«Бир Бол» саясий партиясы финансы маселелери боюнча жаңы ыйгарым укуктуу ѳкүлүн дайындады
28 августа 2020
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 28-августагы жыйынында финансы маселелери боюнча мурда дайындалган ыйгарым укуктуу ѳкүлүн чакыртып алуу тууралуу «Бир Бол» саясий партиясынан келип түшкѳн кабарламаны карады.
«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесин, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18-беренелерин жетекчиликке алып, КР БШК «Бир Бол» саясий партиясынын финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары Арзымбаева Чынара Кыясовнаны каттоону жокко чыгаруу жана №30 каттоо күбѳлүгүн анык эмес деп таануу жѳнүндѳ чечим кабыл алды.
Борбордук шайлоо комиссиясы «Бир Бол» саясий партиясынын финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары Разаева Айсулуу Абдыкадыровнаны каттоо жана бекитилген үлгүдөгү күбөлүк берүү тууралуу токтом кабыл алды.
КР БШК маалымат бѳлүмү
