БШК Чүй айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоону дайындады

28 августа 2020

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 28-августагы жыйынында  мурда катталган талапкерлер боюнча Чүй облусунун Чүй районундагы Чүй айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо боюнча токтом кабыл алды.

БШКнын 2020-жылдын 12-августундагы № 163 токтому менен 2020-жылдын 28-августуна дайындалган Чүй облусунун Чүй районундагы Чүй айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо кворумдун жоктугунан өткөн эмес.

Чүй аймактык шайлоо комиссиясына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык шайлоолорду өткөрүүнү, ошондой эле мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте тѳмѳндѳгү санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоону уюштуруу жана камсыздоо тапшырылды.

- добуш берүүчү жайдын ичин дезинфекциялоо;

- шайлоо процессинин катышуучуларынын бири биринин ортосундагы 1,5-2-метрлик аралыкты сактоо үчүн ченемдерди белгилөө;

- жайдын кире беришине жана бюллетень берген жерлерге колду залалсыздандыруучу каражаты менен камсыз кылуу;

- шайлоо процессинин катышуучуларынын дене табын контактсыз термометр менен өлчөө;

- шайлоо процессинин катышуучуларына бет кап жана кол кап берүү;

- колдонулуучу материалдарды жана буюмдарды залалсыздандырып туруу.