Башкы
Жаңылыктар
Жаңылыктар
2020–ж. 2-сентябрында өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору
Өткөрүү датасы: 2-сентябрь 2020-ж.
Убактысы: 17.30
Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Т.А. Масабировдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө
(баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
2. Чүй облусунун Чүй районунун Ак-Бешим айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындоо жөнүндө
(баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
3. Кара-Кулжа жана Чаткал аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына жана резервдерине өзгөртүүлөрду киргизүү жөнүндө
(баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
4. Ош аймактык шайлоо комиссиясынын 2020-жылдын 30-августундагы “Ош шаарынын аймагында кошумча шайлоо участокторун түзүү жөнүндө № 25 чечими тууралуу
(баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
5. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнүндө
(баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
6. 2020-жылдын 4-октябрындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо эл аралык байкоочунун күбөлүгү жөнүндө
(баяндамачы- Уметалиев А.Т., эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы)
7. 2020-жылдын 4-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо эл аралык байкоочуларды аккредитациялоо жөнүндө
(баяндамачы- Уметалиев А.Т., эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы)
8. “Мекеним Кыргызстан” саясий партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө
(баяндамачы – Т.О. Айтикеев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоосунда саясий партиялардын документтерин кабыл алуу боюнча жумушчу топтун мүчөсү)
9. “Социал-демократтар” саясий партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө
(баяндамачы – Т.О. Айтикеев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоосунда саясий партиялардын документтерин кабыл алуу боюнча жумушчу топтун мүчөсү)
10. “Ыйман нуру” саясий партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө
(баяндамачы – Т.О. Айтикеев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоосунда саясий партиялардын документтерин кабыл алуу боюнча жумушчу топтун мүчөсү)
11. "Афганистандагы согуштун ардагерлеринин жана башка жергиликтүү чыр-чатактардын катышуучуларынын саясий партиясы" саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин тизмеси жөнүндө
(баяндамачы – Т.О. Айтикеев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоосунда саясий партиялардын документтерин кабыл алуу боюнча жумушчу топтун мүчөсү)
12. «Ата Мекен» саясий Социалисттик партиясынын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлеринин тизмеси жөнүндө
(баяндамачы – Т.О. Айтикеев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоосунда саясий партиялардын документтерин кабыл алуу боюнча жумушчу топтун мүчөсү)
13. Бир Бол» Мамлекеттик биримдик жана мекенчил» саясий партиясынын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлеринин тизмеси жөнүндө
(баяндамачы – Т.О. Айтикеев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоосунда саясий партиялардын документтерин кабыл алуу боюнча жумушчу топтун мүчөсү)
14.Турсунбай Бакир уулунун арызы жөнүндө
(баяндамачы – Асаналиев А.Т. , Шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъектилеринин арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу топтун жетекчиси)
15. Ар түрдүү маселелер
Кененирээк билүү >>
2020-жылдын 28-августуна карата саясий партиялардын шайлоо фондуларына каражаттардын келип түшүүсү жана чыгымдалышы жөнүндө маалымат
2020-жылдын 28-августуна карата саясий партиялардын шайлоо фондуларына каражаттардын келип түшүүсү жана чыгымдалышы жөнүндө маалымат
“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 41-беренесинин 12-пунктуна ылайык банк же башка мекемелер саясий партиянын атайын эсебинде турган каражаттардын түшүүсү жана чыгымдалышы жөнүндө Борбордук шайлоо комиссиясына жума сайын маалымат берип турууга милдеттүү. Ал маалымат келип түшкөнүнө жараша жеке маалыматтар жана банк сыры жөнүндө мыйзамдарды эске алуу менен Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтына милдеттүү түрдө жайгаштырылууга тийиш.
КР БШКнын контролдук-текшерүү тобу 2020-жылдын 28-августуна карата 41 саясий партия БШК тарабынан белгиленген эки банк мекемеси – “РСК Банк” ААКда жана “Айыл Банк” ААКда атайын эсептерин ачып, шайлоо фондуларын түзгөнүн билдирет.
Төмөндө банк маалыматтарынын негизинде 18 саясий партиянын шайлоо фондуларына каражаттардын түшүүсү жана чыгымдалышы жөнүндө маалымат берилди. Башка партиялардын шайлоо фондуларынын атайын эсептериндеги каражаттардын кыймылы азырынча жок.
Документти жүктөп алуу.
Кененирээк билүү >>
КР Коопсуздук кеңеши КРнын Борбордук шайлоо комиссиясына жана Өкмөтүнө шайлоону ачык-айкындуулук жана демократия принциптеринде өткөрүүнү тапшырды
Мамлекеттик органдардын жетекчилеринин, Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, Бишкек, Ош шаарларынын мэрлеринин катышуусундагы чакан курамдагы Коопсуздук кеңеши 2020-жылдын 4-октябрындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоого даярдыктарды көрүү жана өткөрүү боюнча чаралар жөнүндө маселени карады. Жыйынтыгында төмөнкүдөй чечим кабыл алынды.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Н. К. Шайлдабекованын, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри К. А. Бороновдун жана Кыргыз Республикасынын ички иштер министри
К. А. Джунушалиевдин баяндамалары эске алынсын.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө төмөнкүлөр сунушталсын:
— Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдеринин талаптагыдай аткарылышын камсыз кылуу;
— Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 2-июлундагы № 139 «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө» Жарлыгын ишке ашырууну камсыз кылуу;
— шайлоо алдындагы, шайлоодогу жана шайлоодон кийинки мезгилдеги коюлган милдеттерди ишке ашырууда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосундагы координацияны жана өз ара аракеттенүүнү камсыз кылуу;
— туруктуу негизде мамлекеттик органдардын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин жана кызматчыларынын арасында Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна жол берилбестиги жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;
— жогорудагы абзацта көрсөтүлгөн кызмат адамдарына төмөнкүлөргө тыюу салуу:
шайлоо комиссияларынын ишине кийлигишүүгө;
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына кайсы бир талапкерлердин же саясий партиялардын пайдасына шайлоо алдындагы үгүт иштерине катышууга;
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин же кайсы бир саясий партиялардын пайдасына кызмат ордунун же кызматтык абалынын артыкчылыктарын пайдаланууга;
— Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин же саясий партиялардын пайдасына шайлоо алдындагы үгүт иштерине мыйзамсыз катышкан, ошондой эле кызмат ордунун же кызматтык абалынын артыкчылыктарын пайдаланган аткаруу бийлигинин, укук коргоо органдарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерин жана кызмат адамдарын ишеним жоготкондугунун негизинде ээлеген кызматынан бошотууга чейин тартиптик жана башка жоопкерчиликке мыйзамда белгиленген тартипте тартуу;
— шайлоо мыйзамдарында каралган Кыргыз Республикасынын жарандарынын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин, саясий партиялардын, ыйгарым укуктуу өкүлдөрдүн жана ишенимдүү адамдардын үгүт иштерин эркин жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу;
— Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону айкындуулук жана демократиялык принциптеринде, укуктук мейкиндикте гана жана талаптагыдай уюштуруу деңгээлинде өткөрүлүшүн камсыз кылган толук чараларды көрүү;
— энергетика системасынын жана телекоммуникация системаларынын үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу, зарыл болгон учурда шайлоо участкаларын жана шайлоо процессине тартылган мамлекеттик органдарды үзгүлтүксүз электр булактары (генераторлор) менен жабдуу;
— 2020-жылдын 10-сентябрына чейинки мөөнөттө укук коргоо органдары менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде укуктук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча иш-чаралардын планын иштеп чыгуу жана бекитүү;
— чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүндө жайгашкан шайлоо участкаларынын ишин туруктуу негизде координациялоо;
— 2020-жылдын 15-сентябрына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте Кыргыз Республикасынын жарандарынын, шайлоо комиссияларынын кызматкерлеринин жана шайлоо процессине тартылган башка адамдардын шайлоо күнү шайлоо участкаларына барган убакта коронавирустук инфекцияны жана бейтапканадан тышкаркы пневмонияны жуктурууну болтурбоо боюнча планды иштеп чыгуу жана бекитүү;
— шайлоо өткөрүү күнү Кыргыз Республикасынын аймагында тиешелүү эпидемиологиялык көзөмөлдү камсыз кылуу.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына төмөнкүлөр сунушталсын:
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте төмөнкүлөргө багытталган чараларды көрүү:
учурдагы техникалык жана уюштуруу көйгөйлөрүн жоюу жана шайлоо процессине тартылган жактардын туруктуу, ырааттуу жана синхрондуу иштеши, шайлоо участкаларында шайлоо процессинде колдонулуучу жабдуулардын жана техникалык каражаттардын үзгүлтүксүз жана ишенимдүү иштешин, жарандардын биометрикалык маалыматтарынын коопсуздугун жана сакталышын камсыз кылуу боюнча маселелерди чечүү;
бардык даярдоо, шайлоо жана шайлоодон кийинки процесстердин жана чечимдердин максималдуу ачыктыгына жана айкындуулугуна жетишүү максатында шайлоо процессин камсыз кылуучу мамлекеттик институттардын натыйжалуу өз ара аракеттенүүсү;
шайлоого катышууга же катышпоого мажбурлоо же алардын эркин эрк билдирүүсүнө башка таасир көрсөтүү максатында жарандарга таасир этүүнүн кандай гана түрдө болбосун формаларын болтурбоо;
— саясий партиялардын лидерлери, саясий кеңештери жана өкүлдөрү менен техникалык жана башка шайлоо жол-жоболору боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;
— 2020-жылдын 25-сентябрына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен биргеликте:
шайлоо комиссияларынын бардык мүчөлөрүн, көз карандысыз байкоочуларды жана шайлоо участкаларынын ишине тартылган башка адамдарды, анын ичинде үйүндө добуш берүүчү шайлоочулар менен иштеген адамдарды жеке коргонуу каражаттары (медициналык маскалар, кол каптар, бет үчүн коргоочу экрандар), зарыл болгон учурда коргоочу костюмдар менен камсыз кылуу;
шайлоочулар менен байланышта болгон жана бюллетендерди иштетүү учурунда санитардык-эпидемиологиялык коопсуздук талаптарын сактоо эрежелерине жогоруда аталган адамдарды окутуу;
бардык шайлоо участкаларын дезинфекциялоочу каражаттар жана контактсыз термометрлер менен жабдуу, ошондой эле социалдык аралык эрежелерин, санитардык-эпидемиологиялык ченемдерди жана талаптарды сактоо зарылдыгы жөнүндө маалымат такталарын орнотуу;
шайлоо участкаларынын ишин социалдык аралык эрежелерин сактап, анын ичинде бюллетендер үчүн урналарды, добуш берүүчү кабиналарды жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү үчүн жумуш орундарын жайгаштыруу жагында уюштуруу;
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо күнү бардык шайлоо участкаларын дезинфекциялоону уюштуруу;
— Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги жана жалпыга маалымдоо каражаттары менен биргеликте:
кеңири маалыматтык өнөктүк жүргүзүү, анын алкагында 2020-жылдын 4-октябрында жарандарды жарандык активдүүлүктү көрсөтүүгө жана өзүнүн шайлоо укугун ишке ашырууга чакыруу;
шайлоо участкаларына барганда санитардык-эпидемиологиялык ченемдерди жана талаптарды кынтыксыз сактоо жана добуш берүү учурунда адамдардын массалык түрдө чогулушуна жол бербөө жөнүндө калкка маалымдоону уюштуруу.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна төмөнкүлөр сунушталсын:
— шайлоону өткөрүү боюнча орган тарабынан өз убагында чечимдерди кабыл алуу максатында шайлоо мыйзамдарын бузуу фактылары боюнча келип түшкөн доо арыздарды, даттанууларды жана кайрылууларды сот органдарынын өз убагында кароосун жана процесстик чечимдерди кабыл алуусун мыйзамда белгиленген тартипте камсыз кылуу;
— 2020-жылдын 1-октябрынан 10-октябрына чейинки мезгилде судьялардын жана сот органдарынын кызматкерлеринин нөөмөтүн уюштуруу.
Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына төмөнкүлөр сунушталсын:
— Кыргыз Республикасынын Конституциясын, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын шайлоо процессинин бардык катышуучулары тарабынан так жана бирдей аткарышына талаптагыдай көзөмөлдөөнү камсыз кылуу, анын ичинде мыйзамда белгиленген тартипте арыздарды жана даттанууларды, ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттарында жана интернет-ресурстарда жарыяланган билдирүүлөрдү кароону уюштуруу;
— Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети менен биргеликте тийиштүү маалымат алмашууну камсыз кылуу жана прокуратура органдарынын иши тууралуу калкты маалымдоо менен шайлоо мыйзамдардын бузуу фактыларына бөгөт коюу боюнча чараларды көрүү;
— мамлекеттик жарандык кызматчылар жана муниципалдык кызматчылар, укук коргоо, фискалдык органдардын кызматкерлери жана аскер кызматчылары тарабынан шайлоо алдындагы үгүт иштерине катышууга, саясий партиялардын ишине кандайдыр бир формада катышууга же көмөк көрсөтүүгө, саясий партиялардын байкоочулары, ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана ишенимдүү адамдары катары катышууга тыюу салууга багытталган колдонуудагы мыйзамдарда белгиленген чектөөлөрдү сактабаган фактыларын болтурбоо, аныктоо жана бөгөт коюу боюнча ишти активдештирүү;
— мыйзамдардын талаптарына ылайык даттануулардын жана кайрылуулардын өз убагында каралышына жана чечимдердин кабыл алынышына көзөмөлдү күчөтүү;
— жогоруда көрсөтүлгөн сунуштамаларды ыкчам жана өз убагында чечүү үчүн 2020-жылдын 1-октябрынан 10-октябрына чейинки мезгилде прокуратура органдарынын кызматкерлеринин күнү-түнү нөөмөтүн камсыз кылуу.
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине жана Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине төмөнкүлөр сунушталсын:
— 2020-жылдын 10-сентябрына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоонун бардык мезгилинде коомдук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча оперативдүү штаб түзүү;
— төмөнкүлөрдү камсыз кылуу:
шайлоо участкаларынын жана участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн коопсуздугун;
терс жана деструктивдүү тышкы жана ички таасир этүүнү жана өлкөдө көз карандысыз жана демократиялык шайлоолорду өткөрүүгө кызыкдар болбогон жактардын кийлигишүүсүн болтурбоону;
трансулуттук, диний-экстремисттик жана террордук уюмдардын аракеттерине ыкчам чара көрүүнү;
— Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы менен биргеликте шайлоо бюллетендерди шайлоо участкаларына жеткирүүнү жана аларды кайтарууну камсыз кылуу.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматына төмөнкүлөр сунушталсын:
— 2020-жылдын 10-сентябрына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенип, алдыда боло турган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо шайлоочулардын өз эркин билдирүү укугунан ажыратуу мүмкүндүгүн болтурбаган шайлоочулардын сапаттуу жана толук тизмесин түзүүнү камсыз кылуу;
— биометрикалык каттоо жана шайлоочуларды идентификациялоо менен байланышкан техникалык тобокелдиктерди жоюу;
— 2020-жылдын 1-октябрына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети менен биргеликте маалыматтык-коммуникациялык технологиялардын жана байланыштардын, мамлекеттик автоматташтырылган маалыматтык системалардын ишенимдүү иштөөсүн, ошондой эле бул системалардын коопсуздугун, анын ичинде жарандарды биометрикалык идентификациялоо системасынын сакталышын, бүтүндүгүн жана туруктуу иштөөсүн камсыз кылуу.
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматына төмөнкүлөр сунушталсын:
— Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети менен өз ара аракеттенип, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынын контролдоо-өткөрүү пункттарында кызмат өтөөнү күчөтүү;
— 2020-жылдын 25-сентябрынан тартып мамлекеттик чек араны кайтаруунун жана коргоонун күчөтүлгөн вариантын киргизүү;
— чек ара инциденттерин, жаңжалдуу кырдаалдарды болтурбоо жана мамлекеттик чек ара режимин, чек ара режимин жана мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттарындагы режимди сактоо боюнча чек ара райондорундагы калк менен максаттуу алдын алуучу-профилактикалык жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүү.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматына төмөнкүлөр сунушталсын:
— аймактык шайлоо комиссияларына жазаларды аткаруу мекемелеринин аймагында шайлоо процессин өткөрүү боюнча алардын коопсуздугун камсыз кылуу менен көмөк көрсөтүү;
— шайлоо өткөрүү күнү санитардык-эпидемиологиялык талаптардын жана коопсуздук ченемдердин кынтыксыз сакталышын эске алуу менен жаза аткаруу мекемелеринин атайын контингентинин жана кызматкерлеринин добуш берүүсүн уюштуруу.
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине шайлоо участкаларында зарыл медициналык жардам көрсөтүү үчүн тез жардам бригадаларынын күнү-түнү нөөмөтүн уюштуруу сунушталсын. Ушул максатта келип түшкөн чакырууларга ыкчам чара көрүү үчүн мобилдик бригадалардын жана тез жардам машиналарынын зарыл санын карасын.
Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларына, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерине жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларына туруктуу негизде төмөнкүлөр сунушталсын:
— Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына шайлоо процессин өткөрүүгө көмөк көрсөтүү;
— жергиликтүү калк арасында айрым жарандар жана адамдардын топтору тарабынан укукка каршы аракеттерди жасоого, анын ичинде мамлекеттик органдардын жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн өздөрүнүн функцияларын жана ыйгарым укуктарын аткаруусуна тоскоолдук кылууга жол берилбестиги жөнүндө түшүндүрүү-профилактикалык иштерин жүргүзүү;
— шайлоо участкаларында жана аларга жакынкы аймактарда санитардык-эпидемиологиялык талаптардын ченемдерин сакталышын камсыздоодо аймактык шайлоо комиссияларына жана саламаттык сактоо уюмдарына көмөк көрсөтүү.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигине жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, шаарлардын мэриялары менен өз ара аракеттенип, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларына шайлоочулардын тизмелерин түзүүдө айыл өкмөттөрүнүн башчыларынын катышуусу менен көмөк көрсөтүүнү камсыз кылуу сунушталсын.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине төмөнкүлөрдү активдештирүү сунушталсын:
— Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттердеги дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн ишин, чет өлкөлүк дипломатиялык корпус, өлкөдө аккредитацияланган эл аралык уюмдардын өкүлдөрү менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону уюштуруунун жана өткөрүүнүн конституциялык-укуктук ченемдерин түшүндүрүү боюнча аккредитацияланган эл аралык байкоочулар, ошондой эле эл аралык уюмдардын өкүлдөрү менен бир катар жолугушууларды өткөрүүгө багытталган ишти;
— республикадан тышкары жерлерде жашаган жана жүргөн шайлоочулардын арасында мыйзамдарда белгиленген алардын шайлоо укуктарын жүзөгө ашыруунун шарттары, ошондой эле добуш берүү учурунда санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактоонун зарылдыгы жөнүндө маалыматтык-түшүндүрүү иштерин.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүү менен байланышкан иш-чараларды өз убагында жана толук көлөмдө каржылоону камсыз кылуу сунушталсын.
Кененирээк билүү >>
-
-
Кененирээк билүү >>
Сокулук айыл өкмөтүнүн башчысы болуп Бакыт Согушбекович Бактыбаев шайланды
2020-жылдын 1-сентябрында Чүй облусунун Сокулук районунун Сокулук айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү.
Сокулук айыл өкмөтүнун башчылыгына айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн Бактияр Согушбекович Бактыбаев жалгыз талапкер катары катталган.
Сокулук айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоого айылдык кеңештин 16 депутатынын бардыгы катышышты. 2020-жылдын 1-сентябрындагы Сокулук аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча пртоколунда, Б. С. Бактыбаев 11 добушка ээ болгон. “Бардык талапкерлерге каршы” позициясына 5 депутат добуш берген.
Ушул добуш берүүнүн жыйынтыгы менен Бактияр Согушбекович Бактыбаев Чүй облусунун Сокулук районундагы Сокулук айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды.
Кененирээк билүү >>
КРнын БШКсы КРнын ЖКнын депутаттарын шайлоосун өткөрүүгө көмөктөшүү боюнча республикалык штабы менен бирдикте Ош облусунда штабдын көчмө жыйынын өткөрүштү
28-августта КРнын БШКсы КРнын ЖКнын депутаттарын шайлоосун өткөрүүгө көмөктөшүү боюнча республикалык штабы менен бирдикте Ош облусунда штабдын көчмө жыйынын өткөрдү.
КРнын БШКнын жана Республикалык штабдын мүчөлөрү Ош шаарындагы, ошондой эле Ош облусунун Кара-Суу жана Араван райондорундагы шайлоо участкаларынын даярдыгынын процессин талкуулашты. Жер-жерлерде УШКнын материалдык-техникалык базасы текшерилди.
Ош облусунда 506, Ош шаарында - 76 шайлоо участкалары бар. 29-августка карата Ош облусунда 703 944 шайлоочу, Ош шаарында - шайлоо укугу бар 147 557 шайлоочу катталган.
Жергиликтүү участкалык комиссиялардын өкүлдөрүнүн маалыматы боюнча, УШКлардын 70 проценттен ашыгы пандустар менен жабдылган. 4-октябрга чейин бардык шайлоо участоктору чакыруу кнопкалары менен жабдылат. Жабдуулар кыймыл-аракети чектелген адамдарга - ДМЧА, кичинекей балдары бар ата-энелерге, улгайган адамдарга арналган.
Кыргыз Республикасынын БШКсы менен УШКлардын ортосунда ыкчам маалымат алмашууну жакшыртуу максатында, шайлоо участкаларына планшеттер жана ири өлчөмдүү мониторлор таратылды. Жабдууларды Кыргыз Республикасындагы БУУнун Өнүктүрүү программасы камсыз кылды. Гаджеттер ошондой эле участкалык комиссияларынын мүчөлөрүн окутууда колдонулат.
Пандемия мезгилинде, КРнын БШКсы ар бир шайлоо участогун жеке коргонуу каражаттары – бет каптар, санитайзерлер, кол каптар жана дезинфекциялык салфеткалар менен жабдыды.
Облустук жана шаардык штабдын отурумунда УШКларды жогорку ылдамдыктагы интернет, байланыш жана оргтехника менен камсыз кылуу маселелери көтөрүлдү. Жергиликтүү бийлик органдарына аймактагы эпидемиологиялык кырдаалды көзөмөлдө тапшырмасы жана санитардык стандарттарды жана талаптарды камсыз кылууга чоң көңүл буруу тапшырылды.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы кыргызстандыктарды Кыргыз Республикасынын Эгемендик күнү менен куттуктайт
Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы кыргызстандыктарды Кыргыз Республикасынын Эгемендик күнү менен куттуктайт!
Өлкөбүзгө өнүгүп-өсүүнү, элибизге ынтымак жана биримдик, ар бир кыргызстандыкка бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт жана ийгиликтерди каалайт!
Кененирээк билүү >>
БШК Ысык-Көл районунун Чоң-Сары-Ой айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындады
КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 29-августтагы жыйынында, 2020-жылдын 17-сентябрында Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Чоң-Сары-Ой айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындады.
Чоң-Сары-Ой айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы Максатбек Канатбекович Сарбагышев КР өкмөт башчысынын 2020-жылдын 21-августтагы №347-буйругу менен, Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл райондук администрациясынын башчысы – аким болуп дайындалган.
БШК Маалыматтык бөлүмү.
Кененирээк билүү >>
Боршайком Панфилов аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизди
КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 29-августтагы жыйынында Панфилов аймактык шайлоо комиссиясынын сунуштамасынын негизинде, Панфилов аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизди.
Комиссиянын курамынан “Нур” саясый партиясынан Салипа Юсуповна Османбетованы, “Бүтүн Кыргызстан” саясый партиясынан Исланбек Касымбекович Айткуловду, “Замандаш” саясый партиясынан Эрлан Ниязбекович Шопоковду чыгаруу токтому кабыл алынды. Алардын ордуна комиссиянын курамына жергиликтүү өзүн-өзү башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын резервдеги өкүлдөрү Каныбек Асанбекович Сагымбаев, Анархан Жумакадыровна Сыдыкова жана Кайрат Шейшенович Анаркулов киргизилди.
КР БШК Маалыматтык бөлүмү.
Кененирээк билүү >>
БШК Ат-Башы районундагы Талды-Суу айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун жыйынтыгын бекитти
КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Талды-Суу айыл өкмөтүнүн башчысын 2020-жылдын 25-августунда болуп өткөн шайлоонун жыйынтыгы боюнча протоколду 29-августтагы өз жыйынында бекитти.
Мурда кабарлангандай, Талды-Суу айыл өкмөтүнүн башчылыгына жергиликтүү кеңештин депутаттары тарабынан көрсөтүлгөн бир талапкер Нурбек Үмөтович Алакунов катталган. Добуш берүүгө Талды-Суу айылдык кеңешинин 11 депутаты катышып, бардык 11 добуш Н. Алакуновго берилген.
Ат-Башы аймактык шайлоо комиссиясынын 2020-жылдын 25-августтагы шайлоонун жыйынтыгы жөнүндөгү протоколу менен, Нурбек Алакунов Талды-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланган.
Добуш берүүнүн бүтүмү жана шайлоонун жыйынтыгынын негизинде, КР БШКсы Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Талды-Суу айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү, Н. Алакунов Талды-Суу айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы деп тапты.
Ат-Башы аймактык шайлоо комиссиясына Талды-Суу айыл өкмөтүнүн башчысына кабыл алынган үлгүдөгү күбөлүктү берүү тапшырылды.
Кененирээк билүү >>
КР ЖК депутатынын бошогон мандаты Улугбек Чирмашович Садиковго берилди
“Кыргызстан” саясый партиясынын талапкерлеринин тизмесиндеги кийинки Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Улугбек Чирмашович Садиков Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин шайланган депутаты болуп таанылды.
Бул жөнүндө токтомду КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы КР ЖК депутатынын бошогон мандаты бар экендигине байланыштуу 29-августтагы жыйынында, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын депутаттарын шайлоо жөнундөгү” конституциялык мыйзамдын 65-беренесинин 1-4 жана 3-бөлүктөрүнө, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумду өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөгү” КР мыйзамынын 7-18-беренелерине ылайык кабыл алды.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин катталган депутатына кабыл алынган үлгүдөгү күбөлүк жана төш белги ыйгарылды.
КР БШК Маалыматтык бөлүмү.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы Кубанычбек Советович Нурматовдун КР ЖК депутаттык ыйгарым укугун токтотту
КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 29-августтагы жыйынында КР Жогорку Кеңешинин “Кыргызстан” парламенттик фракциясынын депутаты Кубанычбек Советович Нурматовдун депутаттык ыйгарым укугун мөөнөтүнөн мурда токтотуу токтомун кабыл алды.
Токтом К. С. Нурматовдун депутаттык ыйгарым укугун токтотуу жөнүндөгү жеке арызынын негизинде кабыл алынды. К. С. Нурматовдун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын күбөлүгү жараксыз деп табылды.
КР БШК Маалыматтык бөлүм.
Кененирээк билүү >>
КР ЖК депутатынын бошогон мандаты Уланбек Чекишович Исмаиловго берилди
“Өнүгүү-Прогресс” саясый партиясынын талапкерлеринин тизмесиндеги кийинки Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Уланбек Чекишович Исмаилов Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин шайланган депутаты болуп таанылды.
Бул жөнүндө токтомду КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы КР ЖК депутатынын бошогон мандаты бар экендигине байланыштуу 29-августтагы жыйынында, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын депутаттарын шайлоо жөнундөгү” конституциялык мыйзамдын 65-беренесинин 1-4 жана 3-бөлүктөрүнө, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумду өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөгү” КР мыйзамынын 7-18-беренелерине ылайык кабыл алды.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин катталган депутатына кабыл алынган үлгүдөгү күбөлүк жана төш белги ыйгарылды.
КР БШК Маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы Абылкайыр Осмонбекович Узакбаевдин КР ЖК депутаттык ыйгарым укугун токтотту
КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 29-августтагы жыйынында КР Жогорку Кеңешинин “Өнүгүү-Прогресс” парламенттик фракциясынын депутаты Абылкайыр Осмонбекович Узакбаевдин депутаттык ыйгарым укугун мөөнөтүнөн мурда токтотуу токтомун кабыл алды.
Токтом А. О. Узакбаевдин депутаттык ыйгарым укугун токтотуу жөнүндөгү жеке арызынын негизинде кабыл алынды. А. О. Узакбаевдин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын күбөлүгү жараксыз деп табылды.
КР БШК Маалыматтык бөлүм
Кененирээк билүү >>
2020–ж. 29-августа өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору
Өткөрүү датасы: 29 август 2020-ж.
Убактысы: 17:00
Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.О.Узакбаевдин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнундө
(баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты К.С.Нурматовтун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнундө
(баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
3. 2020-жылы 25-августта өткөрүлгөн Нарын облусунун Ат-Башы районунун Талды-Суу айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнундө
(баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
4. Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Чоң-Сары-Ой айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындоо жөнундө
(баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
5. Панфилов аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнундө
(баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
6. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнундө
(баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
7. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнундө
(баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
8. Ар түрдүү маселелер
Кененирээк билүү >>
БШК административдик соттун “Кыргызстан” партиясы боюнча чечимине Жогорку Сотко кассациялык даттануу берди
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы “Кыргызстан” саясий партиясынын документтерин кайтарып берүү жөнүндө чечимди мыйзамдуу жана негиздүү деп эсептейт.
Ушуга байланыштуу КР БШК Бишкек ш. административдик соттун партия документтерди мыйзамда белгиленген тартипте жана тийиштүү жак тарабынан бербегенине байланыштуу “Кыргызстан” саясий партиясынын документтерин кайтарып берүү жөнүндө БШКнын чечимин жараксыз деп тааныган 2020-жылдын 27-августтагы чечимине макул болгон жок жана 28-августта Бишкек ш. административдик соттун чечимине Жогорку Сотко кассациялык даттануу киргизди.
КР БШК маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Акыркы жаңылыктар
02.10.2026
КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү
02.10.2026
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады
01.10.2026
КР БШКда майыптыгы бар шайлоочулардын жана айрым категориядагы жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу боюнча Жумушчу топтун жыйыны өттү
01.10.2026
КР БШКнын бөлүм башчысы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Ардак грамотасы менен сыйланды
30.09.2026
Бир катар шайлоо участокторунун даректери өзгөрдү
30.09.2026
КР БШКсы бир катар аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерин толуктады