КР БШК жетим балдарды окутуу борборун колдоодо
28 августа 2020
“Жетим балдардын укугун коргоо” коомдук фонду Бишкек шаарында балдар үйлөрүнүн бүтүрүүчүлөрү жашап, окуй турган үчүнчү жаштар үйүн ачты. Борбордук шайлоо комиссиясы 28-августта ушул жаштар үйүнүн окутуу борборуна смарт-телевизор өткөрүп берди.
Мурда “Жетим балдардын укугун коргоо” коомдук фонду КР БШКга турмуш-тиричилик техникасы ж.б. буюмдар түрүндө колдон келишинче жардам көрсөтүүнү өтүнүп, кайрылган.
Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү жана кызматкерлери колдоо көрсөтүп, телевизор сатып алууга 25 миң сом чогулткан. Окутуу борборуна китептер, футболкалар, баш кийим (кепка) жана канцтоварлар дагы берилди. Мурда жаштар үйү оңдолуп жатканда КР БШКнын кызматкерлери жетим балдарга шам чырак менен килем алып барып беришкен.
Маалымат үчүн: “Жетим балдардын укугун коргоо” коомдук фондунун жаштар үйүндө балдар үйлөрүнүн бүтүрүүчүлөрү жашайт. Ал үйлөргө караштуу окутуу борборлору бар, аларда балдар үй-интернаттарынын бүтүрүүчүлөрү коомго аралашуу жана байырлануу курстарынан өтөт, өзүн өзү тейлөө көндүмдөрүнө ээ болушат жана өз кызыкчылыктарын коргоо үчүн маморгандарга кайрылууга үйрөнөт. Жаштар үйлөрүнүн көпчүлүк тургундары атайын орто жана жогорку окуу жайларында окуйт. Үчүнчү жаштар үйүндө 30га жакын бала жашайт.






КР БШК маалымат бөлүмү
