маалымат бөлүмү
